Салижан агайды эскерүү: Таамай айтылган сөздөрүнөн (IV бөлүгү)

Бүгүн (17-мартта) залкар адабиятчы, сынчы, публицист жана коомдук ишмер Салижан Жигитовдун көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак. Салижан агайыбыздын арабыздан кеткенине быйыл он жыл болуптур.

“Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги “Салижан агайды эскерүү” долбоорун улантат.

Салижан агай илим изилдеп, чыгарма жазып, адабият майданында эле кайнай бербестен, коомдук турмуштун башка катмарларына да активдүү аралашкан. Кандай маанилүү мамлекеттик маселелер болбосун өз позициясын айтып турган. Айрыкча улуттун өзөктү өрттөгөн көйгөйлөрүн жаны кашая чырылдап, күйгүзүп да, күлдүрүп да айткан, жалбырттаган патриот инсан эле. Биз улуу устаттын республикалык басма сөздө жарыяланган макала, маектеринен залкар ойлорунан айрым бир үзүндүлөрүн тартуулайбыз.

 

ЖАКШЫ ОКУГАНДАРЫНЫН БААРЫ – МУГАЛИМ, ЭПТЕП-СЕПТЕП БҮТКӨНДӨРҮ – ДЕРЕКТИР

* * *
«Эгер билим алуу чын эле «ийне менен кудук казгандай» татаал болсо, күндүр-түндүр талыкпаган мээнет талап кылса, кыргыздын көбү окуудан жаа бою качмак».

 

* * *
«Өзүм окуткан балдарымды байкасам, жакшы окугандарынын баары эле мугалим, эптеп-септеп бүткөндөрү деректир экен. Деректирлер айылда эмне кылат? Жоро уюштурат, бүтүрүү экзамени жакындагандан баштап, бир-эки ай балдардын эсебинен ичип-жейт. Балдарыбыз ошентип бүтүп атпайбы мектепти».

 

* * *
«Республикада жашагандардын санына жараша проценттесек, кыргыздын жогорку билимдүүлөрү орустан да, дунгандан да, немистен да көп. Ошол жогорку окуу жайын бүткөндөр же болбосо илимдин кандидаты, доктор болуп алгандар жашоого келгенде дунгандын алтынчы классты бүткөн баласына уттуруп коюп жатпайбы. Жашаганга жардам бербеген билимдин кимге кереги бар? Кудайгабы? Аны менен эсептешпей, үстөккө – босток ВУЗ ачабыз. Ошко, Жалал-Абадга… Баарын эле университет кылып тындык. Цивилизациялуу өлкөлөрдө билимди ишке айлантам деп окуйт. Кыргызда болсо эңкейип эмгек кылгандан кутулам, эл башкарам деп окуйт. 2,5 миллион элдин 1 миллионун билимдүү кылып, эл башкартып койсок, кимиси иштейт?».

 

ЖАШАГАНГА ЖАРДАМ БЕРБЕГЕН БИЛИМДИН КИМГЕ КЕРЕГИ БАР?

* * *
«Интеллигенттерибиз той беребиз деп жардам сурайт, бизнесмен дегендерибиз баланчанын тоюна түкүнчө акча коштум деп көөдөнүн көтөрөт, бирок ушул элге билим жеткирели деген эч ким жок. Билимге өздөрү муктаж эмес».

 

* * *
«Президент өзү эки-үч мектеп ачып койсо, анан ага таланттуу балдарды чогултуп, ага да сак болуш керек, таланттуу деп аким өзүнүн мөөрөп турган торпогун деле жиберип ийиши мүмкүн, же тирүү туруп жетим деп баласын өлүп калган инисине жаздыра коюп жиберип ийиши мүмкүн».

 

ТУРМУШКА ЖАРДАМ БЕРЕ ТУРГАН САБАКТАРДЫ КӨБӨЙТҮШ КЕРЕК

* * *
«…Кыргыз тили сабагынын саатын көбөйтүп коюптур, аны кыскартып эле турмушка жардам бере турган сабактарды көбөйтүш керек. ВУЗдарда 5-6 жыл окутуп эмне кылабыз, илгери мугалимдерди 2 жыл окутуп эле чыгарып ийчү, мисалы, айыл чарба институтунда 5 жыл эски китептерди сайрай берүүнүн кажети не? Же философияны окутпай койсо, өлөбү?».

 

* * *
«Дүйнөдө коомго түз эмес, кыйыр пайдасы бар билимдүү кишилер көп. Мисалы, жазуучулар рухий турмушубузду түзөт. Бирок кыргыздын Айтматовдой дүйнөнү дүңгүрөтүп турган 100 жазуучусу же мынабу Мурат Бегалиевдей 100 композитору болсо дагы экономиканы оңдоп жибербейт».

 

* * *
«Орусча окуп, кыргызча жакшы билбей калгандар 30-40 миңдин тегерегинде болушу мүмкүн деп ойлойм. Бирок алар кыргызча билет, сүйлөйт, түшүнөт, болгону кыргыз китебин окубайт, кыргыз маданиятынан алыс. Эми ушулар көп көрүнүп атпайбы. Туура айтасың, мен да байкап жүрөм, «кара орустар», «киргиздер» деп сөгөт гезиттерде, жыйындарда. Бакырчаак патриоттор аларды тим эле орустан да шүмшүк кылып салды».

РS: Кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүн – коомдук ишмерлерди, мамлекеттик кызматкерлерди, илимпоздорду, адабиятчыларды, Салижан агайды таанып-билген бардык жарандарды ушул долбоорго үн кошууга чакырабыз. Эскерүүңүздөрдү kabar@kabar.kg почта дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

«Кабар», 17.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий