Салижан Жигитов жамыга жарыгын чачкан жан эле

(Башталышы гезиттин №28 (2623) санында)

Т.Сакеңдин бул сөздөрүн чындыктын нак өзүндөй кабылдаган Ишенбай ушунчалык суктануу менен көз ирмебей кадала тиктеп олтурат дейсиң, тим эле жыланга арбалган баканы элестетет. Акыры чыдай албай кетти да: – Ой, Сакы, экөөбүз №5те окуганда да сырдаш элек, курдаш элек, мына эми бирге да иштеп жатабыз. Баягы жатакананын чердагына чыгып, түндөгү адабият жөнүндөгү баарлашуулар эсиңдеби? Ошондо чоң-чоң чыгармаларды жазабыз деп кыялданбадык беле. Азыр мен ыр менен жазылган романды баштап койдум эле. Бир топтон бери ошонум ордунан жылбай жатат. Достук кылып, алдагыңдан бир жыттатып койчу? — деп жалбарды. Анда Сакең ого бетер акыштанып: – Кой, дос, Чыкем айтпадыбы , өтө сарамжал корот, – деп. Сага окшогон кыйышпастардын баарына жыттата берсем, өзүмө эмне калат?..

Акыры жалына бергендиктен бир эле жыттатууга макул болуп, эски достукту эске алганын айтты. Ишекең бир эле илеп менен искемек болгон баягы түтүктү оң таноосуна да, сол таноосуна да матыра тыгып, кере-кере дем алды дейсиң, көзүнөн жаш атып да кеткенсиди… Көрсө, Саликең гриппке чалдыгып, аптекага барса, атайын таноо ачкыч түтүктү беришкен экен. Ошону ойдон чыгарып, окуя кылып айтса, баладай ишенчээк Ишенбай ак сөздөй эле кабыл алыптыр. Ал илхам келатат, кечикпей үйгө жетейин деп жөнөп берген. Антип-минтип үйгө баргыча кош таноого конгон грипптин вирустары жакшы эле жайылып, Ишекеңдин температурасы көтөрүлүп кетпейби. Ал муну нысапсыздык кылып, көп жыттап алганынан көрөт.

Бирок, жубайы медик болгондуктан дары-дармектерин берип, ылаңдын алдын алчу аракеттерин жасайт. Эртең менен жумушка кетерде аптекадан карандаш алгын деп акчасын карматат. Анда барса, кечеки Салижан жалынтып жатып жыттаткан түтүкчө жайнап жатат дейт. Жакшы санаалаш жоро-жолдошторун азил чеккен мындай жоруктары толуп жатат. М.К.Абдыкеримов менен бирөөнүн батиринде бирге туруп калышат. Ал кыз-кыркынга өтүмдүү, өңү-түсү келишкен көйрөң жигит эле. Саликеңе болсо, талантына. акылына тан берген өңү серт, базары да өтө баштаган бир айым жабышып, колдон чыгаргысы келбейт.  Анын көңүлүн салкын мамиле менен кайт кылууну туура көрбөгөн Саликең опера-балет театрынын бир спектаклине чакырат. Ошол күнү өзгөчө жагалданган Сакең көйнөк-шымды үтүктөп, бир обонду ичтен кайрып кыялкечтенет. Анын бул жоругуна таңданган Курманбек бу кудуңдоонун кандай сыры барлыгын сурайт. Анда Сакең: – Эх, бүгүн кандай гана кубанычтуу күн! Сулуулардын өзү суктанчу бир бийкеч менен театрга барамын. Аны кандайча ийиткениме өзүм да таңмын. Орустар айткандай: – везет же мне! Завидуйте, любуйтесь, я счастливчик любви! – деп тигинин оборун огобетер кызытып таштайт. Театрга чейинки жол 20-30 минуттук эле жол болсо керек. Ошого ылайыктап жөнөп калган Сакең бир он минуттай убакыттан соң ох-холоп ичин басып кирип келет. — Кудайдын каары, дал ушундай бактылуу күндө кара басып ичимден кан кеткенин карабайсыңбы! Эми эмне кылмакчымын, мындайда жан дос гана ишке жарайт! Сен мени куткарбасаң болбой калды, Курманбек! – дейт. Ал бийкеч менен театрда болоруна кымыңдап, дароо камына баштайт.

– Билеттин бири бийкечтин өзүндө, сеники мына. Барганда спектакль башталган болот. Сен олтурарың менен кечиккеним үчүн кечириңиз деп колунан кысып кой!, – дейт. Бардыгы Сакең айткандай болот. Бийкеч саал таарынгансып, анан ыктап калат. Кукеңе мунусу аябай жагып, кучагына кысат. Ошентип эзилишип олтурганда антракт болуп калбайбы. Бийкеч бир караса уламыштагы Зулайка ашык болгон Жусуп олтурат. Курманбек караса, үрөйү куник эле бир ургаачы колтуктап алган. Шарт бурулуп качканга эми кеч болуп калган.

Кыскасы, ошол орою куник селкинин колуна Курманбекти салып бергенин Саликең санын чапкылап, ырахаттана баяндачу. Ошол ашынасы котормо менен шүгүлдөнүп, басма жагында бакандай кызматкер болуп жүрдү. Ал Ф.Стендалдын «Ванина Ванино» деген повестин которуп, басмадан чыкканда мактангандай Сакеңе тартуулайт. Арийне, котормо чоң устаттын купулуна толгон эмес. Ошондо кесиптеш курдашын күйдүрүп, китептин биринчи барагына:

Котормо жасап колго алгыс.
Кутурдуң го сен жалгыз
Оо, Кудай урган бездарность, – деп жазып  коет.

(Уландысы бар)

Ильгиз Талип (Гилязетдинов), акын, «Эркин тоо», 18.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий