Райкан Төлөгөнов: «Бекназар баатыр комузчу да, төкмө акын да болгон»

Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романындагы Бекназар баатыр жазуучунун бабалары болорун айтып жүрүшөт. Ал эми Абил бийди чыгарманын көркөмдүүлүгүн арттырыш үчүн ойдон чыгарылган каарман деп сыпаттагандар да бар. Романдагы эки каармандын тарыхый прототиптери бар-жогун автордун уулу, Жогорку Кеӊештин депутаты Райкан Төлөгөновдон тактап көрдүк.

– Бекназар, Абил бий булар тарыхта болгон адамдар. Чыгарманы атам эл оозунан, архивден алып тактап жазган. Анын айтуусунда, Абил бийдин азан чакырып коюлган ысымы Абайдула болгон. Ал Аксы районунун Тегене айылынын саруу уруусунан чыккан инсан. Өз учурунда акылмандыгы, иш билгилиги, көсөмдүгү менен 500 адамды башкарып, паӊсат деген чинге ээ болгон. Атамдын айтуусу боюнча, анын урпактары бар. Бүгүнкү күнү алар Аксы районунун Тегене айылында жашашат. Түздөн-түз урпактарынын бири акын Тургуналы Молдобаев. Анын Айбек деген уулу бар.

Бекназардын Ибраим деген иниси болгон. Андан Касымбек, Касымбектен Төлөгөн. Бекназардын Багышбек аттуу жалгыз уулу болуп, андан Токон деген кыз төрөлгөн. Ал эжебизден Садакан аттуу жалгыз кыз калган. Ал азыр турмушка чыгып, бала-чакасы менен Таш-Көмүр шаарында жашайт. Бекназар, иниси Ибраим экөө теӊ өнөргө шерик, комузда кол ойноткон, көркөм сөздү куюлуштура сүйлөгөн төкмө акын болушкан экен. Түштүктө кыргыздын Курманжан датка баш болгон эл жакшылары жыйналган чоӊ тойдо ага-ини баш байге үчүн ат салышып калышат. Баба салтын эске алып иниси Бекназарга байгени берип, эл алдында «экинчи колума комуз кармабайм, ырдабайм» деп сөз берген экен. Кийин саясий жүрүшкө аттангандан соӊ Бекназардын төкмөлүк өнөрү, комузда кол ойноткон чеберчилиги солгундап кеткен дешет. Ал эми Ибраим өнөрдү таштаган соӊ мергенчилик, аӊчылык менен алектенип кеткен экен. Кийин атасынын өнөрүн уулу Касымбек улантат. Ал өспүрүм учурунда үйдө илинип турган комузду алып, элден оолак жерге бекинип барып чертип баштайт. Аны байкап калган Ибраим баласына «бул өнөр бизге болбойт, башка нерсе менен оокат кыл» деп комузду ташка чаап салыптыр. Кандагы касиетти токтотуу болбойт окшойт, атам да комуз черте баштаганда Касымбек чоӊ атам атасынын керээзин айтып, комуз черткенин токтотуптур. Бир жолу айылга барып, аталаш агам экөөбүз комуз чертип отурсак атам «Биздин ата-бабаларыбыз өнөр баалаган, сөз баккан, комузду сүйлөтө черткен өнөр ээлери болгон. Бирок айтылган сөз атылган ок дегендей, Ибраим атабыз комуз кармабайм деп ант бергендиктен урпактары аны аткарууга милдеттүүбүз»деп айтып берди эле.

Султан Төрөбеков, “Супер-инфо”, №674 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж

Соц тармактар:

Добавить комментарий