Агындылар

ЭНЕМДИН ЖОМОГУ

…Илгери, илгери жыландар да адамдар менен камыр-жумур болуп жер үстүндө чогуу жашаптыр. Адамдар мал баккандыктан ар дайым чөбү күчтүү жайыттарды, суусу мол жашыл төрлөрдү издеп, ашуудан ашуу кезип, деңизден деңиз кечип, тынбай көчүп-конуп жүрсө, жыландар аларга окшоп жер которбой, талаа-түздөн жылбай, алтын-күмүшүн кайтарып, тынч өмүр сүрүптүр. Агезде алтын-күмүш, жакут, бермет деген асыл таштын баары азыркыдай жер астында эмес, ачык эле жер үстүндө чачылып, жайнап жатчу экен.

— Жыландар да биздей эле адам болгонбу?

— Ооба, жыландар да биздей эле адам болуптур. Кыз алышып, кыз беришип, ынтымактуу жашаптыр. Анан калса жыландын кыздарынын баары чымындын бутун, көгөндүн көзүн тайгылткан ашкере сулуу чыгып, кудай да алардан эч жакшылыгын аябаптыр. Буулукса булутка жуунтуп, бук болсо булакка киринтип, бейиштин төрүн ыроолоптур. Кыздары ашкере сулуу жана акылдуу болгондуктан бу дүйнөдө жыландын кызына ашык болбогон, алыс менен жууктан куш канатын, ат туягын талытып, кыздарына куда түшпөгөн жан калбаптыр. Бирок жыландардын падышасы кыздарын куда түшкөн эле кишилерге кармата бербестен, күйөө болчу жигиттердин баарын а дегенде Сокур сынчынын сынынан өткөрүп сынаптыр. Бир сонуну, жыландын кызын алган жигиттердин укум-тукумунун баары акылдуу, сулуу болуп төрөлчү дешет.

А, атаганат, ким эле акылдуу, ким эле сулуу болгусу келбесин. Акылдуу адамдар сулуу болалбаганына өкүнбөгөнү менен акылдуу болалбагандардын баары эле сулуу болгусу келет турбайбы. Ошентип акылдуулар менен акылсыздардын ортосунда жаңжал чыгыптыр.

— Эмне үчүн жыландын кыздары сулуу, биздин кыздар сулуу эмес? Эмне үчүн жыландын кыздары акылдуу, биздин кыздар акылдуу эмес? – дептир акылсыздар.

Ойлоп-ойлоп олтуруп: «Буларды сулуу да, улуу да, акылдуу да кылган алтыны менен күмүшү, асыл таштары» — деген тыянакка келишет.

— Алтын-күмүштөрүн тартып алабыз! – дешет.

— Асыл таштарын басып алабыз! – дешет.

Анан баягы акылы да, эси да жок ачкөз адамдар кара сууга кан куюп, жыландардын ордосун жылас кылганга өтөт. Алтын, күмүш, асыл таш койбой талап, тоноп, ташып кетет. Жашап турган үйлөрүнүн ичи-тышын алтын менен ороп, алтынга толтурат. Бирок анткенден бири дагы акылдуу, бири дагы сулуу болуп кетпейт. Кайра жер үстүн кайгы басып, Кара шаар карып-мискинге, Ала шаар азгын-тозгунга толуп, санаасыз жашаган элди заматта кара көпөлөк айдап калат. Айыл-кыштактардын пейили тарып, жерди ачкөздүк менен караңгылыктын тумоосу каптайт. Калкты кара басып, ыйман ыдырап, карыдан нарк, калктан салт, калаадан калк качат. Каракчылык, куулук-шумдук, айла-амал күчөйт. Акыл, таалим-тарбия, билим алтынга алмашылат. Баягы көк жашыл төрдү мекендеп, гүлдөн гүл тандап, төрдөн төр тандап, тилегенин жерден, көксөгөнүн көктөн алып, санаасыз көчүп-конуп жашаган эл алтынга азгырылып, туйлап минген тулпарын, айдап жүргөн малын сатып, Алтын Ордодогу каракчылыкка аралашат.

Ушунун баарын көрүп турган жыландардын падышасы акыры көз жашы көлдөгөн элдин кайгы-муңун Кудайга жеткизет.

Кудай анан обору оюлган көрпенделеринин наадандыгына нааразы болуп, жылан-адамдардын баарын кадимки сойлоп жүргөн жыландарга айлантып, алтын-малтыны менен жети кабат жер алдына жөнөтүп, адамдарды болсо ач көздүктөн арылсын деп жер үстүнө калтырат.

Ошол кезде жылан падышасынын жаңы эле үйлөнгөн Айнек деген кызы менен Мамек деген күйөө баласы Улар-Тоонун ууз кымызын уулап, жайлоолоп жүрүп кайтып келатса артынан чокулары түтөп турган туташ жылаңач аска курчап, алдын күү-шаа түшкөн деңиз курчап калган болот. Айнек менен Мамек жээк бойлой ары чуркап, бери чуркап жүрүп булуңда турган жалгыз кайыкты көрүп, жетип барышса:

— Кайык бир гана кишилик, эки киши түшсө чөгүп кетет, — деген үн угулат.

Селейип туруп калышат. Мамек шашып-бушуп, кайыктын ташка оролгон жибин чечип алып, бирөө тартып алчудай билегине чырмай салат. Айнек Мамекти, Мамек Айнекти тиктейт.

— Мамек, менин боюмда бар, — дейт анан Айнек ошондо.

Жанатан бери эмне айла табарын билбей турган Мамек сүйүнүп кетти. Аябай сүйүнүп, жүзү албырып кетти. Айнек Мамектин жайнай түшкөн каректеринен аласалып жаткан толкундарды көрүп, наристеси тууралуу кабарды угары менен күйөөсүнүн төгүлүп-чачылып кеткенине жетиналбай:

— Биз сөзсүз эркек балалуу болобуз, Мамек, — деди.

— Айнек, кайык бир гана кишини көтөрөт, эки киши түшөрү менен чөгүп кетет дегенди уккан жоксуңбу? Боюңдагы бала менен сен экөө болуп атпайсыңарбы, — деди ал.

Айнектин таттуу ой-тилеги, үмүтү, жалбырттаган деми шыргалаң муз баскандай сууй түштү.

— Баарыбыз чөгүп өлгөнчө жок дегенде бирөөбүз тирүү калалы Айнек? Карачы, кайыктын эки кишини көтөралбаганын?

— Кантип көтөралбасын? Балабыз али төрөлө элек белги бойдон эмеспи. Ал азыр курсакта ымыркай да боло элек бойдон жатпайбы. Мен азыр эки эмес, бир эле кишимин Мамек. Айтсаң, бир эле кишимин го, көрбөй турасыңбы?

— Силер экөөсүңөр Айнек, экөөсүңөр. Боюңда болгондон кийин экөө болосуңар. Боюңда болбогондо жалгыз болмоксуң. Боюңда болбогондо кайыкты сага бермекмин, сөзсүз сага бермекмин.

— Мени аябасаң дагы балаңды аясаң болбойбу, Мамек?

— Мени эмне, бала менен сени аябайт деп турат дейсиңби? Мен эмне, болгусу келбейт деп турат дейсиңби? Силер экөөң болгон үчүн кандай кыларымды билбей айлам куруп атпайбы. Эмне үчүн ушуну түшүнбөйсүң? Жок дегенде боюңда бар экениңди айтпай койсоң болбойт беле? Эч ким сенден «боюңда барбы?» деп сураган жок го. Өзүң эле айтып салбадыңбы, айтып салгандан кийин биз эми Кудайды кантип алдайбыз? Оозуңдан сөз чыккандан кийин эсебине Кудай сени эки киши деп каттап салды да.

— Балабыз али Кудайдын тизмесине каттала турган куракка жетелек Мамек. Ал азыр уруктан өнүп угут да боло элек, көк шыргалаң суу гана бойдон. Кудай курсактагы баланы үч айдан кийин каттайт. Азыр ага бир ай да бололек. Ошон үчүн мен эки киши эмесмин. Мен бир эле кишимин Мамек.

— Жок, андай эмес Айнек, Кудайды карап сүйлө? Бир кишимин деп кантип калп айтып жатасың? Кудайды кантип алдап жатасың? О, кудуреттүү Кудай, менин ушинтип кара жанын жеп, калп айткан аялымдын күнөөсүн кечире көр? Мындай экенин билгенимде муну мен эч качан аял кылып албайт элем. Муну мен жылан падышасынын кызы деп, ааламдагы ашкан сулуу деп, акылдуу деп, канчалаган малымды, канчалаган акчамды калыңына чачып жүрүп алдым эле. Мен мунун мындай кара бет экенин билгенде үйлөнбөй койбойт белем! Жанына жакын жолобой койбойт белем! О, Кудай, кечире көр!

— Мамек, эмне деп атасың? Эгер жараткан алдында чындап эле күнөө кылган болсом Кудайга сени арачы салбай эле өзүм кечирим сурап алганга акылым жетпейт деп турасыңбы? Кайсыл жазыгыма мен үчүн Кудайдан кечирим сурап атасың? Эмне, мен Кудайга балалуу болгонум үчүн күнөөлүүмүнбү? Ак никелүү аялың болуп туруп, өзүңдөн балалуу болгонум үчүн күнөөлүүмүнбү? О, Кудай, бул эмне деген шылдың? Мен сенин: «Керек болсо сен үчүн жанымды берем! Сен үчүн селди тосуп, отко түшөм», «Кудайдан кийин эле сени жакшы көрөм» дегениңе ишенбей, жалынып-жалбарганыңа ниетимди бербей туруп боюма бүтүрсөм ошондо күнөөлөсөң болбойбу? Мен сенин көзүңө чөп салып, бирөө менен ойноп жүрүп боюма бүтүрсөм, ошондо күнөөлөсөң болбойбу?

Кет, Мамек, кет, кетип кал! Кудай сага жол берсин! Сен ашчу тоолор жапыс болсун! Сен кеччү деңиз тайыз болсун! Оомийин!

…Мамек жанталашып, өтүгү менен суу кечип барып кайыкка олтурду да артына кылчайып да койбостон сүзүп жөнөдү.

Жанатан түтөп жаткан жанар тоо эми от бүркүп, туш-тушка чачырап, асман да, жер да өрттөнө баштады. Кызыл аттын куйрук-жалындай сапырылган жалын көктү көздөй атылып барып кайра жерге жапырылып, жерге түшүп жайылып, коргошун болуп көлкүлдөп аккан кара кочкул кыян-сел тең оттун ортосунан жарыла берип, Айнек сулууну ыпысык кучагына ороп алды да жолундагылардын баарын жалмап, баарын кайсап, баарын мойсоп, камырдай жууруп, алаа-салаа болуп деңизди көздөй агып келатты…

О Кудай, жаратканыңдан айланайын, ошондон кийин деле жер үстүнөн ачкөздүк деген эмеси жоголуп кеткен жок.

Мына ушул Жыланды-Коонун башында илгери Алтын-Булак анан Күмүш-Булак деген эгиз булак болгон деп айтышар эле. Булактын нугу кийин эле жылан сыйпагандай жок болуп кетти, болбосо чет-чеберин бала кезде мен да көрүп калдым. Анан күндөрдүн биринде ошол эгиз булак кошулган жердеги көк иримге ай десе айдан, күн десе күндөн сулуу келин кичинекей бала ээрчитип келип, жуунуп кетип турганы жөнүндө кеп тарайт. «Таң супа салганда келет экен» деп бири айтса, «жок, кечки үрүлдө келет экен» деп бири айтып, айтор көпкө дейре чын-бышыгы билинбеген аңыз кеп айыл аралайт.

Шайлобек Дүйшеев, “Де-факто”, 27.06.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий