Бурана

Кыргызстанда тарыхый архитектуралык эстеликтер арбын. Бурана Токмок шаарынан 12 км түштүк-батышындагы Дөң-Арык айылынын чыгышында жайгашкан. Тарыхчы – окумуштуу Бернштам аталган аймактагы шаар урандылары Х-ХII кылымдардагы Орто Азия жана Казакстандагы өтө күчтүү ири феодалдык мамлекет – Караханид каганатынын борбору – Баласагын шаары экендигин аныктаган. Шаардын тарыхы жөнөкөй, кыска. Шаарда алыс-жакындан келгендердин көңүлүн бурган оймо-чийме менен кооздолгон сыйынуучу жайлардын көпчүлүгү ошол доордогу чебер, колдорунан көөрү төгүлгөн усталардын колунан жаралган. Алардын бири – Бурана мунарасы.

Бул мунаранын курулушу жөнүндө көптөгөн уламыштар бар. Мисалы, жергиликтүү, күчтүү бир хан алыс-жакындан төлгөчүлөрдү чакыртып, алардан жалгыз кызы – Бурайымдын келечек тагдыры жөнүндө айтып бергиле дейт. Бир топтон кийин төлгөчүлөрдүн ичинен бирөө: “Ханым, сиздин кызыңыз 18ге чыкканда кара курттун уусунан көз жумат” дейт. Жоопко кайгырган хан кызын кара курттан сактоо үчүн бийик мунара курдурат. Эми бийик жерге кара курт келбес деген ойдо жүргөндө, кызы 18ге толот. Ошол күнү ак сарайдын бир кызматкери алып келген жер-жемиштеги хан кызы жейм деген анардын ичинен кара курт чыгып, кызды чагат. Мунара хан кызынын күмбөзүнө айланат. Ал эми Бурана деп аталыш араб тилиндеги “Монора – минарет” деген сөздөн алынган. Мунара Орто Азиядагы эң байыркы, өтө кооз мунаралардын бири. Ушул себептенби, 1218-жылы Орто Азиядагы өлкөлөрдүн улам бирин багындырып, шаарларын талкалаган Чыңгыз хандын жоокерлери эч талап-тонобостон, талкалабастан бул шаарды – Гобалык – Жакшы шаар деп жаңыча кайра атап алышкан. Баласагын шаарында 4 зыяраткана, мончо, турак үйлөр жана суу түтүктөрү болгондугу археологиялык казууларда тастыкталган. Бул табылгалар учурда Бурана археология – архитектуралык музейи комплексинде сакталуу. Анын аймагы 36 га шаар урандысынан турат. Бул аймакты курчап турган байыркы сепилдин планы 4 бурч формада, дүйнө жактарына багытталып курулган. Чыгыш жагындагы дөбөлөрдөн турак жай жана мүрзөлөр табылган. Бурана мунарасы – ХI кылымга таандык, ал Орто Азиядагы ушундай типте курулган алгачкы мунара. Мунара азан чакырып, динчилерди намазга чогултуу милдетин да өтөгөн. Бурананын алгачкы бийиктиги 45 метрдей болгон деген ырастоо бар. Азыркы бийиктиги – 24,6 метр.

Бышкан кыш менен төрт бурчтуу пайдубалга сегиз кырдуу түптөлүп, цилиндр түрүндө тургузулган мунара чептин ичинде жайгашып, сырткы бети оймо-чийме менен кооздолгон, ичинде жогору карай буралып чыгуучу тепкичтер орнотулган. Бийиктиги 14 м, түбүнүн диаметри 9 м төбөсүнүкү 6 метрге жакын.

Мунаранын чыгыш жагына мавзолейлер (күмбөздөр) жайгаштырылган. Бул үч мавзолей Кыргызстандын орто кылымдагы өтө уникалдуу архитектуралык эстеликтеринен. Алардын бири – 8 кырдуу формада курулган. Бийиктиги – 1,8 м. Айланта диаметри – 11 м, калыңдыгы – 1,7 м. Чоподон бышырылган кыштан жасалган.

Ачык асман алдындагы Бурана археология – архитектуралык музей комплексиндеги археологиялык казуу учурунда табылган экспонаттардын дээрлик көпчүлүгү ташка чегилип жазылгандар. Алар – VI-Х кылымдардагы уз-чеберлердин ойлоп табууларына, таланттарына таандык. Бирок, алар шаардын тарыхына эч байланышпайт, таптакыр башка доорго, байыркы Тянь-Шандын этносторуна, маданиятына таандык.

Даярдаган Бактыбек Имамадиев, «Эркин тоо», 29.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий