Баланы тарбиялоодо кереги жок 10 сөз

Тарбия берүү – улуу иш: ошол аркылуу адамдын келечек тагдыры чечилет. Андыктан психологдор баланы тарбиялоодо маңызы жок сөздөрдү айтпай эле коюуга кеңеш беришет. Мейли балаңыз жаңы гана төрөлгөн болсо да, мындай нерселерди оозго алуу ашыктык кылат, себеби алар баарын, керек болсо сиздин интонацияңыздан эле түшүнүп алышат. Психологдор бала тарбиялоодо айрым сөздөрдү айтпоого чакырышат.

1. Сеники окшошпой жатат, келе берчи, өзүм эле кылайын!

— Ушул сөз баланы жаралаганы аз келгенсип, анын мээсин алдын-ала ийгиликке жетишпегенге даярдап коёт. Ал өзүн акылсыз жана чоркок сезип, апам ачууланбасын деген ойдо келечекте демилге көтөрүүдөн корко баштайт.

 

2. Ал да, басылчы деги!

— Чечимдериңизди чукул өзгөртүп жиберүү балага терс таасирин тийгизет. Мисалы, бала кечээ эле электр чайнеги менен ойноп жатканда тыюу салбай, бүгүн эле “ага тийгенге болбойт” деп калса, балада ишеним жоголот жана туруксуз ой калыптанат. Ыйласа дагы кайрадан аны менен ойноого болгон аракетин баштайт. Ою менен болуп, бере калганыңызда ушундай жол менен жеңишке жетүүгө болот экен дейт. Эмки жолу андан да катуу ыйлаганга аракет жасайт. Ошондуктан башынан эле “жок”, “болбойт” дегенди үйрөтүңүз. Антпесе, бала апамдын “жок” деген сөзүн олуттуу кабыл алуунун кереги жок экен деп түшүнүп алат.

 

3. Дагы бир жолу кайталанчу болсо, таарынба!

— Тажрыйба көрсөткөндөй, коркутуп-үркүтүү жакшы жыйынтыкка жеткирбейт. Апасы да, атасы да эч кандай жаза бербейт, а бала болсо корккон абалда калат. Аталган сөз баланы таарынтат. Балаңызды коркутуунун ордуна ага кайсы учурда кандай жаза күтүп турарын үйрөтүңүз.

 

4. Мен сага токтот деп жатам!

— Балага ушинтип айтууга болбойт. Эгер кыйкырып жиберген болсоңуз, кечирим сураңыз. Анткени бала өзүн эч нерсеге укуксуз сезип, таарынып калат. Ошол эле учурда басылуунун ордуна жаш балдар ыйлап, ого бетер чыргоолонуп, чоңоюп калгандары үн катпастан кетип калышат. Түнт боло башташат. Кыскасы, жогорудагы одоно сөз каалаган жыйынтыкка жетишиңизге түк жардам бербейт.

 

5. Сен муну түшүнүшүң керек…

— Көпчүлүк жаш балдардын ушул сөздөн сактанган реакциясы келип чыгат. Жаш бала акыл-насаатты түшүнбөйт жана сизди укпастан башка нерселерге алаксып кетет. Бала кыжырданып, таарынып турган учурда сиздин айткан бир да насаатыңызга кулак түрүп койбойт. Анын да кандайдыр бир маселелери бар экенин эсиңизден чыгарбаңыз.

 

6. Балдар (кыздар) өзүн мындай алып жүрбөйт!

— Дайыма муну кайталап туруу менен ата-энелер баланы белгилүү бир стереотиптерге үйрөтүп коюшат. Кийин бой тартканда бала өзүнүн эмоционалдуулугун баалабай, кыздар болсо, бул “мага ылайыксыз” деген түшүнүктөр менен өзүлөрүн чектеп, андан чыкпоого аракет кылып калышат.

 

7. Болбогон нерселерге капаланбачы, ыйлактабачы!

— Балким бала үчүн бул болбогон нерсе эместир. Өзүңүздүн балалыгыңызды эстеп көрүңүзчү! Ооба, бала машинаны бербей койгону үчүн же болбосо кубиктерден курган үйү кулап калганы үчүн кейиши мүмкүн. Анткени анын кичинекей дүйнөсү үчүн дал ушул машина менен үй эң маанилүү эмеспи. Балаңыздын көйгөйүн тоотпосоңуз, анын сизге болгон ишенимин жоготуп алышыңыз мүмкүң. Мындан соң балаңыз сизге өтө орчундуу болгон маселелерин да айтпай калат.

 

8. Менин ден соолугумду сакта!

— Айрым апалар бул сөздү баласына көп айтышат. Бирок эртеби-кечпи бул сөздү балаңыз олуттуу кабыл албай калат. Апасы чын эле өзүн начар сезип жаткан учурда да, бала адаттагысындай көңүл бурбай коюшу мүмкүн. Ал ойногонун, ызы-чуу салганын, секиргенин ж.б. токтошуш үчүн гана апасы ушинтип арызданып жаткандай ойлойт.

 

9. Муну сатып алганга акча жок!

— Балага эмне үчүн баарын катары менен сатып алууга болбой тургандыгын түшүндүрүү оор. Бирок, аталган сөздөн бала ата-энемдин акчасы болгондо дүкөндөн бардыгын сатып алса болот деген гана бүтүмгө келет. Андан көрө балаңызга “мындай оюнчук сенде бар”, “шоколад өтө зыяндуу” деген сөздөр менен, эмне үчүн сатып бербей тургандыгын түшүндүрүшү керек.

 

10. Элдин балдарын карачы, а сен болсо илээнди, жүүнү бош ж.б…

— Ушуга окшогон сөздөрдү балага жармаштыра берүүнүн кереги жок! Мындан улам бала өзүн баалабай калат.

Жыпара Дөөтказы кызы, “Полит клиника”, 05.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий