Тынчтыкбек Чоротегин: “Үркүндө карапайым орус эли кыргыздарга каршы чыккан эмес”

Улуу Үркүндүн 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөө алдында отуруп, бул тарыхый окуяны кайрадан бир тактоо зарылдыгы келип чыкканын жашырууга болбос. Учурда бул кандуу окуя тууралуу эки ача пикирлер айтылып жүргөндүгүн билебиз. Бул суроолорго тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин ачык-айкын пикири далилдүү жооп болот деп ойлойм.

– Урматтуу Тынчтыкбек Чоротегин, “Үркүндүн” 100 жылдыгын белгилөөнүн маани-мазмуну эмнеде деп ойлойсуз?

– 1916-жылкы көтөрүлүш, дароо тактап айталык, падышалык Россиянын ичиндеги биринчи көтөрүлүш эмес болчу. Бирок, айырмалуу жери – Кеминде Шабдандын уулу Мөкүштү, Кочкордо Канат Ыбыке уулун хан жарыялашкан. Хан жарыялаштын өзү – падышалык Россияга баш ийбей, өзүнчө мамлекет курабыз дегенди түшүндүргөн. Муну Советтик учурдагы тарыхчылар анча баса белгилеп айткан эмес. Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин ушундай маселелерди козгогондор “улутчул” деп айыпталып калган. Анан, бүгүнкү күндө 1916-жылдын тарыхын толук изилдөөгө мүмкүнчүлүк ачылды. Раматылык профессор тарыхчы Кушбек Үсөнбаевдин өзүнүн китеп болуп басылып чыга элек кол жазмасын сындашып, партиядан чыгарабыз дешип, карьерасына бөгөт коюшуп, катуу кысым жасашкан.

Бул жерде мен эки нерсени айткым келет. Дайыма эле Улуу Үркүн жагын айтат көптөр, эгерде улуттук-боштондук күрөш болбосо, Үркүн да болмок эмес. Улуттук-боштондук күрөш өтө канкордук, ырайымсыздык менен жазаланган соң, көтөрүлүшкө чыккандарын жана чыкпагандарынын баарын сүрүп, тоолорго айдап, четинен кыргын жасагандыгы үчүн, алар качууга аргасыз болгон. Кыргыздар салаа-салаа болуп, өтө опурталдуу белдер аркылуу качкан. А эмне үчүн Эргештам же Торугарттан өтүүгө болбосун? Анткени, ал жерлерде Россия падышалыгы аскерди коюп салган.

– Аалы Токомбаевдин “Кандуу жылдар” романынын “Ак-Өгүз ашуусунда” бөлүмүн окуганда, үркүп качкан кыргыздардын тагдырына сайсөөгүң сыздайт…

– Кар түшүп, таптакыр өтө албай турган ашуулардан август, сентябрь айларында өтүүгө мажбур болушкан. Мына ошол көтөрүлүштөн кийинки трагедиялуу барак Улуу Үркүн деп аталып калган.

Албетте, кээ бирөөлөр “Үркүн” деген сөздү колдонгон туура эмес деп айтып жүрүшөт. “Мал үркөт, киши үркпөйт” да деп айтышат. Он биринчи кылымда, мындан он кылым илгери Махмуд Кашкаринин “Түрк тилдеринин сөз жыйнагы” деген эмгегинде (мен ал боюнча докторлук диссертацияны жактагам), “үрктү” деген сөздүн маанисинде “мал эле эмес, калайык-калк үрктү” деген маани-мазмун да болгон экен. Демек, бул сөз – өзүбүздүн эле байыркы бабаларыбыздан калган сөздөр. Бул сөздүн артында партизандык ыкма да болгон. Маселен, Амир-Темир менен согушкан учурда… Ал аскерлери менен каптап келгенде, бир топ бабаларыбыз Алтай, Иртышка чейин үркүп барып, кайра келген учуру бар. Демек, бала-чакасын, тууган-туушкандарын сактап калганга аракет жасашкан. Бала-чакаларынын баарын сактап, кайра тууган жерге келиши көчмөндөр үчүн оңой болгон. Демек, бул ыкманы 1916-жылы улуттук-боштондук күрөшү ырайымсыздык менен басылгандан кийин дагы стихиялык түрдө колдонушкан. Кыргыздардын үрккөн кишилери Бедел ашуусу жана башка ашуулар аркылуу азыркы Кытайдын Ак-Чий району (мурдагы Какшаал), Ак-Суу району, Текес аймагына чейин сүрүлүшкөн. Анан андан ары илгерилеп, түштүк-чыгышка, Турпанга чейин барышкан. Ушулардын бардыгы өтө оор, кайгылуу тарыхый барактар.

“Улуу Үркүн” деген термин кыргыздардын барып жана кайтып келгендери тарабынан биздин илимге да, көркөм адабиятка да кирген.

– Айрымдар бул окуяны козута берсек орустар менен мамилебиз сууп кетет деп чочулайт. Мындай чочулоого негиз барбы?

– Чындыгында, кээ бирөөлөр 1991-жылы Улуу Үркүндүн жана улуттук-боштондук күрөшүнүн 75 жылдыгын белгилеп жатканда, “Ой, бул маселени көтөрбөй эле коёлу, арабыздагы орус туугандар муну кандай деп түшүнөт? Орусиянын өзү кандай деп түшүнөт?” деп чыгышкан. А иш жүзүндө Улуу Үркүндүн учурунда, ага чейинки улуттук-боштондук күрөшүнүн учурундагы падышалык оторчул жазалоо аскерлеринин ырайымсыздыгын Орусиянын өзүнүн либерал демократтары көтөрүп чыккан. Александр Керенский деген Мамлекеттик Думанын депутаты, комиссиянын жетекчиси болуп, ошо падышачылык учурунда эле бул ырайымсыздыкты катуу сынга алып келаткан. Демократиялык Россия муну абдан жакшы түшүнөт. Тарых кандай болсо, аны боёбой көрсөтүш керек. Маселен, Ысык-Көл аймагында көтөрүлүш учурунда кээ бир өзүнүн теги орус болгон кишилер улуттук-боштондук кыймыл тарабына өтүп, жазалоочу орус аскерлерине ок аткан учурлар да болгон. Демек, карапайым орус эли кыргыз элине каршы чыккан эмес. Орусиядагы падышачылык режимге каршы чыккан. Мына ушуну туура түшүнгөн, бизде жашап калган орустар жана азыркы Россия Федерациясынын калайыгы да бул тарыхый окуяны Кыргызстанда калыс таразалап жатканын өздөрү көрүшүп, алтургай мааракени өткөрүүгө колкабыш кылат деп эсептейбиз.

– Бул боюнча бир топ документтер Орусиянын архивдеринде да болсо керек. Аны пайдалануу үчүн кандай аракеттерди жасоо керек деп ойлойсуз?

– Биз бул мааракенин кээ бир барактарын тактоо үчүн ошол Орусиянын падышалык доордон бери калган архивдик барактарына кайрылышыбыз керек. Аны биргелешип иштегенибиз майнаптуу деп эсептейм. Сөзсүз жалаң бизден барган тарыхчылар эмес, ошол жакта жашап, Орусиянын атуулу болгон тарыхчыларды да кызматташтыкка чакырабыз. Ошондуктан, бул маселе эл аралык иликтөөнү талап кылат. Кээ бир архивдик маалыматтарды биз Алматы, Ташкендеги архивдерден алышыбыз зарыл. А кээ бир маалыматтарды балким Кытайдан издегенге туура келет. Кытайдын өзүндө бизден качып баргандардын да маалыматтары калды да. Алардын арасында катталып-катталбай, жергиликтүү кишилер менен сүйлөшүп, аларга айтып берген пикирлери бардыр. Ыраматылык кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай жөнүндө илимий конференциялар учурунда бир жакшы маалыматты кытайлык илимпоздор, кыргыз илимпоздору алып чыгышты. Сагынбай Орозбак уулу да Улуу Үркүндөн кийин Ак-Чийге (Какшаал) барып, манасчылар менен айтышып, Жусуп Мамайдын агасы Балбай менен жолуккан. Ушул сыяктуу көптөгөн маалыматтардын өзү да бизде сакталууга тийиш. Кытайдын арасында жашап жаткан кыргыздардын эскерүүлөрүн угушубуз керек.

Эсиңизде бардыр, Айтубар ажы деген бир аксакал 1989-жылы Австралиядан Токтогулдун 125 жылдык мааракесине келип, бирок өзүнүн туулган жери Ысык-Көлгө барууга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен уруксат ала албай койгон. Кийин биз эгемендүүлүктү алган соң келип кетти. Мына ошол кишинин тагдырын алып көрөлү. Өзү Ысык-Көлдө туулган. Үркүндө ата-энеси менен Кытайга кетиптир. Ошо боюнча кийин Кытайдан Австралияга көчүп кеткен. Мына ушундай адамдардан да маалыматтарды чогултсак болот. Демек, бул көп тараптуу иш. Анан ошол учурда Кашкарда чет өлкөлүк мамлекеттердин элчилик миссиялары болгон. Алар да англис, ж.б. тилдерде маалыматтарды таркаткандыгын эске алуубуз абзел. Британия, Франция, Германия сыяктуу өлкөлөрдөгү маалыматтарды казууга тийишпиз.

– Үркүндүн 100 жылдыгына карата дагы кандай иш-чараларды жасоо керек деп ойлойсуз?

– Жогорудагы иш-чараларды аткарууга быйыл, эмдиги жылы да жетишпей калышыбыз мүмкүн. Бул комплекстүү иш. Аракеттер маараке бүткөндөн кийин токтолуп калбаш керек. Анткени, кээ бир мамлекеттерде архивдер 75, кээ бир архивдик маалыматтар 100 жылдан кийин да ачылышы мүмкүн. Ал үчүн көп тилди билген тарыхчыларды ишке тартышыбыз керек. Ошону менен кошо чет өлкөлүк шериктештерди дагы пайдаланышыбыз зарыл. Ушундай топтор түзүлөт деп ишенем. Бул жалаң гана китеп жазуу, архивдик иликтөө, аны жарыялоо, фильм тартуу ж.б. ушул сыяктуу иштер менен байланышпастан, жанагы Жарлыкта көрсөтүлгөн: көмүлбөй калган Үркүн адамдарынын сөөктөрүн аруулап көмүү керек. Мына ушундай нерселер коомчулуктун ишин талап кылат. Былтыр эле Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев мырза Кыргыз Өкмөтүнүн өкүлдөрү, Кыргыз Өкмөтүнүн башчысынын орун басары, Өмүрбек Текебаев жана Каныбек Иманалиев сыяктуу депутаттар кошулуп, Ак-Шыйрак ашуусуна барып, көмүлбөй калган сөөктөрдү аруулап көмүп келдик. Бул иш-чаралар Ысык-Көл жергесинде быйыл да улантылат. Жакында Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыпов менен сүйлөштүм, бул маселеге ал да олуттуу мамиле жасай тургандыгын түшүндүм. Балким, ошондой эскерүү жөрөлгөсүнө Эки-Нарын аркылуу барып, өкүлдөр катышышы керек. Себеби, Нарында, ички Теңир тоодо качкындар Ак-Сай, Арпа аркылуу тоону ашып өткөнгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ошондуктан, алар да Эки-Нарын аркылуу Ак-Шыйракка чейин жетип, Бедел ашуусу аркылуу Кытайга өтүүгө аракет жасашкан. Мына ушундай учурлардын биринде маселен, менин чоң таяталарым бар эле. Аты – Малай, ички Теңир тоодо жашаган экен. Ал ошол жазалоочу аскерлердин колунан каза болгон. Дагы бир айтып кетейин, Улуу Үркүндү расмий белгилегенден сырткары, “КДК”, “Ашарды” уюштургандар, ж.б. уюмдар коомдук иш-чараларды уюштурабыз деп жатат. Менимче, бийлик аларды колдош керек. Себеби, бул – элдин эс-тутумун жаңыртканга жардам берет.

Карбалас БАКИРОВ, “Эркин тоо”, 07.07.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий