Мезгил Исатов

Кара сөз

Бир башкача күн (новелла)

Кээде (новелла)

Экөөбүз эле (аңгеме)

 

Ырлар

* * *

Кыш да келди,
Үшүп турат арзуулар
Ашыктыктын ысыктыгы кандагы
Аппак карды алаканда ээритип,
Музга айланып тамчылары
Жерге жетпей жүрөктөргө сайылды.
10.01.2016-ж.

 

* * *

Күндөр менен күзгө айланган сүйүүбүз
Токтоп калды. Кышы, жазы келбеди,
Жалбырагы улгайыңкы кулады.
Сүйүүлөрдүн эң акыркы жүзүндөй
Кучактаган шактарынан үзүлүп
Кое берди колдорун.
Сагынуулар сапырылып шамалга
Учуп кетти сүйүүбүз
11.01.2016-ж.

 

* * *

Бүгүн шамал күндөгүдөн башкача.
Үнү муңдуу, өзү дагы ызалуу
Жан дүйнөнүн жалбырагын сапырып
Жар салууда жашайлычы жанаша!

Жашайлычы, жанга кубат берели.
Карабайлы, карааны алыс күндөрдү.
Канат кагып, ак-жарыкты аралай
Ай жылдызды, деңиздерди кечели…

Ашыктыкка, аруулукка – ал жакка
Келбеш үчүн түбөлүккө кетели…
12.01.2016-ж.

 

* * *

Ойлоруму оодарып
Уктатпаган уйкум келди.
Ойдон алып, көргө салып,
Көз караңгы, көз жарык.
Акылым айтпаса,
Жүрөгүм укпаса,
Мен ашык болбосом экен.
Сен түшүмдөн кетмейинче, мен да кетпейм.
14.01.2016-ж.

 

* * *

Жол келатат, көчө аралап
Ысыкта да, муздакта да, боорондо
Тосуп алсам, сапарларын тазалап,
Кумдан төшөп, гүлдөн төшөп короомдо.
Жол келатат, көчө аралап,
Өйдө-ылдый ,таш-ылайга карабай.
Тосуп алсам, тоскоолдуктан тазалап
Сүйүү төшөп, мээрим төшөп, бак төшөп
Кучактасам, кучагымдан чыгарбай .
Жол келатат, көчө аралап,
Тосуп алсам
Бир келген өмүрүмдү.
18.01.2016-ж.

 

* * *

Көчөдө кар, көңүлдөр да мупмуздак.
Бак-дарактар сагынууда жаз күнүн,
Тунжураган айланада аппапак
Тал-теректер сагынууда куш үнүн…
Бурганактуу буулукканым ичтеги
Бутактагы жазды күткөн
Чымчыктай
Селейип тиктейт бүгүн
Жолдоруңду.
Кичинекей көздөрүндө
Тоодой сүйүү
Жылаңач тал теректей
Үшүйт бүгүн.
Үзүк-үзүк кубанычым,
Өксүгүм, өткөн күнүм,
Жаз дагы келет бир күнү.
Күтө турчу,
Улуу күнүм.
27.01.2016-ж.

 

* * *

Үйдө жалгыз, жымжырттык экөөбүз,
Отурабыз ойго батып.
Жашоо дагы терезеде
Жылып барат мезгилдерди аралап…
Эки бөлмө, эки көзүм
Эки сөздөй, ээсиз турмушумда…
Баратсам жалгыз өзүм.
Эч жерде, эч бир жерден.
Экөөбүз тең өкүнбөгөн жер таппайм…
Өмүрдү сандан-санга баракталган
Дептериме калтырып, жаап койдум.
Жаштыгымды,
Эшигимди,
Жүрөгүмдү,
Ичинен илип койдум.
28.01.2016-ж.

 

* * *

Музыканын мукам үнү
Кайрыктары канатымдай
Бийиктикке обондолуп
Келгин куштай сен тарапка,
Жылуу жакка
Учуп барам.
Бакка конгон, эки канат бактыбыз
Күтүлүүдө…
04.02.2016-ж.

 

* * *

Музыканын аваз үнү
Канаттуу булуттардай
Бир ойго бириге албайм.
Куштун канатындай кооз,
Чөптүн канатындай дирилдек,
Сезимдин канатындай уялчаак,
Убакыттын канатындай учкун,
Шамалга термелип,
Оймодогу ойлордой
Обондолуп,
Ой-кырларды ашууда.
Кымча бел кыздай кызыктуу да кылыктуу,
Табышмактуу…
Күз эрте келип,
Жаз кечиккендей…
04.02.2016-ж.

 

* * *

Ай жарыгы, арзуу ыры, ар жагы
Арман дүйнө, ак жылдыздар жайдагы
Колдон алып көңүлүмдү көтөрүп,
Жылт дей түштү…
Аппак сүйүү кайдыгы.
Ай да жаркын аруулуктай
Ак булуттар жай гана
Ай, жылдызды уктата албай убара.
Көз жумулбайт, мейкиндикте
Аруу тиктеп жайдары
Уктабады аппак сүйүү айдагы.
Ашыгынан айрылышкан ак куудай
Ар бир түндө,
Канча жылдыз кайып кетет.
Жоголсо да, өчсө дагы өткөндөр
Өмүрлөрдө сүйүү болсун түбөлүк.
08.02.2016-ж.

 

* * *

Тоголок жалгыз дүйнө,
Токтобой томолонот,
Тоголок көздө…
Тойгузуп, токчулукта
Бардыгын берсе деле
Ток болбой койду адам
Тоголок эки көзү
Тойбой койду…
Чөнтөгү толгон менен аз,
Курсагы тойгон менен ач,
Адамзаты…
Ааламды алтыга бөлүп алып,
Алышып бүтпөй койду,
Адамзаты…
10.02.2016-ж.

 

* * *

Ушул жыл жаңырбады,
Баардыгы сүрөт болуп кала берди.
Бир алкакта илинип турсак дагы
Бир сүйүүгө биригип,
Баткан жокбуз…
Ушул жыл жашалбады.
Унутууга кеч калганда
Өткөн күн, өксүктөрүм
Көздөрүң, көңүлүмө келе берди.
Ушул жылы өчүп, күйдүм
Мезгил менен кубалашкан күндөрүм
Бүгүндөргө…
Кайрылууга кеч калганда
Келээр күндөн, кеткен күндүн азабы
Кыйын экен…
11.02.2016-ж.

 

* * *

Ушул күндү, улуу жолду, жашоону
Учурашып, удургуган сезимдин
Жибин тартып, эртеңиме үңүлсөм.
Ушул жарык, караңгынын ичинде
Сен караган жерден кандай көрүнөм.
Сансыз жылдыз арасында
Бирөө гана сени карайт…
Тамырларым тартылышып,
Бир кан тамыр жерге байлайт.
Жер, топурак, көз-убакыт
Келээрибиз, кетээрибиз билинбей
Көчө менен терезедей
Тиктешебиз…
Сен жолумду өлчөбөчү аралык.
Айрылсак…
Денебиз айрылды.
16.02.2016-ж.

 

* * *

Кыялдагы, түшүмдөгү
Өңүмдөгү, өзүмдөгү
Билинип, билинбеген
Айтылып, айтылбаган
Жай-кышым, жанымдагы
Кечикти, келбей калды…
Жамгыр болсо жаз келди деп,
жаап жатты…
Тамчылары жүрөгүмдү каккылады.
Мезгилдер алмашылды.
Өмүр бүттү, өмүр башталды…
Узанып, чексиздикке,
мейкиндикке…
Уктоого баш жөлөдүм.
Саат канча болду?
26.02.2016-ж.

 

* * *

Менин жашоом, меникине окшобой
Ар бир жашым, кайсы жылы жашалган?
Үтүктөлгөн, үзүк-үзүк күндөрүм
Үшүгөндөн үйүн таппай…
Үнсүз гана үмүттөрү үзүлүп,
Жашалбаптыр жаштыгым…
Сандан санга сандалып,
Сап-сап болгон жылдарым…
Бир катарга тизилген каркырадай
Көктөм менен көкөлөп
Учуптур… из калтырбай.
01.03.2016-ж.

 

КАЙДАМЫН… (БҮГҮН ЖАЗ БАШТАЛДЫ)

(прозадагы ыр)

Бүгүн жаз башталды. Кар астында калган жалбырактар менен бүчүрлөр арасынан. Бири жерде, бири бийикте. Өмүрдү улагандай. кыш менен жаз алмашат.

А сен Кайдасың?

 

Бүгүн жаз башталды. Кубулжуган куштар менен кумарлуу сүйүүнүн арасынан. Баардыгы баш айлантат. Бири ырдаса бири ырдалат. Сагынычты улагандай күн менен түн алмашат.

А сен Кайдасың?

 

Бүгүн жаз башталды. Ташкындап аккан суулар менен аргасыз муздар арасынан. Бири акса бири агылат. Убакытты улагандай ай менен жыл алмашат.

А сен Кайдасың?

 

Бүгүн жаз башталды. Ойлуу, обондуу шамал менен бактар арасынан. Ысыгы, суугу бирдей жагымдуу. Бири сыласа, бири сыланат. Түбөлүктү улагандай өмүр менен өлүм алмашат.

А мен Кайдамын?

01.03.2016-ж.

 

* * *

Күн өтсө, күүгүм кирсе
Күйпөлөктөп кеч бешим
Караңгыга камынып,
Кээ бир жылдыз эрте чыкты…
Энекем
Уйун саап, досторконун эрте жайып
Ошол күнү, күн дагы
Эрте батты….
Эртеси, энесиз эң биринчи таңым атты.
А жылдыздар кеч кетти.
Энемдин элеси асманга тартылды.
Азыр да карап турат.
Ак булуттар…
02.03.2016-ж.

 

* * *

Эңсөө келбе, эки башка үйдөгү
Экөөбүздү эстебе…
Бурчка койгон буюмдай унутулуп
Эски сүйүүм эч бир жерде
Калдыктары калбаптыр.
Сакчы болбо күтүүлөрүм
Айнектей чачыраган, ал күндөрдү
Бириктирип, чаптай албайм…
Изим жыртык,
Караштарым аксак.
Көзүм көрбөйт…
Көл үстүндө баратат.
03.03.2016-ж.

 

* * *

Агым менен алпурушуп токтобой
Күн нурлары конуп алып,
Суу үстүндө, тизгиндерин тарта албай.
Жылт-жулт этип, майдаланып, урунуп
Агып барат, убакыттар, мезгилдер.
Кечикчүүдөй ак толкундар
Катуу чуркайт, жаштык менен карылык
Алмашылат, кезектери келгендей
Келчү жери, барчу жагы, багыты.
Улуу Өлүм, токтой турчу шаштырбай
Дагы бир аз, күн нуруна чайканып,
Толкун менен жээктерге баралы.
Төгүлөлү, чачылалы, агалы
Улуу Өлүм, күтө турчу шашылбай…
Дагы бир аз узарталы өмүрдү.
09.03.2016-ж.

 

* * *

Заман кербен, ач-тогу,
Бар-жогу аралашып.
Сыналасың…
Табасың, жоготосуң,
Жоголосуң… дүйнөдөн катарлашып,
Кара жерге катыласың.
Ааламдан адамдын ачкөздүгү
Ала кетчү жалгыз сөөгү.
Майдаланып…
Топурактан топуракка
Муун уланат.
16.03.2016-ж.

 

* * *

Узун кылып жазып алып күндөрдү
Унуталбай бараткансыйм
Өзүңдү…
Сендүү күндөр, сенсиз түндөр
Жүзүмдөгү бырыштарым сыяктуу
Өкүнүчтүү нерселерим көбөйүп,
Кайгым дагы кубанычым – чачымда,
Өмүрүм да өргө жетпей…
Таң эртелеп жалгыз калган жылдыздай…
Аппак таңда ак жанып,
Ак булутка айландым.
Мен сенсиз жашай албай,
Өмүрүмдүн эң бир сонун жерлерин
Өзүңсүз өткөрүп ийиптирмин…
17.03.2016-ж.

 

* * *

Таңды күтпөйм,
Кеч киргени… Караңгынын жарыгы
ичибизде…
Кайгысы, кабагы, караңгынын
караганы…
Акылымды адаштырып,
Жылдыздары… жылмайыңкы,
Жылуулугу бийиктен кучактады.
Ай кызганды…
Жалгыздыкты…
Түндөгү караңгыны…
21.03.2016-ж.

 

* * *

Жашоо оюн, биз оюнчук
Короодо жашынмак ойноп жатып,
Балалыгым жашынды.
Күндөр менен кубалашып,
Жер сапырып, жол чаңдатып,
Жылаңайлак чуркаган
Издерим өчүп калды.
Мүрзөнүн арасында ойноп жатып,
Бала бойдон улгайып,
Өлүмдү эрте көрдүм.
Артта калган кусалыгым,
Катылган кайгыларым,
Баардыгы жүрөгүмдө көмүлүү.
Унуттуу оңой болсо алгач сен унут.
24.03.2016-ж.

 

* * *

Эсим ооп, эңшерилип – дүнүйө,
Көздөр гана чанагынан чыкчуудай
Карап калды…
Калдайган сезимдерим, сенсиз эле…
Булуттардай буулугуп
Төгүп жатты.
Караңгыны кучактасам ай жарыгы
Кирип келди түшүмө.
Ааламдын эшиги сыртынан да,
ичинен да, жыбылды.
Босогодо каректерим
бопбош калды.
Ыйлап жатты көздөрүмдөн башкасы,
Ааламдын жүрөгүнүн
жүгү кулай…
Күн нуру күндө чыгат.
Сүйүүнүн улуулугун эч ким жеңбей
Ай нуру түндө чыгат.
Ак жылдыз арзуулары
Ашыктык ырын ырдай
Таң атырат….
30.03.2016-ж.

 

* * *

Жашынып, жакшы сөздөр жазылбады.
Издесем, көздөрүңдөн табылбады.
Куш сайрап, жаз жадырап келсе дагы,
Жер балкып, чөп кылтыйып чыкса дагы
Көңүлүң ачылбады.
Эх сүйүү! Эмне деген табышмаксың,
Тапканда жашынасың, катыласың.
Жаңы эле колдорубуз кармашканда,
Өпкөндө көздөрүңдөн,
Өмүр өттү…
Эрте жаздын эң алгачкы гүлдөрү,
Эмнеге эрте кетет?
Айткылачы?
05.04.2016-ж.

 

* * *

Жанымда болгондор,
болбогондор качканда.
Кайгылуу күндөрүмдү кубандырып,
Өзүм качам.
Ишеничи түгөнгөн ишеничтер,
Тунгуюкка такалып,
Жанымда жалгыз калат.
Ишендирчи көңүлүмдү,
Көздөрүмдү,
Жүрөгүмдү көндүрчү.
Жаңы күн!
Үмүттөр алдыга шашып басат
Келеби деп үзүлө албай
Артын карайт.
Ушул жазда кеч калбачы.
Эскини эстебесем, кантип кыялданам?
08.04.2016-ж.

 

* * *

Мен күнүмдү меникине окшотуп,
Мезгил менен бирге басып кете албай,
Коштошууну узатып.
Уктабай кала берди күтүүлөрүм.
Көңүлүм да жумулбай,
Ай жанамда. Алысымда.
Мен түнүмдү меникине окшотуп,
Мени менен биргеликте боло албай,
Тосуп алып кубанычты
Кучактадым.
Күн чыгышты, таңымды,
Мен сени ушунчалык сагындым.
08.04.2016-ж.

 

* * *

Менин жээгим – өмүрүмдүн эки учундай
Баш, аягы өлчөнүлбөй…
Кубанычым кучакталбай,
Чуркап келди… Сагынычтар.
Менин жээгим – жалганга айланган жашообуздай
Эки жүздүү чындыктай кетээримде,
Учуп келди канаттуудай өкүнүчтөр,
Өткөн өмүр.
Менин жээгим – менин чегим,
Меникиндей…
Мейкиндикте…
Өлүм – өмүрдөн да көп жашайт!
13.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий