Өзүнүн тарыхында адамзат… (2)

“Өзүнүн тарыхында адамзат тарабынан башкаруунун – адамдарга таасир этүүнүн бири биринен айырмаланган болгону үч аргасы иштелип чыккан. Биринчиси бийлик жана ага баш ийүү иерархиясы; Экинчиси – жүрүм – турумдарды жөнгө салып турган баалулуктар, социалдык нормалар, талаптар, көнүмүштөр, адаттар, каада салттар; Үчүнчүсү – менчик мамилелерге негизделген рынок. Турмуш жүзүндө чарбалык, социалдык системаларда ушул айтылгандардын баары орун алган. Маселе кайсы түрүнө артыкчылык берилгендикте. Ушунун өзү коомдун экономикалык уюмдашуусунун маани – маңызын, жүзүн аныктап турат ” (профессор Л.И.Евенко, Основы менеджмента. М. 1997).

Республикабызда башкаруунун ушул үч түрүнүн кайсынысы артыкчылыкта, биржаңсыл аныкталган эмес. Эгерде аныкталган, ачыкталган, коомчулукта тамырланган болсо, абал тынчып, бир беткей багыт түптөлүп калмак.

Кыргыздарга, Кыргызстан элине башкаруу маселесинде артыкчылык бериле турганы, ылайыктуусу албетте – экинчиси.

Байыркы, каада салттуу эл экендигибиз талашсыз. “Падыша бийлигинен салт күчтүү”. Эл оозунда бул эзелтеден бекеринен айтылып калган эмес. Салт деген эмне? Манас дастанында элибиз жөнүндө айтылат эмеспи “төгөрөктүн төрт бурчуна тегиз маалим салты бар” деп.

Бир кездерде “Хан таламай” деген салт болгон экен. Ал мындай: билгилердин бири хандыкка шайланганда, анын дүнүйө мүлкү мал-тегеси таламайга алынып, анан эл, ар уруу эмне керек болсо четинен берип турушчу экен, бардык кем-карчын толуктап, журт башчы, бийлигине таянып, дүнүйө жыйнамайга ооп кетпесин, элге көз каранды болуп турсун, бийлик менен эл ортосунда байланыштуулук болсун деп. Бул деген — бабалар заманындагы кыргыз элдик акылмандык салт, бийлик менен эл бир бүтүндүктө болсун деген маани. Тилекке каршы азыр, бийлик менен байлык бир бүтүндүк болуп, бийлигиң болсо байлыкка ээ болосуң, байлыгың болсо бийликке жетесиң деген абал элибиздин элдигине эбегейсиз зыян келтирүүдө, шайлоолор тандоо эмес, алдоого айланып.

Элибиздин элдик табиятына жат, батыштагылардын өздөрүнө ылайыкташылган жактарын жалгоодон өзөгүбүздөн ажыраган эл болуп калып жүрбөйлүк! Барып-келип баары өзөккө жараша болору бул – табигий мыйзамдуулук.

Нечен жыл болду, далай коомчулук күчтөр Курултай институтунун бүт эреже тартибин азыркы заман талабына жараша иштеп чыгып, ал конституциялык негизде кабыл алынышын талап кылып атышат, курултай аркылуу гана элдик бийлик өз ордун ээлейт деп. Маселенин айтылбаган чоло жери калган жок. Тамчы таш тешет дегендей, мисалы мыйзам чыгаруу бийлигиндегилердин арасынан маселеге маани бере баштагандардын карааны калыңдап бараткансыйт. Болсун дейли!

Башкаруу деген эмне? Бул деген – көрсөтмө, тапшырма берүү, милдеттендирүү, аткарылышын талап кылуу, көзөмөлгө, талдоого алуу, иш боюнча өткөрүлчү жыйындар, алардын алып барылышы.

Көп жылдар бою “Билим” коомунда иштегем. Башкармалыгынын төрагасы академик Асылбек Алтмышбаев эле. Президиумдун олтурумдары болот. Карала турган маселелер, алардын түшүндүрмөлөрү, чечим алдын ала даярдалат, талкуу башталат. Маалымат айткандарга суроо деле берчү эмес. Баарын унчукпай укчу. Акырында караган маселенин жөн-жайын чечмелеп айткан багыттамаларындагы ой, жүйө тереңдиктер баарыбызга өзүнчө бир мектеп эле. Иши талкууга алынгандардын ар бири ар дайым жаңыланган сыяктуу абалда калчу.

Иш боюнча жыйындар кыя өтө алгыз зарылчылык жана байыртадан берки маселе. Ар бир элдик кулк-мүнөздөргө жараша жактары да бар. Сөз баккан эл катары, журт башчыларында салт, нарк сактоо, көпчүлүк алдында таамай сөз өзгөчөлүк элибизде байыртадан мүнөздүү болгон тура. Академик Асылбек Алтмышбаевди бир ооз эскерип, аны менен кошо айталы дегенибиз, азыр эмне көп жыйын көп, ошолордун ар бириндеги айтылгандарда адамдарды арууланткан таасирлер канчалык терең болсо, келечегибиз ошончолук кенен болор эле деген ой.

Кежалы Сарымсаков, «ЖАНАЗЫК», 30.07.2012-жылы терилген

Соц тармактар:

Добавить комментарий