Назгүл Осмонова

ЫСЫК-КӨЛ

Ысык-Көл, келдим сага жол арытып,
Кайрадан сырдуу, сүрдүү шарпылдачы.
Сезилсең башкаларга деңиз болуп,
Мен үчүн сен аялуу бермет тамчы.

Бүткөндөй кыргыз элдин маңдайына,
Чаңкаса булак болдуң таңдайына.
Күч бердиң, үмүт бердиң үзүлбөгөн,
Карабай кимдигине, кандайына.

Сен бир көл кылымдарды жайпап өткөн,
Үстүңдөн күн кучактап, жылдыз өпкөн.
Таңданып кыял жеткис сулуулукка,
Мен акын жээгиңде жашын төккөн.

Кылчайып карап көрсөм өмүр артын,
Кайгысын, кубанычын бирдей тарттым.
Жоготкон миң сан күндүн арасынан,
Мен дале издейт экем махабатты…

Толкундар жээкке урунуп, күр-шар этсе,
Өткөн күн тасма сындуу келет эске.
Тагдырлаш, санаалашым өзүң болгун,
Бүгүнкү күнүм жана келечекте…

Таңданып кыял жеткис сулуулукка,
Мен бир жан жээгиңде жашын төккөн…

 

АПТАПТАГЫ КУСАЛЫК

Буюккан бул дүйнөгө,
Буулуккан жан дүйнөмдүн кереги не?
Тымызын ичтен жеген кусалыктын,
Табалбай койдум деги — себеби не?
Жанымды дирилдеткен жалгыздыгым,
Жашоонун маңызын таап береби же?..

 

ТООЛОР АЛИ КАРДЫН ЖЫТЫН СЕЗЕ ЭЛЕК…

Cезим сенек… Жашап келем жай гана,
Өттү мына кыш да, жаз да, жай дагы.
Ийне сындуу жүрөгүмө тепчилип,
Ичиркенткен ойлор келет кайдагы?

Таарындыбы? Демек, анда кымбатым,
Менден али ой-тилегин үзө элек.
Күз жакындап калган менен санаалар,
Күмүш күздүн күн илебин сезе элек.

Мен сагындым балалыкты. Андагы,
Терезе түп. Ойлуу кызды секелек.
Шашылбачы аптаптуу жай алыска,
Тоолор али кардын жытын сезе элек…
Шамалдуу күз келээринен бейкапар,
Улуу тоолор кардын жытын сезе элек.

 

ТОЛГОНУУ

Көп малынып көр дүйнө деңизине,
Ойлорум да чаржайыт толукшубай.
Жете албастан ойлордун тегизине,
Кыялдар ай, жүрөктү ооруттуңар.
Максаттарым кол булгайт алыс жактан,
Он бешинде ай сымал толуп турган…

 

КҮЗ ЭЛЕСИ

Ойлой калып ошол мерез өлүмдү,
Оюм неге миң калчанып бөлүндү?
Бак аралап аста бассам бариктер,
Бут алдыма килем болуп… Төгүлдү.
Көңүлүмдөй муңга баткан бүгүнкү,
Күз элеси капалуудай көрүндү.
Алтын күз да капалуудай көрүндү…

 

КҮЗДҮ УТУРЛОО

Күз да келди, күз келди күлүңдөгөн,
Үмүт шамын жандырып үлүңдөгөн.
Күз шамалы жүгүрсө көчөлөрдөн,
Жыйнай албайм ойлорум бириндеген.

Эстейсиңби сен мени эстейсиңби?
Өткөндөргө кайрылуу кеч дейсиңби?
Мезгилдердин агымын буруп артка,
Махабаттын дайрасын кечпейсиңби?

Топтой албай ойлорум бириндеген,
Ак сүйүүнү жоктоймун тирилбеген.
Азап болдуң сен мага алыстагы,
Бары-жогуң так, анык билинбеген.

Ойлойсуңбу сен мени ойлойсуңбу,
Комуз кылын миң ирет толгойсуңбу?
Дирилдеген жан дүйнө кайгысына,
Колуң шилтеп кош көңүл болбойсуңбу?

Күз түнүнө шыбырап күйүтүмдү,
Шамалына учурам үмүтүмдү.
Күт дебедиң билемин, бирок неге,
Карай берем жолуңду күнү-түнү?

Күз түнүнө шыбырап күйүтүмдү,
Шамалына учурам үмүтүмдү…

 

ДЕҢИЗДИ ЭҢСӨӨ

Көлдү бойлоп жөн гана баскым келди,
Толкундардын шыбырын тыңшап көпкө.
Көз жетпесе наркы жээк мунарыктап,
Көйнөгүмдүн этегин шамал серпсе.
Ысык-Көлдү курчаган улуу тоолор,
Жанга жагым салкын бир илеп бүрксө.
Көк асманда кайкыса ак чардактар,
Жаралса деп жаңы ырлар көкүрөктө.
Кыялдандым кызым ай, мен жөн гана,
Жатып алып жылуу үйдө, керебетте…

 

ЗАР ЗАМАН

Дөөгүрсүгөн чоңдор ай, майланышкан,
Шайлоо десе шаңданып шайланышкан.
Жыл айланбай бийликке келгенине,
Түбөлүккө калууга камданышкан.

Башка дүйнө, бай турмуш кемесинде,
Сайран куруп көп жылдар келесиңер.
Эл алдына чүмбөтчөн чыгып алып,
Убаданы кат-каттап бересиңер.

Байлык менен бийликке тойбодуңар,
Ыйманыңды топ кылып ойнодуңар.
Беш күнчүлүк жарыкта неге мынча,
Түбөлүккө калчудай тойлодуңар?

Сенек сезим чоңдор ай, майланышкан,
Шайлоо десе шаңданып шайланышкан…

 

БУК

Же куш болуп канат жайып учалбай,
Кең асманда каалагандай сыза албай.
Же чыныгы адамча бир жашабай,
Ушул көңдөй турмушумдан тажабай.
Жүргөнүмө өзүм дагы таң калам.
Жаным бирок алда качан чарчаган,
Жарпын жазып, кубанта албас бир да жан.

 

СҮЙҮҮ

Жүргөнүмдө жалгыз жанган шам болуп,
Келип калдың апапакай таң болуп.
Жашынууга жай табалбай апкаара,
Карап калдым жарыгыңды дал болуп.
Карап калдым жарыгыңды дал болуп,
Жок элем мен. Эми калдым бар болуп.

 

СЕН ДҮЙНӨ

Жанымды эзип жоопсуз жалдыратпа,
Бүткөн бойду үшүтүп калтыратпа.
Кимге айтамын көңүлдө турган кайгым,
Сүйүп калсам алдыңда барбы айбым?

Караңгыда жарк эткен чагылгандай,
Жарыгыңа кабылып калдым кайдан?
Сагынычтын саргүлүн тергим келбейт,
Мен сени эми башкага бергим келбейт.

Күтүүлөрдүн көп жылдык жемишисиң,
Ушул күндөн тартып сен меникисиң!

 

ЧОЧУЙМУН

Чочуймун башкаларга,
Зыяным тийбесе экен.
Сөз кылып көрпенделер,
Шылдыңдап күлбөсө экен.
Байкоосуз жасап кылмыш,
Намысым күйбөсө экен.
Ийиним арамдыктын,
Чапанын кийбесе экен.

 

* * *

Шыңгыр этти күмүш күлкүң,
Угар замат мен жүгүрдүм.
Күлкү ээси чоочун жигит,
Мен күйүттүү үшкүрүндүм.

Издеп жүрөм кээде сурап,
Дайыныңды булуттардан.
Балким сүйүп башка кызды,
Балким мени унуткардың…

Күн кирип түндүн койнуна,
Жылдыздар жанды жыбырап.
Оролуп колум мойнуңа,
“Сагындым” дедим шыбырап.

Сергитип бойду жел жүрөт,
Шуудурайт мырза теректер.
Көзүмдөн аста өпкүлөп,
“Ардагым” дедиң эркелеп.

Ай карайт бизди күлүңдөп,
Шаар уктайт сунуп кол-бутун.
Улантуу милдет бизге эми,
Тирликтин бүтпөс болмушун.

 

ОЙ КӨЛҮ

Чыйрыктым үшүмдү алган сезимдерден,
Мынчалык жашоо көңдөй сезилбеген.
Токтоткум келсе дагы жылгыс кылып,
Аргасыз тең жарышам мезгил менен.

Турмушта жүрөк барбы эзилбеген,
Ооруга, сар-санаага баш ийбеген.
Тагдырдын аласалган кайыгында,
Келемин ойго тунган башым менен.

Канчалык башка үйсө да турмуш шорду,
Жеңемин дагы далай тоскоолдорду.
Дем берген нечен кыйын мүнөттөрдө,
Дайым жаш алтын Музам аман болсун.

Жашоого жаралган соң жалгыз ирет,
Жыргалын көрүп өтүш биздин милдет.
Куй, досум, жаркыратып чөйчөктөргө,
Кайгы эгер күнөөкөр болсо, шарап-желдет!

 

ГҮЛДӨРГӨ

Түнөрөт асман. Жайкы кеч,
Катуулап согот эскен жел.
Гүлдөрдү аяйм ичимден,
Күз келсе кантээр экен деп.
Аз мезгил өтсө келет күз,
Күндөрүн суук белендеп.
Гүлдөрдү эстеп ичим тыз,
Күзүндө үшүүр бекен деп.
Анттирбей коргоп каларга,
Күн болуп көктө жансамчы.
Азабын кошо тартарга,
…гүл болуп өзүм калсамчы!

 

КЫШ КЕЧИ

Ушул кыш үмүттөргө ороп мени,
Жылытты жүн жоолуктай салкын деми.
Кайрадан жолуккансыйм жаш чагыма,
Көргөндө аппак карлуу Бишкек сени.

Аппак кар, алтын карым кайда болдуң,
Жыл ичи ыр жазылбай бугум толду.
Себелеп аздан аздан жаап турсаң,
Табамын ыр дүйнөгө барчу жолду.

Достор ай, кайдасыңар шарактаган,
Сабакта генийлерди барактаган.
Табалбай илкип келем өзүңөрдү,
Ак карлуу кыш кечинде таңы атпаган..

Ушул кыш үмүттөргө ороп мени,
Жылытты аптап сымал салкын деми…

 

ДОСУМА

Түн бою терезеден жамгыр төксө,
Сен анда бир кайгыны көтөрө албай
Эсиңе түшүп күндөр эбак өткөн,
Ордуңдан уктай албай турар белең?..

Акырын басып келип терезеге,
Тыңшайсың бир далайга жамгыр ырын.
А бирок ким тынчыңды алгандыгын,
Биле албай көпкө убара болоруң чын.

Оо, курбум, эстесеңчи, эстесеңчи,
Курбуңду кызыл көйнөк, кымча белдүү.
Ыр жазган уктабастан айлуу түндө,
Жашаган жалаң кыял дүйнөсүндө…

Соц тармактар:

Добавить комментарий