Мелис Мураталиев: “Долбоорубуздун максаты – эл-жерге кызмат кылган адамдарды калыптоо, өстүрүү”

“Бакдөөлөт” коомдук фонду “Келечекке сапар” аттуу долбоорун коомчулукка алып чыгып, бул иш мамлекеттин өнүгүшү, өркүндөшү үчүн багытталганын жана долбоор Кыргызстандын баардык аймактарында иштээри тууралуу маалымдады. Бүгүн биз долбоордун жетекчиси Мелис Мураталиев менен маектешип, “Келечекке сапар” долбоорунун өзгөчөлүгү жана максаты тууралуу маектештик.

— Мелис мырза, алгач, сиздердин долбоордун негизги максатына кенен токтолуп кетсеңиз?

— Башчысы жок эл болбойт, мамлекети жок ажо болбойт, көсөм болбосо багыт табылбайт, колдоо болбосо иш жылбайт дегендей, биз эгемендүүлүктү алгандан берки жылдарда кайсы багытты көздөдүк, эмнеге басым кылдык, эмнеге жеттик жана эмнени жоготтук деген суроолор ар бир жаранды, ар бир атуулду кайдыгер калтырбай койбойт.

Эгемендүүлүккө жетип, улут катары өсүп-өнүгүп, мамлекетибизди күчтөп, өсүүгө бет алсак деген ой ар бир кыргыздын жүрөгүндө болгон. Жылдар өтүп, биз кыялданган келечекке жетпегенибиз азыр айдан ачык көрүнүп турат. Анын себеби эмнеде?

Биз, «Бакдөөлөт» коому 25 жылдык эгемендүү мамлекетибиздин жашоосун иликтеп, азыркы коомубуздун жагдайын таанып, адашуулардын жана кемчиликтердин себептерин аныктадык. Ошондой эле, бүгүнкү көйгөйлөрдөн жана алардын кесепеттеринен арылуунун жолун таптык.

Бүгүн бизде негизги 3 көйгөй бар:

  1. Эл менен бийликтин ажырымы.
  2. Ар-намыстын төмөндөшү.
  3. Жаш муундун тегин жана тамырын тааныбаганы.

Ар-намыстын төмөндөшүнө кирген көрүнүштөр: кубаттуу башкаруучулардын жоюлушу(башка мамлекеттер эмне дейт деген кылчактоо); эркектин пастаганы; аялдардын жеңилдиги (башкача айтканда, аялдардын көтөрүмсүз болуусу, ыйбаа жоктугу, энелик милдетти толук билбегени).

Ал эми, ушул аталган үч көйгөйдөн келип чыккан кесепеттер кайсылар? Булар:

Атуулдук сезимдин пасташы (эркектердин пастаганы, тереӊдикти, бийиктикти жоготкону);

  1. Кыздар кыз каадасын билбегени, сактабаганы (эне адебинин төмөндөгөнү);
  2. Элим-жерим деген атуулдардын азайышы, ошондон улам паракорчулук менен жашоо.

Биздин долбоор мына ушул көйгөйлөрдү жана кесепеттерди жоюуга багытталып, долбоордун негизги максатына – эл-жерге кызмат кылган адамдарды калыптоо, өстүрүүкирет.

Бул максатка жетиш үчүн биз төмөнкү маселелерди чечүүбүз зарыл:

Биринчиси, кыргыз элинин аң-сезимине, туюмуна өзгөртүү киргизүү. Экинчиси, элдин сезимин бийиктетүү. Үчүнчүсү, эл-жерге кызмат кылдыруу.

— Аң-сезимге, туюмга өзгөртүү киргизүү маселесинде эмнелер камтылган?

— Кыргыз элинин аң-сезимине, туюмуна өзгөртүү киргизүү үч тарамды камтыйт:

— Өткөн жолду иликтеп, андан сабак алып, адашкандагы кесепеттердин тереңин таанып, ал кесепетти кайталабаганга умтулуу;

— Тамырдан келаткан улуулукту алып чыгуу;

— Азыр эл эмнени каалайт, эмнеге суусайт, ошону жүзөгө ашыруу.

Бул кандай ишке ашат? Ар бир көйгөйгө тиешелүү багыттуу иштерди кылышыбыз керек. Мисалы, эл менен бийликтин ажырымын жоюу боюнча:

  1. Жусуп Баласагындын Кут билиминдеги «Көсөм кандай болуш керек» деген акылды элге, жана өзгөчө бийлик башындагы адамдарга тартуулап жеткирүү керек.
  2. Санжыранын сабактарынан элдин акылы менен канды тыйып койгон учурларга көӊүлдү бурдуруу керек. Андагы элдин сөзүнүн калыстыгы, айтып чыккан адамдын тайманбастыгы жана кандардын калыс сөзгө жыгылганы.
  3. Санжыранын сабактары: элдин канды баалаганы, элге жаккан кандын сапаттары, кандын эл үчүн кылган кызматына эл баа бергени.
  4. Макал-лакаптардагы элге жаккан, элге кызмат кылган, элдин жүгүн көтөргөн кандардын сыпааттарын ачуу.

Бул нерселер жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу: тасмалар (социалдык роликтер), теле-радио берүүлөр, макалалар түрүндө ырааты менен жана үзгүлтүксүз тартууланышы зарыл. Бул ыкма менен элдин аӊ-сезимине таасир бере алабыз.

Ар бир көйгөй жана кесепеттерге тиешелүү ушул сыяктуу өзгөчө ыкмалар бар.

— Тарыхыбызда, ар-намысын бек кармап элге кызмат кылып өткөн инсандарыбыз болгон. Алар тууралуу эмнелерди айта аласыз?

— Жаш муун өз тегин, тамырын тааныбай калды. Бул көйгөйдү кантип жоёбуз? Биз мындай ыкманы сунуштайбыз:

Эл-жерге кызмат кылган инсандарыбыз төмөнкүчө бөлүнөт:

— Боштондук берген инсандар;

— Элди, мамлекетти күчтөгөн инсандар;

— Эл-жерди гүлдөткөн инсандар.

Эл-жерди гүлдөткөн инсандарга өнөрлүү адамдар көбүрөөк кирет. Алар, акылы менен, сөздүн күчү менен, өнөрү менен кызмат кылгандар, кыргыздын ажарын ачкандар. Мисалы, Чыңгыз Айтматов, Жеӊижок, Тоголок Молдо, акылман Акелер, манасчылар, акындар, олуялар, Сүймөнкул Чокморов, Төлөмүш Океев, Бүбүсара Бейшеналиева ж.б.

Элди, мамлекетти күчтөгөндөргө Абдыкерим Сыдыков, Иманаалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Белек Солтоноев, Исхак Раззаков өӊдүү элдин жана улуттун жүгүн көтөргөн инсандар кирет. Кээ бир акелер күчтөгөндөргө да кирет. Анткени алар бийлерге, башкаруучуларга акыл-кеӊеш айтуу менен элди, мамлекетти күчтөгөн.

Боштондук алып келгендер: тарыхта калган, эрдик көрсөткөн баатырлар: Тагай бий, Эр Табылды, Эр Эшим, Тайлак баатыр жана башка көрүнүктүү баатырлар.

Боштондук – бул жеке эле жердин боштондугу эмес, элдин аӊ-сезиминин боштондугу деп түшүнүү керек. Эл-жердин гана эмес, аӊ-сезимдин боштондугу үчүн да күрөшкөндөр болгон.

Жаш муунга тарыхты тактап, өз орду менен, бөлүп-бөлүп тууралап жеткирүү керек. Мисалы, тарыхыбызда Курманжан даткадан кем эмес иш (кызмат) кылгандардын аты өчүп калган, же билинбей калган. Ошондуктан, алардын да жасап кеткен иштерин дааналап берүү керек.

Бул айтылган ойлордун баары багыттуу иш-чаралар түрүндө, жогоруда айткандай, маалымдоо каражаттары аркылуу чакан тасма, радиоберүү, макала түрүндө жайылтылышы керек.

— “Бакдөөлөт” коомдук фонду адамдардын атуулдук, жарандык сезимдерин бийиктетүү жана эл-жерге кызмат кылдыруу зарылдыгы тууралуу да айтып келет. Бул сезимдерди кантип бийиктетсе болот, жана канткенде адамдарды кызмат кылууга үндөсө болот?

— Бул багытта биздин 5-6 жылдык иш-тажрыйбабыз бар. Албетте ар бир иштин өтөсүнө жетип ийгилик жаратыш үчүн биз көп түйшөлүп, көп издендик. Мына ошол иштерибиз таасирдүү жана натыйжалуу болуп, жемишин берип келатат.

Азыр биз 5 тепкичтүү окуу программасын бул долбоордо сунуштап жатабыз:

  • «Көчмөн» конушу – жеткинчек балдарга багытталган (10-14 жаш) жайкы билим берүү жана эс алуу конушу (лагерь);
  • «Кыргыз таануу» долбоору – мектептердин жогорку класстарына (15-18 жаш) багытталган билим берүүчү теледолбоор;
  • «Улуттун уулу болгун» – аскерде кызмат өтөгөн жана башка күч түзүмдөрүндөгү мекен сакчыларына багытталган окуу программасы;
  • «Жаш билги» долбоору – жаштардын (18-25 жаш) билгилик жөндөмдөрүн өстүрүүгө багытталган теледолбоор;
  • «Улуттун уюткусу – билгилер» – коомубуздагы билгилердин ар тараптуу жөндөмдөрүн өөрчүтүүгө багытталган окуу программасы.

— “Келечекке сапар” долбоорунун ишке ашышы канча убакытты камтыйт?

— Биздин долбоордун өзгөчөлүгү: Унутта калган кыргыздын дүйнөтаанымындагы тереӊ баалуулуктарына көӊүл бурдуруу; өзгөгө багыт алган аӊ-сезимди өзөккө кайтаруу; ушуну менен бирге адамдагы уктап калган күчтүү асыл сапаттарды ойготуу; мунун негизинде коомдогу туура эместиктерден арылуу, мамлекетти күчтөө, өндүрүштү өстүрүү.

Мына ушундай максатка жетиш үчүн албетте бир жыл эмес, бир нече жылдык мөөнөт керек. Өз келечегинен аянган элдин таалайы тайкы болот. Ошондуктан, белди бекем бууп, келечекке сапар алышыбыз керек.

— Мындай узак мөөнөттүү жана бүтүндөй бир элдин, бир улуттун жүгүн көтөрө турган олуттуу долбоордон күтүлүүчү жыйынтыктар кандай?

— Бул долбоордон күтүлүүчү жыйынтыгы төмөнкүдөй:

Бийлик үчүн: Эӊ негизгиси аброй көтөрүлөт, жаӊы өнүгүү баштаган адам катары, элге кызмат кылып кеткен кан, жетекчи катары аты калат.

Эл үчүн: Аӊ-сезимдин жана жан дүйнөнүн өзгөрүлүшү, жашоо-тирдиктин өсүшү, ата-баланын өзүнүн ордун анык билиши.

Аткаруучулар үчүн: Эл менен бийликтин ажырымынын азайышы жана жоюлушу, кылган кызматы менен деӊгээлдин өсүшү, адискөйлүктүн жогорулашы, жетекчиликтин башка кырына жетүү.

Мамлекет үчүн: Мекенчил жаштардын өсүп чыгышы, эл-жерге кызмат кылам деген адистердин топтолушу.

— Жашоонун мыйзамынын көрүнүштөрүнүн бири деп, эл түзүлүшүн – “Ырааттуу түзүм” маселесин да көтөрүп келатасыздар. Ушул боюнча түшүндүрүп кетсеңиз?

— Жашоонун мыйзамы болгон көрүнүштөр бар. Муну адам билип-билбесе да, сезип-сезбесе да, ал өзүнүн ордун турмушта ээлей берет. Ошондой мыйзамдын бири – бул «Ырааттуу түзүм». Бул «Ырааттуу түзүм» (3 бөлүк) ар бир учурга, бөлүмгө, мезгилге, уюмга, катмарга таандык. Бул «Ырааттуу түзүмдү» жеке эле адамдык коомдо эмес, жан-жаныбардын түзүлүшүндө да учуратса болот.

Кандай гана эл болбосун, улутуна карабай, динине карабай, жашаган аймагына карабай, «Ырааттуу түзүм» боюнча 3 негизги катмардан турат: Көсөмдөр, билгилер жана букара эл.

  • Көсөмдөр
  • Билгилер
  • Букара эл

Эң негизги катмар, түп болуп турган катмар – букара эл.

Ортодогу катмар – билгилер – элдин уюткусун кармаган катмар. Билгилердин орду жана милдети – көсөм менен элдин биримдигин, байланышын камсыз кылуу.

Көсөмдөр – элдин тагдырын чеччү катмар.

Үч катмардын биримдиги – элдин бүтүндүгүн камсыз кылат.

Бул түзүмдө эӊ маанилүү орунду ээлеген – бул билгилер. Себеби, билгилер жалпы элди биримдикке уютушат.

Билги адам кандай адам? Билги – бул аркасынан элди ээрчиткен, өз элине кадыр-баркы бар, жашоо ыӊгайын түзө алган жаратман адам.

Атырылып аккан суу болот, ага кандай бөгөт койсо да, өзүнө жол табат. Билгилерге жашоо тоскоол койсо дагы, уюткулуу билгилер өз милдетин аткара беришет. Бийлиги барбы-жокпу, алар билгилик кызматын кылышат.

Куттуу билгилери бар эл кубатка жетет, кырдаалды оӊой жеӊет, эгемендүүлүктө жашайт, бакубат жашоодо болот. Билгилердин күчү тайганда эл-жеринде зордук-зомбулук көбөйөт. Элдин карды ач болот, үмүтү пастайт, жашоо ыӊгайы жок болот. Билгилердин ынтымагы менен эл ынтымакка келет, жашоо шарты жакшыга оойт. Ошондон улам элдин көӊүлү көтөрүлөт, үмүтү бийиктейт.

— Акыркы суроомдун ордуна өзүңүзгө эркин сөз берсем…

— Маектешүүбүздүн жыйынтыгында айтаарым, “Келечекке сапар” долбоорун ишке ашыруу менен, биз элдин куту болгон билгилердин институтун кайра жандандырып, эл-жерге кызмат кылган билгилерди жана жаӊы муунду өстүрүп, күчтөп, мамлекетибизди өнүктүрүп өркүндөтөбүз деп бекем ишенем.

— Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Салтанат КЫДЫРМАЕВА, “Көк асаба”, 24.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий