Агындылар

* * *

Жөн кишилердин рухуна жөндөн жөн эле Манас коно бермек беле? Айрыкча Сагынбай Орозбаков тууралуу Чыңгыз Айтматов: “Сагынбайды окуп чыккан ар бир адам анын сөз байлыгына, акындык чеберчилигине, ташкындаган сөз кудуретине баш ийбей койбойт. Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. Балким, бул эч убакта кайталанбас руханий көрүнүш” деген.

 

* * *

Алыкул Осмонов: “1000 басма табак ыр бар. Анын 400 басма табагы Сагынбай Орозбак уулунуку, калгандары Саякбай, Жаңыбай, Шапак, Байымбет, Ыбырайым жана башкалардыкы. Мен түздөн түз муну айтар элем, эгер ушулардын ичинде Сагынбай Орозбаковдуку болбосо, анда калгандары бизди “Манас” эпосунун күчүнө мынчалык таң калтыра албас эле. Сагынбайдын сөздөрү башкалардыкынан бөлүнүп турат. Сагынбайды окуп туруп башкалардыкына келгенде төрт катар үйдөн бир катар үйгө түшкөндөй ылдыйлай түшөсүң” деп жазган.

 

* * *

Ошондуктан Манаска, Манастын сөзүн алып жүргөндөргө акаарат кылуунун арты жакшылык менен бүтпөй тургандыгын, аларга тил тийгизгендер, тизгинсиз сүйлөгөндөр, теңсинбей теңирсингендер, кесир сөз айткандар акыры бирди көрөрү, же өзү, же балдарын кырсык чалары эки жерде эки төрт дегендей эле кеп экенин жогорудагы мисалдар аркылуу эскертип койгум келди.

 

* * *

“Биздин кыргыздын дымагындай дымакты, кыргыздын нарк-насилиндей каада-салтты дүйнөнү дүң айланып да табууга мүмкүн эмес, айылдарды аралап баратып, азыркыдай жол боюнда көр-жерин сатынып олтурган, көк-сөгүн коюп алып көзү жалдырап, көк базарда көгөрүп олтурган бир да кыргыз аттууну көрчү эмес элек. Чарчап, чаалыгып келатып, кайсыл үйгө кайрылсаң да, “Айланып кетейин, токтой тур?” деп, кемпири балбалактап, айранын ала чуркап, кымызын суна чуркап тосор эле, азыр анын бири жок, кыргыз бүгүн өз канынан чыккан карачечекей баласынан бери сатып калды.

 

* * *

“Азаттыкта” иштеген Ак-Талаалык Эленора карындашым бир жолу:

– Байке, Ат-Башылыктар жаман борзыйсыңар ээ? – деп калды.

– Кандайча? – десем,

– Бизди “кайдан болосуң?” деп сурашса, “Нарынданмын, Нарындын ичинен Ак-Талааданмын”,– дейбиз, – силер болсо Ат-Башылыкмын деп гана турат экенсиңер, – деп күлдүрдү.

 

* * *

Аның туура, Эленора, чын эле Ат-Башылыктардын кимисин болбосун токтотуп туруп:

– Нарындын кай жериненсиң? — деп сурап көрчү, “Нарындыкмын” деп айтар бекен? Өмүрү бири дагы “Нарындыкмын” деп айтпайт, “Ат-Башылыкмын” деп гана турат. Алтургай биздин энелерибиз чочуганда да Нарындан баштап чочубай “Ат-Башы-Нарын-Куланак!” деп чочуйт, – дедим.

 

* * *

Ат-Башылыктар деген кичиги болобу, чоңу болобу, жалаң дымагы чоң кишилерден турат.

– Силердин атбашылыктар нарындыктарга караганда такыр башкача болот экен, — деди мага ошол жакты бир сыйра кыдырып келген Нуралы да бир ирет.

– Кандайча, Нуке?-дедим.

– Чеч-Дөбөгө бардым. Андан келатып Терек-Суу деген айылыңардагы бирөөгө жолуктум, өзү райондо мурда актив чалыш болуп жүргөн неме окшойт, деги эле билбегени жок экен, саймедиреп көп нерселерди айтып олтурду, аңгыча:

– Баса, силерден чыккан Шайлообек менин курсташым болот, биз баарыбыз Шаке менен сыймыктанабыз,– деп калдым, калсам эле:

– Кайсы Шайлообек?–деп сурады.

– Шайлообек Дүйшеевчи, акынчы? – дедим.

– Ой, энесин урайын ошонун, илгери ушул жерде эле ичип жүргөн эме болчу,–дебеспи.

Кудая тобо, биз жакта бирөөлөр жөнүндө сурап калсаң эч качан жаман айтпайт, бу силерден деги эле бирөө тууралуу оң айткан кишини көралбадым, “Ой, ошо да кишиби?” деп эле тебетейлери тескери айланып, сөгүнүп тура калмай адаттары бар экен, – деп боору эзилди.

 

* * *

– Бизде ошондой, Нуке! Биз ошон үчүн Ат-Башылыкбыз! Мени мындай кой, жолуңдан чыккан эле атбашылыктардын киминен болбосун Салымбеков жөнүндө сурап көрчү, эмне дээр экен? Бутунда апкыты айрылган өтүк кийип турганы да:

– Энесин урайын! Салымбеков болсо өзүнө Салымбеков, мага эмне кылып бериптир аның! – деп чакчырылып тура калат. Башка бирөө болсо, “Аскарчик! Аскарчик!” деп колун бооруна алып бөйпөңдөп, кошомат кылып, эптеп акча сурап алайын деп этегине намаз окуп турмак. Биздин атбашылыктардын башын кессең да антпейт,–дедим.

Нуралы угуп туруп :

– Ой, билбейм Шаке, деги тирукмуш эл экенсиңер”– деп ыкшып күлдү.

 

* * *

Мен болсо, “Ой, энесин урайын ошонун, ичип эле ушул жерде жүрчү!” деген терексуулук жердешиме таарынмак тургай, ошол бир кездеги менин элесимди чыпчыргасын коротпой эсинде сактап жүргөнүнө ыраазы болдум.

 

* * *

Ат-Башынын ар бир айылы мен үчүн кымбат. Анткени, ал айылдарда менин атбашылыктарым жашайт. Ат-Башыда өскөн баарыбыздын кыял-жоругубуз, жашоо-турмушка, адамдарга жасаган мамилебиз, бетке чапмай мүнөзүбүз, кылтыйбаган, былтыйбаган ачыктыгыбыз, ак көңүлдүгүбүз, таарынчаактыгыбыз, асфальт жолдой тегиз, текши, жылмакай болбой, уңкул-чуңкул, өңгүл-дөңгүл болгонубуз, аккан суудай шардыгыбыз, чокоюм деп чоңсунганга, мансабым деп мантыкканга башын кессе да кул болуп ийилбеген, күң болуп жүгүнбөгөн ар-намысыбыз, жети ай бою кыш болсо да, жума сайын жут болсо да, кабагым-кашым дебей, “Кудай кылса кубаарыңдын чокусу барбы!” деп сабыр кылып, жашоосун андан ары улай берген берендиги, кенендиги менен окшошпуз.

 

* * *

Анткени, биз бир жердин абасынан дем алып, бир тоонун ышкынын жеп, бир өрөөндүн суусун ичкен элбиз. Ошондуктан мен жердештериме айтып келем, Ат-Башы негизинен черик, моңолдор, сарыбагыш, азык уруусунан турат, кийин башка уруулар да бар экени билинди. Бирок, Ат-Башынын чериги Аксынын черигине барып, Ат-Башынын сарыбагышы Кеминдин сарыбагышына барып, Ат-Башынын моңолдору Оштун моңолдоруна барып эч качан камыр-жумур болуп, эч качан эл болуп жашап кеталбайт. Ашып кетсе бир жыл турат, андан көп болсо эки жыл турат, анан үчүнчү жылы сени “тууганым” дебей, “атбашылыктар” дей баштайт, андан кийин “атбашылыктар” дебей “тентиген” дей баштайт, анан “Ат-Башыңа кет!” дей баштайт”, ошондуктан уруу-урууга бөлүнгөндү токтоткула” дедим. “Керек болсо биз черик да, моңолдор да, сарыбагыш, азык дагы эмес, адегенде Ат-Башыбыз, анан барып Кыргызбыз” дедим.

 

* * *

Баса, ошол атбашылыктарымдын бири мага:

– Өтө кымбат деген “Жип” минип алып Көлдү кыдырып келатабыз. Токтогон эле жерден айылдын балдары тегеректеп алып, машинабыздын ичи-тышынан бери таңыркап карап, канча май ичерин, баасы канча турарын сурап жанды койбой жатты. Кочкордон да, Нарындан да ушинтти. Анан Ат-Башыга келдик. Баягычылап балдар тегеректеп калды. “Көп болсо баасын сурарсың” деп турабыз. Жок, анткен жок. Экөө былк этпей карап турду, бири “Жипти” айланып, дөңгөлөктөрүн тээп-тээп чыкты да:

– Мыкты экен э! Энеңдурайындын дөңгөлөгүн чийнеге салса бышык болчудай! – деп басып кетти!–деген эле.

 

* * *

– Нуралы, баягы Асман Короого баргандагы Аскардын сөзү эсиңдеби? Эстей албай атсаң угуп тур, азыр эстейсиң.

Аскар айтпады беле ошондо, илгери союз учурунда Бишкектен кеч чыгып, түнөп кетели деп Кочкордун мейманканасына кайрылып калдык деп, арабызда башка жактан келген уяттуу коногубуз бар эле. Мейманканын кожойкесинен:

– Эже, люкс бөлмөңөр барбы?–деп сурадым.

– Бар эмей кагылайын, люкс кантип жок болсун, – деп, коридордун баш жагындагы бөлмөнүн ачкычын жазып бере салды. Коногубузду жайгаштырып жатып тыягын деле карайм, быягын деле карайм, люкс тургай эч балээси байкалбайт. Баягы эле кол жуугуч, баягы эле кровать, телевизор тургай, радиосу жок, туалети сыртта. Эжеге кайра келип:

– Люксу жок эле, жөнөкөй бөлмө экен го? – десем:

– Илгичи турбайбы, көргөн жоксуңбу? – дейт. Жоон зымдан колго жасап койгон илгичи бар экен. Күлүп атып боорум эзилди, – дебеди беле.

 

* * *

Кыргыздар “люкс-млюкс” дегендер келелекте кандай гана таза эле?

 

* * *

Макендин машинесинде бараткам:

– Буюрса, бир аз жылдан соң биз дагы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулабыз, карачы салынып жаткан тамдарды? Мурда качан ушундайле,–деп атып эле шоопуруна бакырып жиберди:

– Эй, көзүңдү чоң ачып айдабайсыңбы! Эмне, энеңкине отун тартып баратасыңбы? – деп, көрсө көчөнүн уңкул-чуңкулуна кирип кеткенден улам машинанын айнегин сүзүп алып, чекесин сыйпалап жаткан экен.

Макендин “өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулабыз” деген таттуу кыялын бузган Бишкектин тамтыгы чыгып, таш жолго айланып бараткан көчөлөрүндө “ойкуп-кайкып” кетип бараттык.

 

* * *

“Элге эч качан карылык келбейт жана эч качан акыл кирбейт, эл деген ар дайым бала бойдон кала берет” деген сөз оюма түштү.

 

* * *

Баягы бала кездеги, менин жамаачы шымыма окшогон жаман терезебиздин айнегине токойдун укмуштай кооз сүрөтүн тартып кеткен аязды кайрадан эстедим.

 

* * *

Анан өткөн кышта шаардын маршруткасында баратып, ошол сүрөт оюма түшүп автобустун айнегин карадым, карасам сүрөт тургай эчтемке жок, анын ордуна тоңгон айнектин бети бопбоз болуп эчтеке көрүнбөй, жагымсыз тунарганы, тыгылган жүргүнчүлөрдүн “ыркырашып”аркы-терки түртүшкөнү, жашоого, бийликке, парламентке, светке, жанындагыларга нааразы болгон үндөрү, шоопурдун улам токтоп, тыйын алып, тыйын берип, өзү түшүнбөгөн “самопал” ырчынын ырын болушунча чыгарып алып, кенебей кетип баратканы, улам токтогон жерден, “Ахунбаевабы?”, “Бөкөнбаевадан останивите?” деген кыз-жигиттердин чалагайым сөздөрү гана эсимде калды.

 

* * *

Ошондо энемдин мен бала кездеги “Ниети, ыйман-пейли таза жерге Кудай жамандык жолотпойт балам” деген сөзүн эстеп, ошондогу биздин жамаачы терезебизге келип, таң атканча керемет сүрөт тартып кеткен Кудайдын аязын эстеп, көрсө жакшылык деген ниети, пейили таза, жакшылыкты гана тилеген жерге келет турбайбы, анан бүтүндөй бир Кыргызстандын кыжынганын, сөгүнгөнүн, тартышканы менен түртүшкөнүн, өз “өлүгүн” өзүнөн эмес, өзгөдөн көрмөй ит адатын, көр албастыгы менен ичи тардыгын, бечаралыгы менен оомалыгын салып алып кетип бараткан маршрутканын айнегине да Кудайдын аязы жакшы ниет менен келип сүрөт тартмак беле деп ойлодум.

 

БАЙЛЫК ЖАНА БААТЫРДЫК

Энем кээде: “Кыргызда баатыр алтоо, бай төртөө, бий жалгыз, кедей сегиз, кул тогуз” деп койчу.

– Эмне үчүн ушундай? Эмне үчүн көбү кул менен кедей? – деп сурасам:

– Э, балам, “кул” деп жоо колунан туткунга түшүп кул болгондорду эмес, өз жеринде, өз элинде кул болуп, кулдук мүнөзүнөн кутулсам деп ойлобой, кара башынын гана амандыгын тилеп, кедей-кембагалдыктан чыгалбай келаткан көпчүлүктү айтат,–дечү эле.

 

* * *

Баарын кийин түшүндүм. Эми ошолорду чекесинен чечмелей кетейин.

 

* * *

“Бий жалгыз” дегени бул экен. Илгери кыргызда соттун милдетин бий аткарган. Бийлер деле ишти көбүнчө пара менен бүтүргөн. “Калыс болор бийи ким? Карды салык байы ким?” деп сурашчу экен. Кара кылды как жарган калыс бий оңду да, солду да карабай туруп калыс чечим чыгарган. Кудайдан корккон бийлер да болгон. Ошондойлорду “бий жалгыз” деген. Туура, калыс чечим чыгаргандарды “ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деген.

 

* * *

“Бай төртөө” дегени, биринчиси – Чоң Бай аталып, баскан-турганы мырза, март болор жерде март болуп, анча-мынча жерде ажаат ача билгендерди айтчу экен. Таза кийинип, таза жүргөн дейт. Кыз-уулдарын да кедей-кембагалдын балдарына жолотпой тарбиялаптыр. Булар мансаптуу, даражалуу, таасирдүү адамдар менен куда-сөөк, дос, тамыр болушкан. Дал ушулардын балдары кийин мансап, бийлик талашып, шайланып, эл башкарып чыккан. Кедейлерди тең санабай кем санап, өздөрүнө керек учурда гана эстеген.

 

* * *

Экинчиси – Сараң Бай. Колунан бирдеме чыкса өзөгү өрттөнүп, өлүп кете жаздаган. Жеткен кексе, барып турган зыкым болгон. Бөлөк-бөтөн тургай, жакын сөөк-тамырларына да оңой менен чык татырбаган. Өз аты турса кедейдин жалгыз атын сурап минген. Конок келсе коңшусунан кой сурап сойгон. Сараңдыгын ушундан бил, кездемеден пулун аяп, дамбалсыз шым кийген. Малынын туягын санап жүрүп көзү өткөн.

 

* * *

Үчүнчүсү – Сасык Бай, кээде мындай байларды Кокуй Бай деп да коюшкан. Миңдеген кою туруп согум маалында бир кой союп жебей тырышып, кокус арасынан бирөө-жарымы өлүп калса ошонун этин жеген. Жакшы кийингенди жактырбаган. “Үйүңө конок келатат” дегенди укса, “Жок деп койгула!” деп жашына калган, кокус үлгүртпөй кирип келсе “ооруп жатам” деп башын жоолук менен байлай коюп төшөккө жата калган.

 

* * *

Төртүнчүсү – Мерес Бай. Дайыма жалгыз конуп, жалгыз үй жашаганды жактырган. Жаныңа коңшу коном деп бирөөлөр келатат десе, түнү менен көчө качкан. Эч кимге эч нерсесин ыраа көрбөгөн. Бар болуп турса да оозунан “жок” дегенден башка сөз чыкпаган. Үйүнө эч качан конок чакырып, конок тоспогон, бирок бирөөлөрдүкүнө конок болгондон эч качан качкан эмес. Кокус казактан дос-тамырлары келип калса өзүнүкүнө эмес, өзүн жакшы көргөн бирөөлөрдүкүнө тостуртуп сыйлатып, кийин башкаларга өзүм коноктогом деп мартаңдап турган. Ичи тар, көралбас болгон. Непадам жакын санаалаштарынын жакшылыгын көрүп калса жанын коерго жер таппай өлүп кете жаздаган. Тааныган-тааныбагандарга акылдуу, сыйлуу, кадыр-барктуу көрүнгөн менен калп жүрүп, жалган жашаган.

 

* * *

Энемден бир жолу:

– Эне, эң кедей деген кандай болот? – деп сурасам:

– Э балам, байлыгынан башка эчтемкеси жок адам эң кедей адам болот, – деген эле.

Мунун маанисин эми түшүнүп олтурам.

 

* * *

Эми баатырларга келели.

Кайнаган өрттөн, каптаган селден “селт” этип чочубаган, жаналгыч жоодон жалтанбаган, миң сан колдон коркпой кармашкан баатырлардын баатырын “Баатырдын шери” деген экен. Буга биздин Манасыбыз далил.

 

* * *

Экинчиси – жоодо колу сынса колун, буту сынса бутун канжыгага таңып алып кармашкан, башы-көзүнөн кан акса аарчып алып согуша берген баатырды “Көкжал баатыр” деген. Буга Кошой дөө менен Чубакты айтсак жарашар.

 

* * *

Үчүнчүсү – согуштун сырын да, ыгын да мыкты билген, жоону жазгырып туруп жайлаган, кара күчкө караганда айла-амалды артык санаган, кай бирде калп качымыш болуп душманды буктурмадагы жоокерлерге салып берген баатырларды “Илекор баатыр” деген. Буга Алмамбет менен Сыргакты айтсак болор.

 

* * *

Төртүнчүсү – жоого жанына жолдош албастан жеке барып салгылашкан баатырларды “Жеке баатыр” деген. Буга Манастын Кырк чоросунун ар бирин мисал кылсак болот.

 

* * *

Бешинчиси – жоого жоокерлер менен чогуу кирип, бирок согушкандан коркуп, ичинен кантип качып кетсем экен деп, бирок жанындагылардан уялып, кармашкандан мурда кара жанын ойлоп, эптеп урушуп жүрүп келгендерди “Ээрчиме баатыр” деп атаган.

 

* * *

Алтынчысы – “жоо келди” деп дүрбөп чапкандар менен кошо кетип, “Манастан менин эмнем кем?” деп куру намыска жетеленип барып айласы куруган, кара башын калкалап жүрүп аман-соо келгендерди “Арсыз баатыр” деген.

 

* * *

Баса, чет жактан келген душманын эмес, өз элин чаап, өз элин курутуп, жылкы уурдап келгендерди да “Арсыз баатыр” атаган. Бизде бүгүн дал ушул өңдүү өз элин талап-тоноп, жон терисин сыйрып келаткан “Арсыз баатырлар” четтен табылат.

 

* * *

Азыр заманына жараша “баатырлык” кылгандар да өзгөрдү. Кокустан көчөдөн чоң ит чыга калып “арр” этсе, ойлонбой туруп шымын булгап жибере тургандардын баарын эле “баатыр” кыла баштадык. Мен айрыкча көркөм өнөр адамдарына “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген наамдын берилишине караманча каршымын. Англиялык Адисон Джозеф деген жазуучу айткан экен: “Өлгөндөр өз мүрзөлөрүндөгү өздөрүн даңктап-мактаган жазууларды кокустан тирилип келип окуй ала турган болсо кайра баштан өлүшмөк” деп.

 

* * *

Бир жолу Сазыкбай деген досум чалып, “Анатай Өмүрканов экөөңө “баатырлык” наам сурап гезит аркылуу президентке кайрылайын” деп жатам деп калды. Бирок Сазыкбай досумдун супсунун суутуп, “Башкаларды билбейм, чындап жакшылык кааласаң, “мени жайыма кой, ыраазымын” дедим. Кудай жалгап, Сазыкбай досум ошондон кийин чалбай калды.

 

* * *

Анан качанкы бала кезим, баатыр болгум келип, энем жапкан боз жуурканды айра тээп, түнү бою уктабай чыкканым көз алдыма тартылды. Бирок кашайып канча аракет кылсам да менден бир жолу да баатыр чыкпай койду. Армияда орус солдаттардын “дуй” деген жагын көздөй жапырылып, “дуй” болуп жүрүп эптеп эки жылымды өтөп, Ат-Башыма аман-эсен кайттым эле. Мага баатырлыкты “өлүп калбай өз Мекенине аман-эсен кайтып келген эрдиги үчүн” деп ошондо берсе болот эле. Бирок анда берген жок, бул бир де.

 

* * *

Студент кезимде шаардын кайсыл ышпанасы бир күнү башка чаап кетет деп, Баратбай досумду ээрчип жүрүп КМУну эптеп-септеп окуп бүттүм эле. “Эң арзан окуу жайы болгон филфакты өлбөй бүтүргөн эрдиги үчүн” деп баатырлыкты ошондо берсе болот эле. Бирок мында берген жок, эки де.

 

* * *

Анан минтип калжайып карып, бала-бакыралуу болуп, анда-санда Зейне чоң кыйкырып койсо дүкөндүн артына жашына калган, бир жакка чыгарда досум Нуралыны чакырып, ал машинасын дарбазага такап токтотору менен ичине кире качып жумушка барып-келип жүргөн менден баатыр чыгабы? Кайра жууруп жасасаңар да менден баатыр чыкпайт. “Эл эмне демек эле?” деп эле жин-шайтандардын тилине кирип алып адамдардан куурчак жасап ойноп, каалаганыңарды кыла бергенди качан токтотосуңар?

Болуптур, эл эчтеке дебесин, бирок Кудай эмне дейт?

 

ДЕН СООЛУК

Табияттын төрт мезгили сыяктуу эле адамдын да Жазы, Жайы, Күзү, Кышы болот экен. Жазын да, Жайын да жакшы эле көрдүм. Бүгүн эми өмүрдүн Күзүн аяктап, кычыраган Кышын көздөй бараткан кезим. Кыштан кийин кайрадан Жаз келет. Жыгылсам таяп, жыртылсам аяп, мени өмүр бою бөпөлөп багып келген Жер Эне кайрадан жаңырат, кайрадан Жаз, кайрадан Жай келет. Бирок өмүрүнүн Кышын жашап жаткан адамга кайрадан Жаз келбейт. Жаз келбесин билип туруп, эми “кышым жакшы болгойле” деп Кудайдан тилеп турган кезим, элүү жашымда антчү эмес элем, анткени жакында Кыш келбечүдөй, келсе да көптөн кийин келчүдөй сезиле берчү.

 

* * *

Көрсө келе турган нерсең күн сайын, саат сайын, мүнөт сайын жакындап келе берет экен.

 

* * *

Жаштарды карап турсаң бири да карыгысы келбейт, бирок баары эле узак жашагысы келет. Узак жашаган адам акыры карыйт да, туурабы? Жаштык деген жалаң Мээнеттен турса, мээнет менен келген карылык жалаң Дөөлөттөн турарын өз жашообуздан көрбөдүкпү.

 

* * *

Өткөндө кыргыздын мыкты уулу, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, художник жана актер Сүймөнкул Чокморовго куран окутканы бардык. Эл шаардан, андан-мындан агылып аябай көп келди. Биз Нуралы, Жали болуп маркумду эстеп, сүйлөшүп турдук. Жали айтып калды:

– Киномду өткөрөм деп Москвага командировкалап калып, эки иштен бир иш деп, ошол жерде ооруп жаткан Сүймөнкулду көрө кетейин деп издеп бардым, барсам бир тууган агасы Эсен аке палатанын оозунда башын жерге салып олтруган экен. “Алы кандай?” десем: “Болбой калды окшойт. Бөйрөгүмдү берейин десем, “эми анын кереги жок, өзүңүз да бөйрөксүз каласыз. Бөйрөк сала турган стадиядан өтүп кетти, акыркы сааттарын жашап жатат” деди врачтар, сен муну Сүймөнкулга айта көрбө?” — деди акырын.

Мен палатага кирип Сүкөмдүн колун кармап учурашып, жанына көчүк бастым. Ошондо карасам машинканын илгерки бозомтук сары кагазына окшоп өңү өчүп бараткан экен. Атактуу актер чалкасынан жаткан калыбында сүйлөп жатты:

– Ыракмат Жали, көрө кетейин деп келгениң үчүн! Жыйган байлыгың да, дүңгүрөгөн атак-даңкың да, алган сыйлык-наамың да ден соолуктун алдында сокур тыйынга арзыбайт экен. Ушул оорукананын короосуна таңатпай дворниктер келет. Жыргап тамашалашат. Анан шыпыргыларын алып шыпырып кирет. Аларды карап туруп ушунчалык суктанам. Тим эле көзүм чачырайт. Кудай мага: “Сүймөнкул, ден соолугуңду кайрып берейин, атак-даңкыңдын, алган наамыңдын баарын таштап салып туалет тазалайсыңбы?” дечү болсо, билесиңби, Жали, ушул оорукананын туалетин таңдан кечке дейре тазалайт элем, тазалаганда да бир жерине кыпындай кир калтырбай, жалтыратып, мелтиретип тазалайт элем!– дебатпайбы.

 

* * *

Сүкөмдүн бул айткандары жандүйнөмдү бир заматта аңтар-теңтер кылып жиберди. Айтылуу Алыкул айткандай, бу адам деген “айбаның” да бир бечара болот турбайбы көрсө. Өлгөндө көргө сени менен кошо кете турган жалгыз көлөкөң экен. Ал эми сыйлык, наам дегендериң сени менен кошо кетпейт экен. Бирок, ушул наамга чуркагандар, айрыкча Токтогул сыйлыгына чуркагандар чыгармасы эски экендигине карабай, сыйлыктын жол-жобосуна туура келбегендигине карабай, сыйлыкты чыгармасы эмес президент алып берчүдөй аты-жыты бар адамдардын атынан ага арыз ала чуркап, жанын жеп жалган сүйлөп жүргөнїнє да кїбє болбодукпу. Жокту бар деп жалган жалаа жапкан адам “кишинин этин жеген менен барабар” деп Куранда айтылат деп укчу элем.

 

* * *

Башын таппай маң болгон коом ыпластык менен пейили бузуктарга толгон сайын өзүнүн карачечекей ден соолугу менен соода кылып, акча жасап жүргөн шумпайлар көбөйдү.

 

* * *

Кагылайын, ден соолук ай! Канткенде сенин кадырыңа жетер экенбиз?

 

* * *

Жалиден кийин Сүймөнкулду Нуралы эскерди:

– 90-жылдары го, агезде “Ленинчил жаш” гезитинде иштеп жүргөн кезим. Сүймөнкул байке мага көп келчү болгон. Ооруканага барып жата калып, гемодиализден туруп эле бизге жөнөчү окшойт. Эмнегедир ал ошол кездери өз катарындагы аттуу-баштуу адамдар менен сүйлөшкөндөн тажаган жанга окшоп, жөнөкөй адамдар менен сүйлөшкөндү жактырып, карапайым адамдарга “качып” калганын байкадым. Ошондой күндөрдүн биринде ал мага арык, шадылуу манжаларын көргөзүп:

– Нуралы, эртели-кеч комуз чертчү элем, эми черте албай калдым. Манжаларым комуздун кылын басканда эч нерсени сезбей, жансыз болуп калчу болду. Жан өчө баштаганда баары өчө баштайт окшот,– деди.

Бир таңкалыштуусу, Сүймөнкул байке ушул сөздөрдү кейибестен, өкүнбөстөн, жөн эле келди-кетти сөздөрдү айтып аткансып айтып олтурду. Атактуу художниктин Саякбайды тарткан манжаларын, атактуу спортсмендин волейбол боюнча Кыргызстандын курама командасында ойноп, топту такай 1-линияга кадай чапкан манжаларын, атактуу актёрдун күргүштөп кирип турган дайрада “Сүлүк кара!” деп жашын көлдөтүп, кара ташты кучактап турган манжаларын кайрадан кунт коюп карадым. Карасам, кайран кишинин кумсарган манжалары каны качып, чапкан чөптөй соолуп бараткан экен…

 

* * *

Биз үчөөбүз Сүкөмөн келатып, Байтиктеги маркумдарга кайрылып куран окудук. Анан ошол бейиши болгурлардын бири Шербет Келдибекова менен сүйлөшкөнүм оюма түштү.

Шербет эже да адамдын асылы эле го. Басып келатканда жердин денесин оорутуп албайын дегенсип аяп басып, сүйлөп атса да көңүлүңдү оорутуп албайын дегенсип акырын, жай, жумшак сүйлөчү эмес беле. Бир ирет күйөөсү Алым менен үйүнө бара калып, эмне үчүн ушинтип басып, ушинтип сүйлөп калганын сурай кеттим.

– Шайлоо, анын сырын силер билбейсиңер. Анткени, силердин жүрөгүңөр соо, меникиндей оорукчан эмес, мен болсо канча жолу операция болгон жүрөгүмдү күн сайын алаканымдын отуна салып алып көтөрүп жүрөм. Анан колума таш же көң эмес, жүрөк көтөрүп келаткан соң, кокустан түшүрүп албайын деп акырын басып, акырын сүйлөп атпаймбы. Жүрөгүнөн ооруган адамдардын баары ушинтип, бирөөлөрдүн көңүлүн оорутмак түгүл, кара жердин этин оорутуп албайын деп аяп басып, аяп сүйлөп калат. Менин жүрөгүм алаканымдын отунда, өзүм болсо Кудайдын колундамын,–деген эле.

 

* * *

Сүймөнкул менен Шербетке куран окугандан кийин ушуларды эстедим, Баратбай. Сен экөөбүз жамандыр-жакшыдыр аксакал болдук. Ден соолуктун кадырын, адамдын баркын артыбыздан келаткан жаштарга айта жүрүшүбүз керек окшойт. Айтпай-дебей койсок, чындыкты дудук кылып койсок, калпка тил бүтүп, көрүнгөн кагазды гөтачы кылган гезиттен тура калып сайрап кирет турбайбы. Көрсө, баарынан акылдуу болуп көрүнгүсү келген акмактан коркунучтуу акмак болбойт экен. Калпка калк чыдабаган менен кагаз байкуш чыдай берет тура. Анан кагаздагылар чогулуп олтуруп коомдук пикир дегенди түзөт экен. Ал эми коомдук пикир дегениң өзүн эч кимге зордуктаткысы келбеген албуут катындарга окшогон неме болот турбайбы. Карыган кезде кайышчыл болбой, карыган кезде арызчыл болбой, жакшы карый билүүнүн өзү да чоң искусство экен го, атаганат. Журтта калчу атак-даңктын артынан сен чуркабай, атак-даңк сенин артыңдан өзү чуркап турса, эл алдында жүзүң да жарык, өзүң да баладай таза болот эмессиңби.

 

* * *

Бир акылман: “Атак-даңк деген ылдам бузулуп кетчү этке окшош, кымбат болгон менен начар сакталат” десе, дагы бири: “Атак-даңк деген –өлгөндөрдүн Күнү” деген экен.

 

* * *

Академик Мамбет Мамакеев агабыздын “Шайлоо, оозго караганда оозурак чыккан жер таза болот” деген эле.

 

* * *

Баратбай, эми сен экөөбүз Кудайдан, биз өңдүү пайгамбар жашынан ашып кеткен адамдардын бирөөлөргө жасаган кыянаттыгын кечире көр, жаман карыгандан аларды сактай көр деп тилейли.

Шайлобек Дүйшеев, “Де-факто”, 15.05-04.06.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий