Бут менен чертилген комуз, тура калып кол чапкан Сталин, АКШлыкты жетелеп келген аваз

Каныша Елизавета II, кадимки Сталин, океандын ары жагынан келген америкалык Марк Хамфри жана ЮНЕСКОну кыргыздар менен эмне байланыштырган. Таңгалуунун, алыстан ат арытып келүүнүн жана көз жаш төгүүнүн кандай себептери болду экен?

Кыргыздын ыр-күүсү менен башкаларды таңгалдырып тим болбостон таасирлентип, алакан ысыгыча кол чаап, «браволоп» суктануу сезимин жараткан учурлар арбын. Кечээ кыргызстандык музыканттардын аткаруусундагы «Маш ботой» күүсү Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун имаратынын залында жаңырып, узакка созулган кол чабуулар, овация менен коштолду.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги мындан улам, музыкалык дарамети, керемети жана таланты менен чет элдиктерди кайдыгер калтырбай, ал тургай бир катар музыка сүйүүчүлөрдү Кыргызстанга алып келген учурларды эстеди.

Муса Баетовдун көз жашы менен «Эсимденин» эргиткен касиети.Баетов 1936-жылы Москвада өткөн адабият менен искусствонун он күндүгүнө катышып, Атайдын «Эсимде»аттуу ырын эл аспаптар оркестринин коштоосунда аткарат. Кремлдин Чоң сарайында Москванын атактуу артисттери менен аралашма концертте бир нече номерлердин арасынан Муса ырдын акыркы кайрыктарын созуп бүткөндө, зал жарыла берип, кол чабуулар узакка токтобой турганын айтышат. Аткаруучунун өзгөчөлүгү — көз жашын мөлтүлдөтүп ыйлап, ырдаганы болуптур. Бул туурасында жазуучу Абдрасул Токтомушевдин эскерүүсүндө айтылат.

Мыскал ырчы жана алакан ысыгыча кол чапкан Сталин. 1938-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен өнөрүнүн декадасында атактуу ырчы Мыскал Өмүрканова кошо жүргөн элдик шайырлар бир нече жерде концерт коюшат. Концерттик номерлер Чайковский атындагы консерваториянын чоң залында дүркүрөгөн кол чабуулар менен кабыл алынат. Бул туурасында музыка изилдөөчү Балбай Алагушевдин жазганы бар.

Мыскал СССРдин Мамлекеттик академиялык чоң театрынын филиалындагы концертте «Алымкан, атка бир салган э-эээй» деп болушунча созуп кое берет. Залда отурган Иосиф Сталин баштаган жетекчилер ордунан туруп, анын талантына таазим этип, алакан ысыгыча кол чапкан экен.

Атайдын буту менен аткарган күүсү жана бычак. Дагы 1938-жылы өткөн декаданы кайрадан эске салабыз. «Ак тамак менен көк тамакты» аткарып жатканда да сыймык жараткан учур болгуптур. Атай Огомбаев комузда чеберчилик менен кол ойнотуп, көрүүчүлөрдү арбап алганы аз келгенсип, өтүгүн силкип, чечип жиберип, бутунун манжаларына жанындагы отургучта турган бычакты кыпчый коюп черткен дешет. Бул туурасында тарыхчы, журналист Темирбек Токтогазиев айтып берди. Комуздун бир кылы үзүлүп кеткени менен добушу кадимкидей чыгып, күүнү аягына чейин черткен экен.

Бул маңдай жактан коюлган кубаттуу жарыкка чагылышып, башкача бир таасир калтырат.

Эл артисти Ашыралы Боталиев мындай эскерет.

«Ложада отурган Сталин кылчая калган эле. Климент Ворошилов аны акырын ийинге түртүп, сөөмөйү менен Атайды көрсөттү. Сталин көрө салып кол чаап жиберди. Зал дүркүрөтүп коштоп кетти. Сталин Атайдын колун кармап көрүп «сөөк жок экен десем, бар тура» деп таңданды», — деп ал «Ленинчил жаш» гезитине жазган.

Муратбек Рыскулов тумандуу альбиондуктарды суктандырганда.СССР эл артисти Муратбек РыскуловЛондондо 1960-жылдары Король Лирдин монологун айтканда, чет элдиктер кадимкидей тамшанган. Уильям Шекспирдин 400 жылдык юбилейинде тумандуу альбиондук көрүүчүлөр анын актердук чыгармачылыгына, жан дүйнөсү менен берилип ойногон талантына, генийлигине таң берген бойдон калган дешет. Ал эми Каныша Елизавета II туруп кол чаап, андан кийин атайын сый тамакка чакырган. Бул туурасында кезегинде гезит-журналдар жазып чыккан.

Саякбай Каралаевге финндер ичик жаап. Ал эми гений манасчы Саякбай Каралаев Финляндияга барып, алардын улуттук эпосу «Калеваланын» 100 жылдык юбилейинде финндерди таңгалдырган.

Окуя 1949-жылы болот. Чакырылгандардын ичинен кезек Саякбайга келет. Биздикилер залда отургандар кыргыз тилин түшүнбөйт деген түшүнүк менен ага «20 мүнөттөн ашырбай айтыңыз» дешет. Ага болобу? Алп манасчы «Каныкейдин Тайторуну чапканын» токтобой эки саатка чукул айтат (бир нече күндөп айткан адамга бул кеп болобу?!). «Манас» айтыла башталганда зал алгач, бир аз күбүр-шыбыр боло түшүп, анан жымжырттык өкүм сүрөт. Залдагылар кудум эле манасчыга арбалып калгандай болот. «Кыргыздын Гомери» санын бир чаап сюжетти аяктагандан кийин залдагылар тынбай 10 мүнөткө жакын кол чапкан экен. Ал эми катышып отурган өлкө жетекчилиги ыраазычылык билдирип, Каралаевге киш ичик жаап сыйлаган дешет.

Бул мезгилди эскерип, орустун жазуучу, котормочу жана киносценаристи Геннадий Фиш «кыргыздын бул абышкасы «Манасты» төгүп баштаганда биз котормочусу жок эле түшүндүк», — деп жазган кийинчерээк.

Комузчу Нурак Абдрахманов калыстар тобун ыйлатканда. Ал 2001-жылы Самаркандда ЮНЕСКО өткөргөн дүйнө элдеринин фольклордук чоң сынагына катышат. Ага казактар, башка түрк тилдүү элдин өкүлдөрү суктанганын жашырбайт. Эртеси калыстар тобу Нурак Абдрахмановду кайрадан өзүнчө чакыртып алып, комузда ойноп беришин суранат. Музыкант алардын айтканын канааттандырып, чертип берет.

«Ошондо дагы жанагы аксакалдар теңселип көздөрү жашылданып, демдерин ичтерине катып турганын байкадым…», — деп эскергенин журналист Сурат Жылкычиев жазып алган.

Саламат Садыкованы океандын ары жагынан издеп келген музыка изилдөөчү. 1994-1995-жылдары Чалагыз Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин сапары катары менен эки ирет Японияда болгон. Күн Чыгыш өлкөсүн кыдырган кыргыздын бул кереметтүү музыканттарын алар табынып угушат. Сапардын жыйынтыгы менен Токиодогу аттуу-баштуу продюсердик борбор 1995-жылы Япониядан алардын «Songs of Kyrghyzstan» деген дискин чыгарат. Бул диск океандын ары жагына жетет. «Камбаркандын» керемет үндүү ырчысы, Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкованын авазын уккан Марк Хамфри аттуу америкалык музыка изилдөөчү аны издеп Кыргызстанда келет. Чыгармачылыгын изилдеп, жыйырмага чукул ырдан турган «The Voice of Kyrghyzstan» аттуу альбом түзүп, чыгарган. Дал ушундан тарта Батыш тарап булбул үндүү кыргыз ырчысынын керемет үнү менен таанышып баштаган.

Улуу Атайдын көчүн уланткан урпагы Атай Өмүрзаков. Кыргызстандын атын Европага таанытып, көрүүчүлөр эмес, калыстарды ыйлаткан дагы бир талант — Атай Өмүрзаков болду. Ал 2011-жылы 22 жашында «Чехия жана Словакия таланттарды издейт» сынагынын баш байгесин жеңип алып, көптөрдүн көөдөнүн көтөргөн. Атайдын ийкемдүүлүк менен аткарган номерин көргөн калыстардын бири өзүн кармай албай, көз жашын көлдөткөнүн түз эфир аркылуу бүт дүйнө көрүп турган. Андан бери бийчи Атай көп ийгиликтерди багынтып, ал тургай өзүнүн шакирттерине дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө жеңиштин желегин карматып келе жатат. Кезегинде улуу Атай Огонбаев СССРдин жетекчисин таланты менен таңгалдырса, анын урпагы Атай Өмүрзаков жалпы дүйнөгө Кыргызстанды бийи, ийкемдүүлүгү менен таанытуусун улантып келе жатат.

Табылды Кадырбеков, Sputnik Кыргызстан, 30.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий