Салижан агайды эскерүү: Таамай айтылган сөздөрүнөн (II бөлүгү)

Салижан агай илим изилдеп, чыгарма жазып, адабият майданында эле кайнай бербестен, коомдук турмуштун башка катмарларына да активдүү аралашкан. Кандай маанилүү мамлекеттик маселелер болбосун өз позициясын айтып турган. Айрыкча улуттун өзөктү өрттөгөн көйгөйлөрүн жаны кашая чырылдап, күйгүзүп да, күлдүрүп да айткан, жалбырттаган патриот инсан эле. Биз улуу устаттын республикалык басма сөздө жарыяланган макала, маектеринен залкар ойлорунан айрым бир үзүндүлөрүн тартуулайбыз.

АР БИР АЙЫЛДА БААТЫР КӨП

* * *
«…Айтор, ар бир айылда баатыр көп экен. Акыл токтотуп карап, ойлоно келсек, эмне баатырдык кылыптыр? Ич ара согушуптур, б.а. кыргызды кыргыз кырыптыр. Балбай баатыр сарбагыштар менен согушкан, Шабдан баатыр азыр патриоттор өздөрү жаман көрүп аткан орустарды ээрчитип келген. Курманжан деле ошолор сыяктуу. Эгер реалдуу карай келсек, революцияга чейинки кыргыз баатырлары совет доорундагы биздин баатырлардан ашкан «баатырлык» кылып жибербептир. Мисалы, Чүй өрөөнүн бүт бириктирип бийлеп турган баатыр болду беле? Болгон эмес. Ага караганда Апас Жумагулович бириктирип бийлеп турбайбы. Же болбосо Курманжан датка бүт Түштүктү бийледиби? Жок, өзүнүн эле Гүлчөсүнөн узаган эмес. Ага караганда Санавар Бахапова Ошту – Кыргызстандын жарымын бийлеп турду го. Жумгалбек Аманбаев Ысык-көл менен Нарынды кошуп башкарды, ага Боронбай да, Ормон да, башка бирөө да жеткен эмес. Ал эми Ю. Абдырахманов, И.Раззаков, Т. Усубалиев сыяктууларды айтпай эле коеюн. Алар мамлекет башкарган кишилер».

 

* * *
«…Замандын ырайын көрүп атабыз. Акаеви кетсе Бакиеви келет экен. Бакиеви кетсе дагы бир «акылманы» келет. Баарын көрдүк. Кысталак, анан калса бу дүйнөдөн мен көрбөгөн эчтеке деле калбаптыр. Анын үстүнө тиги дүйнө бар деп уккандан бери, такыр эле элеп -желеп болуп… уйку деген качты. Ошол жакты эле эңсеп калдым, тезирээк көрсөм деп… Бирок, тамаксоо жан курусун, силерге окшоп көргөнү келгендердин тамак-ашын кыйып кеталбай, ушинтип олтурам… Болбосо, эмне, спокойно кете бермекмин. Агер, а дүйнө болуп калса андан бетер жакшы…»

«Чындап келгенде, мага өлүп калбасын деп Абдуразаков эле катын алып берип койгон…»

 

ПАТРИОТИЗМ ДЕСЕ ЭЛЕ БАРДЫГЫН КЫРГЫЗДАШТЫРУУ ДЕП ТҮШҮНҮП АЛДЫК

* * *
«Чынында да мен идеалдуу же өрнөктүү дегидей өмүр сүрө алганым жок. Нускалуу өмүр сүргөнгө реалдуу турмуштан, коомдук шарттардан көбүрөөк жеке өзүмдөн акылга жетиштүү бай эместигим, элеттик (провинциалдык) түшүнүктөрүм, ыкшоолугум, көп коендун артынан кубалай бергеним, дагы башка өксүк жактарым жолтоо кылды окшобойбу. Ата-энем мени жакшы эле адамдык данек менен жараткан экен, а данектен дүпүйгөн чынардай бакыбат дарак өнүп-өсүп чыккан жок, жапалак арчадай бирдеме өсүп тим болду белем».

 

* * *
«Кибиреген калктын мыкты кишиси болгончо, килейген калктын орточо кишиси болгон артык».

 

* * *
«…Биз патриотизм десе эле бардыгын кыргыздаштыруу деп түшүнүп алдык окшойт. Өкмөт да ойлоду: «Ушу чиновниктерди кыргыздаштырып койсок эле алар кыргызга кызмат кылат, кыргызга күйөт». Эми көрүп атпайбызбы, коюп алган акимдеринин баары болбосо да, көпчүлүгү кыргызга күйө турган түрү жок. Менимче, министр, аким ж.б. дегендерди койсок дагы алысты көрө билген, элди, мамлекетти ойлогон патриот кыргызды койбосок, бийлик үзөнгүсүнө буту илинип, андан түшкүсү келбей, өкүртө пара жеп, жебесе эч нерсе жылдырбай, элдин эсебинен той уюштуруп, элдин эсебинен чет мамлекеттерди кыдырып, бирин-бири кожодой колдоп, өздөрүнчө өзгөчө бир катмар болуп алган кыргыздын атка минерлери заманды да, турмушту да оңдоп жыргатпайт».

 

КЫРГЫЗ ПАТРИОТТОРУ КЫРГЫЗ ТИЛИ ДЕП БАКЫРГАНДАН БАШКА КЫМЫНДАЙ ИШ КЫЛАЛЕК

* * *
«Кыргыз патриоттору кыргыз тили деп бакыргандан башка кымындай иш кылалек. Мына, «Кыргыз тил» коомунун кыргызга же кыргыз тилине пайдасы бар дейсиңерби? Чогулуштарын көрүп, Тойбаев менен Бобуловду талашын окуп атабыз го. Талашы ушу: кыргыз тилин өстүрөбүз деген шылтоо менен өкмөттөн, акимдерден, аяк-буяктан жулуп келген акчанын 15 процентин жулуп келген киши алсын деп Тойбаев айтат экен, Бобулов нысаптуулук кылып жок, 7 эле процентин дейт экен. Мисалы, Бобулов президенттен 1 миллион сом апкелсе, ошонун 70 000 ин өз чөнтөгүнө салат имиш. Ошентип жок жерден пайда таап турса кыргыз эмес, кыргызча бир ооз билбеген дунганды коюп койсо деле бакыра бербейби: «кыргыз тили эле кыргыз тили» деп».

РS: Кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүн – коомдук ишмерлерди, мамлекеттик кызматкерлерди, илимпоздорду, адабиятчыларды, Салижан агайды таанып-билген бардын жарандарды ушул долбоорго үн кошууга чакырабыз. Эскерүүңүздөрдү kabar@kabar.kg почта дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

«Кабар», 16.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий