Агындылар

Кудай адамдарга акылды да, эсти да берет экен. “Акылы бар, эси жок” деген сөздүн маанисин эми түшүнүп олтурам, көрсө “акыл” деген үй-бүлөнүн башындагы эки тизгин, бир чылбырды кармап турган кожоюнга окшош болсо, “эс” дегениң ошол кожоюндун “акылы” ээ-жаа бербей ашынып бараткан кезинде жеңинен тартып, “э ботом, эмнеге эле алды-артыңды карабай аңыраңдап калгансың, абай салып, акыл калчасаң болбойбу?” деп тыйып турган, тизгинден тартып, сабырга саптап турган жубайына окшош турбайбы.

 

* * *

Энем айтчу эле, “Акыл ашынып кеткенде жинге айланат” деп. Адамдын өзүнүн дартка чалдыкканына караганда, анын акыл-эсинин дартка чалдыкканы алда канча коркунучтуу болот экен.

 

* * *

Кудай бардык эле адамдарга акыл-эсти жетээрлик берген менен дээрди баарына эле антип бере бербейт тура, акыл деген эстин – мээси болсо, ошол мээни чектен чыгарбай кармап турган жалгыз күч дээр окшобойбу.

Акыл-эси болгон менен, бүгүн дээри жок адамдар көбөйүп баратат.

 

* * *

ХIX кылымдагы Голландиялык улуу художник Винсент Ван Гог досу Антон Ван Раппардга жазган каттарынын биринде: “Мен адамдардын арасында канчалык көбүрөөк болгон сайын өзүмдүн адам экендигимден ошончолук шек санай баштадым” дептир.

 

* * *

Анын сыңарындай мен дагы “баарын билген” адамдардан жаа бою каччу болдум. Аларды карап олтуруп, “булар мурда кайда жүрдү эле?” деп оозум ачылып, өзүм өзүмө эч кимге кереги жок, ушунчалык бечара көрүнүп, булардын арасына башка бир жактан адашып келип калган жандай сезе берем.

 

* * *

Касиет демекчи, досум Нуралы айтып берди эле, мобу жетимишинчи жылдары Чүй боорунда Арли деген мыкты табып жашап өттү деп. Өзү дунган, чоң энеси татар, узун бойлуу, өтө олбурлуу сары киши эле дейт. Дунган деген менен боору кыргыз болуп, кыргызды жакшы көрүп, кыргыз да аны жакшы көрүп, кыргыздын каада-салты менен жашап, бээ байлатып кымыз ичип, үзбөй согум союп эт жеп, ат минип тоо аралап, дары чөп жыйнап, элди чөп менен дарылачу экен. Ошол совет доорунун жабык жылдарында эле Арлиге көрүнөм деп, быягы Сибирь, тиягы Украина, бери жагы Байкоңурдан бери космонавттар келип-кетип турчу дейт. Ошондо жашыруун куралдарды чыгарган заводдун инженери го, генерал экен, радиациядан жабыркап, такыр айласы куруганда Арлиге келиптир.

– Оокат-дүнүйөң жетиштүү, жашоо-турмушуң армансыз, акчаң мол, ишиң мыкты болгон менен “түнкү жумушка” такыр эле жарабай калган турбайсыңбы. Келинчегиң ошого нааразы экен. Мынабул чөптү үйүңө барганда жумалап ич, бат эле тирилтип аласың, – деди дейт Арли котормочу аркылуу.

Ошол Арли, ага табыпчылык күчтүү касиет кайдан келгенин сураганда айтчу экен.

– Жетинчи бабам бүткүл Кытайга таанылган табып болуптур. Жети бабам тең бирден гана балалуу болуп, табыпчылык касиет улам бир баласына ооп олтуруп, укумдан тукумга улана бериптир. Жетинчиси менмин, эми менин уулум Паңшардын 11 баласы бар. Жети атамдан бери келаткан касиеттин күчү, табыпчылыктын энергиясы мурда жалгыз болсо, кийин майдаланып, он бирге бөлүнүп кетти. Эми мындан ары биздин тукумдан табып чыкпайт. Кудай азыр тукуму жалгыз бирөөн табыпчылыкка даярдап жатат. Аты-жөнүн, дайын-дареги кайда экенин билем, бирок айталбайм. Мен өлгөндөн кийин табыпчылыкка ошол келет. Деги эле касиетсиз калк болбойт, касиет калк болуудан калган калктан гана кетет, кетеринде кайпактап качып калат, – деген экен.

Нуралы мага ушуну айтты.

 

* * *

Жайдын күнү Ат-Башыга кирип барган адамдын көзү адегенде эле асман тиреген тоолордун ак кар баскан чокуларына, карагайлуу кайкыларына, туш-тушуңда ыңкып жаткан жапжашыл жондоруна, жашыл чуудалуу токоюна, тал-теректүү айыл-кыштактарына, бир ыптасы Кошойдун Кара-Тоосун таянып, бир ыптасы шыбактуу кыраңдарын жетелеп алып Шайтан-Көпүрөнү көздөй агып бараткан көк кашка дайрасына көзү түшөрүн билем.

 

* * *

Бир кызыгы, жылдын төрт мезгилинде да өңү-түсүн өзгөртпөй, Ат-Башынын кар чайкап турган аяздуу түнүндө да, Ат-Башынын жашыл тулаңынын чыгына малынын тили боёлуп турган аптаптуу күнүндө да өрөөндүн так ортосунда калган жалгыз бейитке окшоп, качан көрсөң бопбоз болуп бозоруп жаткан Чеч-Дөбөнү эч ким деле элес албайт. Алтургай “касиеттүү Чеч-Дөбөңөр ушулбу?” деши мүмкүн.

 

* * *

Касиеттүү Чеч-Дөбөбүз ушул. Ал балким Ат-Башыдагы, балким Жер үстүндөгү эң эле чоң бейиттердин бири. Чоң Казатта Шыпшайдардын огунан каза таап, атына таңылып келген Алманбетти Ат-Башынын эли тосуп алып, боз үй тигип, бөйрөгүн таянып, өкүрүп-өксөп, олуя Кошой абабыздын аманаты аркылуу жайын Чеч-Дөбөнүн так жонуна казып туруп, Айсарала аты менен кошо көмгөн ыйык мазар ушул.

 

* * *

Ушул ыйык Чеч-Дөбөнүн энергиясы баарына эле бирдей текши тийерин, бирок бир энергия бир үй-бүлөдө канча киши болсо ошончого бөлүнүп кеткендиктен майдаланып, күчү жалгыз-жарымдарга, жетим-жесирлерге, оору-сыркоо менен санаадан азап тарткандарга тийгендегиге караганда анча болбой, алсыз болуп каларын уккам.

 

* * *

Ошондой көптү билгендердин биринен, “Баланча акенин балдары эмне үчүн атасындай болбой калган?” десем, “Кудайдын Чеч-Дөбө аркылуу берген бир ырыскысын он үч баласы он үч жакка тартып, бирин бири жактырбай, бирин бири көралбай, “сен көп алдың, жок, сен көп алдың” деп бири биринен кызганып, итче ыркырашып, ынтымактан кетип туруп алган соң ушинтип калды. Эми алардын тукуму көпкө дейре жакшырбай өтөт” деген эле.

 

* * *

Кудай адамдарга ырыскыны мансапкор, көр дүйнөнүн кулу болгон ачкөз, ниети бузук адамдар аркылуу эмес, мусаапыр, думана, жетим-жесирлер аркылуу, Чеч-Дөбө-Ата, Шамшыкал-Ата, Кочкор-Ата, Манжыл-Ата, Сулайман Тоо, Кароол Чоку сыяктуу касиеттүү мазарлар аркылуу “өткөрүп” турган соң, кыргыздын акылы тунук аксакалдары менен байбичелери арып-ачып, жүдөп-какап келаткан мусаапырларды, жетим-жесирлерди кагып-силкпей, кебете-кешпирине, кийген кийимине карабай ызааттап тосуп алып, үйүнө кийирип, кадырлап узатып, ыйык жерлерин жаман оозго булгатпай, жаман бутка тепсетпей келгени бекеринен эместир дейм.

 

* * *

Ошондуктан кыргыздын касиеттүү жерлеринин баарын Кудай көрүнгөндүн көзү тийбегендей, көрүнгөндүн сугу түшпөгөндөй көрксүз, өңсүз-түссүз кылып жаратып жакшы кылган экен деп ойлой берем.

 

* * *

Кудайдын батасы тийген адамдар кыргыз айылдарынын кутун учурбай кармап келгени да чын. Бүгүн ошол ата-бабаларыбыз кармап келген куттун да куну кетип, кудурети түгөп бараткансыйт.

 

* * *

Баса, бир жолу, энемдин жанында ойноп олтуруп эмнегедир:

– Эне, кыямат кайым качан болот? – деп сурагам.

– Аа, балам, кыямат кайым арстандар итче кабышып, арстандар итче куйругун шыйпаңдатып калганда бир, арстандар итче тууп, итче күчүктөп калганда бир болот, – деди да, анан, “о, Кудай, алдыңа кетейин, өзүңдөн мурда озунуп тамтаңдап жиберген мендей пендеңди кечире көр” деп кобуранып алды.

 

* * *

Неберем Назик чоңоюп, Шоола деген аты бар, шооладай шоодураган татынакай сиңдилүү болду. Мен эми Шооланы жетелеп калдым. Беш жашар кези. Күздүн кышка алмашып бараткан асманын бир маалда эле кайдан-жайдан учуп келген каргалар биз турган тушту “көпүрө” кылып, “кар-р, кар-р” этип учуп өтө баштады.

– Шоола, карачы каргаларды?–дедим, шаарды көздөй каптап бараткан каргаларды көргөзүп.

Карап турду да, кайра мага:

– Каргалар эмне деп атат, таята?–деп суроо салды.

– “Кар, кар” деп атат, эми жакында кар жаайт,–дедим.

– Таята, каргалар да кыргызбы?–деди Шоола.

 

* * *

Анан бассам-турсам Шооланын:

– Таята, каргалар да кыргызбы?” дегени башымдан кетпей койду. “Бала деген периште” деп коёт эмеспи, муну өзү сурабаса да, периштеси суратып жатат го, карга менен кыргыздын кандай байланышы болушу мүмкүн деп ойлодум. Ойлоп-ойлоп олтуруп, дүйнөдөгү канаттуулардын эң эле узак жашаганы карга болсо, дүйнөдөгү элдердин эң эле узак жашаганы кыргыз экенин ойлоп, эмне кыларымды билбей, бир ысып, бир муздап, беш жаштагы неберем менен ичимден сүйлөшүп: “Шоола, сенин Кыргыз Атаң бүркүт болгон… Мага ушинтип айтышкан… Азыр да бүркүтпүз деп мактанабыз… Биз дагы башкаларды туурап гербибизге бүркүттүн сүрөтүн тартып алганбыз. Бирок, бүркүттөр узак жашабайт… “Булбулмун” деп бакта сайрап, жерге түшүп кык чокуп жүргөн булбулдардын далайын көргөм… Ошондуктан бүркүтмүн дейин десем, “анда эмне үчүн каргадай узак жашадың?” деп сурайсың, “каргамын” дейин десем… билбейм, Шоолатай, айланайын алтын кызым, мени кыйнабачы, бүркүтмүнбү же каргамынбы, айталбайм, азыр буга жообум жок, балким мунун жообун бизден кийинки силер табарсыңар.”– дедим.

 

КЕСИР

Кыргызда “кесир” деген сөз бар. “Турган турушу менен кесир киши экен” деп коёт. “Кесири башынан чоң экен” дейт. “Отту теппе, сууга сийбе, кесир болот” дейт. “О, кесириң кежигеңди кескир, ичкен кудугуна түкүрүп турганын карабайсыңбы!” деп да айтышкан. “Ал кесирдүү иттин кесири тийди” дейт. “Ошондо кесир сүйлөбөдү беле, ошонусу өз башына муш болду” дейт.

 

* * *

Мына ушул “кесир” деген сөз оюма келе калган сайын эсиме манасчы Сагынбай түшө берет. Көзү өткөнчө чогуу жүрүп, оозунан “Манасын” жазып алган Ак Молдонун же Ыбырайым Абдыракмановдун эскерүүсүндө Сагынбайдын касиети болгондугу, Сагынбай кыргыздын кайдагы бир кара сакал абышкасы эмес, калкка келген кагынды тосуп, кан жолду бууган касиеттүү карыясы экендиги далай жолу айтылган. Айылдагы малга ылаң тийип, күн сайын бир-экиден өлө берип басылбай койгондо манасчыны алдыртып, малды короого жыйнап туруп Манас айттырганда ылаң кан буугандай токтогон, ооруп төшөк тартып жатып калгандар, төрөй албай кара басты болгон катындар Сагынбайдын “Манасын” угуп куландан соо сакайып, аман-эсен көз жарып алган.

 

* * *

Манасчынын Мария деген экинчи катыны: “Ак селдечен, ак көйнөкчөн бир адам ар дайым Сагынбайдын жанынан чыкпай, олтурса олтуруп, жатса жатып бирге болор эле. Сагынбай кара сакал кезинде ал да кара сакал, Сагынбайдын сакалы буурул болгондо ал да буурул болду эле. Бүйрүм кызып бүлкүлдөп жүрүп, бир ирет, “Абышка, жаныңдагы киши ким?” деп сурасам, “О Кудай аткыр, аны эмне кыласың, тим жүр!” деп кагып койду, ошол бойдон экинчи сураган жокмун” деп эскерген.

 

* * *

Сагынбай 16-жылы Кытай жерине үркүп барып, 17-жылы кайра келип Ат-Башынын Жаңы-Күч деген айылына, Жолдубай Кайыповдун айылы, черик уруусундагы кытаттардын үйүндө туруп калат. Ошол кездеги калк билермандарынын түркөйлүгүнөн го дейм, улуу манасчы бир калам көң үчүн Манас айтып, ач-жылаңач балдарын баккан күндөрү болгон. Ат-Башынын бай-манаптары Манас, Семетей десе секирип, жандарына жакын жуутпай, “кайдагы немени каңкылдабасынчы?” деп айттырып, такыр эле уккан эмес. Укмак тургай кадимки Казыбек казалчынын атасы Мамбетимин бий Сагынбай Манас айтып жаткан бир тойдо эл алдына басып келип: ”Сагынбай, сен шарияттан тышкары аңылдап ырдаганыңды койсоң болбойбу!” деп катуу жемелеген.

 

* * *

Баса, Казыбектин атасы Мамбетиминдин асан чакыртып койгон аты Күчүк болгон, Күчүктүн атасы Ноорузбайдын санжыраны чага билген чечендигин, ырчылыгын Шабдан жакшы билгендиктен ал өлгөндөн кийин баласы Күчүктү болушка үч жылдай секретарь кылып иштетип туруп анан тыңып калган чагында бий шайлаткан. Бий бололек кезинде уялбаган неме, бий болуп, эл бийлей баштаган соң Күчүк атынан уялып атын Мамбетимин кылып өзгөрткөн. Мына ушунун өзү кесир болгон.

 

* * *

Камчы кармап, ат минселе ар бир кыргыз көбөт эмеспи. Шабданга таянган Күчүк да Мамбетиминге айланары менен көпкөн. Өзүнчө өргөө тигип, айылдын ак-карасын ылгап турган Мамбетимин кырда кетип бараткан Кыйкыны, жондо кетип бараткан Жолойду жигиттерине чакыртып алып:

– Капырай, сокур ит бок жалайлекте кайда аттандыңар? Биякта биз билгенден Мамбетимин деген агабыз бар өңдөндү эле, анын үйү-жайы бар дешти эле, качан болсо кудайы коногума деп жайылып-жазылып турган жайыл дасторкону белен эле, кеби терең эле, төрү кенен эле, саламдашып кетпесек чеки болор деп эси бар инилерим өзүлөрү эле айттырбай келеби деп карап турсам кылоосу түшөлек балдарга окшоп кетип баратканыңардан таарынып калбасын деп чакыртып албадымбы. Жолоочу арыган менен, жол карымак беле, түшкүлө кагылайындар, кымыз ичип, эт жеп, ооз майлап алып шашпай кеткиле? – деп үйгө өзү баштап кирип, кирип баратып шымаланган жигиттерине көзүн кысып койгонун тигилер кайдан билсин.

Анан бир чай кайнамдан кийин чыкса эле, кызыл ала болуп мууздалган аттар, бири терисин сыйрып, бири ичин жарып, бири шалап-шалап, арыдан бери устукандап жаткан касапчылар…

– О, куу тумшуктар, таза куу тердик неме турбайсыңарбы. Атты кантип ушинтип минсин, айбан малды силер аябасаңар мына мен аяп, минтип сообуна калып сойдуртуп койдум. Кечинде келип, эт жеп кеткиле? –деп жылмайып, кокус каяша кылгысы келип кайышса жигиттерине жинин кактырып, жилигин чактырып туруп ээр токумун жонуна көтөртүп жолго салмай “өнөр” Мамбетиминдин мансап көптү болгон мезгилинде күчөгөн дейт.

 

* * *

Ушинтип Улуу Манаска ооз кесирлик кылып, Улуу Сагынбайды элдин көз алдында шагын сындырып, кагып-силкип, жаш баладай тилдеген Мамбетимин 1929-жылы Ат-Башыдан Чортек, Боогачы болуштар менен кошо эки аялы, бир жашар кызы, уулу Казыбек болуп сүргүнгө айдалып, ошол бойдон кайтпай калды. Азыр артында Казыбектин ырынан башка тукум калган жок.

 

* * *

Ыбырай Абдыракманов эскерет:

– 1925-жылдын март айында Сагынбай экөөбүздү Ташкенге, Илим изилдөө институту чакыртып барып 10 күн турдук. Ташкенде Арабаев Эшенаалы, Сыдыков Абдыкерим, Тыныстанов Касым, Токбаев Турдаалы, Тойчунов Ыбрай бар экен. Булар Сагынбайдан Манас айттырып, же кара сөз айттырып бир да угушпады. Сагынбай жолдо келатканда мага: ”Эми чоңдор абдан айттырып, сындайт го. Кайсыл жеринен айтсам? Жакшы айтсам экен” деп аябай толкундап, тынбай айтып келген эле.

Жаш чоңдор болуп-толуп, мансап күтүп манчыркап турган кези экен. Арабаев Сагынбайды каардап: “Иттин тезеги дары десе дарыянын башына чыгат деген ырас го, Сагынбай, билген Манасыңды тез жаздырып бүтсөңчү, болбосо судга беребиз!” деди.

Тыныстанов: “Саке, сиздин жаздырган Манасыңыз сартча болуп калыптыр.

Анан жууду бетини,
Акка буруп ниетини.
Анан жууду колуну,
Ушу жашка келгиче,
Арстан Манас жаш бала,
Көрбөгөн мындай жолуну. Саке, сиздин Манасыңыз 4 жолдон уйкашпай, 5-6-7 болуп уйкашыптыр,–деди.

Анда Сагынбай “Мен башынан бери айтып келаткан сөздөрүмдү 4 жолдон уйкаштырганда кедейленип калбайбы!” деп жооп берди.

Сагынбай катуу ызаланды: “Бул ким деген өзү, кайсы элден болот?” деп сурады.

Мен “көлдүк саяк” дегенимде, Сагынбай: “Мен дегеле көлдүктөн жакшылык көргөн эмесмин, мени сарбагыш деп Ормондон берки кекти кектеп жаткан экен го!” деди.

Сагынбайдын капа болгонун Сыдыков Абдыкерим сезип, “Кой, Саке, эмки балдарга сиз таарынбаңыз” деп экөөбүздү үйүнө алып келип кондуруп, көңүлүбүздү жайламыш болду.

Сагынбай экөөбүз кыйла кагуу жеп алып, кайта келип, Кочкордо Сагынбайдын үйүнөн Чоң Казатты жаздык. Сагынбай баштагыдай көөндөнбөй, Ташкенден алган “жарааты” айыкпай, мен жалынып-жалбарып, ары жак, бери жагына чыгып атып араң айттырып жаздым. 1926-жылы Манасты жазып бүттүк. Сакем, Чоң Казаттын урушун, Манастын өлүмүн эң тар жаздырды. Мен канчалык жабышып айтсам да “менин билгеним ушул” деп болбой койду.

Сагынбайдын Семетейи эң башкача кызык эле. Жазылбаган бойдон өзү менен кошо кетти.

Бул кезде Илим изилдөө институтунда иштеп, билгендерин кылып келген Тыныстанов, Шабданов, Карасаев Хусейиндер, баягы Арабаев баары жыйылган. “Манасты” текшерип окуп, Сагынбайды чакыртып текшербестен таштап коюшту.

1930-жылы май айында Сагынбай дүйнөдөн кайтты.

 

* * *

Мен кыргыздын жогорудагы азаматтарынын бирин да айыптагым келбейт, алар жаштык, курчтук кылып, элдин ичинен чыккан биринчи илимпоз, биринчи окумуштуу бизбиз деп жер-сууга батпай, өрөпкүп, илебине нан бышып турган кезин да, кландык, уруучулук, жердештик деген илдеттин “кишенинен” жан дүйнөлөрү арылалек кезин да түшүнөм. Бирок, атайылап Ташкенге чакыртып алып, жолдо катар “Манастын кайсыл жеринен айтсам?” деп катуу толкундап келген Сагынбайга жок дегенде Манас айттырып укпай, укмак тургай тилдеп, опузалап, “келдиңби” деп да, “кеттиңби” деп да сурабастан таштап койгону жанды кейитет. Бул чектен чыккан кесирлик эмей эмне?

 

* * *

Кийин ушул азаматтарыбыздын баары, гүлгүндөй жапжаш курагында бири калбай репрессияга туш болуп, бөөдө атылып, жок болуп кете берди.

 

* * *

Мен алардын жаш кезде жайрагандарын Сталиндик саясаттан мурда Улуу Сагынбайды теңине албай, басынтып, тилдеп, Улуу Манаска кесирлик, текеберлик кылганынан көрөм.

 

* * *

Сагынбай айтчу экен:

– Манастын күмбөзү Манас деген шаардын жанында. Ал жалгыз эмес, катарында 40 күмбөз бар. Күмбөзгө тайынгандар тынбай келип, жума сайын 40-50дөн мал союлуп турат. Бир маалда Манастын карааны көрүнөт. Ошол замат аттан түшүп жетелеп өтпөсө аты өлөт. Кашкардын каны Жакыпбек каза болуп, алты шаар Жумул кытайдын колуна өтүп, кытай улуктары Манастын күмбөзүн бузуп салууга буйрук кылган. Усталар көзүнө көз айнектерин кийип алып, колдоруна темир метилерин алып, күмбөздү бузуп кирген. Чаба баштаган усталардын бир нечеси өлүп кетип, бир нечесинин эси ооп жыгылган. Эс алганда сураса усталар айтыптыр: “Метини колубузга алып, күмбөздү чабарыбызда кара көкжал бөрү көрүнө баштады” деп. Бул кабарды Кытайдын улугу дароо Бээжиндеги падышасына жеткирет. Падышадан “бузбагыла!” деген буйрук келет. Ошентип Манастын күмбөзү ошол бойдон бузулбай калат.

 

* * *

Тянь-Шань жергесинде жашаган оокаттуу кишинин көөп турган жаш токолу бар эле дешет. Ошол жаш катын бир күнү оозунан жаңылып, “ Манас, Манас деп эле кайдагы бир Манаска, кайдагы бир манасчыларга сыйынышат, менин жегени толо байымдан, желе толгон малымдан да ушул Манасыңар, манасчыңар касиеттүү болуп кетипби?” деп, Күн батып бараткан жакты карап олтура калып ушатып жиберген экен.

Туура ошондон үч күндөн кийин, белин кармап жыгылып, тулуптай шишип, заарасы чыкпай туттугуп өлүп, андан көп өтпөй койнундагы чалы, короодогу малы жан таслим болгон дешет.

 

* * *

Манасчылар жөн кишилер бекен? Эмне үчүн Манастын кулпусу эң жакын деген казактарга ачылбайт? Эмне үчүн Манастын кулпусу Манас менен кармашып келген кытайларга ачылбайт? Эмне үчүн Кудай Таала Манас айтуу касиетин жалгыз гана кыргыздын маңдайына жазган? Ушул тууралуу бир аз болсо да ой калчап көрүңүзчү?

Шайлобек Дүйшеев, “Де-факто”, 12.05.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий