«Алкоо» же «бата берүү» салты

Кыргыз эли бу жер үстүндө канча кылым жашагандыгын так аныктап берген киши жок. Бир билгенибиз – качан адам баласы пайда болгондон бери байыркы элдерге эмне мүнөздүү болсо, ошонун баары кыргыздарда бар экендигин көрөбүз. Эң кызык жери – мына ошол байыркы мезгилдерге мүнөздүү болуп турган нерселердин баарын эч жерге жазып калтырбастан эле, муундан муунга калтырып келгендиги болуп саналат. Ага мисал көп, биз азыр мына ошондой байыркылык касиетке ээ болгон өзгөчөлүктөн бири болгон салтка кайрылалы деп турабыз.

Ар бир элдин өзүнө гана таандык салты бар экендиги кимге болбосун белгилүү. Балким, мына ушул салттар элдин байыркылыгын аныктап тургандай эле, аларды бирин-биринен бөлүп турат окшойт. Балким, мына ушул салттарга жараша адамдар топтолушуп, анан улут катары жетилсе керек… Дегинкиси, мына бул багытта айтылчу ойлор, илимий пикирлер али алдыда. Ал тууралуу дагы кези келгенде айтарбыз, ал эми биздин азыркы максат – кыргыздын бир салтын кепке алып, анын маанисин ачып берүү. Ырас, кыргызда салт көп, бирок, мен азыр алардын арасынан  «алкоо» же «бата берүү» салты жөнүндө кеп кылууну туура көрүп отурам. Бир караганда, бул деле башка салттардан айырмаланбаган, ал тургай, айрым учурда салт катары анча маанилүү орунга чыкпаган салттардын бири экендиги талашсыз.

Ал эми маанисин изилдей келгенде, өтө терең касиетке ээ экендигин көрөбүз. Бул кыргыз болуп калган үчүн мактангандык эмес, тескерисинче, мына ушундай салттарга ээ болгон элдин кулуну болуп калганга сыймыктангандык болуп саналат. Ырас, бардык эле элдерде өз ара мамилелешүүлөрдө кылган кызматына карата ыраазычылык билдирген учурлар кездешет. Ал, бир эсептен, анын кызматын көргөн адамдын кызмат кылган адамга карата ыраазычылыгын билдирүүдө сыпайыкерчиликти көрсөтсө, экинчи тарабынан, ошол ишке карата алкоосун ичине алганын көрөбүз. Менин билишимче, мындай мамилелер бардык элде кездешет. Орус элинин таасиринен бизде да алкоонун бир түрү катары «ырахмат айтуу» аракети арбып кеткенин билебиз. Бирок, алардан айырмаланып турган кыргыз элинде алкоо салты күчтүү экендигин жана анын терең мааниси бар экендигин байкайбыз. Тактап айтканда, кыргыздар алкоосун билдиргенде жөн гана ыраазычылык эле билдирип, ырахмат деп койбостон, ал адамга карата каалоосун, анын келечегине карата тилегин да билдирип кетет. Мындай тилегин кошо билдирүү кыргыздан башка элде көп кездеше бербейт. Ал эми бир эле адамга карата айтылган көпчүлүктүн же ошол чөйрөнүн алкоосун жалпылаштырып караганда, төрөлгөндөн тартып адам болуп жетилгенге чейинки жашоосун белгилүү бир өлчөмдө аныктап берүүчү программага да айланып чыга келет. Демек, «алкоо» же «бата берүү» салты кыргыз баласын төрөлгөндөн тартып келечекте ким болушун аныктап бергендиги менен башка элдердеги ыраазычылык билдирүүчү мамилелерден айырмаланып турат.

Анын салт катары орун алышы «алкоо» же «бата берүү» адамдардын мамилесин көрсөтүп турган бардык жерде эле колдонула бербейт. Тескерисинче, аны колдоно билүүнүн да туруктуу орду бар экендигин байкайбыз. Маселен, кыргыздар бул жашоого жаңы келген адамга батасын берүүнү ымыркай төрөлүп, ага жентек берилгенден баштайт. Андан соң баланын тушоосун кесүүдө ал өтө маанилүү ролду ойнойт. Анан турмуш жолуна багыт алганда, мектепке барганда, андан кийин орто мектепти аяктаганда, жогорку окуу жайына киргенде, жогорку билимге ээ болгондугу тууралуу дипломго ээ болгондо, эң акыры үй-жай күтүп турмушка багыт алганда «бата берүү» салты колдонулат. Ырас, бул салттын негизги эрежелери шаар жеринде бир кыйла өзгөрүп кеткени менен, айыл ичинде ушул мезгилге чейин сакталып, колдонулуп келатканын да жашырууга болбойт.

«Алкоо» менен «бата берүү» эл арасында көп колдонулуп, ыраазычылыктан айырмаланып, улуу адамдардын жаштарга карата мамилесин, андан коомчулук кандай иш-аракетти талап кылып жаткандыгын же талап кыла тургандыгын көрсөтөт. Ошондуктан, ага жөнсалды мамиле кылбастан, анын маанисин балдарга түшүндүрүү зарылдыгы байкалат. Балдар ага терең маани берип уккандай, өзү тууралуу эмнелер айтылып жаткандыгына, ошондой эле коомчулук ага кандай адам болушу керектигин каалай тургандыгына көңүл бургудай үйрөтүү зарыл, анткени, мына ушул салт – «алкоо» же «бата берүү» менен эле айлана-чөйрөдөгүдөй туюндурушканын баамдоого болот. Тактап айтканда, кызмат көрсөтүп жаткан жаш балага улуу адамдар өз каалоолорун билдиришет.

Сыртынан алганда, анча маанисиз көрүнгөн, ошол эле мезгилде эл арасында айтылып жүргөн даяр айтымдар колдонулганы менен, ар ким ал жерде ошол жаш балага эмне каалоосу болсо, ошону билдирип (өмүрүң узун болсун, өркөнүң өссүн, денсоолукта бол ж. б.) гана чектелбестен, жаш баладан келечекте эмнени күтө тургандыктарын да ( ыймандуу бол, кайрымдуу бол, эл баккан жигиттерден бол, эл керегине жара ж. б. ) милдеттендиришкен.

Эл арасында айтылып жүргөн «алкоо» же «бата берүү» маанисинде айтылган сөздөрдү иликтей келгенде, кыргыздар бул сөздөрдү кечээ же бүгүн эмес, байыркы мезгилдерден бери колдонуп, ал тургай, ал сөздөрдү пайдалануунун да жол-жоболору иштелип чыкканын байкоого болот. Ал сөздөрдүн маанисин туура түшүнгөн адамга кыргыздар кадимки турмуш-тиричиликте кездеше калып жаткан ар кандай окуялар менен бирдикте карап, жаштар кандай аракети менен өзүнүн улууларга жага тургандыгын, ал тургай, андан ары кандай сапаттарга жетишүүсү керектигин да дал ушул алкоолору же бата берүүлөрү менен билдирип, түшүндүрүп турушкан. Бир караганда, жөн гана каалоо, ой-тилек катары көрүнгөнү менен, анын мазмунунда көптөгөн нерселер бар экендиги, аны тереңирээк аңдаштыра келгенде, байкалат. Ошондой эле бул салт кыргыздар менен бирдикте узак жылдарды басып өткөндүгүн да эстен чыгарууга болбойт. Себеби, анын баштапкы булагы адам баласы сөзгө сыйынган мезгилге барып такалат. Бул пикирди далилдөө үчүн, кыргыздардын баарына белгилүү, «Манас» эпосунда кездешкен бир мисалга токтололу.

Ай десе айдай, күн десе күндөй, акылы адамзатты таң калтырган кадимки Каныкей апабызда бир кемчилдик болот. Ал ‑ бала көрбөй калуу коркунучу. Муну Каныкей апабыз өзү да билет. Арманы ичинде болсо да, ал ар кимге жакшылык кылып, ар кимдин алкоосун, карылардын батасын ала жүрөт. Анын бийик чокусу Көкөтөйдүн ашында көрүнөт, б. а., күрөшкө Жолой чыгып, кыргыздан ага тең келе турган эч ким чыкпай, ал тургай, Манастын өзү да «ат үстүнө тың элем, жөө күрөшкө жок элем» деп качып, акыры Кошой баатыр күрөшкө түшө турган болгондо, ага чак келе турган кандагай шым табылбай, бүт кыргыз кыжаалат болуп турганда, бир мезгилде мына ушундай окуя болуп кетпесин деп акылы аштап, ичине бүктөм калтырып кеткен кандагайдын тигишин сөгүп жиберип, ал шым Кошойго батып, ошондо Кошой баатыр Каныкей апабыздын кылган ишине ыраазы болуп бата бергенин, аны менен кошулуп, кытай, калмак кошо алакан жайып бата беришкенин, мына ошондон Каныкей апабыздын кемчили толуп, Семетей баатыр төрөлгөнүн эпостун сюжети саймедиреп айтып отурат.

Андан болдубу же башка себеп болдубу – кеп анда эмес, мында: кыргыздар байыркы мезгилден бери эле «алкоо» менен «батада» айтылган сөздөр аткарыла турганына катуу ишеним артып, сөз сыйлап, анын маанисин түшүнө билүүгө терең басым койгондугун айтпай кетүүгө болбойт. Ал эми сөздүн байыркылыгы менен аныкталып, сөздүн магиясы менен аныкталуучу маселе экендиги талашсыз. Тактап айтканда, мында азыркыдай сөздүн жөн гана туюндурган мааниси тууралуу эле кеп болбостон, жакшы мааниде айтылган ой-пикирдин артында адамдын тагдырын аныктачу кандайдыр бир жакшы касиет бар экендигине терең ишеним арткан байыркы түшүнүктөр катылып жаткандыгын жокко чыгара албайбыз.

Байыркы кыргыздар эле эмес, бардык элдер сөздүн мына ушундай кудурети боло тургандыгына ишенип келген болсо, азыр кыргыздардын айылдарында мына ушул салт мурдагысындай эле күчүн жоготпой колдонулуп келаткандыгы сыймыктандырат. Эл арасында анын бир канча формасы (жентек тойдо, бешик тойдо, тушоо кесүүдө, баланы мектепке бергенде, мектепти бүткөндө, диплом алганда, аскерге кетип жатканда, алыскы сапарга аттанганда, ж. б.) салт катары колдонулуп, улуулардан бата алуу жөрөлгөсү аткарылып жатканын көрөбүз. Анын маанисин дагы чечмелеп берсек болот эле, бирок, макаланын көлөм чектелүү экенин эске алып, улануучу сөздү кийинкиге калтыралы.

Жалпылаштырып айтчу сөз – бул салт колдонулганы менен, анын мааниси мурдагыдай болбой жатканы бизди өкүндүрбөй койбойт. Мындагы башкы кемчилик – биздин улуу аталарыбыз, агаларыбыз, апаларыбыз же эжелерибиз мурдагы салттуу ордун жоготуп, жаштар менен жаш болуп, ыгы келсе да, келбесе да теңтуш болуп, бата берүүгө жарай албай калганы. Алар мына ушул байыркы салттуу касиетине келсе, анда жаштар да алардын артынан ээрчип, кыргыз элинде ушунчалык уникалдуу мүнөзгө ээ болуп турган мына ушундай салттар кайрадан баш көтөрүп, эл мурдагыдай касиеттүү абалына келе тургандыгы анык.

ЖЕҢИЖОКТУН БАТАСЫ

Тогузу болгун жылдыздын,
Туйгуну болгун кыргыздын.
Жетиси болгун жылдыздын,
Жетиги болгун кыргыздын.
Учу болгун кылычтын,
Учкуну болгун жылдыздын.
Сабы болгун кылычтын,
Сазы болгун кыргыздын.
Оомийин! 

 

КОРГОЛДУН БАТАСЫ

Отурган жерде айдай бол,
Оозго салган майдай бол.
Жумшактыгы пейлиңдин
Жылма жибек шайыдай бол.
Жакпай турган кишиге
Жер жуткан Карынбайдай бол.
Оомийин!

Болотбек Акматов,
Ж. Баласагын атындагы КУУнун профессору,
филология илимдеринин кандидаты,
“Шоокум”, 24.06.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий