Тарыхка бай тарыхчынын баяны…

«Саясаттан сырткары» программасынын кезектеги коногу тарыхчы, журналист, публицист. Тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин болду.

«Таза абанын желаргысы эске түшөт…»

— Бүгүнкү күндө кандай иштер менен алек болуп жатасыз?

— Президенттик Аппаратка караштуу «Мурас» фонду бар, ал кыргыз-тарых илимин өнүктүрүү боюнча тарых жаатында илимий ар кандай экспедицияларды уюштуруу жана башка багыттарда иш алып барат. Азыр ошол фонддун жетекчиси катары эмгектенип жатам. Анан албетте азыр магистранттар сабак өтүп жатат, аларга биз Кытайдагы кыргыздардын араб жазмасы жөнүндө сабагымды, дарсымды өтүүдөмүн. Сабактын максаты — биз азыр кирилл жазмасында жазып жатсак, алар ырааттуу түрдө кыргыз тилинде араб жазмасын колдонуу менен өздөрүнүн чыгармычыл өнөрканасын андан ары улантып жатышат. Ошолорду булагынын жакшылап, тереңдеп караш үчүн алардын графикасын үйрөнүш керек. Ошого аларга бир аз огожо болуп жатабыз.

— Артка кайрылып, өткөнгө сереп салсак. Сиздей инсандан балачагы кандай өткөн?

— Биз Совет доорундагы жакшы бир учурларды баштан өткөрдүк. Мындай айтканда, баардыгы тең эле өзүнүн балачагын, жаштык кезин мыкты деп эсептейт экен. Мен бир кызыктуу окуяны окудум эле: Бир немис өзү фашисттик Германиянын жоокери болуп келип туруп, анан колго түшүп, андан кийин Сибирде Гулагда бир нече жыл болгон экен. Кайтып баргандан кийин үйлөнгөн. Анан кийин-кийин андан, кайсы доор сен жакшы деп сурашканда, ошол Гулагда, Сибирде жүргөндөгүм деп айтыптыр. Кантип? Ал деген азап-тозоктун учуру болгон да десе, ооба, азап-тозоктун учуру болчу, бирок ошол учурда менин биринчи сүйүүм пайда болгон деген экен. Көрсө, ал туткун бир орус медкызматкерин жакшы көрүп калыптыр. Ошол учур ал үчүн баардыгынан өйдө турат экен. Демек, биз азыр Совет доору жөнүндө ар кандай сөз айтканыбыз менен, биздин балачагыбыз, татынакай сонун, күлгүн кезибиз ошол доор менен өткөн. Ошон үчүн биз дайыма ушундай ырахаттанып, эңсеп эстейбиз.

t_chorotegin1

— Ал эми сиз балачагыңыз жөнүндө сөз болгондо эмнелерди эстейсиз? Эң биринчи эсиңизге эмнелер келет?

— Мага биринчиден айылдын сыртындагы шамал, жөн шамал эмес, беттен аймалап, эркелетип, сылап өткөн желаргы эске түшөт. Биз айылда жумушта жүргөндө дагы, сабакка бара жатканда дагы кайсы учур болбосун желаргы келип турчу. Бул таза абанын желаргысы эле. Анан балким балалык, бейкапар учурдун дагы жакшы бир шааниси болсо керек.

— Ар бир адам балачагын эстегенде көз алдына дароо эле оюнчук же кандайдыр бир буюм-тайымдарды элестетет эмеспи. Анын сыңары сиздин көз алдынызга эмнелер элестелет?

— Биз чоң жайпак таштын үстүнө кичирээк жайпак ташты коюп, үстүнө баткак коюп туруп, бир шыргыйды сайып койсок танка болуп калчу. Азыркыдай убара болуп дүкөндөргө барып оюнчук сатып алчу эмеспиз. Анан зымдардан машине жасап алып ойнойт элек. Кичинекей кезибизде эжекелерибиздин да сүймөнчүктүү оюнчугу бар эле. Алар топчудан куурчак жасашчу. Ошолор биз үчүн абдан кызык болчу. Кичинекейимде кызыгып карай берчүмүн. Себеби алар куурчактарын бирин экинчисине окшобой кылышчу.

 

«Алтын медаль албай калганым мени чыйралтты…»

— Окуучулук күндөрүңүзгө өтсөк. Мектепти алтын медалга татыктуу болуп бүтүп, бирок кандайдыр бир себептерден улам күмүш медаль алып калыптырсыз. Бул кандайча болгон?

— Ошол кезде жогору жактан дагы кандайдыр бир чектөөлөр болуп калыптыр. Ар бир облустан бирден гана болсун деген талап болгон окшойт. Андай талап эмнегедир биздин жылга таандык болуптур. Себеби ага чейинки жылдарда алтын медаль алуучулар кескин көбөйүп кеткен окшойт. Мен Нарын шаарында Токтогул атындагы мектепте акыркы 9-10-классты окуп калдым. Биздин мектептен эле алтынга 2-3 талапкер болгон. Жалпы шаардын деңгээлине дагы чыктык. Ал эми облустун деңгээлине келгенде иши кылып баарын жыгыш керек болуп калды. Орус тили менин эне тилим эмес, ошон үчүн бир шек табуунун айласы болуп облустук билим берүү мекемеси 5 деген бааны 4кө ондоп салган. Ошонун негизинде алтын медаль албай калгам. Бирок, ошонун өзү дагы мени чыйралтты десем болот. Себеби алтын медаль алганда анын аркасы менен көрүнгөн-көрүнбөгөн жеңилдиктер келиши мүмкүн эле. Башка абитуриенттер менен теңелип калып, ал да болсо мени көбүрөөк окуш керек дегенге алып келди.

— Бул окуя сизди чындап эле чыйралткан окшойт. Көп өтпөй жогорку окуу жайын алтын медаль менен бүтүптүрсүз.

— Эгерде мен мектепти бүткөндө алтын медаль алган болсом, кийин М. Горький атындагы адабият институтуна тапшырышым мүмкүн эле. Анда бир гана сынактан өтмөкмүн. Мен адабияттан тышкары бир нече сабакты жакшы көрчүмүн. Алардын катарын тарых менен химия толуктачу. Тандоого келгенде тарых жакын болуп туруп алып, ошону тандадым. Ал үчүн азыр ушунчалык сыймыктанам. Себеби, абдан мыкты тарыхчылар мага мугалим, окутуучу, устат болушту. Бирок, адабиятты өз алдымча таштабай улантканга аракет кылдым.

 

«Тарыхты тандап алышыма мугалимдердин таасири чоң…»

— Адамдын жашоосунда болуп жаткан окуялардын баарын жакшылыкка деп жооруп коюш керектиги бекеринен айтылбаса керек. Тынчтыкбек мырза, тарыхка кандайча кызыгып калдыңыз эле? Балким үй-бүлөңүздө тарых, санжыра айткан инсандар бар беле? Ушу багытты тандаганга ким түрткү болду?

— Негизинен көп адамдар түрткү болду. Анын ичинен өзүмдүн бир тууган агам Жумамүдүн Кадырмамбет уулу дагы чоң түрткү болду. Себеби ал агам тарых факультетинде окуган. Үйгө тарых боюнча көптөгөн китептерди алып келе берчү. Анан мектепте тарых сабагынан берген мугалимдердин баардыгы сабакты өтө кызыктуу өтүшчү. Алардын бири Нуржан Жунушалиева деген эжекебиз бар эле. Ал коом таануу сабагын да жакшы өтчү. Ал жөн гана фактыларды үйрөтпөстөн, ойлондуруп, аналитикалык ой табылгаңды сууруп чыгарганга аракет кылчу. Ошонун өзү дагы чоң түрткү болду десем жанылышпайм. Анан албетте ар бир үйдө, ар бир айылда тарых боюнча кызыктуу китептер бар эле. Манастын өзү дагы бизге түрткү болду деп ойлойм. Эсимде, кичинекей кезимде Манастын бирдиктүү басылмасы чыккан. Атам айылдын ак сакалдарын чогултуп алып ошол китепти окуп берээр эле. Кийин Кеңеш Жусупов агайыбыздын чыгармаларынан дагы окудум. Көрсө, 1930-1940-жылдардан бери эле айылда кимдир бирөөнү көркөм чыгармаларды кырааты менен окуттурган жакшы салт болгон экен. Ошондон улам жүрөгүмдө Манастын окулганы эсимте калды.

t_chorotegin2

 

«Жаш тарыхчыларга журналист болгула деп айтаар элем…»

— Негизи тарыхчылар тарых илимин изилдөө менен өмүр бою алектенишет деген пикир калыптанып калгандай. Ал эми сиз болсо журналистика жаатында дагы көп жылдар бою эмгектенип келе жатасыз. Бул тармакка кандайча кызыгып калдыңыз?

— Негизи мен балачакта эле бир учурда калем тыбыратып, өзүмчө жазганга аракет кылгамын. 8-класста окуп жүргөндө алгачкы юмордук чакан, төө көзүндөй болгон материалым «Чалкан» деген сатиралык журналга чыккан. Ушунчалык өзүмө-өзүм таң калып, аябай толкундангам. Бул менин тушоо кесүүм болду. Андан ары студент кезимде бир эле учурда орус, кыргыз тилдеринде гезиттерге кабар жазып жүрдүм. Мунун өзү эч качан тарыхчылыкка каршы келбейт. Тескерисинче, тарыхчылыкты тереңдетип, тарыхчынын маалыматын элге кеңири жайылтуу үчүн өзгөчө бир ыкма болуп калды. Ошондуктан азыркы жаш тарыхчыларга да сиздер дагы журналист болгула деп айтаар элем.

— Журналистикада көп жылдар бою иштеген соң саясатчылар менен аралашып жүрөсүз. Өзүңүз саясатчы болууну ойлодуңуз беле?

— Мен саясатчы болууга куштарланбаган учурда дагы саясатка аралашып келген учурларым көп эле болду. Мисал үчүн Кыргызстан Демократиялык Кыймылына катышканда жана башка учурларда. Бирок, көп адамдар бурулуш учурда саясатка аралаша калат, ал өтүп кеткенден кийин кадыресе өзүнүн илимий-интеллектуалдык ишин уланта беришет. Ушул деңгээлди алганда албетте саясатка азыр дагы тиешебиз бар. Себеби, азыр дагы биз демократиялык, либералдык жакшы адамзаттын баалуулуктары биздин өлкөбүздө башкы орунда болсун экен деген ой аркылуу биз саясатка таасир эткибиз келет. Ошон үчүн биз саясаттабыз деп айтсак болот. Бирок, саясатчы дегенде көбүнчө сен депутатсыңбы же партиянын башчысысыңбы деген сыяктуу эле сөздөр менен чектеп жатпайбы. Андай эмес. Биздин Кыргызстандын атуулдук коому ушунчалык чыңдалган. Жөнөкөй карапайым элеттеги киши дагы саясатчы.

 

«Жаштарга беш тил үйрөнгүлө деп айтат элем…»

— «Саясаттан сырткары» программасы ушунча чакырып алган соң бул тууралуу сурабай коюу мүмкүн эмес. Үй-бүлөңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз…

— Уулубуз Алмаз азыркы учурда Бибиси кыргыз кызматында апрелге чейин контракт менен иштеп жатат. Ал Манчестерде араб тили жана араб дүйнөсү менен байланыштуу бакалавриатты окуган. Андан кийин Лондон экономикалык мектебинде эл аралык байланыш боюнча бүттү. Буюрса кайсы бир деңгээлде менден жаңы бир багытта ишимди жогорку деңгээлде алып кетүүдө деп ишенем. Кыздарыбыз азырынча окуп жатышат. Менин мурдагы жолдошум Нургүл (Нургүл Дыйканалиева (13.02.1957-17.09.2012)) 2012-жылы каза болгон. 30 жылдай бирге жашадык. Инсульттан көз жумду. Кийин мен Айшат (Айшат Ботобекова) аттуу айым менен баш коштум. Ал филология илимдеринин кандидаты. Кыргыздын ымдоо-жаңсоо аркылуу маалымат берүү системасын алгачкы болуп иликтеген адис.

t_chorotegin3

— Эки доорду көргөн инсан катары жаш муунга кандай акыл-насаатарыңыз бар?

— Чыңгыз Айтматовдун эле осуятын кайра кайталап айткым келет. Ал киши азыркы замандын уул-кыздарына жок дегенде төрт тил үйрөнгүлө деген. Анын бири кыргыз тили, орус тили жана бир Европалык, бир Чыгыш тили дегендей кылып айткан. Мен ошону беш тил үйрөнгүлө деп гана айткым келем. Жүрөгүндөгү кайсы бир тил болсо дагы ошону сөзсүз үйрөнүшү керек. Анан алтынчы тилди дагы билиши керек. Эгер кыз болсо күйөөсүнүн, жигит болсо колуктусунун тилин жакшылап үйрөнүшү абзел. Ал үй-бүлөнүн, очоктун тили деген сөз. Мындан сырткары күн сайын улам жаңы маалымат аркылуу өзүн-өзү өстүрүүнү эреже кылып алышын каалар элем. Эң башкысы жаштардын карапайым, жупуну болушун каалайт элем. Улам жаңы мүдөө-максат коюп, ыймандуу, амадгерчиликтүү болушун тилейт элем.

Тынчтыкбек Чоротегин Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Эчки-Башы кыштагында 1959-жылдын 28-мартында төрөлгөн. 1966-1974-жылдары «Коммунизм» орто мектебинде таалим алып, 8-классты бүтүргөн. Жетинчи класстан тартып чыгармаларды жаза баштаган. Алгачкы юмордук жана сатиралык чыгармаларын 8-класста окуп жүргөндөн тартып жарыялай баштаган. 1974-76-жылдары Кыргызстандын Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектепте окуп, аны күмүш медалы менен аяктаган. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине 1976-жылы кирип, 1981-жылы кызыл диплом менен аяктаган. 1983-85-жылдары Өзбекстан Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда илимий стажировкада болуп, орто кылымдардагы араб тилин үйрөнгөн жана 1985-88-жж. аталган институтта күндүзгү аспирантурада окуп, Борбордук Азия тарыхы чагылдырылган орто кылымдардагы араб булактарын иликтеген.

1988-жылы декабрда Ташкентте тарых илиминин кандидаты окумуштуу даражасын алуу үчүн жазган диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 1989-жылдын январынан Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетиндеги Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы кафедрасынын башчысынын милдетин аткарган. 1992-94-жж. КУУда Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 1998-2000-жылдар аралыгында Улуу Британиянын ордосу Лондон шаарында Би-Би-Си Кыргыз кызматынын продюсери кызматын аркалап, андан соң 2000-2011-жж. Баш кеңсеси Чехиянын ордосу Прага шаарында орун алган “Азаттык” үналгысынын кызматкери болуп иштеген. 2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин Изилденүүчү чөлкөмдөр тарыхы жана маданияты кафедрасынын профессору. 2012-жылдан тартып “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин президенти.

Диналиана Джунушева, «Марал ФМ», 28.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий