Согуштун жана поэзиянын баатыры – Эралиев

“Алаамат башталган кезде Таластагы Көк-Арык орто мектебинин 8-классында окуп жаткам. 18 жашка чыгып калган учурум. Жогорку класста окуган балдардын баарын армияга алып кетип, бирге окуган кыздарыбыз: – мына, эр-жигиттерди армияга алып, силерди калтырып коюшту, эмне силер кызсыңарбы? – деп шылдыңдай башташты. Алардын айткан сөздөрүнө чындап эле арданып, төрт-бешөөбүз райондук военкоматка жөнөдүк. Военкоматтагылар жашсыңар деген кыязда деле жуутпайт. Ооба, жаш экенибиз чын, а биздин жашыбыз жеткенче согуш бүтүп калып, ал жакка барбай арманда калбайлы деп айттык аларга. Ата-Журтту коргошубуз керек. “Жибергиле” деп туруп алган соң, макул болушту. Ошол кезде Кыргызстан жергесинде 316-армия түзүлүп жатыптыр. Ал кийинки 8-Панфилов дивизиясы эле. Ошол жакка жөнөдүк. “Силер атчан аскер болосуңар, атты чаап баратып, кылыч шилтеп, мылтык атканды үйрөнгүлө” – деп атчандардын арасына кошушту” – деп эскерет Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун алтын медалынын ээси, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз эл акыны Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ.

Ал жактан белгилүү акын Темиркул Үмөталиевге жолуккан. Ошентип бир айча ат минип согушууга үйрөнгөн, ал мезгил – 1942-жылдын башы эле. Бир күнү аларды поездге салышты. Үч күн жүрүп Москвага жетери менен эле немистердин самолеттору бомбалай баштайт. 3-4 эле самолет. Туш-туштан бомба таштап, окту жамгырдай жаадырып кирет.

– Командирлер: эшелондон түшкүлө, качкыла деп буйрук берди. Түшсөк, токойдун ичинде экенбиз, карагайларга жашынып качып жөнөдүк. Жоокерлердин көбү ошол жерден эле мүрт кетишти. Бомба таштап, ок жаадырган самолеттор кеткен соң, бизди жыйнап алып, катарга тургула Москвага барабыз, ошол жерден ар бир бөлүккө бөлүнөсүңөр дешти. Мен Панфилов жетектеген 8-гвардиялык Жөө аскер дивизиясына туш болдум. Кара-Балтада окуп жүргөндө сержант деген наам алган элем. Бөлүмдүн командири катары согушка кирдим. Колдон келишинче чапкылап кызмат өтөп жүрдүк. Ал мезгил немистер “Москваны алабыз” деп кыйынсынышып, кайра-кайра чабуул коюп турган учур эле. Сегизинчи гвардиялык дивизия бир дагы немисти Москвага өткөрбөйбүз деп ант берип, катуу кармашып жаткан учуру экен. Эми өлгөндөр, кырылгандар жайнайт. Тигилерден да, бизден да эң зор жоготуулар. Дал ушундай кырдаалда барыпмын…

Сүйүнбай ага согушта 1944-жылдын аягына чейин жүрдү. Үч жолу оор жарадар болду. Кээде носилкага жаткырып коюп: “ой, муну кое тургулачы, киши болбойт го” деп айткан врачтардын сөздөрүн да угат. Биринчисинде колуна, экинчисинде бутуна, үчүнчү ок ичине тийген. Ич өтө опурталдуу экен. Врач операция жасап жатып, аябай таң калыптыр, көрсө, ок уюлгуган ичегиге тийбей, аралап өтүп, аркадагы терисине барып токтоп калыптыр. Анткени, ичегиден жел чыкса адам өлүп калат экен.

– Кудай Таала сизди кыргыз поэзиясынын туусун бийик көтөрсүн деп аман-эсен калтырган окшойт? – деген суроомо:

– Балким… – деп жооп берет ага.

– Жазбай коюуга мүмкүн эмес. Бирок, ошол согуш учурунда эле окопто блиндажда кол бошой калганда жаза койчумун. Мектепте жүргөндө райондук гезитке, «Кыргызстан пионери» гезитине бир ырым жарыяланган. Согуш учурунда поэзиянын үстүндө жакшы иштөөгө мүмкүнчүлүк жок. Өзүм үч жолу оор жарадар болсом… Армиядан келип жаратым айыккан соң, биротоло ыр дүйнөсүнө кеттим. Мага тагдыр даңкты ыр аркылуу берди, – дейт.

Согушта үч-төрт жыл жалаң орустар менен жүргөндүктөн, орус тилин үйрөнүп, алардын көптөгөн акын-жазуучуларынын чыгармалары менен таанышты. Дал ошол учурда колуна «Василий Теркин» поэмасы тийип калды. Чынында, ал поэманы аябай кыйналып которгонун айтат. Анткени, Твардовскийдин бул чыгармасында башынан аягына чейин юмор. Ал эми Сүйүнбай акындын ырларында юмор жок… Твардовскийдин өзүнө жолукканда ушул пикирин айтат. “Туура, аны которуу сенин колуңан келбейт” – дептир Твардовский. Бирок, биздин акын ага “Колумдан келет, котором”, – деп жооп берет. Улам оңдоп жатып, бир китепти үч жыл которот. Ошентип, согушта жүрүп, согуштан кийин дегендей баш-аягы 25 китеп жазат. Ошонун көбү башка тилдерге которулду.

Жеңиштин 70 жылдыгы… Миллиондордун каны менен келген Жеңиш. Асмандан кулаган бомба, жамгырдай жааган ок, түшкөн снаряддардын арасында жүргөн акын:

– Согуш деген тозок. Кудайга ырахмат, тагдырдын жазуусу экен, ошол жерден аман чыктык. Согуштан акыркы жаракат алганда өзүм баса албай калып, бир медайым кошуп беришкен. Поездден түшө албайм, тамак алып иче албайм. Медайым мени Жамбул шаарына чейин жеткирип келди. Эми мындан ары поезд жок, өгүз, ат менен кетем, үйүм тоонун арасында деп көндүрүп, ал кызды араң узаткам. Согуштан аябай кыйынчылык менен келгем – деп оор улутунат.

Карбалас БАКИРОВ, “Эркин тоо”, 14.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий