Кызыр менен дос болгондор

Кыдыр алейхисалам ким? Кыргыз элинде жашаган аймагына жараша касиеттүү Кыдыр алейхисалам жөнүндө ар кандай түшүнүктөр, аталыштар бар экендигин угуп-билип жүрөбүз. Мисалы, Теңир-Тоо жергесинде Кыдыр алейсаламды Кызыл думана деп да атап коюшат

Дегеле Кыдыр алейхисалам ким? Мифтик түшүнүкпү же чыныгы реалдуулукпу? Санжыра-санаттарды карап көрсөк, Манас доорунан бери Кызыр алейхисалам, Кырк чилтен деген аталыштагы кайыптан пайда болгон заттар эл кыйналып маселе чече албай турган маалда пайда болуп, туңгуюктан жол таап бергени элдик жомок, дастандарда арбын учурайт.

 

Найман көпүрөчү

Улуу аксакалдардын, санжырачылардын айткандарына караганда, Теңир-Тоо жергесинде Кыдыр алейхисалам үч адам менен достошкон экен. Бул достошуу түшүндө аян берүү, капилеттен көрүнүп кетүү сыяктуу баштагы мифтик түшүнүктөрдөн айырмаланып турган. Ал бул жолу достошкон адамдары менен кадыресе сүйлөшүп, аларды ачыктан-ачык колдогону айтылат. Мына ошол үч адамдын бири Найман көпүрөчү, Айтмамбет уста жана Калча баатыр болгонун атамдан угуп, учурунда маани деле бербептирмин. Кийин эс-акылым токтолуп, акыл калчап калган убагымда деле мунун негизги себебин ойлоп, толук жооп таппай келдим. Балким, элдик адамдарды калк арасында Кыдыр даарыган адам катары көрүшкөндүктөн ушундай кеп калганбы? Эмесе уккан кулакта жазык жок дейт, алгы сөз Найман көпүрөчү жөнүндө болсун.

Найман көпүрөчү — болжол менен Теңир-Тоонун өйдөңкү бөлүгүндө, эки Нарын дарыясынын куймасына жакын жайгашкан азыркы Таш-Башат айылында болжол менен 1830-1900 жылдары жашап өткөн адам. Өтө бай болбосо да колунда өзүнө жетерлик мал-жандыгы бар, ар кыл өнөргө кызыккан адам болгон экен. 20-21 жашында Анжиянга каттаган соодагерлер менен мал айдашып барып, ал жактагы элдин жашоо-тиричилиги менен таанышуу максатында Фергана өрөөнүндө калып калат. Ал жактагы элдин эгин эккенин, мөмө-жемиш өстүргөнүн, суунун тартыштыгына карабай бир кулак сууну кандай азап-тозок менен, канчалаган арыктан жетелеп келишкенин көргөндө туулуп-өскөн жериндеги күркүрөгөн өзөн суулардын эч бир пайдасы жок күкүктөп агып кетип жатканын эстейт. Көз алдына дыңы бузулбай жаткан боз адырлар тартылып, ойго батат.

 

Эгин эгип, суу чыгар

Ошентип идиректүү жигит дербиш болуп Фергананы аралап, эл көрүп, журт кыдырып жүрүп, бир ирет кеч күүгүмдө Арсланбабдын токоюнда эс алып жатып, уктап кетет. Түшүндө Кыдыр алейхисалам: “Тур балам, көкүрөгүң тунук, ичиңде арамдыгың жок таза жан экенсиң. Ылайым ушунуңдан жазба. Билги сезимиң менен Пайгамбарлар түнөп кеткен жерлерди кыдырып, жан дүйнөңдү аруулаптырсың. Эми кыргыз атаң мекендеген Теңир-Тооңо бар, билгениңди өз эмгегиң менен элиңе жеткир. Ак кызматыңды аяба. Көкүрөгү таза болсо да малчылыктан, аңчылыктан башка иш менен алектенбеген түркөй элиңе жаңычылдыкты жеткир. Эгин эгип, суу чыгар. Жол куруп, булактын көзүн ач. Аттан балам!” – деп, аян берет. Арсланбабдын салкын абасынан кере жутуп ойгонгон Найман Кыдыр атанын өзүнө оор жүк аркалаганын туюмунда байкайт. Таразалап ойго батат. “Түштүккө келгени атымды да пулдап, колумдагы таягым менен жонумдагы бир аз азыгымдан башка кудурет жок отурам. Эми ишти эмнеден баштайм? Деги Арсланбаб кайда, Теңир-Тоо кайда?” деп санаа тартат. Ал ушунтип отурганда суу жээктеп оттоп турган көк быштынын бышкырыгы угулат. Караса, бир карыя көк быштынын тизгинин кармап туруптур. “Найман балам, бери бас. Сенин ат-көлүгүңдү, кетмен-чотуңду, жолдук азыгыңды камдап койдум. Экөөбүздун ортобузда досчулук мамиле калсын. Батамды берейин. Жолуңдан калба, аттан балам!” – дейт да жок болуп кетет. Суу жээктеп оттоп турган көк быштыны кармап, ооздуктап, басмайылын бекитип жатып караса, артылуу турган куржунда байтеше, кол араа, бургу, сойгок, күрөк бар экен. Бир көзүндө талкан, чаначта сүзмө жүрөт. Өзү да эл-жерин сагынып, араң жүргөн Найман ата-бабалардын арбагына багыштап куран окуп, туулган жерине аттанып, кайтып келет.

 

Нарынга көпүрө салуу

Чоң Нарын дарыясынын сол жээгиндеги тоо кыркалары тигирээк келип, көп жерлери карагайлуу, бадалдарга жыш болгондуктан мал жайлатканга жайыты тарыраак. Ошондон улам ал жээкте калган эл үчүн жайлоосу да, кыштоосу да кенен, чөбү оттуу оң жээкке малды, көчтү өткөрүү бир топ кыйынчылыктарды туудуруп келген. Эл жылыга аба-ырайына жараша, Нарындын суусу кире электе, музу толук эрий электе кечүү издеп мал кечирип, жүгүн өгүзгө, төөгө артып азап тартып келишкен. Кызырдын сөзү көкүрөгүнө кыттай уюган Найман эли менен кеңешип, биринчи көпүрөсүн Туюк-Булуң жайлоосунун куймасына курду. Экинчи көпүрөсүн болсо жайды-жайлай Ортоктон карагай камдап, кышкысын муздун үстү менен тартып келип, Эки Нарындын куймасынан өйдөрөөк, Чоң Нарындын Куюш аттуу кууш булуңуна жалпы элдин колдоосу менен куруп баштаган. Сыртта бир топ жыл жүрүп, көпүрө куруу, суу чыгаруу иштеринен азыноолак тажрыйба топтоп калган Найман Чоң Нарындын эки жерине үйүрү менен мал, жүгү менен көч өтө тургандай көпүрө салган. Куюштагы көпүрөнүн узундугу 40 метр чамасында болуп, аны куруу ишине эч кандай техникасыз, өзгөчө көп адамдын көмөгүсүз салынды. Бул көпүрөнүн дагы бир өзгөчөлүгү, жергиликтүү карагайларды бир дагы мык какпай, байлоосуз-матоосуз бүткөргөнүндө. Кийин эл оозунда ал көпүрө “Найман көпүрө” аталып, согуштун алдыңкы жылдарына чейин пайдаланылган. Тап күрөшү жүрүп турган мезгилде басмачылардын жолу дешип орус отряддары көпүрөнү бузуп салууга аракет кылышкан. Бирок ошого карабай жергиликтүү калк күнүмдүк жашоосу үчүн аба менен суудай зарыл турган бул көпүрөнү кайра оңдоп-түзөп, пайдалана беришкен.

1940-жылдардын башында Найман көпүрөдөн эки жүз метр өйдөрөөк жаңы көпүрө курулуп, Нарын – Эки Нарын жолу салынган. Ошондо көпүрө курулушу боюнча Москвадан келген кесипкөй адистер Найман көпүрөнү өз көздөрү менен көрүп, анын сыйымдуулугун, жүк көтөрүмдүүлүгүн, узундуктагы салмакты кармоо мүмкүнчүлүктөрүн көрүп таң калышып, анын архитектуралык, техникалык так эсептөөлөрүнө өзгөчө тан беришкен.

 

Эшектин эки капталына кум артып

Кызыл даарыган Найман ата ошол 1890-жылдары Нарын өрөөнүнөн Тарагайга кеткен жердеги жалама жарды кетмен, чукулдук менен кыя кесип, жол чапкан. Жол суу деңгээлинен 40-50 метр бийиктикте туруп, узундугу 60-70 метрди түзөт. Андан короо-короо мал, жүгү менен көч өтүп, бүгүнкү күнгө чейин каллка кызмат кылып, азыркыга чейин Кызыл-Жар деп аталып келет.

Мындан сырткары, Найман уста азыркы Таш-Башат айылынын үстүндөгү Кичи-Орток керүүсүнө, Ийри-Суунун белине 100-200 метр ылдый аккан Ийри-Суудан кыялай арык чаап, суу чыгарган. Ийри-Суунун суусу керүүдөн кыйла эле ылдыйыраак жайгашканына карабай, билими болбосо да көкүрөгү тунук баба дыйкан суу алып чыгуу үчүн эшектин эки капталына кум артып коё берип, арык агымынын градусун чыгарчу экен. Качан арык чабылып бүтүп, сууну коё бергенде бир да жерге суу имерилип токтоп калбай, белди көздөй агып чыккан. Кайыңды каналы курулганга чейин айыл эли Найман Арыктын суусу менен аштык айдап келишкен.

 

Айтмамбет уста – Арстанбектин комузу

Теңир-Тоодо Кызырдын назары түшкөн, Дөөтү жылоологон дагы бир адам Айтмамбет аттуу уста болгон. Анын ысымы кыргыз жергесинин түндүк чөлкөмүндө гана белгилүү болбостон, зергерчиликтин мекени аталган Иран, Кашкар, Кулжа, Самарканд, Ташкенге чейин белгилүү болгон. Жыгач менен териге жан киргизген өнөрү андан ары өөрчүп, бара-бара темирди, кымбат баалуу асыл таштарды иштетүүнүн, ширетүүнүн сырларын Кызырдан келген аян аркылуу өздөштүргөн дешет. Жаш кезинде Арстанбектин атасы, жакын досу Буйлаштын өтүнүчү менен анын ак өргөөсүнөн чыгарып алган төрт ууктан жукаланта тилип, аркардын мүйүзүнөн ээрите чаптап, бүктөмө комуз жасап, күү чертүүнүн алгачкы сырларын үйрөткөн. Арстанбектин жашы он-он экиге келип калган кезинде атасынын айылы конуш которуп, Балгартка көчкөндө Буйлаштын токолу шашкалактап жатып комузду ээрдин кашына иле салам деп байкоостон бүктөмө комузду алабаканга илген боюнча журтта калтырып койгон экен. Балгартка үй тигилип, дастаркон жайылып көчкөн эл комуз угууга камданганда издешсе, комуз калып калган болот. Эзели үнүн көтөрүп бийик сүйлөбөгөн Буйлаш бий ачууга уугуп, токолу менен жигиттерин каарып: “Кыдыр даарыган адам жасаган буюмду уруна албасак, тукум бузулбайбы”, — деп сүйлөнүп, жигиттерин аттандырса, эски журтта баканда илинген комуз өзүнчө күүлөнүп, чертилип жатканын көрүшүп, өтө таң калуу менен кайтып келишет. Буйлаш маңдайы жарыла аксарбашыл мал айтып, байланбастан союп бата кылып: “Комуздун күүгө келип турушу, Арстанбегимдин өнөр-нускасы учуп кетпей, ырыскыны ыроологону”, — деп кубанган экен. Кыргыздын оозеки адабиятында “заманачыл” акындардын өзөгү болгон Арстанбек олуя аяш атасы Айтмамбеттин атайын арнап берген комузу менен 600дөн ашык күүнү жараткан.

(Уландысы бар)

Асаналиев Замир БГУнун доценти, «Саресеп», 21.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий