Чоң Чүй каналы кантип курулган?

Бараандуу курулуштун башталышы

Чоң Чүй каналы — Кыргызстандагы эң ири курулуш. Чүй өрөөнүнөн тышкары, Казакстандын айрым аймактарын да суу менен камсыздайт. Курулуштун долбоору 1905-жылга туш келет. 1905-жылы Санкт-Петербургдагы Императордук университетти аяктаган Василий Патрушев аттуу инженер Сары-Өзөндүн аймагына келип, Чүй өрөөнүн суу менен камсыз кылуу долбоорун түзгөн. 1940-жылдын 10-майында Чоң Чүй каналынын (БЧК) курулушу башталган.

Калктын күжүрмөн эмгеги

Социалисттик курулуштун келечегине элдин ишеними күч мезгил. Чоң Чүй каналын казуу иши кызуу жүргөн учур. Анда кетмен, күрөктөн башка техника болгон эмес. Жалпы өлкөнүн аймагы, айыл-кыштактардан 40 миңден ашуун адамдар тартылган. Келген адамдар тамак-аш, чатыр, боз үйлөрүн өздөрү менен кошо ала барышкан. Каражат маселеси элдин эсине келген эмес. Өкмөттөн бир тыйын албастан эл жаркын келечектин камын ойлошкон. Каналды курууну ар бир адам өз милдети катары түшүнгөн.

Согуш курулушту токтото алган жок

Согуш бириккен элдин ынтымагын, жумушун токтото алган жок. Ири курулушта кары-картаңдар, кыз-келиндер, ар кандай себептер менен согушка барбай калган жигиттер эмгектенди. Оор убакыт болуп калды, эркектердин баары согушта, тынчтык орногондо эле курулушту улантсак кантет деген түшүнүк болгон эмес. Каналдын курулушу 12 участокко бөлүнгөн. 10 участогуна жалаң кыргызстандыктар 2 участогунда казактар эмгектенген.

Эл ынтымагы башкы өзөк болгон

Элдин ынтымагы, улуттун эртеңки келечеги башкы идеология болгон. Курулуш жүрүп жаткан дарыянын жээгинде маданият өкүлдөрү манас айтып, концерт коюп турушчу. 150 чакырымга созулган курулуштун дээрлик көп бөлүгү 1958-жылы курулуп бүткөн.

Археологиялык изилдөөлөр китепке түштү

Тарыхчы, профессор Александр Натанович Бернштам Чоң Чүй каналынын курулушун китепке түшүргөн. Курулуштардын нугунда археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп кеткен. Кыргызстандын аймагындагы сак, усундарга тиешелүү археологиялык табылгаларды китеп кылып жарыялаган. Бул илим үчүн да чоң жетишкендик болгонун тарыхчылар айтышат.

Азыркы абалы

Чоң Чүй каналы айыл чарбасына багытталган бараандуу курулуш. Канал чыгыштан батышты карай жарыша кеткен эки үстөндөн турат. Батыш Чоң Чүй каналы Токмокко жете берген жердеги Кең-Булуң айылынан башталып, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын түндүк чети менен Казакстандын Мерке аймагына чейин 150 чакырымга созулат. Чыгыш Чоң Чүй каналы Токмоктун чыгыш тарабынан башат алып, Фрунзеге чейин агат жана Ала-Арча дарыясына куят. Ата-бабаларыбыз биз үчүн жасаган курулушту колдонуу, сактоо бүгүнкүлөрдүн милдети. Узак жылдардан бери колдонулуп келаткан Чоң Чүй каналынын нугун тазалоо, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү учур талабы.

Чоң Чүй каналынын агымдары

Чыгыш Чоң Чүй каналы – 1957 жылы курулган. Узундугу – 97,3 км. Сугат аянты – 45,5 миң гектар. Түштүк Чоң Чүй каналынын агымдары: Түштүк Чоң Чүй каналы 1976-жылы курулган. Жалпы узундугу – 159 км. Сугат аянты 3 миң гектар. Жазылыгы 20 метр, тереңдиги 2 метрге чейин жетет. Батыш Чоң Чүй каналы 1952-жылы курулган. Чоң Чүй каналы Кыргызстандын 73000 гектар, Казакстандын 12000 гектар жерин суу менен камсыздайт.

 

Чоң Чүй каналынын курулушунун катышуучусу, Ысык-Ата районунун тургуну:
“Биримдиктин гүлдөп турган убагы экен”

– Ал учур азыркыларга жомок. Каналдын курулушу согуш маалына туш келди. Ден соолугу начарлар согушка бара албай калдык. Ал кез ынтымактын, биримдиктин болуп турган маалы экен. Согушка барбаган чалдар, айрым балдар жана кемпир, кыз-келиндердин баарысы каналдын курулушунда болдук. 1943-жылы каналдын негизги бөлүгү бүткөн. Эс алуу учурунда согушка кеткен ата, агаларыбызга кат жазчубуз. Жакшы турмуш, жеңиш биз тарапта болот деген ишенич менен күткөнбүз. Курулуш элдин биримдиги менен ишке ашты.

 

Рахманбек МЫРЗАБЕКОВ, 94 жашта Чоң Чүй каналынын курулушунун катышуучусу, Талас районунун тургуну:
“Адамдардын пейили башкача эле”

– Каналдын курулушуна жер-жерлерден адамдар тартылышкан. Ар бир колхоз-совхоздон баргандар тамак-аш, шаймандарын өздөрү менен кошо ала барчу. Жылдын жылуу мезгилдеринде курулушка жардам бердик. Ар бир колхозго 10-15 км жерди бөлүп берчү. Белгилүү убакытта бөлүнгөн жерди бүтүрчүбүз. Акы алабыз деген түшүнүк жок эле. Ал кезде адамдардын көз карашы башкача болгон. Маселен, бир казан тамакты бир кашык менен гана кезек-кезеги менен жеп, биримдикти, улуу-кичүүнү урматтоо өзгөчө болчу.

Даярдаган Мээрим БАКТЫБЕК кызы, «Эркин тоо», 14.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий