Туяктын кайтып келиши

Туяк ырчынын ысымын Исфайрам чөлкөмдө жашаган эл ооздон түшүрбөй, анын кайталангыс ырчылык дараметин шыпшынып сөз кылып жүрүшөт. Туяк жөнүндөгү аңыз кептер ооздон оозго өтүп, ал бүгүнкү күндө ар кандай алымча кошумчаларга дуушар болуп элдин бүйүрүн кызытып келет. Акындын өмүрү, чыгармачылык жолу мурда адабий иликтөөлөрдүн болбогондугу, ичкиликтердин маданий, адабий мурастарына кызыгуу ар кандай себептер менен солгун жүргөндүгү, эң негизгиси ушул чөлкөмдөн Туяк үчүн жан күйгүзгөн атуулдардын мурда чыкпагандыгы анын чыгармаларынын жарык көрүшүн ушул күнгө чейин кечеңдетип келди. Бирок “алтынды дат баспайт” дегендей Туяктын эл оозунда калган ырлары акыры жүрүп өз элине кайтып келүү шарапатына ээ болуп олтурат. Акындыктын улуу касиети, жандуу, канаттуу сөздүн өлбөстүгү кимди болсун таң калтырбай койбойт. Бүгүн атына заты жарашкан улуу акын биз менен катарлаш, биз менен замандаш болуп өзүнүн керемет ырлары аркылуу тирилип келди. Көп жылдар бою ар кимден уккан ыр саптарын термелеп жыйып жүрүп, акыры аларды окурамандарга сунуш кылганыма аябай сыймыктанам. Туяктын ысмы жан дүйнөмдө жашап жүргөндөн бери өзүмдү бактылуу сезип, ал жөнүндө айтылган бир дагы сөздү кулагымдын сыртынан кетирбөөгө аракеттендим. Бирок пендечиликке моюн сунуп, өзүмдүн чыгармачылыгыма көбүрөөк көңүл буруп, “Туяктын ырларын китеп кылып чыгарам” деген оюм кечеңдеп кетти. Анткени Туяктын айрым ырларын тактоо, толуктоо үчүн бир нече жылдар керек болду. Акын жөнүндөгү эң алгачкы маалыматтарды биринчи жолу республикалык жаштардын “Тулпар” (1995-жыл №1) журналына жарыяладым. “Туяктын ыры” деген китебимде “Исфайрам жана Туяк” деген ырым чыкты. Ошондой эле “Туяктын ыры” деген ат менен драмам Ошто, Бишкекте сахнага коюлду. Туяктын өзүнүн ырлары китеп болуп жарыяланбай туруп, анын ысмы эл-журтка ошентип анча-мынча тааныла баштаган болчу. Ошондой эле Чаувайлык карыя акын Беккелди Жоробаев Туяк акын жөнүндө бир нече маалыматтарды райондук, облустук газеталарга жарыялаган эле. Башка материалдарга көзүм чалдыккан жок.

Туяк акын болжол менен 1856-жылы туулган. Атасы Эрназар Пум айлындагы Төөлөс уруусуна караштуу Карынчы уругунан чыккан жарды адам болгон. Бирок ал колунан көөрү төгүлгөн өнөрлүү, эл арасында кадыр-барктуу эле. Туяк эне-атасынан эрте ажырап агасы Эшназардын колунда өсөт. Байлардын малын кайтарып күн өткөрөт. Пумда жашаган ыраматылык Дүйшеев Маткалык аксакалдын айтканына караганда Туяктын атасы Эрназар, анын атасы Шааназар болгон. Шааназардын атасы Чарык, Чарыктын атасы Карынчы. Карынчы уруусу Төөлөстүн дүкөнүнөн тараган.

Карынчы уруусунан көркөм сөзгө уста адамдар ыр-күүгө жакын өнөрпоздор көп чыккан. Ар кандай өнөргө кызыккандар азыркыга чейин эл арасында арбын. Туяктын акын болуп калыптануусуна мына ошол карынчы уруусунун табигый жөндөмү, жаш кезинен көркөм сөздү аздектеген адамдардын арасында туулуп өскөнү таасир берсе керек. XIX кылымдын экинчи жарымында ичкилик кыргыздарынын арасында аш-тойлор төкмө акындардын ырлары менен коштолуп өткөрүлгөн. Ошондой жерлерде Туяк азыр тарыхта ысымдары белгисиз акындардын ырларын угуп өскөн. Дээринен таланттуу, эс тутуму зирек болгондуктан өзүнүн курбалдаштарынын арасында сөздөрдү куюлуштуруп, жамактатып сүйлөп, кээде ырдап да жүргөн. Башка акындардан уккан ырларын тез эле кулагына илип алган.

Эл арасында Туяк жөнүндө айтылып жүргөн мындай бир кеп бар. Туяк жаш кезинде өзүнүн курбалдаштары Мадумар, Абдыкайым менен Атчабар бел жайлоосунда байдын малын кайтарып жүрүшөт экен. Бир күнү үч дос түш көрүп бири бирине көргөн түштөрүн айта баштаптыр. Туяк айтыптыр: “Мен түшүмдө бир кап буудайды жеп алдым”,– деп. Анда берки экөө: “Сен чоң ырчы болот экенсиң” – дептир. Абдыкайым да түшүн айтыптыр. Ошондо Мадумар: “Силер ырчы менен чоң молдо болсоңор, мен эл арасындагы карапайым эле уста болот экенмин. Силер өз өнөрүңөрдү өркүндөтүш үчүн эл аралап, билим алгыла. Минтип мал артынан жүрө берсеңер мал болуп каласыңар. Малды мен багайын, силер кеткиле”,– деп эки досун кетирип жибериптир. Кийин Абдыкайым Маргалаңда, Самарканда, Кокондо билим алып, атагы чыккан молдо, көзү ачык Эшан болгон экен. Ал биринчи жолу Исфайрам чөлкөмүндө Пум кыштагында медресе ачып көптөгөн билимдүү адамдарды тарбиялап чыгарган экен. Ошол Эшан атанын салган мечитин жакында гана пумчу туугандар жаңылап салып, азырга чейин “Эшан атанын мечити” деп кадырлашат. Ал эми Мадумар колунан көөрү төгүлгөн уста болуп бүткүл эл-журтка кызмат кылып өтүптүр.

Туяк тез эле төкмө акын катарында элге таанылат. Ал эч нерседен тайманбаган, адилеттик үчүн күрөшкөн, көкүрөгүндөгү чындыгын айткан акын болот. “Туяк ырчы кайыл бир аш-тойго келип ырдайт экен”,– деген кабар тараса эл ошол жерге Туяктын ырын угуу үчүн көчүп келет. Акын курч, таамай айтылган ары көркөмдүү, ары каймактуу сөздөрүнө эл ашык болот. Акынды аздектеп кадырлагандар, сый-урмат көрсөтүп үстүнө тон жапкандар, астына ат мингизгендер көбөйөт. Туяк ичкилик акындардын ырдоо ыкмасынан сырткары комузда, кыякта ойной билген. Кээде ичкиликтердин байыртадан келаткан терс күүлөрүн аткарып уккандарды муюткан. Ал залкар күүлөрдү бүткүл жан дүйнөсү менен берилип жыргап, эргип аткарган. Ыраматылык атам Алинин уулу Эрмамат: “Туяк менин жакын тагам эле. Жаш кезимде комуз менен кыякта ойноону, комуз, кыяк чабууну ошондон үйрөнгөнмүн. Атам мага Туяктын дубасын алып берген”, — деп калчу. Анан мага Туяктын ырларын, андан үйрөнгөн күүлөрүн ойноп берчү.

Туяк төкмө акын катары эл арасына кеңири тараган сайын анын кадыры улам өсүп, атагы алыска Кокон хандыгына чейин жетет. Атайын хансарайына чакыртылып ал жерде ыр ырдайт. Хандын баалуу белектерине татыктуу болот. Ошол учурда Кароол айлынан чыккан Садир бий миңбашы болуп турган. Миңбашы Туякты жанында ээрчитип жүрүп ырдаткан учурлары көп болгон. Акын бүткүл Кокон хандыгына абройлуу адам катарында таанылган. Аш-тойлордо тийген белектерин алып келип элине тараткан.

Акындын ырларынан улам ал кайсыл жерлерде болгондугу жөнүндө маалымат алса болот. “Балалыгым калган жер” деген ырында кыйла чөлкөмдү кыдырып чыкканын айтат:

Жалалабад, Кан-Абад 
Жердин баарын кыдырдым.
Ичкиликти аралап
Элдин баарын кыдырдым.
Оңго-солго барганмын,
Ооматым келип турганда
Toп жыйынды жарганмын.
Анжиянга барганмын,
Акындар менен айтышып
Ар кошкон элдин ичинде
Абийирди жеңип алганмын.

Мына ушул саптарды окуп биз Туяктын “топ жыйынды жарган”, “абийирди жеңип алган”, ичкилик кыргыздарынан чыккан ак таңдай акын экендигин баамдайбыз. Анын ырдаган ырлары элдин жүрөгүнө жетип, угармандарды кош көңүл калтырбагандыгы тууралуу акындын төмөнкүдөй ыр саптары бар:

Көрдүм барып Өзгөндү,
Уктум жылуу сөздөрдү.
Кирип келип эшиктен,
Ырдаган ырым эшиткен
Адамдын жүзү өзгөрдү.
Чырактай күйүп жарк этти
Уктап жаткан көздөрү…

Чындыгында “уктап жаткан көздөрдү чырактай баркыратып күйгүзүү” үчүн акын орошон таланттуу, даремети күчтүү, өзгөчө касиетке ээ болуш керек. Ошондо гана ал эл менен жуурулуп, элдин делебесин козгойт. Туяк дал мына ошондой элдин дилиндеги сөздү ырдаган улуу акын болгон. Мурда жашап өткөн төкмө акындар сыяктуу эле Туяк да заман жөнүндө ырдап, заман тууралуу өзүнүн ой-пикирлерин так, ачык айткан. Заманчылардын дүйнө туюму, философиялык көз караштары кайсыл бир деңгээлде Туяктын ырларында кеңири чагылдырылган. Туяктын заман ырлары реалдуу турмушка бир топ жакын. Кокон хандыгынын тушундагы элдин жашоосу, азап-шору, көргөн күнү күчтүү ыр саптары менен сүрөттөлгөн.

Көк эшектей курт басып 
Жооруп турган замана.
Жарылам дел шишиги
Толуп турган замана.
Токуму жок сөздөргө
Тоюп турган замана.
Төрт туягы бүрүшүп
Тоңуп турган замана
, — деп заман жөнүндө таамай бүтүмүн чыгарат. Ошол эле жерде: “Кудаярхандын ырларын ырдап барат замана”, — деп хандын адресине кайрылат. Мына ушу сыяктуу элдин таламын талашкан, чычаладай чыркырап күйгөн чындыкты айткан акындын атуулдугу, даанышмандыгы бийлик төбөлдөрүнө жаккан эмес. Ар кандай айла-амал менен, баалуу белек-бечкектер менен акындын мизин кайтарууга жасалган аракеттер натыйжа берген эмес. Акын кайсыл жерде ырдабасын: “Жалаң байдын мал-мүлкүн кооруп турган замана. Кедейлерди оп тартып соруп турган замана”, — деп өзү жашаган доордун оош-кыйыш жактарын кан какшап айта берген. Дагы бир “Не болосуң замана? ” деген ырында ал:

Бул дүйнөнүн жыргалын,
Булбулдай сайрап ырдадым.
Бозомук боппоз тумандай
Болумсуз заман кыйнадың.
Ботодой боздоп зар какшап
Боорумду эзип ыйладым
,– деп ыймандай сырын төгүп элге кайрылган. Туяк өз заманынын акыны болуу менен бирге, замандаштарынын көйгөйүн жүрөгүнөн өткөрүп, жакшылык-жамандыктарын тең бөлүшкөн. Анын дагы канча ырлары кагазга түшпөй кумга сиңген суу сыяктуу жок болуп кеткендигин айтпаса да түшүнүктүү. Бирок колдо болгон чыгармаларга каниет кылып, ушуга да шүгүр дейли. Агайлап назар салып окуган адам Туяктын акындык дарамет күчүн, философиясын, эстетикалык туюмун, жашаган доорун сезбей койбойт. Ал кыргыздардын бардык эле төкмө акындарына мүнөздүү болгон ийгилик менен кемчилдиктерден куру эмес. Акын чыгармаларын иликтеп, өмүр таржымалын, баскан жолун, акындык ордун изилдөө келечектин иши деп ойлоймун. Эң негизгиси анын ар бир ырын айткан оюн өзүбүздүн өткөн тарыхыбыз, рухий башатыбыз катары баалашыбыз керек.

Мезгили келгенде Туяк ырчы кыргыздын ак таңдай акындары Токтогул, Жеңижок, Барпы сыяктуу чоң абройго, атак-даңкка ээ болуп, ырлары калайык калктын жүрөгүнөн түнөк табат.

Эгемберди ЭРМАТОВ, Кыргыз эл акыны, 2005-ж.

Макала акындын Фейсбуктагы өздүк баракчасынан алынды.

Соц тармактар:

Добавить комментарий