Жусуп Баласагын жана «Кут алчу билим» дастаны туурасында кызыктуу 20 факты

Кыргызстан жана бир катар түрк тилдүү өлкөлөрдө улуу даанышман, акын, философ Жусуп Баласагындын 1000 жылдык юбилейин белгилөө башталды. Анын алкагында бул инсандын чыгармачылыгын, инсандыгын изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Анткен менен илимпоздор журту бул жаатта жасала турган иштер али арбын экендигин айтууда.

Sputnik Кыргызстан окурмандарга Жусуп Баласагын жана анын бирден-бир залкар чыгармасы «Кут алчу билим» боюнча 20 фактыны сунуштайт. Бизге бул жаатта Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын доценти, философия илимдеринин кандидаты, «Кут алчу билим» боюнча кандидаттык диссертациянын автору Назгүл Турдубаева жардамчы болду.

Жусуп Баласагын окурмандарга бир гана «Кутадгу билиг» («Кут алчу билим», «Куттуу билим», «Кут табуунун илими») поэмасын же дастанын жазып берген. Аталган чыгарманын мазмуну төрт негизги каармандын суроо-жооптору аркылуу түзүлөт. Бул төрт каармандын диалогдору коомдо мыйзам катары түзүлүп калган маселелердин өзгөчөлүктөрүн, б.а. падышанын, вазирдин, аскер башчысынын, казына ээсинин, падыша кеңешчисинин, элчинин милдеттери, илимпоздор, акындар, кол өнөрчүлөр, дарыгерлер, соодагерлер, дыйкандар, малчылар сыяктуу ар түрдүү кесиптин адамдардын өзгөчөлүктөрү жана аларга кандай мамиле кылуу керек экендиги тууралуу, билим алуу, таалим-тарбия берүү, үйлөнтүү, балдарды тарбиялоо, конокко чакыруу, конокко баруунун этикасы өңдүү ар бир үй-бүлөгө керектүү маселелерди жайгаштыруу тууралу өзүнүн эң зарыл көз караштарын жазган.

Автор жөнүндө маалымат. Түрк тилчиси Рашит Рахмати Араттын (1900-1964) эсебинде Жусуп Баласагын «Кут алчу билим» дастанын аяктаганда элүү төрт жашта экени анык болсо, анда Жусуп Баласагын 1015-1016-жылдары бул дүйнөгө келген. Түрктүн экинчи бир тилчиси Дилачар 1018-жылы төрөлгөн деп жазат. Кандай болсо да хижра боюнча 462-жыл — биздин доор боюнча 1069-1070-жылдары дастанын жараткан Жусуп Баласагын Сары Өзөн Чүй жазыгынын алкымы, Чүй дарыясынын боюна жайгашкан байыркы Токмок калаасынын түштүк-батышыраак тарабындагы — азыркы Бурана мунарасы турган жер, Баласагын шаарынын калдыгы экенин дастанында ачык жазып кеткен.

Улуу даанышмандын жалгыз чыгармасы. Жусуп Баласагын (Юуф Баласагуни, Юсуф Баласагунский) «Кутадгу билиг» («Кут алчу билим») дастанынан башка чыгармалары бүгүнкү күнгө чейин окурмандарга белгисиз бойдон кала берүүдө.

Дастан 85 бөлүмдөн турат. Жусуп Баласагын дастанынын мазмуну 85 баптан, 6645 бейттен (эки саптан турган ыр саптары), 13290 саптан, булардан тышкары 250 рубаилерден турат. Дастан арзуу ыр өлчөмүндө, экилик (маснавий) ыр формасында төрт каармандын аңгемеси аркылуу түзүлгөн.

Китептеги төрт өзөк, төрт чындык, төрт акыйкат. Дастандын сюжети төмөнкү төрт символдук образдар аркылуу берилет.

  1. Күнтууду – шах, адилет жана чындыктын символу.
  2. Айтолду – вазир, дүйнө, бакыт, байлыктын символу.
  3. Ɵгдүлмүш – вазирдин уулу, акыл жана даанышмандуулуктун символу.
  4. Одгурмуш – вазирдин тууганы, кичи пейилдиктин, тазалык, сабырдуулук менен каниет кылуулуктун символу. Үчүнчү каармандын аты Ɵгдүлмүш, аттын уңгусу «өг» болуп, байыркы түрк тилинде «акыл, үгүт, насаат» деген маанини берет. Кыргыз тилиндеги Төлөгөн Козубековдун котормосунда Ɵгдүлмүш «Акдилмиш» деп, Одгурмуш «Ɵткүрмүш» деп алмаштырылып которулган. Дастандагы каармандарынын аттары өзгөртүлүп которулушу туура эмес.

18 айда жазылган чыгарма. Он сегиз ай ичинде жазып бүттүм, Терип сөздүн асылын келсе жөнү! — деп акын өзү айткандай 18 ай ичинде «Кут алчу билим» дастанын жазып бүткөн.

54 жашта жаралган чыгарма. Жусуп Баласагын дастанын эр ортону элүүдөн өтүп жазганын дастанында мындай деп жазат.

  1. Карып калдым элүүдө менин жашым,
    Кап-кара куугун эле, ак куу башым…
    366. Алтымыш «кел бери» деп үндөп турат,
    Барармын жыгылбасам жолдо сулап!

«Манас» менен үндөшкөн жери көп. Залкар «Манас» эпосундагы негизги идея элди коргоо, мамлекет чыңдоо, белгилүү мыйзамдарды кабыл алуу, ага баш ийүү деген идеологиялык багыттар Жусуп Баласагындын «Кут алчу билим» дастанында сүрөттөлөт.

«Кут алчу билимдин» тили. Дүйнөдөгү ар кайсы эл, аалымдар «Кут алчу билимди» изилдөөдө анын кайсы тилде жазылгандыгы талашып келишет. Кызыгы, окумуштуулар калкы азыркыга дейре так кесе айтылган бир пикирге келе элек. Андыктан чыгарманын тили: байыркы уйгур тили, бууракан тил, чыгыш түрк тили, карлук тили, аралашма тил деген беш түрдүү көз караштар бар. Окумуштуу Радлов чыгарманын автору түрк сөзү менен жаздым деп жазып калтырганын айткан. Ал эми кыргыз адабиятчы-окмуштууларынын бири, профессор Качкынбай Артыкбаев Баласагын аймагын жердеген түрк урууларынын тилинде жазылганынан күмөн санабоо керектигин айтса, окумуштуу Назгүл Турдубаева өз изилдөөлөрүндө Жусуп Баласагын дастанынын таза түрк тилинде, анын байыркы кыргыз тилинде деп жазган далилдүү көз караштарын жазып берет.

Сакталып калган үч нуска. Учурда Жусуп Баласагындын «Кут алчу билим» дастанынын үч нускасы сакталып турат. Бири — Вена шаарында (Австрия) сакталуу. Экинчи нуска — Египеттин борбору Каир шаарында сакталып турат. Аны 1986-жылы Каирдин Хидив китепканасынан, анын директору немец окумуштуусу Б.Мориц тарабынан табылган. Ал эми үчүнчү нускасы учурда Наманган шаарындагы жекече китепканалардын биринен табылып, Өзбекстан Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондусунда сакталуу келет.

Кол жазма алгач ирет 1439-жылы табылган. «Кут алчу билим» дастанынын үч кол жазмасы бар. Анын бири Гератта 1439-жылы араб тамгасында жазылган нускадан уйгур шрифине көчүрүлгөн. Кийинчирээк бул кол жазма Түркияда колдон-колго өтүп жүргөн. Аны Австриялык окумуштуу Хаммер–Пургшталь 1796-жылы сатып алып, Венадагы королдук китепканага өткөрүп берген. Экинчи нускасы 1896-жылы Каирдин Хидив китепканасынан, анын директору Мориц тарабынан табылган. Үчүнчү араб тамгасы менен жазылган нускасын окумуштуу Валидов 1913-жылы Наманган шаарындагы жекече китепканалардын биринен тапкан.

Дүйнөлүк деңгээлдеги изилдөө. Бул чыгарманы Эл аралык илим тармагында биринчи жолу франциялык чыгыш таануучу Амадей Жобер 1823-жылы «Азия» журналына алып чыккан. Анын макаласынан кийин кийин Венгрия, Россия жана Советтер Союзу, Түркия, Америка, Кыргызстан илимпоздору «Кут алчу билимди» которуу, бастыруу жана коомчулукка таанышты иштерин баштаган.

Дастан жети тилге которулган. Биринчи котормосу 1971-жылы өзбек тилине К.Каримов, экинчи котормосу 1983-жылы орус тилине С.Иванов, үчүнчү котормосу 1984-жылы уйгур тилинде Абдурахим Ɵткүр, Ахмет Зийаи, Мамтемин Юсуп, төртүнчү котормосу 1986-жылы казак тилине А.Егеубаев, бешинчи котормосу 1988-жылы түрк тилине Ращит Арат, алтынчы котормосу кыргыз тилинде 1988, 1993, 2016-жылы кыргыз тилине Төлөгөн Козубеков, 2013-жылы дагы кыргыз тилине Сагалы Сыдыков, жетинчи котормосу Кызыл-суулук кыргыздардын кыргыз тилинде араб жазуусунда 1992-жылы Турганбай Кылычбек, Норуз Үсөнаалынын котормолору илим дүйнөсүндө жарыяланды.

Кыргыз акчасына элеси түшүрүлгөн. 2000-жылы Улуттук Банк 1000 сом өлчөмүндөгү кагаз акча чыгарып, ага ойчул акын Жусуп Баласагындын сүрөтүн түшүргөн.

Чыгармага арналган чыгармалар. «Жусуп Баласагын» операсынын либреттосун Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсунов, музыкасын Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сатылган Осмонов жазган. Жусуп Баласагындын 1000 жылдыкюбилейинин алкагында ал жөнүндө көркөм фильм тартуу пландалууда.

Китептин азыркы кыргыз тилиндеги котормосу төрт ирет, эки башка автор тарабынан басылган. Жусуп Баласагындын «Кут алчу билим» чыгармасын эң алгач акын жана котормочу Төлөгөн Козубеков которуп, Кыргызстанда үч ирет басылып чыкты. Биринчи ирет 1988-жылы, экинчиси 1991-жылы, үчүнчүсү 2016-жылы 1000 нуска менен жарык көргөн. Экинчи котормосун 2013-жылы тилчи, окумуштуу Сагалы Сыдыковдун 2013-жылы үч том менен которулуп жарыялаган.

1000 жылдык доор жана Жарлык. 2015-жылдын 13-майында Кыргызстандын президенти залкар ойчул, окумуштуу, акын Жусуп Баласагындын 1000 жылдык юбилейин 2015-2016-ж.ж. эл аралык деңгээлде белгилөө боюнча Жарлыкка кол койгон. Анын алкагында бир катар эл аралык деңгээлдеги илимий иш-чаралар өтөт. Мунун аркасынан дүйнө коомчулугу түрк тилдүү улуу ойчул Жусуп Баласагынды жакындан таанып, билишет.

Кайрадан түрк дүйнөсүнө саякат. ТҮРКСОЙ 2016-жылды «Жусуп Баласагын жылы» деп жарыялады. Эми бул даанышмандын миң жылдыгы Кыргызстанда гана эмес, бардык түрк тилдүү өлкөлөрдө белгиленип баштады. Мааракени белгилөө Түркиянын Стамбул шаарынан башталды. Эми «Кутадгу билик» менен даанышман Жусуптун аты Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Молдова мамлекеттеринде, андан сырткары Россиянын аймагындагы түрк тилдүү республикаларда жаңырмакчы.

Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети бар. Жусуп Баласагындын 1000 жылдык юбилейи эл аралык деңгээлде белгиленген Жарлык 2015-жылы 13-майда иш жүзүнө ашып жатса, Кыргыз Улуттук университеттин аты Жусуп Баласагын атында мыйзамдуу аталган күнү мындан 12 жыл мурда 2002-жылы 13-майда коюлган. Эң кызыгы, бир эле күндө 13-майда эки тарыхый учурдун белгиленип калышы.

Окуп үйрөнүүгө татыган адабий мурас. Кыргыз окумуштууларынын айтымында, «Кут алчу билим»адам турмушунун, жашоосунун ар кыл жагдайларын көркөм чагылдырган терең философиялуу адабий чыгарма. «Адеп-ахлактык, саясий-мыйзамдык ж.б. маселелерди андагы төрт каармандын иш аракети, жашоо нормалары аркылуу сүрөттөөгө жетишкен. Ошондуктан «Кут алчу билим» адабий мурас катары окуп-үйрөнүү туура болот деген пикирдебиз»,— дешет.

Кыргызстанда мектеп программасында окутулуп келет. 1989-жылдан бери Кыргызстандагы орто мектептердин кыргыз адабияты окуу программасында 7-8-класстарда Жусуп Баласагындын «Кут алчу билим» дастанынын айрым главалары окутулууда. Ал эми Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын филология факультетинде «Байыркы мезгилден 19-кылымга чейинки кыргыз адабиятынын тарыхы» аттуу сабак 1991-жылдан бери окутулуп, аталган сабактын мазмунунда Жусуп Баласагын окутулууда. Анын окуу типтүү программасын профессорлор Качкынбай Артыкбаев менен Абдыкерим Абдыразаковдор 2003-жылы жарыялашкан. Аталган окуу программанын негизинде башка окуу жайлар окутууда.

Sputnik Кыргызстан, 13.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий