Адабият таануучу Салижан Жигитов

Публицист, адабият таануучу, агартуучу, журналист Салижан Жигитов көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка толмок. Ал 2006- жылдын 13-февралында 70 жаш курагында дүйнө салган. Эли, замандаштары Салижан агай чыгармачыл дүйнө менен гана чектелбестен, коомдук турмуштун башка катмарларына да активдүү аралашып, мамлекеттик маселелерде өз позициясын бекемдеп, ачык айтканын жакшы билишет. Салижан Жигитов 1936-жылы 17- мартта Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында төрөлгөн. 1951-жылы туулган айылындагы жети жылдык мектепти бүтүрүп, борбор шаардагы айтылуу №5 орто мектепке келип, 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун Салижан Жигитов 1959-жылы Өзгөн районунда мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1961-62-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, ал эми 1979-жылдан тарта сектор башчысы болуп узак жылдар үзүрлүү эмгектенген. 1992-жылы филология илимдеринин доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 1992-93-жылдары С. Жигитов Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук саясат боюнча мамлекеттик кеңешчиси болуп кызмат өтөгөн. 1993-жылы Кыргызстандын Өзбекстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. 1995-жылы Кыргыз Улуттук университетинде профессор. Бир эле учурда 1995-96-жылдары «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросун жетектеп кызмат кылган. Салижан Жигитовдун жемиштүү эмгек жылдары Илимдер Академиясы, Улуттук университет, Кыргыз энциклопедиясы жана Кыргыз-түрк «Манас» университети менен байланышкан. 1996-жылдан тарта өмүрүнүн акырына чейин «Манас» Кыргыз-Түрк университетинде профессор болуп иштеген. 2003-жылы «Акыйкат жана прогресс» партиясына мүчө болуп өткөн. 2004-жылы «Жаңы багыт» коомдук саясий кыймылын уюштуруучулардын бири болгон. Салижан Жигитов 1984-жылкы илим жана техника жаатында Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.300дөн ашык илимий жана адабий эмгектердин автору. Анын ичинде адабий сын изилдөөлөрүн жарыялап, Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон. Маркумдун сөөгү 2006- жылы 13-февралда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик көрүстөнүнө коюлган. Төмөндө Салижан агайдын икаяларынан сунуштайбыз.

 

***

«Тил деген эмне?

Тил дегенибиз, жалпылап айтканда, лексикадан (сөздөрдүн жыйындысынан) жана грамматикадан (сөздөрдү өз ара байланыштыруучу жол-жоболордон) турган коомдук көрүнүш. Лексикалык каражаттардан жана грамматикалык эрежелерден ар кыл максаттарда пайдалануу менен адамдар өз ой-пикирлерин жарыя кылып, ар түрдүү тексттер (маалыматтар) жаратат. Бул иш-аракет кол эмгегиндей (мисалы, үй кургандай же пахта өстүргөндөй) эле кадыресе жумуш (деятельность) болуп, речь же кеп деп аталат.

Башкачалап айтканда, тил – лексикадан (элементтер тобунан) жана грамматикадан (ошол элементтердин арасын данакерлечү эрежелерден) куралган система, ал эми речь – ал системанын элементтеринин практикада конкреттүү колдонулушу, иштетилиши.

Элестүү кылып айтканда, лексика түрдүү курулуш материалдарынын жыйындысына, грамматика болсо кагаз бетине чийилген архитектуралык планга окшош, ал эми речь ошол курулуш материалдарынан ошол архитектуралык схема боюнча имарат тургузуу процессине окшош»

 

***

«Кыргыз тили жазма-басма вариантында аябай кеч, кечээки совет доорунда гана мектептик таалим-тарбиянын, саясаттын, укуктун, адабияттын, айрым илим тармактарынын, массалык маалымат каражаттарынын маалымдоо каражаты катары аздыр-көптүр колдонула баштабадыбы. Эгер өзбек жазма тили мурдарак араб, фарс жазма тилдеринин үлгүсүндө калыпка салынса, кыргыз жазма тили негизинен орус жазма тилинин моделдерин белимчилөө менен өөдүк-сөөдүк нормага салынгансыды. Укукка, саясатка, идеологияга,табият илимдерине тиешелүү тексттер орусчадан орус тилин чала билген кишилер тарабынан кыргызчалангандыктан кыргызча олдоксон, атүгүл орусча билбеген кыргыздарга түшүнүксүз «котормо тили» келип чыкты. Өткөн кылымдын 30-жылдарында түгүл, азыр деле орусчадан орой жаңылыштар менен кыргызчаланган тексттер окуу китептеринде, саясый документтерде, закондордо абдан көп».

 

***

«Айтор, кыргыз жазма-басма тили дагы эле өксүк, чийки, жашык бойдон калууда. Пайдалуу информацияга, илимий маалыматтарга абдан жарды. Кыргыз тилинде, балким, бүгүнкү англис тилиндеги илимий байлыктардын миллиарддан бири да жоктур. Демек, кыргыз жазма тилинен башка тил билбеген кат-сабаттуу кыргыз баласы дүйнөлүк пайдалуу информациядан, илим-билимден тышкары калып, акыл-эсин бүгүнкүнүн маалыматтары менен байыта албай, «карапайым аң-сезим» дегендин алкагына камалган бойдон жүрө берет. Биздин илим-билим жагынан артта калганыбыздын, кедейликтен кутула албай жатканыбыздын бир себеби да азыркыча илим-билим ташыган, өнүп-өөрчүгөн, жалпы элге таңууланган жазма-басма тилибиздин али жаштыгында жатат».

 

***

«Кыргыз жазма-басма тилин англис тилинин, орус тилинин, жок дегенде казак тилинин азыркы деңгээлине көтөрүш үчүн ар бир кыргыз интеллигенти бир миллион англофондун, беш жүз миң орустун, элүү казактын ордуна иштеши керек».

 

***

«Кыргыз тили 70-80 жылдан бери эле жазма-басма шекилинде колдонулуп келет. Тарых үчүн бул өтө эле кыска мөөнөт. Азыркы итальян жазма тилинин калыптаныш жолун атайын иликтеп көрсөм, 500 жылга созулуптур. Өнүп-өөрчүгөн латын жазма тилине таянганда да ошончо жылда кемелине келиптир. Эски славян тилине таянып өнүгө баштаган азыркы орус жазма тилинин өз тарыхы миң жылдан ашуун. Казак элинин өз тилин жазма түрүндө иштете баштаганына эки кылымдай болуптур».

Даярдаган Мээрим Бактыбек кызы, «Эркин тоо», 17.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий