Тоголок Молдо – агартуучу, акын, манасчы

Кыргыз өнөр адамдарынын көч башында турган улуу залкарларыбыз туурасындагы сериябыздын бүгүнкү чыгарылышынын каарманы өз заманындагы белгилүү манасчы, акын, фольклорист, агартуучу Тоголок Молдо Байымбет Абдракманов тууралуу болмокчу.

Тоголок Молдо өрнөк инсан

Касиеттүү Теңир-Тоо кыргыз элинин бактысына нечендеген залкарларды, кайраттуу эр-азамат, улан-кыздарды берген берекелүү, мал киндиктүү жер. Мына ошол улуу тоонун койнунда 1860-жылы кыргыздын дагы бир таланттуу акындарынын бири Тоголок Молдо жарык дүйнөгө келген. Өз аты Байымбет, атасынын аты Абдракман болгон. Тоголок Молдо деген атка ээ болуусунун себеби ал өз заманындагы адамдардан айырмаланып, кат-сабаты жоюлган билимдүү адам болуптур. Өзү кара, тоголок жүздүү адам болгондуктан, жеңелери Тоголок Молдо деп тергеп коюшчу экен. Ушундан улам так ушул ылакап ат менен кыргыз элине белгилүү болуп отурбайбы. Анткени менен белгилүү акын өзүнүн 82 жылдык өмүрүндө башынан көп нерсени кечирген.

Байымбеттин рухий көрөңгөсү сөзсүз түрдө атасы Абрахмандан уланган. Атасы сөз кадырлап, элдик оозеки чыгармаларды чебер аткара билген өнөрпоз адам болгон. Тоголок Молдонун чыгармачылыгынын калыптанышына чоң атасынын бир тууганы Музоокенин, өз доорундагы залкар манасчысы Тыныбектин таасири тийген. Алардын тарбиясы менен “Манас” эпосу баш болгон кыргыз элинин рухий байлыгын терең өздөштүргөн. Бул тууралуу ал:

“Он сегиз жашка келгенде,
Акын болдум аттанып.
“Манасты” б
үт үйрөндүм,
Тыныбектен жат алып”
, — деп жазганы бар.

 

Билим алуудагы дилгирлиги

Тоголок Молдонун башка импровизаторлордон айырмачылыгы — араб графикасында жаза билип, перс, араб, түрк элдеринин адабий мурастарын өз алдынча окуп, өзүнүн руханий дүйнөсүнө сиңире алгандыгында болгон. Демек ал өтө сабаттуу, билимдүү адам болгон десек жаңылбаган болобуз. Ал Низами, Навои, Хафиз, Абайдын чыгармалары менен тааныш болчу. Ислам аалымдарынын чыгармаларынан да жан дүйнөсүнө азык алган. Ал тээ бала кезинен билимге умтулуп, айылдык молдодон окуп-жазганды үйрөндү. Кийин атасы эрте дүйнө салып, жетимдикти да башынан кечирген.

 

Манасчылыкка жол

Чоң атасынын бир тууганы Музооке өз заманындагы белгилүү адам эле. Төкмө өнөрүнүн чебери жана комузда кол ойноткон залкар комузчу саналган. Тоголок Молдонун чыгармачылыгынын калыптанышына ошол адамдын түздөн-түз таасири тийип, чыгармачыл пайдубалынын түптөлүшүнө зор салым кошту. Бирок, ал дагы Байымбетти асырап алгандан төрт жыл өтүп каза болот. Жетимдиктин айынан алардын үй-бүлөсү жокчулуктун каарын тартып, Теңир-Тоонун койнунан Сары-Өзөн-Чүйгө көчүп келишет. Кат тааныган Байымбет жергиликтүү балдарга арабча үйрөтөт. Ушул өрөөндө жашап жүргөндө ал казак-кыргыздын белгилүү төкмөлөрү менен жолугушуп, алардан таалим-тарбия алат.

Белгилүү жомокчу Тыныбекке жолугуп, “Манас” айтууга катуу кызыгат. Ошентип он сегиз жаш курагында белгилүү акын, манасчы атанып калат.

 

Кемчонтой

Табиятынан зээндүү Тоголок Молдо инсан катары калыптанышы үчүн жаштайынан көп аракет кылып, көп изденген. Билимине адеби жарашып, эл-журтка кызмат кылуудан тартынган эмес. Өмүрүн агартуучулук менен чыгармачылыкка арнаган окутуучу жеке чыгармачылыгында дидактикалык жанрга да басым жасаган. Жаш муунду тарбиялаш үчүн тарбиялык мааниси бар чыгармаларды кынабына келтире жазган. Буга мисал катары 1900-жылы жазган “Кемчонтой” аттуу сатиралык чыгармасын алсак болот. Кемчонтойдун образы аркылуу адам баласынын терс сапаттарын – эси жоктукту, алакөөдөндүктү, оройлукту, кырстыкты ашкерелеген.

“Кемчонтойдо эс барбы,
Унутуп калат урганын,
Ж
үрө берет сенделип,
Ойлобойт жандын жыргалын.
Нандын атын унутуп,
Кемчонтой айтат жалпак деп.
Калпагын айтат байпак деп.
Байпагын айтат талпак”
деген саптары эл ичинде бекеринен жатка айтылып калбаган чыгар. Акын бул чыгармасында ар заманда коомдук көйгөй болгон соттордун жемкорлугун, кызынын бактысын ойлобогон куру намысчыл ата-эненин, тарбия көрбөгөн байдын баласынын келесоолугун жазган. Кыргыз адабиятында эң алгачкылардан болуп тамсил жанрынын жанданышына себепчи болгон. “Иттин доолдай тиктирем дегени”, “Бабырган” деген сатиралык чыгармалары каймана берилген алгачкы чыгармалардан десек да болот. Баарынан кейиштүүсү, ал 1916-жылкы үркүндө ошого чейин баскан-турганын жазып жүргөн жыйнагын жоготуп жиберген экен.

 

Тоголок Молдо фольклор жыйноочу

Тоголок Молдо тарых үчүн маанилүү делген “Манас” эпосунун тарыхый доорун изилдегенге да аракеттерди жасаган. Ырамандын ырчы уулу баш болгон 31 манасчыны ырга салып, санат кылып кошуп кеткен. Баса белгилей кетүүчү нерсе – Байымбет Абдракман уулу кыргыз фольклористикасына нар жүгүндөй мурас калтырган. Кыргыз Илимдер академиясына “Манас” үчилтигинен 98 703 ыр сабынан турган материалды, “Шырдакбек”, “Жаңыл Мырза”, Мендирман” сыяктуу элдик дастандарды кагазга түшүрүп өткөзгөн. Мындан сырткары, эл аралап жүрүп кыргыздын тарыхын, санжырасын эл оозунан чогулткан. Баш-аягы басмага 200 басма табак материал даярдап берген. Тоголок Молдонун вариантында башка манасчыларда кездешпеген “Манастын ашы” деген бөлүм бар. Тыныбектин окуучусу болгондуктан Сагымбай Орозбаков экөөнүн варианттарында сюжеттик окшоштуктар байкалат.

Тоголок Молдонун чыгармалары 1925-жылдан баштап жарыкка чыга баштаган. Алгачкы ырлар жыйнагы “Насыят” деген ат менен Москвада 1925-жылы жарыяланган. Көзү тирүүсүндө, 1939-жылы жазма акындын дагы эки жыйнагы жарыкка чыгып, башка тилдерге которулган.

Акындын юбилейлик даталарынан 80 жылдыгы менен 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленген. Борбор калаабызда Тоголок Молдого эстелик тургузулган. Анын наамын өлкөбүздүн көптөгөн мектептери, көчөлөрү, айыл-кыштактары алып жүрөт. Кыргыз валютасынын 20 сомдук номиналына да Тоголок Молдонун сүрөтү чегерилген.

 

Саясий жаргылчак “Уругум менин кыргыз”

Тоголок Молдо да көпчүлүк кыргыз акын-жазуучулардай эле кеңеш өкмөтүн кучак жайып тосуп алган. Анткени мурдагы түзүлүштөгү башкаруудан айырмаланып, жаңы орногон кеңеш өкмөтү кыргыз элине чоң жаңылык алып келген. Падышалык оторчулардын чапкынынан жабыр тарткан элди өз жергесине кайтарып, сабатын жойгон. Көпчүлүк изилдөөчүлөр Тоголок Молдону советтик акын деп эсептешет. Буга себеп катары анын кеңеш өкмөтүн даңазалап ырга салганын айтышат. Анткени менен Тоголок Молдонун советтик саясатты жактырбаганын айткандар да бар. Мисалы айтылуу Азамат Алтайдын 1960-жылы Тоголок Молдонун 100 жылдыгына карата жазган макаласында ушундай деп айтылган. Анын айтымында Тоголок Молдо пантүркчүл идеяны карманган деп берилет. Буга мисалы катары ал Климович аттуу орустун Тоголок Молдону пантүркчүл деп эсептегенин келтирген. Ал аны Тоголок Молдонун жыйнагынын 1-томунун 281-бетинен тапкан. Анда мындай айтылган жерлер бар экен.

“Эгерде, сен кимсиң деп менден сурасаңар,
Менин атам Жакып,
өзүм Манасмын,
Чыккан т
үбүм түрк,
Урааным менин Алаш.
Уругум менин кыргыз деп жооп беремин”.

“Мына ушундай сөздөрдү жазган улуу акын кантип эле ашынган коммунист болгонуна таң калам” дейт Азамат Алтай. Деги, кыргыз элинин башына кандай күн келбесин, эл алдында жүргөн чыгармачыл адамдар саясаттын жаргылчагында катуу жанчылганы байкалат. Ошентсе да атуулдук позициясынын негизин агартуучулукка арнап, кыргыз элин массалык караңгычылыктан, сабатсыздыктан чыгарууга далалат жасаган залкар аталарыбыздын жигердүү аракеттерине таң калбай коюуга болбойт. Аларды көрүп туруп азыркы ХХI кылымда жашап турганына карабай дагы деле түркөйлүктүн туткунунда жүргөн жалпы массаны ойлоп жан кейийт. Өмүрү өрнөк аталарыбыздын караңгычылык доордогу билим алууга, алган билимин бөлүшүүгө жасаган аракетине суктанасың. Эрксизден Тоголок Молдо атабыз кыргыз мамлекети толук эгемендүүлүккө ээ болгон учурда жашаса, кандай чыгармаларды жаратат эле деген ойго жетеленесиң… Анткени менен жазмыштын ушунусуна да шүгүр дейли. Заман карып бараткан менен залкар акындардын чыгармалары бүгүнкү күндө да маанисин жоготпой, келечек муунду өз нугунда тарбиялап баратканы көңүлдү кубантпай койбойт.

Талгат Деркембаев, «Саресеп», 03.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий