Мурза Гапаровдун “Күнөстүү арал” повестиндеги адабий түштүн поэтикасы

“Жазуучу, акын, сүрөтчү, музыкант үчүн, дегеле чыгармачыл дүйнөдө түш абдан зор роль ойнойт. Дүйнөлүк адабиятта түш түрткү берип жаралып калган чыгармалар көп. Манасчылар деле түш көрүп, анан “Манас” айтып калдым деп атпайбы. Өмүрүңдүн жарымы уйку менен өтсө, түш көрөсүң да. Ойлогон ой, жашаган жашооң ошондо да чагылат”, – деп айткан жазуучу өзүнүн адабиятчы Алым Токтомушев менен болгон “гяпканасынан…” (“Агым,” 12-апрель, 2002-жыл, 13-б.) Жазуучунун айтымына караганда, анын ошол “Күнөстүү арал” аттуу чыгармасынын жазылып калышына да өзүнүн көргөн түшү себепчи болгон экен; жазуучу мунусун “гяпканасында” мындайча бекемдейт: “…узак жылдар бою чыгармачылык даргөйүндө келатсам да, аз жаздым. Азыр ойлосом, алардын ичинен түштүн түрткүсү менен жазганым үчөө экен (“Күнөстүү арал,” “Киотого кеткен жолдо”, “Туздуу чөл” – кийинки экөө драмалык чыгармалар – Р. Э.). “Күнөстүү арал” повестин жазарда түшүмө Сялма таенем кирген.., керемет адам эле. Ал киши бир короо, тагыраак айтканда, мен бала кезде кайтарып жүргөн бир көгөн эчкилеримди алдына салып алып, ушул эле Бишкектин баш көчөсү – азыркы Чүй, андагы ХХII партсьезд көчөсүнөн, Дзержинский бульварынан “Ала-Тоо” кинотеатрын беттеп өтүп баратат. Автобус, троллейбус, машинелер биринен сала бири тынбай өтүп жатат. Мен кыйкырып атам: “Таене, этиет бол, машиненин астында каласың.” Таенем уккан жок, ошол камырабаган бойдон эчкилерин айдап өтүп кетти. Мен ойгонуп кеттим дагы, көпкө чейин лакылдаган жүрөгүмдү баса албай койдум. Таенемди эстедим, жанагы эчкилерди, аны кайтарган өзүмдү эстедим. Мындайча айтканда, бала чагыма кайтып бардым.., менин бактылуу мезгилим, күнөстүү аралым экен.”

“Это сны разных периодов моей жизни. Некоторые – первые два – очень давние, еще из детства, но я их хорошо помню. Другие относятся к разным периодам моей “взрослой” жизни. Все эти сны я “подарил” главному герою картины” (“Советская культура,” 8-июня, 1991 года, стр. 14.), – деп, өзүнүн киносундагы түштөр жөнүндө белгилүү япон кинорежиссёру Акира Куросаво айткандай, жазуучу Мурза Гапаров да “Күнөстүү арал” повестинде өзүнүн көргөн түшүн чыгарманын баш каарманы болгон Жаңылга “белек” кылып арнап койгон… Ал эми чыгарманын сюжеттик агымынан кездешүүчү экинчи бир онейростук мотивди (каармандын экинчи түшүн) – “жашоо, турмуш өзү кичинекей эле деталдардан турат, таптакыр бүтүп калган эч нерсе жок. Деталь. Калганы художниктин кыялына, фантазиясына, мындайча айтканда, акындык көрөңгөсүнө байланыштуу”, – деп өзү айткандай, ошо жазуучулук фантазиясынын күчүнө таянып, чыгарманын идеясы менен концепциясына ылайык келтире, өз кыялынан токуп, жаратып койгон… Жазуучу “ат жалындагы” дагы бир интервьюсунда: “Көп эле кыска-кыска повесть, аңгемелерим жазылды. Иштелиши жагынан да, көркөмдүгү жагынан да “Күнөстүү арал” деген повестим өзүмө өзгөчө сыйда жагат” (“Асаба”, Жетинин айынын он бири, 1993-жыл, 5-б.), – деп, өзүнүн бул чыгармасына болгон симпатиясын ачык эле билдирет. Андан да, прозалык түрүнөн драмалык формасына өткөрүп; ушул эле “Күнөстүү аралды” “(жети адам жана бир арыстан тууралуу баяндалган эки бөлүмдүү фантазия)” түрүндө сунуштап, драмалык көрүнүшүндөгү вариациясына өткөрө, иштеп чыгышы дагы (Караңыз: Гапаров М. Күнөстүү арал: Драмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1983, 37-70-бб.) жазуучунун өз чыгармасына болгон чоң сүйүүсүн билгизип турбайбы… Кызылдай мээнет менен күчтүү толгоодон жаралган чыгармасын перзентиндей көрүп, бөпөлөп, кези келе калганда ал жөнүндө жарашыгына жараша сөз айтып, келечегине кам көрүп турган жазуучунун изги тилеги анын ошо чыгармасы жөнүндө айтылган ойлорунда чагылып калганы сезилип турбайбы… Ошо кам көргөнүнө жараша, биздин жеке пикирибизде, чыгарма мезгил сынынан ноюбай өттү. Көркөм чыгармага болгон кызыгуу солгундаган азыркы мезгилде да “Күнөстүү аралдын,” жалпы эле гапаровдук прозанын өз окурманы бар экенине ишенем. “Күнөстүү аралдын” окурмандар үчүн мындай бардык мезгилде колго алар чыгармага айланганы – анын эстетикалык табиятында: ар убак кайра кайталап окуган сайын, стилдик баяндоосунун жагымдуу-жөнөкөйлүгү, кыска баяндалганы, ошого карабай сыйымдуулук күтүнүп, бир дем менен окулары, сюжеттик курулушунун өзгөчөлүгү, кейипкердин “чыныгы жана кыялый дүйнөлөрү” (Эркебаев А.) – түш көрүү мотивдери, чыгармадагы көркөм шарттуулук менен психологиялык жөрөлгөлөрдүн подтексттүү мүнөзгө ээлиги, символдук образдардын ассоциативдүү абалдарды жаратышы сыяктуу – “Күнөстүү аралдын” көркөмдүк өзгөчөлүгүнө тиешелүү болгон көптөгөн поэтико-эстетикалык көрүнүштөрүн көкүрөгүң менен туйган сайын – чыгармага карата мезгилге ылайык сөз айткың келген окурмандык сезимиң ойгонгон сайын, анын оңбогондой оор иш экенин ойлоп алып, жоопкерчиликтен улам жигериң мокой түшөт. Эч нерсесине карабай, ойлогон ниетиңди реалдуулукка өткөрүү үчүн бел байлап алсаң, айтар сөзүңдүн “кириш бөлүгү” эмнегедир өзүнөн-өзү эле ушундай абалда туруп жазылып калганын сезип, ошол “сөз башы” да аягына чыгып калганы туюлуп, алгы сөздүн аягы лирикалык чегинүү менен аякталышын каалоо менен; Мурза Гапаровдун “Күнөстүү арал” чыгармасына айтыла турган сөздү шашпай, кайра башынан мындайча баштоонун өзүн эп көрдүк.

“Күнөстүү арал” Мурза Гапаровдун чоңдор үчүн жазылган олуттуу китебинин экинчиси катары таанылган (ага чейин жазуучунун “Кара-Көлдүн каздары” (Ф.: Мектеп, 1973) деген жакшы китеби жарык көрүп калган; “Мейман” (Ф.: Кыргызокуупедмамбас), “Бир шиңгил жүзүм” (Ф.: Мектеп, 1966), “Биздин жакта Арстанбапта” (Ф.: Мектеп, 1977) деп аталган балдар үчүн жазылган чоң-кичине үлгүдөгү ага чейин жарык көрүп калган китептерин кошуп эсептегенде, бешинчиси болот), эки чакан повесттен туруп, алардын биринин аталышы менен “Дарыялардын шоокуму” деп аталган китебине (экинчи повесть катары) кирип, “Мектеп” басмасынан 1979-жылы жарык көргөн. Повесть кийин автордун көзү бар кезде өзү даярдаган, “Жаңгак токойдун жомогу” (Ф.: Адабият, 1989.) деп аталган белгилүү жыйнагына кирген; “белгилүү жыйнак” деп, сызып көрсөтүп жатканыбыздын себеби – жыйнак өтө табит менен даярдалган (ички мазмунуна тышкы техникалык жасалгасы шай келген) көркөмү кооз китеп болгон; албетте, жыйнакка кирген чыгармалар жазуучунун өзү тарабынан тандалган – аңгеме-повесттеринин дээрлик көбү бул жыйнакка топтолгон; алар өзгөчө жалтырак кагазга терилип, китептин калың мукабасы сыртынан жука мукаба менен тышталып-шөкөттөлгөн; калың-жука мукабалар да, китептин беттери да түстүү иллюстрациялар менен жабдылган, жөн эле сүрөттөр менен жабдылып коюлган эмес; чыгармалардагы автордун ойлорун жана образдарын ичкериден өздөштүрүп, жазуучу жараткан ошол дүйнөнү сүрөттүн тили аркылуу жазуучунун өзүндөй кылып түштүк колоритинде чагылдырып берген… Эгер тарыхка кайрылсак, XVIII кылымда Японияда нанга аталышын алган, кытайлык бундзинга стили (“интеллектуал художниктердин живописи”) модага кирген. “Япон импрессионисттери” катары эсептелишип, кытай маданиятынан эргүү алышкан бундзинга художниктери Юань, Мин жана Цинь династияларынын доорлорундагы живописти өзгөчө баалашкан. Бул стиль Кано жана Тоса академиялык стилдерин, алардын чоң масштабдагы композицияларын жана жазуу ыкмаларындагы виртуоздуу демонстрацияланууларын тануу, кабыл албоо иретинде жаралган, экспромт түрүндө жаратуу, жогортодон берилүүчү аян чыгармачылыкты (наитие), көз ирмемдеги художниктин маанайы сыяктуу ыкмаларды алдыңкы планга чыгарышкан. Ошол үчүн нанганын башкы жанры табияттын пейзаждык көрүнүштөрү, “гүлдөр-парандалар” болушкан. Икэ-Но Тайга, Урагами Төкудо, Таномура Тикудэн сыяктуу бул агымдын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн катарында белгилүү сүрөтчү Өса Бусондун ысымы аталат (Өса – Танба провинциясындагы сүрөтчүнүн энеси туулуп-өскөн аймактын аталышы; кийин сүрөтчүгө көркөм псевдоним катары кызмат аткарган). Алар кытай-япон традицияларындагы живописти ой-электеринен өткөрүшүп, өз картиналарына терең лирикалык маанай, кайталангыс индивидуалдуулук тартуулоого аракет кылышкан. Ал мезгилде Бусондун акындыгына караганда художниктик касиети көбүрөөк даңкталып-таанылса (живописте ал Сюнсэй деген ысымды алып жүргөн), көзү өткөндөн кийин хокку ырларынын көрүнүктүү чебери катары белгилүү болгон. Ал белгилүү хокку чебери Басёнун чыгармачылыгын өтө жакшы көргөн, поэзиядагы өзүнүн устаты катары эсептеп, анын “Түндүктүн сокмо жолдору менен” ырлар жыйнагына иллюстрацияларды тарткан. Кол кармаша-кучакташкан каллиграфиялык тамгалардан художник поэтикалуу жазууларды жараткан жана аларды адаттан тыш, оригиналдуу (эксцентрикалуу) хайга иллюстрациялары менен жандандырып, көркүнө чыгарган. Басёнун ырлар жыйнагына жаратылган Бусондун бул иллюстрациялары жөнүндө япондуктар азыркыга чейин шыпшына кеп кылып келишүүдө; болбосо, сюрреалист сүрөтчүлөрдүн тарыхына кайрылсак, ушул агымдын “атасы” болгон атактуу Сальвадор Дали чыгармачылык арааны жүрүп турган кезинде, “Ажайып комедия” (Данте), “Дон Кихот” (Сервантес), “Алиса кереметтер дүйнөсүндө” сыяктуу дүйнөгө белгилүү чыгармаларга иллюстрацияларды жаратып, сүрөтчүнүн жасалгасы менен жабдылган ал китептер баш айлантар кымбат бааларда сатылып турган: ал сүрөттөр азыр да изилдөө обьектисине алынып жатат.

“Бул түштөр менин жашоомдун ар кайсы мезгилдеринен. Айрымдары – биринчи экөө – өтө эле мурунку, бала мезгилден беркилер. Бирок, мен аларды жакшы билем. ”

«Шоокум», 01.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий