Кыргыз тилин чет тил катары окутуу: Принциптер, жаӊычылдыктар жана көйгөйлөр

t_usonalievУлам мезгил өткөн сайын кыргыз тилин чет тили катары окутуу өркүндөп, дүйнөлүк тил үйрөтүү калыбына салынып, алгачкы саамалыктар дагы өркүндөтүлүп, кемчиликтер жоюлуп, кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүү багыты калыптанып, туура жолго коюла баштады. Анын методикалык, педагогикалык принциптери иштелип чыгып, методисттер аларга ыӊгайлаштырып, заманбап жана учурдагы талапка ылайык окуу материалдарын түзө башташты. Алар кандайча ишке ашырылууда. Кеп ушулар туурасында болмокчу.

Чейрек кылымдан ашуун мезгилде Президентибиздин, Өкмөттүн жана тиешелүү мекемелердин далай жарлык, токтомдору, көрсөтмө, сунуштамалары чыкты, Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият министрлигинин Кыргыз тилин өнүктүрүү программалары жарык көрүп, аларда белгиленген багыттар боюнча коомчулукта иш-чаралар жүргүзүлүп келди. Бирок ошолор да натыйжаларын аз берди.

Көп мекемелерде, ишканаларда, завод, фабрикаларга кыргыз тилин окутуу компаниясы башталган менен көп өтпөй эле алар ишин токтотушуп, бара-бара көзү соолгон булактай болуп өзүнөн өзү токтотулуп жатты. Анын мисалы, 1989-жылдарда башталган завод, фабрикалардын, мекеме, ишканалардын администрация, уюштуруу кызматкерлерин окутуу, 2012-жылы башталган «Мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлерди окутуу» компаниясын айтсак болот. Эми жакында кыргыз тилин 2014-2020-жылдарда өнүктүрүүнүн Улуттук Программасын ишке ашырууну карай бара жатабыз. Деги үзүрлүү болсун! …

Ошого карабастан мындан чейрек кылым баштагыга караганда учурда кыргыз тилин ЖОЖдордо окутуп-үйрөтүү салыштырмалуу түрдө улам өрчүп, өнүгүп жолго коюла баштады десек болчудан. Ар бир жогорку окуу жайларында мамлекеттик тил боюнча проректорлук деӊгээлдеги штаттар ачылды, ар бир окуу жайларында кыргыз тили кафедралары ачылып иштеп башташты. Жүздөгөн адистер ушул тармакта тырмалаӊдап ушул багыттарды өркүндөтүүгөөбөлгөлөрүн кошуп, бел чечпей эмгектенип келишүүдө. Билесиздер, ошол кафедралардын окутуучуларынын күчү менен окуу материалдары даярдалып, ал бара-бара окуу усулдук колдонмо, окуу китептерин түзүүгө, окуу топтомдорун, окуу куралдарын чыгарууга чейин өсүп жетилди. Башкача айтканда, кыргыз тилин орус тилдүү чөйрөгө, чет тилдүүлөргө жана аны экинчи тил, чет тил катары окутуу чөйрөсүнө багытталган адистердин белгилүү бир бараандуу жамааты өсүп чыкты. Мындан 20-25 жыл мурун бул жараянды жана бул тармакты эч ким элестете алган эмес, ошондуктан бул жагынан караганда сыймыктанып алууга да негиз бар. Бирок бул жараян объективдүү жана субъективдүү себептерден улам ушу күнгө чейин чаржайыт болуп, ар бир окуу жайларынын казанында гана «автономдуу» кайнап, сыртка, бүтүн республикага жаӊычылдыктар жайылбай, таратылбай жатат. Мунун себеби эле ушул азыр коомдун жашоосунун кредосуна айланып бара жаткан өзүмчүлдүккө оролгон «автономдуулук», жалгыздоого көчкөн «индивидуалдуулук», руханий байлыкка эмес, материалдык байлыкка умтулган атаандашуу жана улам турмушубузга тереӊдеп тамырлап бара жаткан кендирди кескен жокчулук. Анткени, түзүлүп иш алып барып жаткан кыргыз тилин өркүндөтүү багытындагы мекеме, уюм, коом, борборлордун көпчүлүгү ар кимиси арабаларын ар кай жакка тартышат, методикалык ар кандай багыттарды, усул-ыкмаларды туу тутушат, ар кандай көз карашта өз казандарында гана кайнашып, бири-бири менен алакалары жок. Билим берүүнүн негизги окуу куралы болгон көптөгөн аталыштагы окуу китептери ошол окуу жайынын же топтордун студенттерине арналып аз санда чыгарылат. Б.а. бул саамалыктарды, авторлордун эмгектерин мамлекет каржылабагандыктан, китеп ээлери ар кайсы мекемелерге буту күйгөн тооктой болуп чуркап суранып жүрүп, аз гана санда чыгарууга жетишет. Алар ошол өздөрү окуткан топтордон ашпайт. Бул баягы бир жолу колдонулган шприцтей эле кеп. Кийинки кездерде булардын илимий табияты, практикалык баалуулугу, кандай чөйрөлөргө окутууга сунушталышы керек ж.б. маселелери боюнча жолугушуулар болсо, илимий-теориялык бир талкуулар жүрсө жакшы болор эле, аттиӊ. Анан калса азыркы коомдогу бардык байланыш-карым-катнаш, мамилелер бир жолу колдонулган шприцтей же кытай товарларындай утурумдук гана болуп калбадыбы.

Ошентсе да ушу күндө уучубуз да куру эмес, аздыр-көптүр оозго алып айтарлык аракеттер болуп да жатат. ЖОЖдордо окумуштуулардын, окутуучулардын кыргыз тилин мамлекеттик тил катары, орус тилдүү топторго, анан чет тилдүү топторго, тилди бөтөн тил, экинчи тил жана чет тили катары окутуу илимий концепциялары же көз караштары жаралып, ар кайсы мекемелерде, белгилүү бир чөйрөлөрдө, топтордо чаржайыт болсо да практикаланып, анын баскан жолун таржымалаган, анын тарыхына саресеп салган айрым илимий китеп, макалалар жарык көрүп, ушул багыттар боюнча методикалык багыттардагы көйгөйлөр чагылдырылган бүтүндөй аттуу- баштуу окумуштуулардын, окутуучулар жамааттарынын эмгектери, кеӊешме, тегерек столдор жарыяланып да жатат. Кыргыз тилин бул багыттарда окутуунун базасы, булагы болгон окуу куралдары, окуу топтомдору, аудио жана видео эмгектер, методикалык колдонмолор, жардамчы жана кошумча эмгектер ж.б. жаралып келүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” №155 Жарлыгы менен тил саясатын өнүктүрүүнүн биринчи кезектеги чаралары жана артыкчылыктары аныкталган. Жарлыкты ишке ашыруунун максаттары белгиленип жарык көргөн «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫна» багытталып, кийинки кезде мекеме, ишканалардын, коом, уюмдардын,, кызматкерлерине жана ар түрдүү себептер менен келген чет тилдүү чөйрөгө расмий жана жеке уюштуруучу иш кагаздарын окутуп үйрөтүү багыттары боюнча методикалык эмгектерди жаратуу жана ушул багыттарда окутуп-үйрөтүү иштерин жүргүзүү иш-аракеттери жанданды. Булардын жалпы өзгөчөлүгү жогоруда биз сөз кылган окутуунун стандарттык принцип-методикасына ылайыкташтыргандыгы жана жогорку жарлык, программалардын максат-мүдөөлөрүн ишке ашырууга жасалган алгачкы аракеттер десек жаӊылышпайбыз. Мындай окуу топтомдорун түзүп иштеп чыгуу көптөгөн тил окутуу борборлорунда да колго алынган. Эмгектердин жалпы усулдук мазмуну, түзүлүшү, максат-мүдөөсү жакшы эле дээрлик, бирок өкүнүчтүүсү — булардын көпчүлүгү аз санда (500-1000) гана чыгарылып, айрым гана темаларды камтып, белгилүү гана топко сунулуп, бир гана колдонуудан ашпай кумга сиӊген суудай болуп, бат эле жоголуп кетүүсү болуп жатат. Анан калса мындай эмгектерди азыр мамлекет эмес, ыктыярчы уюмдар, демөөрчү кишилер, айрым мекеме, ишканалар, же ар кандай долбоорлор каржылап, анын негизинде каржылоочулар, басмалар же кызыкдар фирмалар өзүлөрүнө автордук укукту алып коюп, ошону менен бир жылт этип, анан өчүп калган жылдыздай болуп мындай эмгектердин көлөмү чектелүү, саны аз, өмүрү кыска болуп жатканы жашыруун эмес. Кийинки кезде Кыргызстанда орус тилдүүлөрдөн башка чет элдик жарандар убактылуу же туруктуу жашаган чет тилдүүлөр көбөйдү. Бул көрүнүш мыйзам ченемдүү. Себеби азыркы экономикалык, саясий, маданий ж.б. процесстер жакындашып, техникалык интеграциянын, улуттар аралык ассимиляциянын арааны жүрүп турган убакта бул кайсы өлкөгө, улутка болбосун мүнөздүү кадыресе көрүнүш жана турмуш чындыгы болуп калды. Мунун натыйжасында чет тилдүүлөргө кыргыз тилин үйрөтүү дагы олуттуулукка ээ болду. Ошондой эле чет тилдүүлөргө тилди үйрөтүүнүн дүйнөлүк стандарттары окумуштуу методисттер тарабынан илимий түрдө иштелип чыгып, тил үйрөтүүдө заманбап, жаӊычыл жарактуу методика катары сунулууда. Мунун мисалы катары тилди чет тил катары окутуунун Европалык ПОРТФОЛИОСУН алсак болот. Бул МЕТОДИКАнын негизги өзгөчөлүгү окутулуучу топтун өзгөчөлүгүнө карата бардык окутуу материалдарын жана окутуу усулун, ар бир теманы атайын иштелип чыккан калыпка салып берүү. Башкача образдуу айтканда, бул методикалык багыт-көз караштын өзгөчөлүгү жана ашканада атайын бөлүнгөн порция тамактын элесин калтырат. Ар бир окутулуучу тема илимий түрдө порция-порция боюнча даярдалган, жайгаштырылган жана талап кылынган бардык кичине бөлүкчөлөрү, ингридиент-татымалдары бар. Маселен «Үй бүлө» деген теманын ичинде негизги «окуу, угуу, жазуу, сүйлөө» түрлөрүнөн сырткары көрүү, аткаруу, бышыктоо, кайталоо, сүйлөшүү, ойноо ж.б. деген порциянын ичиндеги майда–майда бардык ингридиент, татымал ж.б. бөлүктөрдөн турат. Бирок булардын бардыгы ошол теманын ичине камтылган тексттердеги лексиканы коммуникативдик-функционалдык ыраатта окутуп-үйрөтүүгө багытталган жана материалды өздөштүрүүчү усул-ыкмалары да белгилүү. Дагы образдуу айтсак; ар бир теманын өзүнүн чек арасы, өз алдынча «автономиясы», ишке ашыруучу рычагдары бар. Окутуучу да, студент да ошол чек арадан чыкпай, бирок чек аранын ичиндеги темага тиешелүү лексикалык корду, грамматикалык материалдарды ал теманы ачып чыга турган атайын бөлүнгөн усул-ыкмалардын, курал-каражаттардын (кошумча окуу, угуу материалдары, аудио-видео, көрсөтмө курал, ж.б.) жардамы менен окутуп жана үйрөнүп чыгышат. Окуу топтомунун жаӊычылдыгы катары керектүү кеп интенцияларынын көпчүлүгүнүн чагылдырылгандыгын белгилеп кетсек болот. Алардын арасында маалымат алуу, сурап билүү, тактоо, ниетин билдирүү, сунуштоо, божомолдоо, макул болуу, макул болбоо, ырастоо, бекемдөө, тануу, төгүндөө, сүрөттөө, баяндоо, кабарлоо, жарнамалоо ж.б. Булардын бардыгы теӊ чет элдиктин же тилди үйрөнүүчүнүн сүйлөшүүсүнө карата сөзүн өнүктүргөн, лексиканы тереӊдеткен, практикалык колдонууда, баарлашууда, маектешүүдө, албетте, өтө керектүү нерселер. Тилди үйрөнүүчүлөр өзүлөрүнүн жетишкендиктерин өзүлөрү баалоо шкаласы боюнча баалашат. Бардык баалоолор тексттин ичинен иштелип чыккан ТЕСТтик текшерүүлөр аркылуу, так эсептөөлөр менен жүргүзүлөт. Анан окутууга, угузууга, көргөзүүгө ж.б. алынган тексттер улуттук же аймактык гана баалуулуктарды чагылдырбай, бүтүндөй дүйнөлүк баалуулуктарды, жаӊы ачылыштарды камтыгандыгында. Мына ушул жаӊычылдыктарды жетекчиликке алган КТМУнун Кыргыз тилин үйрөтүү координаторлугунун эмгек жамааты жакында эле «Алтын көпүрө» аттуу анын жашоо тарыхында 3 муундагы окуу комплексин (окуу китебин, окуу колдонмосун, көнүгүүлөр жыйнагын, мугалимдер колдонмосун, дисктерин) иштеп чыгышкан. Жогоркулардан тышкары бул окуу топтомдорунун өзгөчөлүгү көрсөтмөлүүлүккө багытталгандыгында, техникалык азыркы жетишкендиктерге ыӊгайлаштырылгандыгында. Бул окуу топтомдору басылып чыгып, кийинки окуу жылынан тарта ушул окуу топтомдору менен окутуп-үйрөтүү жүргүзүлөрүн кубануу менен кабарламакчыбыз.

Тойчу Үсөналиев, кыргыз тилин үйрөтүү координатору,
Кыргыз-Т
үрк «Манас» университети,
“Кутбилим”, 25.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий