Кошой-Коргон

Кошой-Коргон тарыхый эстелиги Нарын облусунун Ат-Башы айылынан 12 км аралыкта жайгашкан. Чеп тик бурч формасында курулуп, аянты 245х250 метр (кээ бир маалыматтарда узундугу 1000 метрге жеткен коргон менен курчалган). VII-XII кылымдарда бул коргондун ичинде чоң шаар болуп, анда кадимкидей турмуш өкүм сүрүп, шаардагылардын көбү кол өнөрчүлүк менен алектенишкен экен. Азыр чептин ичинде шаар турмушун чагылдырган бир да имарат сакталып калбаганы менен жерди оё жасалган мештердин издери калган. Өз убагында чептин бийиктиги 10 метрге жетсе, биздин күндөргө ал ураган абалда жеткен.

Уламыштарда бул коргонду Манас эпосундагы Хан Кошой курдуруп, кыргыз элин кытай тараптан келген душмандардан 30 жыл сактап тургандыгы айтылып жүрөт. Ошол кездерде Коргондун төрт тарабында бийик мунаралары, туурасы эки араба батчудай бийик дубалы болгон экен. Ал жалаң чопо топурактан бекем курулгандыктан чепти эч бир душман бузуп кире албачу дешет. Ошондуктан бул коргонду жоо албас коргон деп аташчу экен. Дубалдын чопо топурактан курулушу да табышмактуу. Анткени, коргондун аймагынан дубалды тургузууда колдонулган курулуш материалдары жокко эсе. Жергиликтүү калк арасында жоо албас коргондун топурагы башка жактан алынып келингендиги жөнүндө кептер айтылып калган.

 

Уламыштарда

Жоо албас чеп жөнүндө түркүн уламыштар айтылып келет. Алардын биринде Коргондун элин башкарган баатырдын эрке аялы жөнүндө да кеп бар. Баатырдын эрке аялы күндө коргондун дубалынын үстүнө чыгып сейилдеп, сайран курчу экен. Баатыр аялын өтө жакшы көргөндүктөн шыйракты чагып, майына тамак жасатып берип, сыйлачу дешет. Күндөрдүн биринде душмандар эрке аялдын сейилге чыгаарын күтүп жатышып аны уурдап кетишет. Баскынчылар аялды азгырышып, амал менен коргондун эли качан өздөрү багынып берээрин сурашат. Ошондо акылы кем аял булактын оозун тыйсаңар эл өзү эшикке чыгат деп жооп берип, элин чоң түйшүккө салган экен. Баскынчылар аял кайсы булакты айтып жатат деп таң калышат. Көрсө, чептин жанында суу акпай, элди башкарган баатыр чептен алысыраак жерден суу тарттырып келип коргонду суу менен камсыз кылчу тура. Душмандар аялдын жообунан так ошол сууну буруп коюу керектигин түшүнүп, дароо ишке киришишет. Жоо албас коргондун эли көптөгөн күндөр суусуз жашап, акыры амалдуу душманга эшигин ачып, багынып беришет. Шаар-Коргонду багындырган душман баатырдын эркесин аялдыкка алат да бирок, аялга сени чексиз сыйлаган күйөөңдү сатсаң, мени да бир күн сатасың деп төөгө сүйрөтүп салган экен. Эл оозунда ошол убактан тарта коргондун бузулуу процесси башталган деген маалыматтар бар. Тарых булактарында болсо Кошой коргон Чыңгызхандын чабуулдарынын учурунда бузулган деп айтылып жүрөт. Бирок, бул маалыматтар тарыхта тастыкталган эмес. Себеби, душмандар жергиликтүү элдерди туш тараптан эле басып кире беришчү экен. Христиан динин тутунган Күчлүк каган да ошол убактарда Жетисуунун мусулмандарын багындырып алууга көп аракеттерди жасаган. Ошондо Күчлүктөн корккон жергиликтүү калк монголдорго жөн эле эшиктерин ачып беришкен деген фактылар бар тарыхта. Мисалы, Баласагын шаары да ушундай кырдаалда моңголдорго өз эрки менен багынып беришкен. Себеби, моңголдор Күчлүктөн айырмаланышып диний эркиндикке мүмкүндүк берген жана тынч багынып берген шаарларды кыйратышкан эмес. Ошондуктан Кошой-Коргондун Чыңгызхандын чабуулунан кийин урай баштаган деген гипотеза четке кагылган.

 

Тарыхта

1940-1950-жылдарда тарых изилдөөчү А.Н. Бернштам Ат-Башы аймагын изилдеп жүрүп, Кошой- Коргондун Чыңгызхандын убагында бузулбаган деген божомолду айткан. Анын изилдөөлөрүнө ылайык Кошой-Коргон XIV кылымда Маверенахрдын императору Темирдин убагында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Бирок, бул ойду 1980-1989-жылдары М.Н.Федоров, М.И.Москалевдун жетекчилиги астында жүргүзүлгөн археологиялык экспедиция жокко чыгарган. Бул экспедиция Шаар-Коргон VII кылымда курулуп XII кылымда кыйроого учурагандыгын далилдешкен. Алар чептин монголдор басып алгандан кийин акырындык менен кыйроого учурап отургандыгын дагы бир ирет тастыкташкан. Ал эми чептин аймагынан Маверенахр императорунун доорунан маалымат берчү бир да буюм табылбагандыгын айтышкан. Бирок, тарых барактарында Ат-Башы өрөөнүндөгү хан ордолор жөнүндө XVI кылымдын ортосуна чейин маалыматтар бар. Мисалы, XV-XVI кылымдарда жазылган Мырза Хайдар Курендуглаттын «Тарих- и-Рашиди» тарыхый дил баянында XIV-XV кылымдарда Ат-Башы Монголстандын ханзаадаларынын биринин хан ордосу болгондугу жөнүндө айтылат. Демек, бул аймакта хан ордолордун XV кылымга чейин бар болгондугу тарыхый факт. Бирок, окумуштуулар ал хан ордонун Кошой-Коргонго тиешеси бар же жок экенин так айта алышпайт.

Кээ бир тарыхчылар Кошой-Коргонду бүтүндөй Тянь-Шанды башкарган түрк кагандарынын ордосу болгон деп жүрүшөт. Улуу Жибек жолунда жайгашкан бул чепти уламыштарда жергиликтүү калктын согуш учурларында душмандан коргонуу үчүн атайын курулган чеби дешет. Окумуштуу Бернштам да бул ойду тастыктап, орто кылымда Ат-Башы өрөөнү кол өнөрчүлүктүн, сооданын жүргүзүүнүн борбору болуп (коргон Улуу Жибек жолунун Кашкар менен Фергана өрөөнүн байланыштырган аймагында жайгашкан), ушул аймакта көчмөн калктардын аскер башчыларынын ордосу болгондугун жана бул чеп согуш учурунда аялдар менен жаш балдардын жашынып жатчу коргону болгондугун айткан. Бир нече археологиялык экспедициялардын натыйжасында Кошой -Коргон бүтүндөй Түркстанды башкарган түрк кагандарынын ордосу болгондугу божомолдонуп, коргондун аскердик чеп катары, соода борбору катары мааниси зор болуп турган мезгили X-XII кылымдарга туура келгендиги тастыкталган.

Бул тарыхый эстелик азыркы күндө заманбап реставрацияланбаган жана ачык асман астында ар кандай жаратылыштык факторлордун таасиринен жок болуп кетүү коркунучунда кабылган эстеликтердин катарына кирет. Ошол себептен, 1980-жылдарда коргонду изилдөө иштери кызуу жүрүп, бирок союз тарагандан кийин токтоп калган. Ошол мезгилдерде тарыхый эстеликти мыйзамсыз казуулар болуп, табылган буюмдар чет өлкөлөргө да алынып чыгарылып кеткен. Учурда бул жагы колго алынып, коргондон алыс эмес аймакка 2007-жылы атайын музей уюштурулган. Анда Кошой-Коргондон табылган тарыхый мааниси бар буюмдар, ташка чегилген жазуулар сакталып турат. Шаар коргондон көбүнчө карапа, чопо идиштер табылган. Ушундан улам археологдор шаар элинин кол өнөрчүлүк, мал багуу менен алектенишкендигин божомолдошкон. Себеби, коргондун аймагында дыйканчылык кылууга мүмкүнчүлүктөр жок.1894-жылы академик, чыгыш таануучу В.В.Бартольд «Бул аймак деңиз деңгээлинен 7000 фут бийиктикте жайгашып, катаал климаттуу тоолуу аймак болсо, туруктуу жашоого мүмкүн эмес го»,-деп таң калган. Ошондуктан да кээ бир окумуштуулар Кошой-Коргонду көчмөн элдердин жер которуу процесстеринде убактылуу жашап турчу жайы болушу мүмкүн деп да божомолдошкон. Айтор, айтылуу Кошой-Коргон жөнүндө бири-бирин танган түрдүү уламыштар, тарыхый маалыматтар көп. Ошондуктан сырдуу коргон 1859-жылдан тарта бүтүндөй Европанын тарыхчыларын өзүнө тартып келет. Анткени, ал биздин күнгө чейин толук жетпей калган. Ошол себептен эски Шаар-Коргонго зыяратка баргандар анын тарыхын, уламыш кептерин өзү каалагандай кабыл алып, шаардын көп кылымдар мурдагы жашоосун өзү каалалгандай элестете алат. Европанын археологдору менен тарыхчылары бул эстеликтин эң чоң утушу дешет. Себеби, ал реставрациядан өткөрүлбөй башкача айтканда адамзат цивилизациясынын колу жетпеген бойдон ушул күнгө чейин сакталып калган. Дүйнөдө мындай эстеликтер манжалап саналат.

Даярдаган Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА, «Эркин тоо», 22.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий