Урпактар унуткан устат – Нурмолдо

Алгач, колго калем алып бул макаланы жазышыбызга улуу акын Нурмолдонун адабий мурастары жана андагы айрым мисалдар менен соӊку маалыматтардын ортосундагы зарыл тактоону талап кылган жагдайлар түрткү болду демекчибиз

Өзгөчө соңку мезгилдерде жарык көргөн айрым эмгектерде улуу акындын өмүр таржымалына байланыштуу Нурмолдо менен Жеңижок маселесин көрсөтүүгө болот. Соңку маалыматтарга таянсак, айрыкча журналист Калмурат Рыскулов менен белгилүү адабиятчы Советбек Байгазиевдердин эмгектеринде Жеңижок өтө терең урматтаган акындардын бири Нурмолдо Наркул уулу (1838-1920-жж.) экендиги баса көрсөтүлүп келет. Бул маалыматтарда Өтө Көкө уулу Нурмолдо Наркул уулун чоң акын, эскиче сабаты ачылган мударис, же шарият илими боюнча жогорку чекке – олуялык касиетке ээ болгондугу үчүн эле сыйлап, этегине таазим кылбастан, өз устаты катары да кадырлап, анын диний жана табият илимдерин, эң башкысы – рухий-эстетикалык көрөңгөлөрүнүн алтынга алмашкыс нарк-насилин баарынан жогору коёт. Жеңижокту Жеңижок катары таанытып, ааламга акындык көзүн ачкан да Нурмолдонун таалим-тарбиясы, окуган дарстары экендигин Жеңижок өзү оозунан түшүрбөй айтчу экен. Анткени, айылдык молдодон кат-сабаты ачылган Жеңижок ырчы ошол убакта атак-даңкы айтылуу Фергана өрөөнүнө дайын болгон аксылык Кыргызбай молдо Наманган шаарына салган атактуу медреседен эки жыл билим алган. Ал жерде ошол эле аймактан чыккан көрүнүктүү мударистер, уламалар сабак бербей, бүтүндөй Орто Азия чөлкөмүнө таанымал илимпоздор, таланттуу адамдар дарс окуп, чоң илимий, маданий борборго айланган.

Жеңижок устаты Нурмолдодон жети түрдүү билим алып, эки жыл окуган. Андай жети түрдүү билимди ал заманда жогорку тепкичте турган окуу жайлар гана бере алган. Мына ушундан улам орошон төкмө, ойчул акын катары таанылган Жеңижоктун азыркы адамдарга албан-субан шык-жөндөм, бийик чыгармачылык таасир ыроологон алп дүйнөсү так ошондой улуу нукта, так ошондой бийик чен-өлчөмдө калыптанганын айтканыбыз алда канча жөндүү болмокчу. Демек, биз бүгүн суктанып, бир чети таң калган улуу төкмө, орошон ойдун ээси аталган атактуу Жеңижокту да бир кезде мугалим окутуп, устат тарбиялаганын көп этибарга албай келебиз.

“Алиппени үйрөтүп,
Арабчаны с
үйлөтүп,
Кат жаздырып к
өрдүңүз,
Кош-кош тамга сыздырып.
“Ажынаам” ат
үгүл,
Айттырды
ңыз түз кирип.
Не десе
ңиз, ошону
Ниет кылдык биз билип.
Алдык к
үчтү үрөп да,
Ар кыл
өзүн сүрөп да,
Аалымдыктын ушпасын”,
– деп ырдап отурган жаш акынды өз устаты менен айтыштырып, аны “эл алдында сөзгө жыгып, жеңип кеткен, ошондон Өтө Жеңижок ырчы аталып, акындык чоң аброй тапкан” деп айтып жүргөнүбүз кайсыл фактыга, кандай эрежеге сыят? Акыркы жылдары жарык көргөн маалыматтарга таянсак, биздин буга чейинки айткан-дегенибиз, такталбаган макалалардан, бурмаланган китептерден алган жогоркудай такталбаган түшүнүктөр менен ой корутундусун чыгаруу бул өтө эле опурталдуу, анан калса, илимий олдоксон мамилеге жатарын моюнга алышыбыз керек. Андай болсо, анда жаңыдан элге үнү угулган жаш ырчы аталып, “жээн келгенче жети бөрү келсин” демекчи, таякелеринин колунда турганына карабай өзүн эр ойлоп, беттеген жагынан кайтпай курчтук кылып, өзүн эркин сезген Жеңижок менен айтышып, андан жеңилип отурган Нурмолдо ким? Бул кадимки ойчул, агартуучу, акын, олуя, Жеңижоктун устаты Наркул уулу Нурмолдобу, же айрымдар айтып жүргөндөй, башка Нурмолдобу?

Деги Нурмолдо өз шакирти Жеңижокко карай:

“Чоң атаң Күсөй курч эле,
Чоо-жайды билген сырчы эле.
Молдо Кыргыз медресе
Окуган укмуш ырчы эле”,
– деп эскерип отурушунан дайын болгондой, Жеңижоктун акындык өнөргө аралашып, илим-билимге умтулуусу да тегин жерден болбогон экен деген ой да туулбай койбойт.

Анткени менен сабатсыздык күч алган доордо айрым окуялар, фактылар чаташып, эл оозунан алынган маалыматтар орун алмашып айтылып калышы да мүмкүн. Муну айтып жатканыбыздын себеби, жогоруда мисал келтирилген Нурмолдо Наркул уулунун ырынан улам белгилүү болгондой, атактуу ырчы Жеңижоктун чоң атасы Күсөй да билимдүү, акын адам болуп, андагы элге белгилүү Намангандагы Молдо Кыргыз медресесинен окуган экен. Насип кайып демекчи, чоң атасы билим алган ыйык окуу жайдан арадан канча жыл өткөн соң небереси Өтө Көкө уулу да окуп, акын катары ата жолун улап отурат. Ошондон улам маалымат берген айрым адамдар чоң ата менен неберенин оозунан чыккан сөздөрүн, эсепсиз кумдай төгүлгөн ырларын, кээ бир адамдар менен болгон мамилелерин, айрыкча, айтыштарын чаташтырып айтып, азыркы муунду туюк түшүнүккө кабылтып отурабы деген ой да туулбай койбойт.

Улуу муундагы залкар акындардын соңку өкүлү катары арабызда жашап жүрүп, кечээ жакында эле аркы дүйнөгө сапар салган айтылуу төкмө Ысмайыл Борончиевдин жогоруда көрсөтүлгөн белгилүү чыгармасында Нурмолдо ырчы жөнүндө да маалымат берилип, анда:

“Акындыгы зор экен,
Аккыялык Нурмолдо.
Аргендей
үнү шаңкылдап,
Аксакалы жаркылдап,
Карыганда
өттү дүйнөдөн”, – деп айтканына караганда, мындагы Нурмолдо өзүнүн туулуп, турук кылган жери боюнча алабукалык Наркул уулу Нурмолдо эмес, аккыялык Нурмолдо жөнүндө сөз болуп жаткандай туюлат. Чынында, сөз мында алабукалык Нурмолдо жөнүндө болууда. Ал эми атактуу акын жана комузчу Арстанбек Буйлаш уулу кадимки Нурмолдо (Наркул уулу) жөнүндө:

“Адыгине Нурмолдо,
Аят с
өзү бир жорго,
Сымбаты ашкан жан экен,
Шарияттан шар экен.
С
үйлөгөнү курч экен,
Кол жетпеген м
үлк экен”, – деп жогору баа берген. Ал эми “өз шакиртинен жеңилип калган” деп бүгүнкү күнгө чейин тотукушча кайталап келаткан биз үчүн парадокс ушул: жезтаңдай акын Жеңижок устаты Нурмолдо Наркул уулунун акындык, инсандык беделинин канчалык экендигин билбесе, же билгиси келбесе, анда эч качан минтип ырдабас эле:

“Ыргап колдо каламды,
Молдо кылып чыгарган
Кара
ңгыдагы адамды.
Илимий жолго жетелеп,
Тай-тайлатып кадамды.
Т
үбөлүк кантип унутам
Нурмолдодой абамды?!”

Мында “молдо” деген түшүнүк, өзүңүздөр баамдагандай, ыйык “Курандын” бир-эки сүрөөсүнүн ички маанисин өзү так ажыратып түшүнбөй, аны кургак жаттап, кайталаган илгерки “молдокелер” жөнүндө эмес, караңгыдан жарыкка кадам койгон, илим-билимге умтулган чыныгы интеллектуалдуу инсан жөнүндө сөз болууда. Демек, Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет сыяктуу залкар өнөр адамдарын өргө сүрөп, алардын өзүнүн кадимки бийик чыгармачылык сересине чыгуусуна рухий көрөңгө болуп берген устат-агартуучу Нурмолдо Наркул уулу шакирттеринин биринен, Жеңижоктон жеңилип калган деп тыянак чыгаруу азыркы илимий-чыгармачылык жагдайга коошпой калууда. Андай түшүнүктүн болушу да мүмкүн эмес. “Атамдай болгон устатым” деп ырдап, жолунан кыя өтпөгөн (“Пайгамбар мөөрүн көрсөткөн, Карматып калем оң колго. Илимий жолго жетелеп, Тай-тайлаткан Нурмолдо…”) Жеңижоктун устаты Нурмолдо Наркул уулу Орто Азияны толук аралап, Үрүмчү, Кашкар, Казанга барып, ал тургай Индиянын Кашмир калаасында беш жыл жашап, өнөр, билим менен кошо көп тил үйрөнүп (Нурмолдо араб, перс ж. б. тилдерде эркин сүйлөп, ырдаган – автор), Мекке менен Мединага чейин жетип, турмуштук жана чыгармачылык жактан кыйла такшалган Нурмолдо шакиртинен жеңилиши акылга сыярлык көрүнүш эмес.

Ал тургай жаңыдан элге таанылып, азаптуу ала оорусунан элдик дарыгерлердин күчү менен айыккан, жеңи жок кемселчен бала ошол кезде олуя аталган улуу акын, шарият илими боюнча өз мезгилинин чыгаан адамы саналган кадимки Нурмолдого адаттан тышкары суроо салып, текеберлик көрсөтүүгө чамасы жетмек эмес. Ошондой болгон күндө да, андай көнүмүшкө айланган мазактуу суроолорго олуя акын атанган Нурмолдо биринчи жолу туш болуп, Жеңижоктой жаш ырчыны биринчи ирет көрүптүрбү?! Соңку мезгилдеги Нурмолдо ырчынын адабий мурастарынан маалым болгондой, шакирти жеңи чолок кемселчен жүргөндүктөн, Нурмолдо аны “жеңи жок бала” деп чакырчу экен. Ошондон улам Өтө ырчы “Жеңижок” атыгыптыр. Биз болсо эмдигиче эч нерсени элес албай, улуу акын Нурмолдону өз уулундай болгон Жеңижоктон жеңилген деп какшап келатабыз. Айрыкча “гүлдөгөн социализм” доорунда бир акынды башка бир акындан жогору же төмөн коюп, бирин демократ, элдик акын кылып көрсөтүп, экинчисин калкка, саясатка каршы ырдаган реакционер деп айтып келишкенин кантип жашырабыз? Экинчиден, көзү өткөн акын-ырчылардын адабий мурастарын эл оозунан жыйноо, жарыялоо ишинде да көңүлдү өйүгөн көп жагдайлар болуп келгенин жакшы билебиз. Өзгөчө “Өз короомдон кочкор саламын” деген түшүнүк менен кокту-колотко, уруу-урууга бөлүнүүнүн кесепетинен эл арасынан жыйналган адабий материалдарды каалагандай оңдоп-түзөө, биринин чапанын бирине кийгизүү сыяктуу өнөкөт оору менен ооруп келген “адис” жыйноочу-түзүүчүлөрүбүз да жок эмес экенин танууга болбойт. Болбосо,

Изгилери адамдын,
Изин сезип ааламдын,
Т
үрүн көрүп пенденин,
Тамырын кармайт замандын.
Ажырымын к
өрсөткөй,
Жакшы менен жамандын.
Алып барар чегин аныктайт
Адымдаган кадамдын,
– деп, чоң философиялык ой-санаа менен жашаган Нурмолдо Наркул уулунун жүзү элге так өзүндөй таанылууга тийиш.

Талгат Деркембаев, «Саресеп», 17.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий