Агындылар

* * *

Ошондон көп өтпөйле, ашып кетсе алты айга жетип-жетпей кайран акем да дүйнө салып кете берди. Акеме Алтын жеңемсиз кыйын болорун, аябай кыйын болорун баарыбыз эле билгенбиз. Балким, Алтынсыз дагы он, он беш жыл жашап берер деп ойлогонбуз. Бирок, акемдин Алтынсыз мынчалык аз жашарын, канча ойнош күтсө дагы ак никелеш аялы Алтынсыз жашай албасын билген эмес экенбиз. Ошондо байкуш жеңем көрдө жатып да оорукчан жүрөгүн колуна кармап алып, “Олда байкушум ай, мен жок эми кантээр экенсиң? Ысык чай ичелбай кор болосуң го шордуум” деп сыздап жаткан Алтын жеңеме окшоп, акеме Кудайдын да боору ооруп, жүрөгү чыдай алган жок окшобойбу. Ашкере чалпоо немени, ашкере тежик немени, кай бирөөлөр менен тытыша кетсе мойну өлгөн короздун мойнундай узарып, бүдүрала болуп ичкерип, чыканактын урчугундай болгон кир кокосу айрылып кетчү жаргактай тырышкан жука терисин тепкилеп тынбай кирип-чыгып, эринин эрин кылган муруту оозу менен кошо кыйшаңдап, башынан коркок неме бала кезинде босогону араң аттап барып сийип атса тамдын бурчунан торпок чыга калып, бакырып жиберип, жүрөгү түшүп кекеч болуп айыккан, кийин деле катуу ызаланган кезинде ошонусу кармай калып, сүйлөй албай туттугуп, өз шилекейине өзү какап кетмеси бар, бирөөлөрдөн кагуу жеп, бирөөлөрдөн муштум жеп, баягычылап жүдөп-какап келгенде, баягычылап бутуна туралбай ылжып келгенде, баягычылап сийгенин да билбей былжып келгенде, кыйналбас жерден кыйналып, сыйланбас жерден кагуу жеп келгенде жакасын агартып турган, ооруган башын жазып, кусса таштегин, жатса жаздыгын ала чуркап, жууп-тазалап, тамагын жайнатып, көйнөгүн да, көңүлүн да агартып турган катыны жогун билип, көрөр күн, ичер суусун түгөтүп, Алтынын көздөй алып кете берди окшобойбу деп ойлой берчү болдум.

 

* * *

Мен ошондон кийин аялы мурда өлгөн эркектер морт болорун, аялы мурда өлгөн эркектер эч качан узакка жашай албасын, аялы мурда өлгөн эркектер андан кийин эч качан бактылуу боло албасын, эгер эркек узак жашагысы келсе, бактылуу жашагысы келсе баш кошкон күндөн тартып эле аялын тебелеп-тепсебей, аялын кордобой аяп жашашы керектигин, аялын сактап жашашы керектигин, эгер антип жашай албаса, а дүйнөгө аялынан мурда кетиши керектигин, аялын кор кылган ар бир күн эркектин эртеңки көрө турган шору экенин түшүндүм.

 

* * *

Акыры кетер жерине акем да кетти, бейиши болгур. Жеңем экөөнүн боз шыбак басып томсоргон бейиттери жылдан жылга жапыстап, жылдан жылга жапырайып, жерге жакындап барат.

 

ЧАБАЛАКЕЙЛЕР КЕЛБЕЙ КАЛДЫ

Адегенде ала шалбырт көчөлөр алка-шалка түшүп тердеп, андан сарыккан салаа-салаа суулар төмөн көздөй бөжөңдөп чуркап, күн ылдыйлаган сайын жер соругуп, күн жылыган сайын айылдагы короолорду, коргондордун түбүн, андан барып сайдын өйүзүндөгү талааларды таштай качкан кардын алкындылары адегенде адыр-жондорду жамынып жата калып, ага да болбогондо тоо таянып олтуруп ак, кар көк муз баскан мөңгүлөргө сиңип кетип жок болор эле.

 

* * *

Бүткөн бойду талыкшытып, уктагыңды келтирип, тура калсаң жер көчүп, баш айланткан Жаз ушинтип келчү.

 

* * *

– Шакенбай, сүйүнчү! Чабалакейлер келиптир, жарыктыктар. Терезеңдеги жаман жаздыгыңды алып сал, балакетиңди алайын, эшигиңди жаппа, каалаганындай кирип-чыгып турсун. О Кудай, атыңдан кагылайын, өлтүрбөй-житирбей ушу күнгө жеткиргениңе тобо! – деп энем кобуранып ары басты.

 

* * *

Ошентип, биздин үйгө келген эки чабалакей тынбай кирип-чыгып, бири кыл-кыбыр, бири чөп-чар тиштеп келип, ушундай бир эптүүлүк менен томолоктолгон ылайды бири бирине кынап, бири бирине кыл менен байлап, чөп менен байлап олтуруп устундун боорундагы эски уянын жанына алданемедей жаңы уя салып алды.

 

* * *

Бир үйдө буга дейре энем экөөбүз эле жашасак, чабалакейлер келери менен төртөө болуп көбөйүп, кадимкидей оңо түштүк.

–Былтыркылар эмес экен, бөлөк экен, булар өз уясын салды, — деди энем.

Ошондон тартып жайдын капортосуна чейин терезебиз да, эшигибиз да жабылбаган бойдон ачык турду. Чабалакейлер уясына келип, өз тилинде “кожурашып” алып тынчый түшкөндөн кийинки кеч күүгүмдө туруп барып энем эшикти жаап коюп жүрдү.

 

* * *

Анан бир күнү эле ошол уядагы жумурткалардан сары жээк оозу “жабалактаган” төрт балапан чыга келди. Аларга чабалакейлер тынбай каттап, керелди-кечке жем ташыды. Күндөн күн өтүп, балапандар жетилип, чоңоюп олтуруп, жайдын капортосунда уясынан учуп чыкты. Ошол күнү энем экөөбүз бир укмуш көрүнүшкө күбө болдук. Эне-Ата чабалакейлер балапандарын биздин үйдүн түбүндөгү зымкарагайдын зымына тизип алып ушундай бир жыргап-куунап сайрады дейсиң, үндөрүнөн Кудайга ыраазылыгын, анан жайды-жайлай үйүбүздөн түнөк берген энем экөөбүзгө алкышын айтып түгөталбай жаткансып туюлду.

 

* * *

Мен асманды ыр сабагынан берген Наматбек агайымдын нота дептерине, зымкарагайдын зымдарын – ошол дептердин сызыктарына, зымга тизилип алып сайрап олтурган чабалакейлерди ак көйнөк, кара фрак кийип ырдап жаткан ырчыларга окшоттум.

 

* * *

Чабалакейлер үч күн бою зымкарагайдан кетпей, сайрай берип, анан үч күндөн кийин биздин тамды тегерене кайкып учуп, анан үстүбүздөн айланып, айланып туруп узады.

–Шакенбай, карачы, биз менен коштошуп жатканын? Баргыла эми, бара койгула, барчу жериңерге аман-соо жетип алгыла! – деди энем чабалакейлерге.

–Эмдиги жылы да кайра келеби, эне? – дедим.

–Өлбөй тирүү болсо келет балам, эне-атасы келбесе да, балдары келет, туулуп-өскөн жерине келбей коймок беле, – деди.

 

* * *

Чабалакейге көнө түшкөн экенбиз, бир жумадай жетимсиреп жүрүп анан көнүп кеттик.

 

* * *

Акырындап заман алмашты. Заман менен адам алмашты. Айылдарда баягычылап Жаз менен кошо “чабалакейлер жакшылыгын ала келет” деп терезелери менен эшиктерин ачып күткөн ошол үйлөр да, ошол чабалакейлүү заман да жоголду.

 

* * *

Кийин, кийин бир жолу чабалакейлер түшүмө кирди. Жайнаган чабалакейлер учуп келатканын көрүп чуркап тостум. Анан алар биздин айылга жакындаган сайын үйлөр асман тиреген храмдарга айланып көк тиреп, айланасын адам кире алгыс дубалдар курчап, чабалакейлер эшиктердин кулпу салган тешиктерин, терезелердин айнектерин сүзгүлөп, такыр кире алышпай айласы түгөнгөндө кайра учуп кетишти. Аңгыча качанкы өлгөн Энем пайда болуп калды.

–Эне, чабалакейлер кетип калышты, –дедим.

–Алар айылга жакшылык алып келди эле үйлөрүн ачпай коюшпадыбы. Эми келбейт, бул элге жакшылыктын кереги жок турбайбы, – деди.

 

* * *

Азыр айылдарга жакшылыкты кайсыл куштар апкелип жатканын билбейм, бирок чабалакейлер келбей калды. Ордуна кайдагы бир капкара, качан болсо эле жутунуп турган “Афган чымычыктары” пайда болду.

 

ТОЛСТОЙ

Бала кезимде Сары таякемдин туугандарынын шаардагы баласы жайлоодон окуйм деп өзү менен ала келген эки-үч китебин унуткан бойдон таштап салып баса берди. Карасам, баары орусча китептер экен. Барактап, сүрөтү барларынын сүрөтүн көрүп чыктым. Агезде биздин үйдө, биз эле эмес башка үйлөрдө да Куран китеп болбогон менен ар бир үйдө “Манас” бар болчу. Мурдумдан суу куюлуп, түн ичинде уктай албай чыккан күндөрү энем башыма такай “Манасты” жаздап койчу. Манастын касиетиби же энемдин колдорунун касиетиби билбейм, ал түнү тынч уктап, эртеси куландан соо болуп айыгып кетчүмүн. Ошондой күндөрдүн биринде дагы састумоолоп жыгылдым. Энем адатынча кыпкызыл болуп алоолоп турган кычкачын оттон сууруп алып учуктап бүтөрү менен жуурканды кабаттап жаап, башыма бул ирет “Манасты” эмес, баягыл шаардык жигит таштап кеткен калың китепти апкелип:

– Чоң сакал орус экен, жарыктык. Илгери атаң ыраматылык “Согушта жүргөндө орус түшүмө көп кирип, ошондон улам аман-соо келдим” деп калчу эле. Орустун колдогону чоң, орус түшүңө кирсе ишиң оңолот, балам, – деп башыма жаздап койду.

 

* * *

Көрсө, ошол чоң сакал орус Толстой экен. Ошентип, орустун улуу жазуучусу Лев Николаевич менен мен биринчи жолу тогуз жашымда, Ат-Башынын ак кар, көк муз баскан тоолорунун этегиндеги жаман кепеде, тамга тааныбаган сабатсыз энем аркылуу таанышкам.

 

* * *

Кийин ошол жөнүндө мына бул “Энем жана түш” деген мына бул ырды жаздым.

Оомийин! – десе, колу нурга толчу эле,
– Орус кирсин түшүңө, — деп койчу эле.
Батасынын башы менден башталып,
Аягы да менден тамам болчу эле.

Оттун табы сылап күйчү чекемен,
– Орус кирсе эмне болот? – дечү элем.
– Түштөрүнө орус кирген балдардын,
Түйүнчөгү алтын болот, – дечү энем.

Үйдүн үстү үрүл-бүрүл жол эле,
Үйгө чейин эрмен, шыбак мол эле.
Түшүн энем айта берчү түгөнбөй,
Түштөн башка эч нерсебиз жок эле.

Карамыгып уктап калсам кашына,
Карбаластап, тили келбей атына.
– Тооп кылып жат, сакалы бар орус, –деп,
Толстойду жаздап койчу башыма.

…Кайран энем, Кайыңды сай, тунук суу,
Кашка жолдор, калды тоо-таш булуттуу.
Шалбыраңдуу жазын таштап айлымдын,
Шаңыраңдап шаарды көздөй куюктум.

Шаар, шаар, шара тилип жан-дилди,
Орус кирбей, түшүмө уйгур чал кирди.
Баш калкалаар өз жеримден жай таппай,
Батир издеп байырладым ар кимди.

Ийри жолдун ыш, түтүндүү түнүндө,
Ит, мышыкчан тар кашаанын түбүндө.
Жаап таштап жан дүйнөмдү кыштактан,
Жашап жүрдүм көрүнгөндүн үйүндө.

Адабият ийримине шыр кирип,
Нейлон көйнөк, үтүктөлгөн шым кийип.
Оңбой калдым, эми менин түшүмө,
Орус кирбей, жалаң уйгур, ыр кирип.

Эки-үч китеп окуп алып чендебей,
Есенинди бучкагыма теңдебей.
Желп-желп этип ыр окудум женпедден,
Эргигенде желеткичен желбегей.

Төкөлдөштүн көчөсүнүн чаңында,
Уйлар, койлор чубап турчу жайында.
Сагынтса да саргын талаа, сарай, там,
Баргым келбей калган эле айылга.

Алдас уруп ал кездеги эпкинден,
Алты ыр жазып акын болдум деп жүргөн.
Байкуш элем, бакыр элем, баёо элем,
Бактысын да, шорун дагы кеч билген!.

 

“БАЙ КУУРАДЫ”

Илгери Ат-Башы жергесинде үрүп алар ити, коруп алар кою жок бир томояк киши, канча күндөн берки кара жамгырды карап алып эле:

– Кемпир, бай куурады, бай куурады, – дей берген экен.

Бай куурабай-этпейле, төө баласы – төрө баласы деп төөлөрүн тикендүү кокту-колотко жалгап, жылкыларын жылгага айдап, короо-короо коюн үңкүргө жайгап, жаан басылгандан кийин кайра эле чыгданын майлап, чыңыртып кулун байлап, балдар суу какты болуп кетпесин, жаш сорпо ичели деп коюн союп, түтүн булатып калыптыр дейт.

Мурдуна эттин жыты келген сайын эмне кыларын билбей тынчы кеткен жалкоо такыр чыдай албай калганда аялына:

– Мен сени калп эле ур-берге алып үйдү айланта кубалап калайын, сен эки айланган соң байдыкын көздөй кач, – дептир.

Жалкоо аялын жаса-буса камчыга алып үйдү айланта кубалап, “жан соогалап” качкан катыны бакырып, “акебай, жиндиден сактап кала көрүңүз?” деп барып байдын артына жашына калыптыр.

– А таалайыңа таш тийгир! Катыныңды камчылагандан көрө кара жаныңды камчыласаң болбойбу? “Жатакчыны тер кысса, жүгүн жөө ташыйт” болгон кудай албагыр. Боёгуң оңуп, боёң канганча эле бооруң менен сойлоп жүрүп өтөсүңбү. Кел эми, үйгө кирип, эт жеп, сорпо ичип кеткиле? — деп үйүнө кийирет.

Этке тоюп, кара курсагын кампайтып алып кайткан жалкоо үйүнө келип:

– Кемпир, бай куурабай эле, биз куураганбыз го? – деп коёт дейт.

Шайлобек Дүйшеев, “Де-факто”, 20.06.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий