Өзүнүн тарыхында адамзат…

“Өзүнүн тарыхында адамзат тарабынан башкаруунун – адамдарга таасир этүүнүн болгону бири биринен айырмаланган үч аргасы иштелип чыккан. Биринчиси – бийлик жана ага баш ийүү иерархиясы; экинчиси – жүрүм-турумдарды чектеп, тескеп турган маданият, баалуулуктар, социалдык нормалар, талаптар, көнүмүштөр, адаттар; үчүнчүсү – менчик мамилелерге негизделген тең-теңдеш тегиз мамилелер, рынок. Турмуштун өзүндөгү чарбалык, социалдык системаларда айтылгандардын баары орун алган. Маселе кайсы түрүнө артыкчылык берилгендикте. Ушунун өзү коомдун экономикалык уюмдашуусунун маани-маңызын, жүзүн аныктайт” (Профессор Л.И.Евенко, Основы менеджмента. М.1997).

Бизде, республикабызда соңку жыйрма жылдан берки талаш-тартыштарга себеп болуп келаткан ушул маселе мамлекеттик деңгээлде, керек болсо идеология, стратегия, тактика, саясий өңүт, экономикалык багыт болуп аныкталып, коомчулук аң-сезимде тамыр жайган болсо, келечекке түздөнүү жагынан эл азыркыдай удургуган абалда болмок эмес.

Дүйнөдөгү эң байыркы элдердин бири катары кыргыздарда кылымдар бою эленип тазаланган, такталып таамайланган, миң-миңдеген жылдардан бери элибизди эл кылып кут жалган сактап келген табияттын өзүндөй таалим тарбиялык нарк-насил баалуулуктар, “падыша бийлигинен салт күчтүү” делип, башкаруудан баштап жалпы элдик жашоо турмуштун бардык жактарында байыркы гана эмес, дайымкы адамгерчилик акыл эс, өнүгүүгө өзөк болуп, кыт куйгандай кыналып турушу керек болсо, эмне үчүн андай болбой жатат?

“Чак-челекей буудуң-чаң аркылуу сапаттык жаңы абал түзүлөт”; Шайлоо учурунда акча берсе ала бергиле, добушту кимисине ыйгарасыңар аны өзүңөр билгиле”. Алгачкы мамлекет башчыбыздын ушул айткандарын, өлкө башчысынын оозунан чыккан ушул сөздү, изделип жүргөн идеология, болгондо да анын теңирден тескерчеси дил бузары, десе да боло. “Керек болсо колума алып, Ак үйдү өзүм коргойм” деди кийинки ажо. Айткан сөзүң – ал сенин өзүң. Менчиктештирүү жылдарында коомдук оокат мүлк чак-челекей таламайга алынды, ачыктан-ачык эле добушта сатылды, сатып алынды, колуна курал алып, элге ок атылды, кыргындай өмүрлөр кыйылды.

XIX кылым.

“Кулга айлантса өз элин,
Кутургандын белгиси.
Өзү үчүн жан үрөгөн,
Өзүмчүлдүн белгиси.
Мындай адам кө
бөйсө,
Жумурай журт маарыбайт,
Кыргыз такыр жарыбайт”
.

Бул – ак таңдай акындардын алпы айтылуу Арстанбектин айтканы. Алдаш Белек уулу, Калыгул, Молдо Кылыч, Токтогул, Жеңижок, Тоголок Молдо, Барпы; ардакдалып Аке атыккан Моют, Сарт, Карач, Тилекмат, Садыр, Кыдыр акелер; андан мурдагы замандардагы: Кет Бука, Асан Кайгы, Толубай Сынчы, Санчы Сынчы ойчулдардын таалим – тарбиялык сөздөрү, Манас дүйнөсү кыргызды кыргыз, элди эл кылып муундан муунга мурасталып келген адамгерчилик асыл баалуулуктардын маани-мазмуну азыркы рынок экономика заманында да өз баасын жоготпоолору керек эле.

Америка Кошмо Штаттарында, Англияда ири бизнесмендерге атайын курстар уюштурулуп, Шекспирдин, Толстойдун, Достоевскийдин чыгармалары окутулат экен, ким болбосун, ири алдыда адамдын адамдыгы эң башкы маселе деген мааниде.

Дүйнөдө канча эл болсо, алардын ар биринде өзүнө таандык өзгөчөлүк жактары болгон соң, башкарууда, адамдарга этүүдө ошол өзгөчөлүктөр эске алына турган болсо, анда кыргыз элине, кыргыз мамлекетине байыркы бабалар заманынан бери салт болуп тамырланган баалуулуктар жагына артыкчылык берилп, коомубуздун жүзү, ички жөн-жайы, табити, табияты ушул негизде болушу керек эле. Болгондо да ийине жеткире иштелип чыгып ашырылган, калайык-калк түшүнгөн, ынанган система, жалпы элдик биримдикке дем деңгээлинде болушу керек эле.

Кежалы Сарымсаков, «ЖАНАЗЫК», 30.07.2012-жылы терилген

Соц тармактар:

Добавить комментарий