Арстанбап ажайып жаңгак токою

1945-жылы америкалыктар Сталинден Арстанбап токоюн ижарага берүүнү суранышкан.

Кыргызстандын түштүгүндөгү Арстанбап жаңгак токойлорун кимдер билбейт. Ал азыркы күндөрдө дүйнө жүзүндө өзгөчө табигый баалуулук, улуу жаңгак токою катары бааланат. Себеби, бул токойду илимпоздор байыркы мезгилдерден ушул күнгө чейин сакталып калган жер шарындагы жалгыз жаңгак токою дешет. Кыргыздар болсо анын байыркылыгын эл оозунда калган уламыштар менен тастыкташып жүрүшөт. Ушундан улам азыр дүйнө элинин Арстанбап жаңгак токоюна болгон кызыгуусу артууда. 1945-жылы америкалык ишкерлер СССРдин ошол кездеги жетекчиси И.В.Сталинден Арстанбап токоюн 50 жылдык мөөнөткө ижарага сурагандыгы белгилүү. Сталин ошондо «Токойду ижарага берүүнү Кыргыз жетекчилери өздөрү чечишсин, бирок мен билип жообун айтайын»,- дейт да токой жөнүндө кеңири маалымат алган соң, Америкалыктарга: «Кыргыз жетекчилери болбой койду»,- деп жооп кайтарган экен. Ошол окуядан кийин, 1945-жылы Жалал-Абад облусу боюнча жалпы аянты 775 миң гектарга барабар жаңгак токойлору Бүткүл союздук токой коругу болуп жарыяланат. Бул иш Кыргыз ССР Министрлер Советинин председатели Исхак Раззаковдун жетекчилиги астында ишке ашат. Тоолор койнунда деңиз деңгээлинен 1400-2000 метр бийиктикте узундугу 10 км.ге чейин созулуп жаткан Арстанбап жаңгак токоюна тээ байыркы заманда эле улуу кол башчы Александр Македонский да кызыгып, кыя өтпөгөн деген уламыштар бар. Бул уламыш тарыхта да тастыкталган. Байыркы замандын тарыхчылары Арриан менен Теофрастын тарыхый эмгектеринде Македонскийдин Түркестанга болгон жүрүшүнүн учурунда анын аскерлери кандайдыр бир оорууга чалдыгышат. Ошондо алар жергиликтүү токойдун жаңгагын жеп сакайышып кетишкен экен. Мына ушундан кийин Македонский ал жердин жаңгагын Грецияга алып кетип, ал жактан бүт дүйнөгө тарап «грек жаңгагы» деген аталышка ээ болуп калган делет. Уламыштарда Александр Македонский Согдианага болгон жүрүшүндө азыркы Ходжент аймагына токтоп, ал жерге чеп куруп, аскерин Индияга кеткен жолду билип келүүсү үчүн чалгынга жөнөтөт. Аскерлер чалгындан кайра келе жатышканда Фергана өрөөнүндөгү Арстанбап жаңгак токоюнан жаңгак алып келишип, бул азык аларды катуу оорудан сактап калгандыгын айтышат. Ошондо улуу полководец бул азык баалуу трофей катары Грецияга алып барылып отургузулсун деп буйрук берет. Тарыхый маалымат менен уламыштарга таянсак, грек жаңгагы биздин Арстанбап токоюнан алынып кеткен деген божомолдор чындыкка бир топ жакын. Токойдун ошол мезгилдерде эле бар экендигин илим изилдөөчүлөр да тастыкташкан. Арстанбап токоюн илимпоздор палеогон доорундагы токой дешет. Башкача айтканда 50 миллион жыл мурун пайда болгон деген маалыматтар бар. Андан бери токойдогу жаңгактар миң ирет кыйылып, кайра өсүп келди. Азыр токойдон 800 жылдык жаңгактарды да табууга болот дешет, — адистер.

 

Жаңгак дартка даба

Чынында жаңгак медицина илиминде ден соолукка пайдалуу азык деп эсептелинет. Ал боор, атеросклероз, гипертония, жүрөк-кан тамырлар, гастрит оорууларын дарылоого пайдаланылат. Жалбырагын курт- кумурскаларды жок кылса, быша элек жаңгактын кабыгында С,В,Р витаминдери, А провитамини бар деп дарылыкка пайдаланылып жүрүшөт. Медицина илиминде жаңгактын гипофиздин функциясынын жакшырышына да пайда экендиги аныкталган. Андан сырткары мээнин жакшы иштешине да пайда. Жаңгактын мээнин ишин жакшыртышын илимпоздор байыркы мезгилдерде эле байкашып, Вавилондун жрецтери кол алдында иштегендерге жаңгак жегенге тыюу салышчу экен. Алар кулдардын мээсинин жакшы иштеп кетээринен коркушкан. Орто кылымдарда жаңгак мистикалык дарак катары да кабыл алынып келген. Себеби, анын астында башка өсүмдүк, чөп чардын өспөгөндүгү байкалып, эгер адам жаңгактын түбүндө уктап калса, ооруп калат дешкен. Бирок, кийинчэрээк илим анын мындай сапатын жалбырактарынан эфир майын көп өлчөмдө бөлүп чыгаргандыгына байланыштырышкан. Жаңгактын мистикалуу өсүмдүк экендигине кыргыздар да ишенип келишкен. Азыр эл оозунда жаңгактын гүлүн көрсөң оо дүйнө сапар тартасың, эгер багыңдагы жаңгак көп мөмө байласа, ошол жылы үйдө өлүм болот деп коюшканын угуп жүрөбүз. Бирок, Түштүктөгү Арстанбап өрөөнүндө жашагандар жаңгактын андай касиетке ээ экендигине ишенишпейт. Бирок, анын кандайдыр бир касиеттери бар экендигин танууга да болбойт деп жүрүшөт. Жаңгак токойго барганда арак ичип алсаң же андагы шаркыратмаларга зыяратка барганда туура эмес жосунсуз жоруктарды жазасаң сөзсүз түрдө ооруп каласың деген жашоочулар менен зыяратчылар токойдун бул касиетин ушул жерде жашап өткөн Арстанбаба аттуу кишиге байланыштырышат. Себеби, ал киши жараткандын амири менен узак өмүр сүрүп, ушул токойду өзү отургузган экен.

 

Арстанбап деген ким болгон?

Уламыштарда Арстанбап-Арстанбаба, Арыстанбап, Арстан деп да аталып жүрөт. Арстанбаба бул ааламда Кудайдын амири менен бир нече жүздөгөн жылдар жашап, 33 диндин негиздерин окуп үйрөнүп, Исламды тандап, аны дүйнөгө таратканга өтөт экен. Ислам динин орнотуу үчүн кандуу согуштарды башынан өткөрүп, Мухаммед пайгамбардын ишеничине киргенден кийин, пайгамбар ага Арстан деген ат ыйгарган дешет. Мухаммед пайгамбар бул ааламдан кетүүгө даярданып жүргөндө жакын жан жөкөрлөрүн чакырып «Мен бир аманат калтырам. Ал 400 жыл кийин келе турган ислам динин таркатуучуга берилиши керек»,- дейт Ошондо өзүнүн бул ааламда дагы көп жыл өмүр сүрөөрүн билген Арстан мен аманатты алып жүрөйүн бирок мен аны кантип тааныйм деп сураптыр пайгамбардан. Мухаммед пайгамбар ага «Коркпо ал сени өзү таап келет»,- деп жооп берген экен. Арстанбабанын пайгамбардан алган аманаты ширин дан болот. Уламыштарда ал инжирдин же курманын мөмөсү болгон деп айтылып жүрөт. Арстанбаба ал мөмөнү тилинин астына салып коюп узак саякатка чыгып кетет. 400 жыл өтүп, Арстанбаба Сырдарыянын жээгиндеги байыркы Отрар шаарында жүргөн убагында бирөөлөр бир жаш баланы сенден билим алгысы келип жатыптыр деп ээрчитип келишет. Арстанбаба «Сен менден эмне билим алгың келет»,- деп сураганда бала «Биринчи тилиңиздин алдындагыны бериңиз», -деп айтат. Арстан баба мен аманатты берчү бала ушул турбайбы деп, тилинин астынан мөмөнү алып чыкса даны гана калыптыр Ошондо бала мага мөмөнүн сөөгү гана калган турбайбы деп күлүптүр. Ошол жаш бала дүйнөгө суфизди тараткан Ахмад Яссави болгон дешет. Эл оозунда айтылып калган бул уламыш негизинен устаттан шакиртке берилген билими жөнүндө. Ал эми Арстандын оозунда 400 жылдын аралыгында жок болуп кеткен мөмөнүн ширеси бул өмүр делет. Адам өмүрүнүн издери жылдар өткөн сайын жоголуп олтурат деген түшүнүк. Ошентип, Арстанбаба балага аманатын тапшырган соң биздин жерге келип ушул жерде кудайдын амири менен бейиш багын тиккен экен. Ошол бейиш багы азыр жаңгак токой болуп Арстандын атынан Арстанбап аталып калган экен дешет. Токойдун чыныда эле бейиш багы болгондугунан күмөн саноого болбойт. Себеби, анда касиеттүү таштар, кылымдардан бери келе жаткан жаңгактар, эки шаркыратма бар. Шаркыратманын бирөөсү, (чоңу) 80 метр бийиктиктен, экинчиси, ( кичинеси) 30 метрден агып түшөт. Алардан анча алыс эмес аймакта XVI кылымга таандык кабыр бар. Ал ушул бакты отургузган Арстанбабанын кабыры делет. Бирок, тарыхта Арстанбантын дагы бир күмбөзү башка жерде табылган. Ал Сырдарыянын жээгиндеги байыркы Отрар шаарында (азыркы Түштүк Казакстан облусундагы) жайгашкан. Ушундан улам Арстанбабанын сөөгү кайсыл жерге жашырылган деген суроо туулат. Биздин Арстанбаптабы, же байыркы Отрардабы? Бул суроого диний ишенимдегилер бир жоопту айтышат. Дегеле биз мазар десе эле бирөөнүн сөөгү жашырылган жерди түшүнбөшүбүз керек дешет алар. Мазар деп бул касиеттүү адамдардын, пайгамбарлардын кадамы калган жайлар да эсептелет . Башкача айтканда алар жашап өткөн жерлер. Арстанбап жаңгак токою мына ушул себептен да ыйык жерге айланган. Ботаниктердин айтымында да бул жер өзгөчө касиетке ээ бирок, бул илимий жагынан алып караганда. Себеби, бул жайда тээ байыртадан бери келе жаткан дүйнөдө жок уникалдуу жаңгак токой массивдери сакталып калган. Токой өзүнүн баштапкы сулуулуктарын эч өзгөртпөй келет. Бул анын негизги касиеттеринин бири. Ал орто кылымдарда айтылгандай жаңгактын өзүнүн касиетиби же Кудай колдогон Арстандын бейиш багы болсун деп отургузгандыгынанбы айтор, ар ким ар кандай айтып жүрөт. Бирок, биз токой массивин касиеттүү ыйык жай катары эмес, табигаттын кооздугу катары кабыл алышыбыз керек. Аны канчалык деңгээлде туристтик аймак катары пайдаланбайлы ушул күнгө чейин өзү сактап келген баштапкы сулуулугун сактообуз башкы маселе . Антпесек, ага кызыгуунун да жоголушу турган иш. Өзүбүз сыйлабасак, өзгөлөр сыйламакпы.

Дагы бир маселе Арстанбап токою корукка алынгандан бери 60 жылдан ашык убакыт өттү. Союз доорунда жаңгак токоюнун мөмөлөрүн, жыгачтарын ырааттуу пайдаланылгандыктын натыйжасында андан түшкөн киреше экономикабызга белгилүү өлчөмдө салымын кошуп турчу экен. Бирок, эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта токой «Капчылар» тарабынан уурдалып, тонолуп кетти. Мындай абал улана берсе, токойдун кайсы убакта кай жакка жоголуп кеткенин байкабай калышыбыз бышык.

Жаңгактын касиети жөнүндө дагы бир кеп. Бир жолу улуу муундун бир өкүлү менен баарлашып олтуруп, сиз аябай кайраттуусуз, өз жашыңыздан жаш көрүнөсүз бул эмнеликтен?-, деп суроо узатсам, «Бала кезимде Москвадан келген бир бала жаңгактын кабыгын күйгүзүп тамекидей кылып бир жумада бир жолудан тартып көрсөңөр дегенинен тарта баштадык. Көрсө, анын өпкөгө таасири күчтүү болот экен. Азыр ден-соолугум жакшы, өпкөм, жүрөгүм оорубайт»,- деп жооп берди.

Даярдаган Жазгүл Кенжетаева, «Эркин тоо», 22.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий