Жамал Сейдакматованын «Айылына каты». Тергеген байбичеге күлгөн чак, таңдайда калган кымыз

Айылдан ааламга аттанган 14 жаштагы өспүрүм, бири-бирин «кыз» деп тергеген кемпирлерге жата калып күлгөн балдар жана магниттей тарткан кичи мекен. Бүгүнкү катты Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген жана Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова жазып, айылына деген өчпөгөн сүйүүсүн дагы бир ирет эсине салды.

Актриса жазган катын окуп берип жатканда жүзүн жылмаюу аралап, балалык чагына баргандай сезимине күбө болдук.

Салам кат! Амансыңарбы, жердештерим, бир туугандарым! Сиңдилерим, инилерим, эл-журтум! Мен үчүн эл-журт — бүтүндөй бир кыргыз эли, кыргыз журту, себеби, мен баарына бирдеймин — Кыргыз Эл артистимин. Анткен менен киндик каның тамган, тамтуң басып чоңоюп, суу жээгинен гүл терип, топташ ойноп, көл жээгинде кумга кактанып, көлдө сүзүп, «сени коргоп сен үчүн, өлгүм келет Ысык-Көл» деп ырдап чоңойгон бир айылым бар. Ал – көл жээгиндеги Темировка айылы. Бул айыл мени өзүнө магниттей тартып турганы турган, каттабай калсам, сени кадимкидей сагынам, менин туулган кичи мекеним!

Өмүр деген ушундай кыска белем, аттиң, теңтуш, курдаштардын көбү өтүп кетти.

Азыр өмүргө сарасеп салсам, 14 жашымда айылдан чоң дүйнөгө аттаныптырмын. Фрунзеге, №5 орто мектепке окуганы кеттим, андан соң төрт жыл Москва шаарында билим алдым. Андан бери, мына 60 жылга аяк басты, театр жана кино менен алпурушуп кызмат кылып жүрөм. Жүрөгүмдөн эч качан өчпөйсүңөр, менин боордошторум, айылдаштарым. Ушул катты жазып жатып, тээ алыста калган балалык күндөрүмдү эстедим. Ал мезгил мен үчүн эч бир кайталангыс жомоктой сезилет.

…Мектеп окуучулары баарыбыз Карагай-Булак деп аталган капчыгайга экскурсияга чыгып, согон, ышкын терип жеп, кечке маал үйгө кайтчу элек. Келе жатканда мен созолонтуп «ойда» ырдачумун. Айылымда Кадыр, Марат, Абыл, Тенти аттуу агаларым мени атамдын жоргосуна мингизип, «Кырчын» жайлоосуна ар бир жай сайын алып барышар эле. Ах-хх, ошондогу тоонун көркү: сайда күрүлдөп аккан чоң Ак-Суу, тоо бетине кудум үрөн сээп айдап койгондой асман тиреген карагайлар. Жайлоого барып кымыз шимирип, айран-сүт ичип, карагат, бүлдүркөн терип жеп, эки бетибиз кыпкызыл болуп, чаначтарга куюп беришкен кымызды атка артып жакага түшчүбүз. Айылдагы ага-туугандар, кошуналар баары чогулушуп, чоң кесе кымызды алгач, бир дем менен тартып жиберишчү. Мунун баары көз алдымда жана күнү бүгүнкүдөй эсимде.

Кемпирлер бири-бирин «кыз» десе, жата калып күлчүбүз

Темир — өтө чоң айыл. Ал кезде биз окуган мектеп да айылдын чет жагында эле. Энелерибизи бизди эрте ойготуп, чачыбызды өрүп, ысык чай берип сабакка узатат. Көчө толо балдар-кыздар мектепке жөнөйбүз. Айылдын көркү ак сакал абышкалар, ак жоолукчан байбичелер эле, мен алардын өңдөрүн кудум азыр көргөндөй элестетип турам. Алышпай, Осмонаалы, Ырысаалы, Мамбет чоң аталарым, берирээк басканда Иманаалы, Исабай, Каалы чоң атам, айылдык кеңештин башчысы — менин атам Сейдакмат. Алардын баарын айтып бүтө албайм, өтүп кетишти. Сакалдарын жайкалтып, шашпай сүйлөп, буларда бир касиет болор эле. Жаткан жериңер жайлуу болсун, аталарым, артыңардан жакшылык келсин! Ал эми байбичелер өзүнчө сөз. Бүкчүйүп, таяк кармап кетип бара жатып, биринчиси экинчисин «ай, кыз» деп тергегенде, биз балдар жерге оонап, жата калып күлчү элек. Кемпирлер бири-бирин кыз деп жатканы бизге башкача угулчу. Бала экенбиз да, жакшы, үлгү боло турган учурлардын баркын анда сезе элек мезгилибиз тура.

Залкарлар келгенде…

Эсимде калганы дагы – артисттердин келиши эле. Эл араба менен, атчан, жөө болуп чогулуп келип, бактын ичине тегерете отуруп, коюлган оюнду көрүшчү. Андан сырткары айылыбызга улуу манасчы Саякбай ата, комузун күңгүрөнтүп Карамолдо ата (залкар комузчу Карамолдо Орозов) элдин черин бир жазып кетчү. Ал мезгилдер, балалыгым үчүнбү, азыр мага бейиштей сезилет. Туулган жердин касиетин, өзүнө тартып турган күчүн ушундан билиңиз, борбор шаардан Темирге аттанып чыгып, Боом капчыгайынан өтүп, көлдүн чети көрүнгөндө көздөн жаш кылгырчу. Тегерегимдегилерге билгизбей аарчып алчумун. Айылым, биздин жер кыргыз элине бир топ таланттуу уул-кыздарды берди. Мен алар менен сыймыктанам. Силер аман болгула, айылдаштарым! Элимдин ичинен ынтымак кетпесин!

Силерге улуу акын Алыкул Осмоновдун төрт сап ырын арноо менен катымды аяктайм.

Сүйөм жерим, сүйгөндүгүм сүттөн ак,
Сени тапкан тагдырыма ырахмат!
Өлгөндө да сенин таттуу жытыңды,
Жаткым келет көкүрөккө кучактап!

Sputnik Кыргызстан, 13.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий