7 дубандын өзгөчө салттары

Илгертен эле кыргыз эли салт-саналарга көңүл буруп келген. Жети аймак бири-биринен жайгашкан жери, ээлеген оорду менен гана айырмаланбастан, бүйүр кызыткан салттары менен да өзгөчөлөнүп турат.

Баткен

Башка дубандардан айырмаланган өзгөчө салттарынын бири -адам көзү өткөндө жакын адамдары бир жыл бою аза күтүп, көк кийим кийгенинде. Көзү өткөн адамдын баардык тууган-уруктарынын көпчүлүк бөлүгү көк кийим кийишип аза күтүшөт. Көк кийген адамдар эч кандай аш, тойлорго барышпайт. Жылдыгында эл жыйылып куран окулгандан кийин аны ак кийимге алмаштырышат. Бул салт азыркы учурга чейин эл арасында сакталып келет.

 

Ош

Ошто садага чабуу деген өзгөчө салт бар. Колуктуга атайын улак союп, өпкөсүн бала менен келинге чабат. Чапкан киши өпкөнү итке алып барып таштайт. Ал эми улактын эти менен туугандарына түлөө берет. Өпкө чапканынын себеби жана өпкөнү итке таштаганы иттей жөнөкөй болсун дегенди түшүндүрөт.

 

Талас

Таласта келин келгенде кайненеси кемегеге алып барып, оттой ысык болсун деп отко жүгүндүрүп, келген жерине майлуу-сүттүү болсун деп колун жана көсөөнү майлайт. Кайненеси келиндин бөлмөсүнүн ар бир бурчуна ак жалгасын деп ун чачат.

Таластык түрктөрдө жана күрддөрдө келин эшиктин алдына келгенде алгачкы сыноодон өткөрүлөт. Ал көмкөрүлгөн тарелканын үстүнө кашык коюп буту менен сындырышы керек. Тарелка сындырганы жакшы, ал эми сындыра албай калганы жагымсыз белги катары жоромолдонот. Экинчи жагынан бул ырым жаш келиндерге чымырканып, үй-тиричилигинде тың болууга түрткү берет.

 

Жалал-Абад

Бул аймакта кыз узатууда күйөө бала тарап кыздын үйүнө тойлугун алып келишет. Буга отун-суусунан баштап союшу, күрүч, сабиз, май, таттуулары жана жер-жемиштерине чейин кирет. Эң кызыктуусу, бул дубандын көпчүлүк жеринде кыздын үйүндө жаштарга нике кыйылып, жоолук салышып, кайындарынын алдында биринчи ирет келин жүгүнөт (кээ бир аймактарында “кыз өз үйүндө жүгүнбөйт” деп жүгүнтүшпөйт). Кызды жер бастырбай, агасы көтөрүп машинага салат.

 

Ысык-Көл

Көлдө күйөө бала үч жолу жүгүнүп кирип келери менен «чай узатмай» деген ырымын кылат. Мында кыздын жеңеси куюп берген чайды күйөө бала конокторго сунуп отурат. Бул “кызмат кылып жатат” дегенди билдирет.

Көлдөгү өзгөчө салттардын дагы бири — жүгүнүү. Бул аймакта келин келген күндөн баштап, өмүрү өткөнчө кайын журтун сыйлап, урматтап жүгүнүп өтүшөт. Эгерде келин жесир калса анда “бели сынды” деп аталып жүгүнбөйт. Дагы бир өзгөчөлүгү — күйөөсүнүн жакын адамдарынын көзү өтсө, сөөк жайына берилмейинче келин кайын журтуна ызаат көрсөтүп жүгүнбөйт.

 

Чүй

Чүйдө көпчүлүк салттар жоюлуп, азы гана сакталган. “Дасторкон жыяр” деп кыздын кызмат кылып жүргөн жеңелерине кудалары акча ташташат жана балдыздары жездесинин кулагын чоюшат. Кулагын чойгон сайын жездеси чөнтөгүнө камдап келген белек-бечкектерин берет.

Акырында кызды салып кетип баратканда анын апасынын этегине таш бастырып, үйгө отургузуп коюшат. Бул «кеткен кыз барган жеринен козголбой, бакыт тапсын» деген маанини билдирет.

 

Нарын

Нарында жаңы келген келиндин чачын сары май менен майлап, ак кебезди кошуп өргөн өзгөчө салт бар.  Бул жаңы келин сары майдай ыйык, ак кебездей назик, ак жолтой жана өрүлгөн чачтай бекем, чыдамдуу болсун деген мааниде баланын жеңелери өрүшөт.

Сүйүн Дүйшеева, «Saat.kg», 12.04.2016-ж.

Соц тармактар:

7 дубандын өзгөчө салттары: 2 комментария

  • 27.07.2016 в 23:16
    Permalink

    Жалалабадтын Салты туура эмес жазгансынар. Кыздын агасы машинага салат дегени.

    Ответ
    • 28.07.2016 в 10:13
      Permalink

      Саламатсызбы.

      Бул сайтта жарыяланган материал боюнча пикириңерди билдиргениңиз үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келет.

      Бир гана дооматыңыз кичине өз дареги боюнча болбой калган. Сайттагы негизги материалдар — интернеттен чогултулгандар. Каяктан алынганын адатынча макаланын алдында сөзсүз көрсөтү коебуз. Мисалы бул макала «Saat.kg» сайтында 12.04.2016-ж. жарыяланган эле.

      Бирок мүдүрүлбөс туяк, жаңылбас жаак болбойт дегендей, айрым тактай турган жерлер бар болсо билдирип турганыңар дайым кубатталат. Мен макаланын автору болбогондуктан аны оңдогонго укугум жок, бирок тактоолорду же толуктоолорду макаланын ылдый жагындагы пикир жазуу жерде билдирип турсаңыз болот. Окурмандар пикирлер менен да таанышып макалага өз баасын бере алышат.

      Ответ

Добавить комментарий