Нуркамал Жетикашкаева аялдар поэзиясынын көч баштоочусу

Эркектер туйбаган нерсени аялдар туят. Аталар байкабаганды энелер байкайт. Табиятынан боорукер, сезимтал келишет. Кыргыздын профессионал адабиятында да аялдар поэзиясы деген дүйнө бар. Бүгүнкү адабият рубрикасында биз сөз кыла турган инсан аз жашаса да маанилүү жашап, бул дүйнөдөн көкүрөгү толо арман менен өтүп кеткен Нуркамал Жетикашкаева тууралуу болмокчу.

Бири чебер кошокчу, бири – чебер уз

Кыргыз профессионал адабиятынын пайдубалын түптөөдө таланттуу аталарыбыз менен катар мээнеткеч энелерибиздин да эмгеги зор экенин билишибиз керек. Айтайын дегеним, турмуш жолунда аял-эркектин эриш-аркак аракетинен улам бактылуу турмуш курулат. Кыргыз коомунда аялдардын, энелердин, эже-карындаштардын орду айрыкча маанилүү болгон. Турмуштун оор жүгүн күчтүү деп саналган эркектер менен кошо көтөрүшкөнү кимге болбосун белгилүү. Кайсыл гана акын-жазуучуну, же болбосо өнөр адамдарынын талантынын жетилишинде энелеринин эмгеги байкалып турат. Бири – чебер кошокчу, бири – чебер уз, бири – жамакчы. Эмгектин өндүрүмдүүлүгүн арттыруу максатында мээнеттүү ишин ыр менен, дастандар менен көркөм сөздүн күчү менен жеңилдетишкен. Кыргыздар башынан куйма кулак эл. Укканын жадында сактап калып жана аны импровизациялаганга өтө жөндөмдүү. Дөңдөрдө отуруп санжыра сүйлөгөн аталардын нускалуу кебин, алпейим энелердин бешик ырларын, жамактарын угуп чоңойгон кыргыз кандай бактылуу, ырыс-кешиктүү…

 

Кыздар да билим алууга укуктуу

Улуу Октябрдын жарыгы Ала-Тоонун койнун аралаганда жазуу-сызуудан кабары жок, тамга тааныбаган кыргыз жаштары билим алуунун жолуна түштү. Эркектер менен катар кыргыз кыздарынын билим алууга болгон далалаты күчөгөн. Өткөн кылымдын отузунчу-кыркынчы жылдарында кыргыз аялдарынын жазма адабияты пайда пайда боло баштаган. Нуркамал Жетикашкаева, Сатин Абдыкеримова, Тенти Адышева, Нинакан Жүндүбаева, Жумакан Тынымсейитова өңдөнгөн энелерибиз кыргыздын профессинал адабиятында өздөрүнүн чыйырын салышты. Кыргыз жазма адабиятында өзгөчө поэзияда аялдар лирикасын негиздешти. Алар өздөрүнүн жигердүү чыгармачылыгы менен кыргыз аялдарынын да поэтикалык үнү бар экенин далилдешти. Орустардын Марина Цветаева, Анна Ахматова аттуу акындары союздук деңгээлде дүңгүрөп турганда биздин улуттук адабиятыбызда профессионалдык жазма трибунага булар жаңыдан гана келишкен эле. Мезгилден, дүйнөлүк жазма адабияттан артта калганына карабай таланттуу энелерибиз элдик оозеки чыгармачылыктан жазма адабиятка өтүп жаткан өткөөл учурда кийинки муунга көпүрө болуп беришти. Заманыбыздын мыкты акындары болгон М.Мамазаирова, Р.Карагулова, А.Узакова, С.Акматбекова, У.Маматова, Ф.Абдалова, Б.Чотурова, Ж.Исабаева ж.б жогорудагы энелерибиздин эстафетасын улап, кийинки муундарга өткөрүп бергенин мезгил тастыктап турат.

Бүгүн биз кеп кыла турган инсан Сокулуктун Жыламыш айылынан чыккан акын энебиз Нуркамал Жетикашкаева тууралуу болмокчу.

 

Нуркамал Жетикашкаева ким?

Нуркамал Жетикашкаева 1918-жылы Сокулуктун Жыламыш деген айылында туулган. Кыргыздын алдыга суурулуп чыккан жаштарынын катарында Нуркамал Жетикашкаева 1941-жылы Москва шаарындагы А.Луначарский атындагы театр искусствосу институтунун кыргыз студиясын Насыр Кытаев, Урумкан Исмаилова, Касымаалы Бектенов, Өмүркул Жетикашкаев, Исмаилбек Абдубачаев, Мурадил Ибраев, Махмут Токтаналиев, Какен Урманбетова, Рая Айдаралиева, Жамийла Калчаева, Нафиса Курманалиева, Калийча Рысмендеева, Бейшен Рысмендеев, Асан Саргалдаев менен чогуу бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик драма театрында артист, кийинчерээк кыргыз тили жана адабияты жана тарых институтунда илимий кызматкер болуп эмгектенген.

1937-жылдардан баштап мезгилдүү басма сөздөрдө ырлары жарыялана баштаган. Алгачкы ырлары ошол учурда бардык акындар ырдаган жаңы заман тууралуу болгон. Нуркамал Жетикашкаеванын жана анын замандаштарынын ырларынын мазмуну, ыр түзүлүшү, уйкаштыгы муун өлчөмдөрүнөн элдик оозеки чыгармалардын үлгүлөрүнүн таасиринде болгону байкалат. Акын энебиз ырларын элден өзгөчөлөнүп обондотуп окуп бергендиги тууралуу эскеришет. Балким муну ырды аудиторияга сунуунун өзгөчө формасы болсо керек деген ойго да келесиң. Себеби ал учурда элдин калың массасы дале да болсо сабатсыз эле. Билимдүүлөр билимсиздерге жазма чыгармаларды көркөм, образдуу окуп беришкенин улуу муундун өкүлдөрүнөн далай жолу укканбыз.

Албетте, Нуркамал Жетикашкаеванын чыгармачылык жактан өсүшүнө А.Луначарский атындагы театр искусствосу окуу жайынан билим алышы стимул болгон. Чоң жерди көрүп келип, руханий жан дүйнөсү байып, илим-билимге каныгып көзү ачылган. Анын Москвага болгон таасирлерин “Москвама”, “Ленин шаарын көргөндө”, “Гүлдөй бер” аттуу ырларынан көрүүгө болот.

Акын 1941-жылы окуусун бүткөндө каргашалуу согуш башталып, кыргыздын эр-жигиттери да Улуу Ата Мекендик согушка аттанышат. Булардын катарында Нуркамал Жетикашкаеванын өмүрлүк жары Өмүркул Жакишев жана бир тууган иниси Ырыскулбек да бар эле. Экөө тең кандуу майданда душмандын колунан мерт болушат. Бул окуя аялуу жүрөгү бар Нуркамал апабыздын жүрөгүн жаралайт. Театр окуу жайын бүтүп келсе да, театр сахнасында роль жарата албайт. Бирок баш-оту менен поэзияга оойт. Жалпы журтка каргаша болуп келген согуш маалында элдин демин көтөрүү максатында патриоттук ырларды жазып, душманга сес көрсөттү. Башынан чоң адамдык трагедия өтсө дагы, аялдык назик жүрөгү канчалык запкы чексе да, анын кайраттуу, ар-намыстуу жан экенин анын чыгармаларынан көрө аласыздар. Нуркамал Жетикашкаева өзүнүн энелик бактысын келечек муундан, өсуп келе жаткан жеткинчектерден көргөн. Алардын жаркын келечеги тууралуу көп ойлонгон. Нуркамал эненин ырларынан Ата Мекенге болгон сүйүүнүн, аялзатына мүнөздүү назиктиктин, боорукерликтин, мээрмандыктын, өмүрлүк жарга болгон тунук сүйүүнүн жагымдуу илеби согуп турат.

Нуркамал Жетикашкаеванын ырларынын толук жыйнагы 1953-жылы анын өлүмүнөн кийин жарыкка чыккан. Өзүнүн отуз төрт жылдык өмүрүндө акын “Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган. 1949-жылы “Жанган жалын”, 1951-жылы “Жаңырган өлкөдө”, 1953-жылы “Нуркамалдын ырлары жана поэмалары”, 1978-жылы “ырлар жана поэмалар”, орусча 1958-жылы “Я дочь Октября” аттуу ырлар жыйнактары жарык көргөн. Бишкектин бир көчөсү белгилүү поэтессанын ысымын алып жүрөт. Акын 1952-жылы 34 жашында дүйнөдөн кайткан. Өзү өлсө да, сөзү өлбөй кыргыз элинде Нуркамал Жетикашкаеванын ысымы жылуу сезимдер менен эскерилет. Аз жазса да, саз жазып, кыргыз коомунун эстетикалык табитин калыптандырууга кылган аракетин баалабай коюубуз түркөйлүк жана наадандык болуп калат. Айтайын дегеним, Нуркамал Жетикашкаеванын портрети менен чыгармаларын мектеп программасына киргизип, жаш муундарга таанытууну Билим берүү министрлигине кулак кагыш кылмакчыбыз. Анткени кыргыздын аялдар поэзиясынын көч башында турган Нуркамал апабыз буга татыктуу жашап, эл журтуна аянбай кызмат кылып, жашоодон мезгилсиз өтүп кеткен.

Талгат Деркембаев, “Саресеп”, 10.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий