«Финляндияда Курманжан датканын белеги сакталуу турат…»

Акылбек УСУПБАЕВ, КР Улуттук госпиталдын алдындагы урологдор борборунун жетекчиси, башкы уролог, профессор менен маек.

akylbekБыйылкы жылды Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Маданият жана тарых» жылы деп жарыялаганы жакшы эле болуптур. Жаңы тарыхый, маданий табылгалар иликтенип, тамырыбызга карай-кайра бир сереп сала турган болдук. Анын бири, жакында эле Кыргызстандын башкы урологу, дарыгер Акылбек Усупбаевдин финн жергесинен өз көзү менен көрүп келген жаңы табылгасы. Кыргызстандыктар үчүн бул чоң олжо жана тарыхый баалуу булак. Эмесе кеп ошол тууралуу болсун…

— Акылбек Чолпонкулович, адегенде Финляндияга болгон иш сапарыңыздын максатынан кепти баштасак…

— Кыргызстандын башкы урологу катары, бул иш сапарым деле саламаттыкты сактоо тармагына арналды. Бирок, урология тармагы жаатында эмес. Тагыраагы, менин демилгем менен аз убакыт мурда Кыргызстанда клиникалык химия жана лаборатордук медицина ассоциациясы түзүлгөн эле. Себеби Кыргызстанда адам илдеттерин аныктоочу лабораториялар көп болгону менен сапатына күмөн болгон учурлар көп. Бир эле оорулуу адам бир канча лабораторияга канын тапшырса, жыйынтыгы ар башкача чыгат. Кимисине ишенип, кайсы жыйынтыкка жараша дарылоо керек деген маселе жаралат. Ошондуктан, мен Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы урологу жана андрологу катары бул маселени акырындап жоюп, лабораториялардын сапатын жакшырталы, алардын жыйынтыктары шек жаратпагандай болсун, эл аралык ченемдер, стандарттар туура сакталсын деп ассоциация түзүү демилгеси менен чыгып, аны уюштурганбыз. Финляндияга да ошол ассоциация аркылуу “Лаб Кфолити” деген эл аралык ассоциациянын чакыруусу менен Хельсинкиде өткөн конференцияга барып калдык. Ал жакта дарт аныктоочу мекеме жайлар менен таанышып, пикир алышып, тажрыйбалары менен таанышып келдик. Ал жакта “Лаб КФОЛИТИ” бардык медициналык лабораториялардын ишмердигин текшерип көзөмөл салып, стандарттардын сакталышын камсыздап, жыйынтыктарынын сапатын текшерип турат экен. Кыргызстан сыяктуу эле 5 миллион калкы бар, тоолуу чакан аймактагы финдердин медицинасы абдан алдыга кетиптир, 80 пайыз операциялар роботтор аркылуу жасалат экен. Алар биздин саламаттыкты сактоо тармагына жардам берүүгө макул экендигин, бул үчүн өкмөттөр аралык байланыштарды күчөтүү керектигин айтышты. Абдан кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарга, иш тажрыйбаларга күбө болдум…

— Анан кайдан жүрүп Курманжан датка апабыздын колу тийген буюмдарга кез келип жүрөсүз?

— Расмий жолугушуулардын ортосунда дем алууга убакыт болуп калды. Ошол учурда биз менен чогуу барган Октябрин Садыровдун көп жылдардан бери кызматташып, катышып келе жаткан Класс Палмберг деген фин досунун үйүнө алып барды. Ал Финляндиядагы аты чыккан “OY WOIKOSKI AB” деген 9 заводдон турган ири компаниянын кожоюну, миллионер адам экен. Ал биз менен таанышкан соң өзүнүн фермасына ээрчитип барды. Өзү күлүк аттарга, ретро унааларга жана канаттууларга абдан куштар адам болгондуктан, тээ 1900-жылкы эски унаалардан бери карай 100дөй унааны коллекция кылып тизип коюптур. Арасында өткөн кылымдын башында эле пайда болгон суутек менен жүрүүчү унаа да турат. Суутек менен 6 чакырым жүрө алган бул унаа кийин бензин пайда болгону чыкпай токтоп калыптыр. Андан тышкары ар түрдүү күлүк породадагы аттар жана канаттуулары жүрөт. Менин таң калганым, ал фазандарды инкубатордон чыгарып өстүрүп, өзүнүн токоюна кое берип, фермага келген туристтерге жылына бир жолу мергенчилик кылдырат экен. Мунун ал жаратылыштагы көп түрдүүлүктү сактоого жардам деп түшүндүрдү. Фазандар биз барганда тооктордой эле жаныбызда жүгүрүп жүрүштү. Ошол фермадагы экскурсия учурунда мени ресторанында турган ээр токумдар коллекциясы өзгөчө кызыктырды. Карасам эле арасында кадимки кыргыз ээр токуму турат. Ооба, мен бала кезде айылда атка токунуп жүргөн эле эски кыргыз ээри. Таң калып, Класс Палмбергден сурасам, ал бул буюм Финляндиянын алгачкы Президенти Карл Густав Эмиль Маннергеймге таандык экендигин, анын буюмдары аукционго чыгарылганда, ээр токумдарды коллекциялаган миллионер эч ойлонбостон сатып алганын айтты. Андан да кызыгы аукционго койгондор бул ээр чакан кыргыз боз үйү менен чогуу сатылат деген шарт коюшуптур…

Кадимки көк кайыш менен капталган кыргыз ээр токум
Кадимки көк кайыш менен капталган кыргыз ээр токум

— Мына кызык! Ошондо Палмбергде боз үй дагы бар бекен?

— Ооба, ээр токумга кошуп боз үйдү дагы сатып алыптыр. Бирок, мурда-кийин андай буюм көрбөгөн Класс Палмберг сатып алган боюнча боз үйдү тигүүгө аракет деле кылбаптыр. Биз ошол жерден дароо эле ферманын ээси жана анын жанындагыларга бул буюмдар кыргыз элине таандык экенин, Маннергейм аскер адамы, барон катары Орто Азияны кыдырып, анын ичинде Алай ханышасы деген ат менен тарыхта белгилүү болгон кыргыздын даткайымы Курманжан даткага жолукканын, аны менен бирге сүрөткө түшкөнүн айтып, интернеттен дароо эле Курманжан датка апабыз менен Густав Маннергеймдин бирге түшкөн сүрөттөрүн таап бердик. Ээр токум, боз үйү менен сүрөтчүгө белек катары атайын берилгендигин божомолдодук. Класс Палмберг абдан таң калды, биздин сөздөргө таасирленип, эгер Кыргызстандан атайын реставратор-боз үйдү калыбына келтирүүчү адам келип, ошол тарыхый боз үйдүн кургаган жыгачтарын ийге келтирип, жабуусун жабдып тигип берсе, фермасына тигип алаарын, бул ага келген туристтер үчүн да абдан сонун жаңылык болоорун айтып калды.

— Бул жаңылыгыңыз быйылкы тарых жана мадиният жылына кошкон чоң салымыңыз болду окшойт?

— Албетте, кыргыздар качан болбосун, кайсы чет өлкөгө чыкпасын, өз кызыкчылыгы менен эле жүрө бербей же мамлекеттин акчасы менен уюшулган иш сапарларда шарактап майрамдап, шоп-тур кылып жүрө бербей, барган жерине өз эли, жери тууралуу жакшы маалыматтарды берип, алар да биз тууралуу маалыматтар болсо чогултуп келиши керек деп эсептейм. Ошондо гана Кыргызстандын чыныгы патриоту боло алат. Мен да биздеги лабораториялардын санын эмес сапатын жакшыртуу, алардын жыйынтыктарынын так жана айкын болушу үчүн фин жергесине барып, капыстан эле жолдуу кайттым. Быйылкы жылдын маданият жана тарых жылы экендигин эске алганда, атайын маданият жана тарых тармагынын өкүлдөрү Хельсинкиден 185 чакырым алыста турган токой арасындагы ошол фермага барып, Курманжан датка апабыздын колу тийген, Алайдан Европага жеткен ошол тарыхый баалуу буюмдарды атайын тасмага түшүрүп, эки элдин терең тамырын жибитип, алака түзүп келсе деген ниеттемин. Балким, биздеги колу узанган чеберлерден алып барып, бир кылымдан бери тигилбей сакталып турган боз үйдү жаңылап, калыбына келтирип тигип берсек, ага кеткен чыгымды миллионер кожоюн төлөгөнү менен канчалаган туристтер боз үй аркылуу Кыргызстанды таанып, кызыгып калышат эле…

Маектешкен Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ,
«Кыргыз к
өчү», 25.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий