Жамыга жарыгын чачкан жан эле…

2006-жылдын 13-февралында же 70 жашка чыгарына туптуура бир ай калганда ысымы калкына аттын кашкасындай таанымал таасын таланттуу уулубуз Салижан Жигитовду акыркы сапарына узаттык. Салижан мен деген азаматтын башына батпай турган акылы, куудулдардын кумири кулдук урчу азили, бийлик менен байлыкка эгедер эсер арзыган даңазасы жана жаамы жарандарга жылдызынын жагымдуулугу жагынан азыркынын пайгамбарына окшоп кетчү.

Мындай дегенибиздин себеби — өткөн кылымдын 40-50-жылдары сабаттуу кадрларга каатчылык болгондуктан ликбезден арип таанып калган Жигит аксакалды колхоздун раистигине шайлашат. Бул дээринен зирек, зээндүү адам чарбанын бүт малынын, данынын, бар байлыгынын эсеп-кысабын жадыбалдай жатка билет. Анда районго тапшырчу жылдык отчет деген болгон. Кезек Жигит аксакалга келгенде ал дайыма картонго окшогон саргыч бир баракты кармап туруп, шатырата маалыматтарды бере баштаган. Аны сынамакка отчет алып жаткан райжетекчилер туурадан суроо берип калса, ал баракты карабай туруп цифраларды чубатмага сала берген. Демек, ал кишиде компьютердегидей эс тутум болгон.

Муну мен эмне үчүн айтып жатам? Медицинада кандын генетикалык из улашы бекеринен айтылбайт турбайбы. Атасынан ашкан эс тутумга эгедерлиги Салижанды кыргыз адабиятынын тарыхына байланыштуу кыйчалыш маселелерде ажат ачкан ачкыч табууга жарады.

Салижанга дос-эш, курдаш-сырдаш болгомун дегендердин эч кимисинин сөзүн төгүндөп, каяша айткым келбейт. Ал өмүрүндө бирөөгө сыртын салып, бөлөк-бөтөнсүң дечү эмес. Кай чөйрөдө болбосун, тааныганы-тааныбаганына карабай атайы эле азилдешип, күлкү чыгарып, жанындагыларды карк кылып, өзү да жарпы жазылып калчу. Буга бир себеп – анын ар кай тилдерге ашкере жөндөмдүүлүгүндө эле. Ошонун аркасында М.Жалилди, Н.Хикметти, М.Каримди, К.Кулиевди ж.б. түркий тилдүү элдердин акындарынын чыгармаларын оригиналдан которбодубу!

Мен Саликем менен университетте окуй баштаганда тааныштым. Ошол 50-60-жылдары ЖОЖ студенттерин айыл чарба жумуштарына тартуу салтка айланган болчу. Башка курстагылар менен кошо филфактын журналистика бөлүмүнө жаңыдан алынгандарды да бир күн окутпай түштүккө алып жөнөштү. Ошондогу бир орунга 10-15тен талапкер ат салышкан конкурста намыс алган биз кубанычтын шарданы менен баш-аякты жыйганга да чоло болбой турушубуз менен эле аттанып кеттик.

Пахтачылык боюнча ири Ленин районуна КМУнун студенттерин алып баруу салт болуп калган экен. Поездде тарткан азап аз келгенсип, автобус менен араң жеткен «Комминтерн» колхозунда студенттерди күткөн эч ким жок сыяктанды. Анткени, жатакана, ашкана камы көрүлбөптүр. Бир факультеттин студенттери бүт колхоздун эски клубунун алдында котолошуп туруп калдык. Бизге жетекчи болуп барышкан окутуучулар К.Иманалиев, С.Давлетов, Ж.Субанбеков чарба жетекчилери менен сүйлөшүп, маселени тезинен чечебиз деп кетишкен. Түн киргенге чейин алардан кабар жок, ачка кезерип олтурган студенттердин ачуусу келип, кыжыры кайнай баштады. Ошол учурда окутуучуларыбыз бети-башы майланышып, көтөрүңкү маанайда келишти. Алардын маселе эртең чечилери жөнүндөгү жообу эч кимди ынандырган жок. Ошондо чыканактай болгон бир студент ортого чыгып, мындай мамиле малга да жасалбай тургандыгы, чарба жетекчилеринин тил эмизгенине көнүп, студенттердин кызыкчылыгын коргой албаган окутуучулардын жоопкерсиздиги, кечиримсиз келишүүчүлүгү жөнүндө чакылдап айтып жатты дейсиң — биринчи курстагыларга бул көзү жок эле эрдик көрүндү.

Ошол устаттарыбыз поездде баратканыбызда жолмо-жол тартип, адеп-ахлак тууралуу кулагыбызга куюп келишпеди беле. Эми бул студенттин дооматтары адилет болгону менен ага терсаяктыктай көрүнүп, окуудан чыгарып ийишпесе экен деп ичибизден аяп да турдук. Ошо кезде илимдин кандидаты наамын алгачкылардан болуп алган Киреше агайыбыз бул тапан студенттин жүрөк үшүн алайын дегендей опурулуп кирди эле, «адегенде биздин алдыбызга соо абалда келиңиз» – деп жаагын жап кылды. Атакөрү, бул көк жалдын аты-жөнү ким, кайсы курстун студенти болду экен деп элейип биз турабыз. Ал күнү окутуучуларыбыздын шымы шыпырылып, кекетип-мокотконунан пайда чыкпай калды…

Ошондо биз өткүрлүгүнө тан берген 3-курс-тун студенти Салижан Жигитов экен. Өзү котурепейдей болгону менен окумалдыгы, ой жүгүртүүсү жана азилкечтиги менен ал ошондо эле өзү курдуулардын лидерине айланган болчу. Качан көрбө, аны теңтуштары курчап алып, кызыктуу бир аңгемесин муюп угуп жатышкан болор эле. Орустун музыкалык искусствосунун тарыхында анын кийинки өсүп-өнүгүүсүнө эбегейсиз роль ойногон «Могучая кучка» аттуу чыгармачылык алгоолошуу ийрими болгон. Анын сыңарындай кыргыз адабиятында да 50-жылдардын акырында чыгрмачыл күчтөрдүн жаңы мууну жаралды. Аларды такшалтып, тарбиялаган уя университет болду. Аерде уюшулган адабий ийримге андагы студенттер Ж.Садыков, Б.Жакиев, М.Байжиев, К.Бобулов, Э.Турсунов, С.Асанбеков, Ж.Абдыкалыков, Б.Карагулов, С.Жетимишев, М.Буларкиева, Э.Ибраев, А.Жакыпбеков, М.Сейталиев, Т.Молдобаев, И.Мансуров, Т.Аскаров, Э.Медербеков, Э.Чопиев, О.Султанов, С.Урманбетов, А.Касымалиев, Ш.Абдылдаев сыяктуу адабият айдыңына өз алдынча чыйыр сала баштаган жана кийин көч башына чыгышкан кажарлуу калемгерлер болгон. Албетте, бул топтогу Салижандын өз галактикасы бар.

Сайранпоздук, шапар тебүү деген Сакеме жат сапаттар эле. Качан болсо колтугунан китеп түшпөй, түн бир оокумда жатакананын кызыл бурчунда олтурганын көрөр элек. Анын алдында ар дайым китеп деген додолонуп турчу. Бир сапар биздин бөлмөлөрдүн ортосундагы балкондо китеп окуп турган экен, мени көрө сала: «Ильгиз, сен татарча билесиңби?» – деп сурап калды. Мен татар адабиятынан чыгармаларды окуй элегимди, ал эми татар тилин Таш-Көмүрдөгү туугандарымдан азыноолак үйрөнгөнүмдү айттым. Анын колундагы Муса Жалилдин ырлар жыйнагы экен. Айнектин алдындагы текчеде анын «Кыргызстан» басмасы тарабынан чыгарылган кыргызча котормосунун жыйнагы. Көрсө, экөөнү салыштырып жатыптыр. Ал мага филфактын китепканасында СССР элдеринин адабияты бөлүмү барлыгын, анда татар жазуучуларынын чыгармалары арбын экенин жана басылмалары үзгүлтүксүз келип турарын билдирди. «Дегинкиси мен түркий тилдүү элдердин адабиятын түп нускасында окуганды жакшы көрөм. Сен дагы ошентсең көп байлыкка ээ болосуң», – деген кеңешин берди. Ушундан кийин экөөбүз жолуккан жерде же өзбек, же татар, же казак тилинде сүйлөшө кетчүбүз. Мен дагы анын айтканы боюнча түркий тилдердеги адабияттарды кызыгып окуп, өзүмчө бир жаңы дүйнөнү ачкандай лаззат ала баштадым. Моюнга алышым керек – бул жаатта зор акын, аалым катары Салике ат чабым алдыга кеткен эле жана анын деңгээлине жетиш колдон келмек эмес.

Баса, М.Жалилдин ошол жыйнакка кирген чыгармаларын кыргызчага Т.Байзаков, К.Жунусов, Н.Байтемиров баш болгон бир топ акындарыбыз которушкан экен. Алардын бири оригинал катары орусчасын алса, экинчиси чала-була билгенине таянып, татарчасын алган окшобойбу. Натыйжада Мусанын жанар тоодой жалындаган ырлары жок эле, өлүмсөк бирдемелер чампаланып, залкар акындын дидары көрүнбөй калган эле. Мына ушул жүрнары мамиледен чылгый халтура жаралгандыгын ашкерелеген Салижандын сын макаласы «Ала Тоо» журналына чыкканда калемгерлер гана эмес, студенттер да тытып окуган элек. Саликенин өзү да ошо кезде котормо өнөрү менен шүгүлдөнө баштап, адегенде эле Н.Хикметтин ырларына назары түшкөн. Ал ошондо «Мажүрүм тал», «Атчандар», «Түш», «Түрмөдөгү түн», «Кусалык» сыяктуу ырлар циклин «Песня над Босфором» аттуу акын жөнүндөгү китептен алып которгон экен. Мага тартуулаган ал китеп эң баалуу эстелик катары текчемде сакталып турат.

(Уландысы бар)

Даярдаган Ильгиз Талип (Гилязетдинов), «Эркин тоо», 29.03.2016-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий