Шекер — Айтматов менен жолугушчу жер болушу керек

Жалындаган ушул жаш курагында ойноп-күлүп, дүнүйө топтоп, башкаларга окшоп өзүнө жана бала-бакырасына чейин бай турмушту камсыз кылайын дебей, тапкан-ташыганын эл менен бөлүшүп, улам бир иштин артынан жаңы ишти баштаган Имамидин Ташов аттуу мекенчил жигит бар. Анын эл үчүн, Мекен үчүн жасаган иштери өзүнчө узун сабак сөзгө татыйт. Бирок азыр кеп ал жөнүндө эмес. Ага бир жолукканымда “Сиз ошол жактан болот эмеспизби, мага бирөөлөр Чыңгыз Айтматовдун айылында музейи кароосуз турат деп айтышты. Сиз аны көрдүңүз беле? – деп кайрылып калды. Мен кээде ушул сыяктуу сөздү качандыр бир кезде бирөөлөрдөн угаарымды сезип, өзүмчө коомайланып кетчүмүн. Мен Шекерге жакын айылдан болсом да Шекерге өмүрүмдө барып көргөн эмесмин. Атайын барууну ичимден ойлоп жүрсөм да чыгынып бара элек элем. Анткени менин ички дүйнөмдө “Чынгыз Айтматов Шекер айылында төрөлгөн дейбиз, балалыгы өткөн дейбиз. Бирок бүгүн алыстан-жакындан Айтматовдун элесине зыярат кылып келгендер анын туулган айылынан эмнени көрүшөөр экен?” деген ойлор уялап, эгерде менден Айтматовго жердеш катары бирөө сурап калса эмне дейм деген ой кээде көңүлүмдү төөнөп кеткендей болчу. Имамидин мырзанын сөзүнөн кийин мен Бишкекте көпкө буйдалбай Таласыма, Шекерге карай жолго чыктым. Ал музейди оңдоп-түздөө керек болсо жардам берерин айткан эле.

 

Ааламга аты угулган айылда

Чыңгыз Айтматов “Манас атанын ак кар, көк музу” аттуу очеркинде “… ар булактын чордону бар сыңары, Мекен деген алп сөздүн кут түшкөн очок сыяктуу, алакандай борбору болот эмеспи. Менин мекеним Шекер айылы. … Шекерге жакындаарда ар качан жүрөк толкуйт” деп жазганы бар. Бүгүн Айтматов арабызда жок. Бирок анын далай чыгармаларына өзөк болгон, балалык жан-дүйнөсүн жабырлантып, бирок ошол эле учурда ички улуу сезимдерди, талант көрөңгөсүн купуя багып өстүргөн, Айтматов өзү чексиз сүйгөн, жазуучунун тили менен айтканда “Манас Атанын” этегиндеги” Шекер айылы бар. Планетардык масштабдагы ойчул, даанышман инсан, чебер калемгер Айтматов чыккан ушул алакандай Шекер айылына качан болбосун Айтматовду аздектеген адамдар алыс-жакын дебей ат башын буруп кайрылып өтөөрү турган иш. Мына ошондо алар Шекерден эмнени көрүп, кандай таасир алышат? Ысымы ааламды чарк айланган Айтматовдун киндик каны тамган, өмүр издери калган Шекер айылына келген адамдын ички сезими, үмүтү аңгырап бош калбас бекен? Мен ошенттим. Алыстан эмес, жөө келсең деле Чолпонбай айылынан “эт бышымда” жете келер Шекерге ички сезимимде Айтматов менен жолукчудай алеп-желеп болуп келген жаным өзүмчө бушайманданып, негедир көңүлүм толбой туруп алды. Маданият үйүндөгү Айтматовдун музейин көрүп жүргөнүбүздө жоон топ адамдар киришти. Айтматовдун музейи дегенде мен негедир ал жашаган үйдү элестетчүмүн. Ошондон уламбы айылдын маданият үйүндөгү Айтматовдун салттуу музейин көрүп чыгып да көңүлүм дагы башка нерсе көрүүгө ашыгып жатты. Музейде Айтматовго тиешелүү ар кандай материалдар менен катар жазуучу кийп жүргөн костюм-шымы, туфлиси, узун пальтосу сакталып турат. Эшикке чыгып айылда Айтматовго тиешелүү дагы эмне бар деп ошол жерде тургандардан сурасам бирөө билбейм дегенсип баш чайкады, а дагы бирөөсү ачык асман алдындагы музейи бар деп калды. Айтматовдор жашаган үйчү, анда кандайдыр бир белги коюлган эмеспи? — деген суроомо “жок, ал качан эле жок болгон да” деген жоопту уктум. Айлам куруп, айыл өкмөтү кайда десем тигине айыл өкмөт башчысы деп ошол жерде турган бирөөнү көрсөтүштү. Көрсө жанагы музейге кирген жоон топ адамдар айыл өкмөт башчысы Сүйүн мырзанын Ат-Башыдан келген кудалары экен. Аларды алып келип тышта күтүп турганбы, айтор, четкерээк жерден анын бери басканын көрүп, утурлай чыктым да дароо эле “Айтматовдор жашаган үй барбы?” — деп сурадым. Ал “жок, ал качан эле жок болгон да” деп келатканда эле “үй жок болсо орду бар да, эмнеге аны белгилеп жасап койсо болбойт? — деген суроомо оңтойсуздана түшүп “алар негизинен Досаалы жездесиникинде жашаган да” деди. Анын кай жакта экенин сурап алып ошол тарапка бет алдык.

 

Каалганы кайык кылып…

Айтматов эскерүүлөрүндө көп сөз кылган мергенчи Досаалы жездеси менен Карагыз апасынын( атасынын эжеси) уулу Жапарбек ата жашаган үйдү сураштырып таптык. Үй дөңсөө жерде экен. Алысыраак жерден күрүлдөп аккан суунун агымы даана угулуп турду. Бул Айтматов чыгармаларында далай ирет оозанган Күркүрөө суусу. Жапарбек ата байбичеси экөө жарык жүздүү жакшы адамдар экен. Айтматов тирүү кезинде бул үйгө көп келчү дешти. Короодо бир чоң там, анан төбөсү жапыс жабылган бир нече кичине үйлөр турат. Жапарбек ата дагы Айтматовдор жашаган үй качан эле бузулуп жок болгонун айтты. “Жок болсо мейли, анын ордун белгилеп, ошол жерге кайра салып койсо неге болбойт? Бул жерде Айтматовдун издери калган. Айтматовдун чоң ааламга жолу ушул жерден башталган, мынабу сууга далай ирет жүзүн чайынгандыр” деген ойлор мага биринен сала бири келип жатты. Анан да айыл өкмөт башчысынын “чыгармаларында суудан эшиктин эски каалгасын кайык кылып өткөнү бар го, ошол суу да ошол жерде” деп айтканын эстеп, Жапарбек атанын байбичесинен сураганымда “ооба, ушул суу” деп короо четинде агып жаткан сууну көрсөттү. Бул кадимки Күркүрөө суусунун бир бөлүгү. Менин көз алдыма өспүрүм Айтматовдун каалганы кайык кылып, суу үстүндө каалгып бараткан элеси, ага улай ар жактан Султанмураттардын ууруларды кууп бараткан дүбүртү, Жамийланын шаңкылдаган күлкүсү менен Данияр созгон обон, Толгонайдын жер эне менен сырдашуусу элестелип, Айтматов менен чындап жолуккандай толкундана түштүм…

 

Ачык асман астындагы музейде

Ал эми “Айтматовдун ачык асман астындагы музейи” да атына заты жарашпаган абалда экен. Айылдын чет жагындагы бактын арасында жазуучунун чыгармаларындагы каармандардын скульптуралык сөлөкөттөрү чегилип коюлуптур. Акбаранын баланы көңтөрө качканы, Ак кемедеги бала жана башкалар болуп бардыгы 15 чакты каармандын таш эстеликтери турат. Бактын ичиндеги жалгыз үйдө кароолчу болуп бир үй-бүлө жашайт экен. Андагы Чачыкей аттуу айымдын айтуусунда жазуучунун каармандарынын таш эстеликтеринин музейин куруу 90-жылдары башталып аягына чыкпай калыптыр. Анын айтымында сөлөкөттөр чегилген таштар Ташкенттен ташылып келиптир. Бирок Союз тарап кеткенден улам болсо керек, ошол бойдон иш токтогон экен. Бирок бул жерди көргөнү өлкөбүздөн гана эмес, чет элдиктер да келип турушат дейт ал. Сыягы Имамидин мырза айткан музей ушул окшойт деп болжодум. Анкени бул жер кароосуз калганы көрүнүп турат. Ооба, бул өз учурунда көркөм-скульптуралык жакшы долбоор болгон чыгар. Бирок эмне үчүн анын мазмун-идеясына ылайык аягына чыгарууну жергиликтүү бийлик ойлобойт? Ушул турушунда Айтматовдун музейи деп келген бирөөгө көрсөткөндөн мен уялат элем…

 

Айтматовдун атына жарашкандай болсо

Албетте, Чыңгыз Айтматовдун балалыгы бир эле Шекер айылында өткөн эмес. Өзүнүн эскерүүлөрүнөн анын үй-бүлөсү Араванда, кийин Москвада, Киров айылында(азыркы Кара-Буура, мурдагы Киров районунун борбору), Жийдеде жашаганын билебиз. Бирок Айтматовдун ата конушу, киндик каны тамган айылы – Шекер. “Эгер мен аалам койнун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз аны өз айылым Шекердин образы аркылуу элестетээрим бышык” деп жазган улуу жазуучу бир макаласында. Дүйнө да Айтматовду Шекердин кулуну деп билет. Андыктан бул айылда кандайдыр бир көркөм-архитектуралык комплекс же ансамбль дейбизби, айтор Айтматовдун атына төп келгендей эстелик болчу бир нерсе болушу керек. Болбосо Айтматовдой дүйнөлүк кадырман улуу адамын барктай албаган байыркы кыргыз эли маңыроо, мааниси жок эл экен деп башка элге кеп кетээр….

Бегим ТУРДАЛИЕВА, “Эркин тоо”, 28.07.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий