Кыргыз ырымдары: кайсы досуң сага кас экенин билгиң келсе, баарын бешбармакка чакыр

Кандай ырым-жырымдарды карманасыз? Өзүмө кара санаган адам менен өз үй, өз дасторконумда бирге отуруп каламбы деген ой канчалык үрөй учурат?

Эл аралык Sputnik маалымат агенттиги койдун сөөк-жилигине байланышкан кыргыздын айрым ырым-жырымдары жана ишенимдерин иликтеп көрдү.

Илимий теория менен академиялык сөздүктөрдү жокко чыгарып айтсак, ырым-жырым — бул биз бир нерсе болуп кетпесин деп корккондон же, тескерисинче, бир жакшылык болсун деген тилек менен жасаган же жасабаган иш-аракеттер.

Кыргызда кой этин табакка тартуунун, коноктордун эч кимиси таарынбагыдай устукан узатуунун эреже-тартиптери көп эмеспи. Ал эми эти желип, мүлжүнгөн сөөктөргө байланышкан ырым-жырым, ишеничтер андан да арбын.

Биринчиден, сөөктү канча таза мүлжүсөң, болочок түгөйүң ошончо сулуу болот деген жагымдуу ишенич бар.

Далы сөөк. Койдун далысын мүлжүгөндөн кийин бүтүн калтырганга болбойт. Анын четин сындырып же бычак менен жара тешкилеп салат.

Байыркы ишенимге ылайык, таза мүлжүнгөн далыны айга салып караса, анын этин жеген кишинин тагдыры көрүнгөн. Ошон үчүн төлгө салып, менин басар изимди билип алар болбосун деген адам аны мүлжүп бүткөн соң сындырып салат.

Кыргызда көрбөгөнүн билип, шимшиңдеп турган кара мүртөз адамды атоочу «куу далы» деген жаман сөз да ошондон калса керек.

Моюн омурткалар. Жаңы төрөлгөн ымыркай бар үйдө таза мүлжүнгөн моюн омурткаларды ажыратпай туруп каалганын үстүнө илип коёт. Бул кичине баланын мойну бат токтосун деп жасаган ырымы. Наристе торолуп, мойну чын эле токтомоюнча сөөктү адатта ыргытпайт.

Дасторкон үстүндө моюн этти кыз кишиге, жаш аялга бербейт, аны эркек же байбиче гана мүлжүйт.

Ооз омуртка. Моюн омурткалар менен башты бириктирип турчу сөөктү малдын ээси же анын бүлөсүнөн бирөө мүлжүп жейт, башкага бербейт деген ырымы бар.

Кар жилик. Кыргызда бул жилик үй-бүлөнүн тынчтыгын коргой турган жана жигитке жолдош болчу ыйык сөөк болуп эсептелет. Аны үйдө сактап же босогонун үстүнө илип коёт.

Кар жиликке тиш тийгизген болбойт, анын этин бычак менен гана кесип жейт. Чучугун болсо кары адамдар гана чагат. Жаштарга тыюу салынат. Мындан тышкары, бул сөөктү эч качан итке ыргытпайт.

Кар жилик — жолоочунун да жолдошу. Кыргыз уламыштарынын биринде атасы уулун жолго узатып жатып, куржунуна кар жилик салып берет. «Муну ачка болгондо жейсиң. Бирок жилигин ыргытпа. Дайыма куржунуңда болсун» деп насаат айтат. Уулу атасынын айтканын кылат. Бирок жетер жерине аз калган түнү баягы кар жиликтин чучугун чагып жеп, сөөгүн ыргытып жиберет. Анын артынан жолду карай акмалап келе жаткан каракчылар ошол түнү жигитти уктап жаткан жеринен өлтүрүп, тоноп кетет.

Көрсө, баягы каракчылардын көзүнө мурда баланы жолду карай коштоп жүргөн кырк жигит көрүнчү экен. Бирок акыркы түнү алар дайынсыз жок болуп кетишиптир…

Ал эми дасторкондо отургандардын кимиси биринчи табакка кол салып, кар жиликти алса, ошол үй ээсинин касташы деп эсептелет.

Дагы бир байыркы ишеним боюнча кар жиликти душманың коно турган журтка кагып койсо, анын тукумун улай турган татыктуу урпак төрөлбөйт дешчү.

Томук — бул жото жилик менен кашка жиликтин туташкан жериндеги кичинекей томпогой сөөк. Колуна томуктуу устукан тийген мейман дагы бир жото жилик алган конок менен томук катышып ойноону сунуштайт. Алар башкалардын көзүнчө мелдешип, жеңилип калганы кандай айыпка жыгыларын макулдашат. Бул тамаша оюндун шарты боюнча, оюнчулар бири-биринен каалаган убакта, каалаган жерден «томугуң кана?» деп сурайт. Экинчиси буга дайым даяр туруп, дароо томугун көрсөтүшү керек. Болбосо жеңилип калат. Алдын ала макулдашуу боюнча жеңилгени кой союп, жеңгенин коноктойт, баалуу белек тартуулайт ж.б. Оюндун шарты тамашалуу да болушу мүмкүн. Оюн катышкандардын бири жеңилип калганга чейин, кээде айлап-жылдап деле улана берет.

Томукка тиш тийгизбейт, аны бычак менен гана мүлжүйт.

Чүкө — койдун же ири малдын жото жилигинен алынчу бөтөнчө түрдөгү сөөк. Чүкөлүү устукан — улук жиликтердин бири. Аны алган кишиден уулдуу боло албай жүргөндөр чүкөсүн сурап алганга аракет кылышат. Уурдап алган учурлар да кездешет. Чүкө колуна тийген адам аны таза мүлжүп коёт. Итке берип же ыргытып жиберген жаман болот дешет. Ошондой эле чүкө кыргыздын бир топ оюнунун негизин түзөт. Чүкөнү тиш менен эмес, бычак менен гана мүлжүйт.

chuko

Толорсук — жото жиликте чүкөнүн үстүндө жайгашкан каргыштуу, кичинекей ичке сөөк. Толорсукту кичине балага, улан-кыздарга бербейт. Жолу жок болуп калат деген ишеним бар.

Куймулчак сөөк. Эт-майы желип, мүлжүлгөн чычаңды бирден бөлүп кыздарга берип коёт. Алар аны итке ыргытышат. Элдик ишеним боюнча, кимисиникин ит биринчи жесе, ошол кыз биринчи турмушка чыгат.

Шыймылчак — шыйрактын баш жагы, бакайга чейинки кичинекей сөөгү. Анын чучугу өтө даамдуу деп эсептелет, бирок аны чагып чыгарыш кыйын. Шыймылчактын чучугун жегенге татыган адам башкалардын камына, сүймөнчүгүнө оронгон эрке деп эсептелет.

«Шырдакбек» аттуу оозеки элдик чыгармалардын биринде түштүк кыргыздардын башчысы Шырдакбектин Сыядат аттуу аялы аны күйөөсү эркелетип, каалаганын кылып, кырк койдун шыймылчагынын чучугуна күрүч бастырып берет деп мактанган жери бар.

Чыгарманын дагы бир версиясында Шырдакбектин Сыядат аттуу аялы аны чанып, калмактын ханы Шыгайга качат, жөн качпай, өзү менен күйөөсүнүн сүйүктүү күлүгү Боз жоргону ала кетет. Калмак ханынын «күйөөң кандай карачу эле, кантип эркелетчү эле?» деген суроосуна аял кырк койдун шыймылчак чучугуна басылган күрүч жеп, күндө бирден жаңы көйнөк кийип, бирок баары бир күйөөсүнө нааразы экенин, ал Шыгайга караандабай турганын айтат. Ошондо Шыгай хан мындай эсирген эрке аял менин баркыма жетмек беле деп, касташы Шырдакбектин жоомарттыгына баа берип, аялды өлтүртүп, Боз жоргону Шырбакбекке кайтарып, кичүү карындашын берет. Ошентип эки элдин ортосунда ынтымак орногон деп айтылат чыгармада.

Sputnik Кыргызстан, 29-30.11.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий