Нарсулуу Гургубаева, акын: “Жашап келем жашап болбос калаада, Кол чатырсыз, үй дарексиз, акчасыз…”

“Алыстагы ак жарык” аттуу китеби менен Кыргызстанга келген акын кызыбыз Нарсулуу Гургубаева окурмандарды терең ойго салган, тамшандырган адабий кече өткөрдү. Уюштуруучулар кеченин алдында автордун китеби менен алдын-ала тааныштырып, окурмандардын даярдыкта келиши ыр майрамын ого бетер өзгөчөлөнттү.

Жазуучу Султан Раев китепке жазган баш сөзүндө:

“Нарсулуу… баягы мен көргөн Нарсулуудан мага анын аты эле калгандай туюлду…Чындыгында тагдыр, мезгил, турмуш…анын жүрөгүнө мөөрүн салып, жашоого болгон эн тамгасын…жашоонун кылка эмес кырларында сынагандай сезилди… Дүйнөнү акыл менен тааныйбыз, тагдыр менен сезебиз… Жашоонун мыйзамы ушундай… Ал мыйзамды өзүбүз аныктайбыз, өзүбүз ошол дөөлөт менен жашайбыз…

Татаалдыкты сүйгөн, татаалдык менен күрөшүүгө бел байлаган, татаал ойдон, татаал дүйнөнүн сырын, сырдуу дарбазасын ачууга белсенген Нарсулуунун ырларынан… эң оболу анын жан дүйнөсүн көрдүм… Ал өзүмдүктүн эмес, баарыбыздын дүйнөбүз… бул ырлар өзүбүздү өзүбүз түшүнө билүүдөгү алыста бүлбүлдөп күйгөн ак жарык мисал…” деди.

 

Окумуштуу Гүлзада Станалиева Нарсулуу Гургубаеванын чыгармачылыгында жол, өмүр аттуу сөз көп учурап, мигранттардын турмушун, философиясын чагылдырып тураарын белгилеп өттү.

Тележурналист Бейшенбек Бекешов ырда акындын эле жан дүйнөсү эмес, бүтүндөй элдин жан дүйнөсү болбосо, анда ал ыр эмес. Кыргыз түгөнгөн сайын түтөгөн, өлгөн сайын тирилген, жоголгон сайын кайра жарала берген, “Манастагыдай” башкача эл экендигин айтты. Адабиятчылар “Мигранттар поэзиясы” деп атап алыптыр. Бул—бир миллион элдин поэзиясы. Ошол алыскы жерлердеги элдин портрети. Жалпы элдин портрети жан дүйнөсү, ыры менен ушул кыздын көкүрөгүндө калыптыр. Ал ошол кыргызды тирилтип чыга турган жан дүйнө экен. Ырында ала кушту аты менен айтыптыр. Ушул төрт сапта бүтүндөй сырттагы кыргыздардын турмушу сыйып турат:

“Күлкүгө суз, күйүткө суз, жашка суз,
Күн өткөргөн сенсиз, ансыз, башкасыз,
Жашап келем жашап болбос калаада
Кол чатырсыз, үй дарексиз, акчасыз…”

Бар бол, Нарсулуу, сендей акыны бар кыргыз эч убакта өлбөйт” деди Бейшенбек Бекешов.

Кечеде ошондой эле Н. Гургубаеванын сөзүнө жазылган Түмөнбай Колдошевдин ыры, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин ж.б ырлары жаңырып, эстен кеткис ыр майрамы болуп калды.

 

Нарсулуу Гургубаева: “Өз үнүм, өз стилим табууга аябай аракет кылдым”

Кечеден кийин окурмандарына кол тамга таратып бошобой жаткан Нарсулуу менен эки ооз сөз сүйлөштүк.

Айтсаң Нарсулуу, Москвага кандайча барып калдың эле?

— Көпчүлүк эл сыяктуу эле. Иштеп, окуп калдым. Адегенде окууга өтөйүн деп баргам, бирок өтпөй калып, иштедим. Анан даярданып, Адабият институтуна өтүп, акыры окуп бүтүрдүм. Биринчи жогорку билимди Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинен алгам. Экинчи билимим Горький атындагы Адабият институту болуп калды. .

Нарсулуу,“Алыстагы ак жарык” биринчи китебиң эмес окшойт…

— 19 жашымда “Көз мончок” аттуу алгачкы китебим чыккан.

Ырларыңда Сагын Акматбекова, Айгүл Узакова сыяктуу акындардан алган таасирлериң сезилип турат деп атышат….

— Чынында мен көп эле акындарга таасирлендим. Ырас, бала кезимде Сагын Акматбековадай акын болгум, ага окшош болгум келчү. Акматбекова кыргыз поэзиясында бурулуш жасаган да, мен да поэзияда бурулуш жасагым келчү. Бирок мүмкүн болушунча Нарсулуу болгонго, өз үнүм, өз стилим тапканга аябай аракет кылдым, бул чын сөзүм. Канчалык деңгэлде Нарсулуу боло алдым, аны эл айтышы керек.

Китебиңде мыкты ырлар топтолуптур. Бардык эле ырларың ушундайбы?

— Бардык ырларым ушундай десем, балким, жалган айткан болуп калам. Бирок элге жалаң жакшы ырларды жеткиргенге аракет кылам.

Фамилияң өзгөчөлүү экен… .

— Чынында мен Гургубаева эмес, Күртүкбаева болушум керек эле. Алайда Күртүктүү мазар деген мазар бар. Чоң чоң энелерибиз мазарга сыйынып жүрүп төрөгөн экен. Алайда фамилияны каттаарда туура эмес жазып коюшуптур. Ошону менен Гургубаева болуп калыптырбыз.

Келечекте өзүңдү кандай элестетесиң?

— Эртең эмне болоорумду билбейм, бирок так билген нерсем, алымдын келишинче дагы жазам. Жаза элек ырларым али алдыда.

Айгүл Бакеева, “Политклиника”

 

Нарсулуу Гургубаеванын ырларынан

* * *

Алыстыкты жазыш азыр кандай оор!
Алыстыктан арзыш сага—андан оор.
Сан ичинде саргалдактай кылайган,
Санаа-сыркооң менен, Журтум, аман бол!

“Келем” дебей, сенден кетүү күч алып,
Кайтаар жолдо кадамыбыз тушалып…
“Аманбыз” дейт үнү менен апамдын
Кең дүйнөнүн бир бурчунан кусалык.

Ошол үндөн кайрат алып талыккыс,
Бир мезгилге карыз тузбуз, калыспыз.
Эртең кайра кулайбыз деп бооруңа,
Бүгүн сага алыстыктан алыспыз.

Кайтабыз деп кайралып да, бүлөнүп,
Сенден кеттик, кеткен себеп жүйөөлүү.
Сен аман бол, себеби жок кырсыктан,
Бул дүйнөнүн бүлк-бүлк соккон жүрөгү!
Бул дүйнөнүн бүлк-бүлк соккон жүрөгү …

2009-ж.

 

* * *

Ушул жашоо… Талаа болуп күнөстүү,
Калаа болуп…Бекет болуп башталып,
Капыс анан өчкөн эле жүрөктөн,
Мени ээрчиткен, мен ээрчиген ак жарык.

Жүрөктөгү ошол жарык өчкөндөн
Өзүм кошо өчпөйүн деп тырыштым.
Терезеден тиктеп жашап көнгөндөр
Терезеден мени тиктеп турушту.

Жандагандар караңгыны эп көрбөй,
Башка жактан жарык издеп кетишти…
Балким мага керек эмес кеткендер,
Балким мага өчкөн жарык жетиштүү.

Караңгыда өзүмдү өзүм жетелеп,
Өзүмдү өзүм издедим да, жоктодум.
Теңир менин сылаган жок бешенем,
Өзүм да ага бешенемди тосподум…

Билгенимден биле элегим көп эле.
Жарыгы жок көптү көрдүм, түшүндүм.
Мен кагылган ушул эски көчөлөр
Бүгүн менден чейрек кылым кичүүдүр…

Ушул жолдон, уюп калган муң-зарга,
Буюктурган бурганактар, куюндар,
Үңүлүшүп үнү бүткөн жылдарга,
Мени көрөт мен көрбөгөн кылымдар.
Үңүлүшүп жарыгы өчкөн жылдарга,
Бизди көрөт биз көрбөгөн кылымдар…

2015-ж.

 

ЭНЕМ АЙКАНГА

Билем, эне. Мен—мезгилдин сыныгы,
Баскан жолун, башат тегин унуткан.
Кыйын мага адам болуу чыныгы.
Аял болуу андан кыйын, куруп кал…

Тилегиң ай! Байлык, бала, көшөгө,
Өмүрлүк жар ичпеген да, чекпеген…
Күткөнүбүз үчүн балким экөөлөп,
Бүгүн, эне, мен бакытты жек көрөм…

Сурабачы “неге, кантип, кандай” деп,
Өмүрүмдүн сен түшүнбөс бул жагын.
Ансыз деле каталарым канды жеп,
Ооруга оору, ойго ой кошот, муңга муң.

Бир мезгилди бирге жашап жатабыз,
Эки башка дүйнө менен, ой менен.
Жарыктыгым, сенин батаң—катасыз,
Мен, чамасы, жаңылганды оң көрөм.
Мен чамасы, жаңылганды оң көрөм…

2007-ж.

 

ГРУЗ-200

Жүк-200… Жүз? Эки жүз? Мүмкүн миң,
Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!
Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,
Кимге өчтү жанып турган жарык Күн?

Ушул жерге кан сураган, жан алган,
Кандай максат сени апкелди жетелеп?
Камгагым ай, калдаңдаган шамалдан,
Көчөтүм ай, көөнө бакка көчө элек…

Ким элең сен? Атасыңбы? Энесиң,
Же баласың үйдө жалгыз чырактай…
Кимдин азыр өрттөп жатат денесин,
Тирүү калган айыбы үчүн чыдатпай?

Тирүү калган… Сени тирүү билгендер
Эзет өзүн, эчен жылдар эсин жейт…
Сени апкелген кул жолдорду бул жерге
Сени апкеткен жолдор эми кечирбейт!

Эл бийлеген бектин, байдын, жакшынын,
Катасы—сен, бирок алар билишпейт.
… Өз кайгысын көрбөгөндөр бактылуу.
Төмөн турган төмөндүктү бийик дейт…

Жүк-200… Жүз? Эки жүз? Мүмкүн миң,
Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!
Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,
Кимге өчтү жанып турган жарык Күн?…

2016-ж.

 

СҮЙҮҮНҮН ӨГӨЙ КЫЗЫ

Бардыгы жектеп алган,
Баарынан четте калган,
Басалбай араң жүрүп,
Атаба деген сайын,
Акылдан өчкүс кылып,
Ааламын кеч күз кылып,
Асылкеч адамынын,
Ысымын жаттап алган,
Сүйүүнүн өгөй кызы…

Азаптан азып алган,
Азаптан азык алган,
Көмдүрүп салса сүйүү,
Маңдайга бүткөн жалгыз,
Жапжалгыз азап ырын,
Көрдөн да казып алган…
Эстебе деген сайын,
Эсимден чыкпасын деп,
Көөдөнгө, көңүлүнө,
Көлкүгөн пейилине,
Дубалга, дарактарга,
Бүт бардык тараптарга,
Сүйүүсүн жазып алган,
Сүйүүнүн өгөй кызы…

Баарынан кечип коюп,
Абийирден башкасын бүт
Байпактай чечип коюп,
Байкатпай чечип коюп,
Турмуштун зындандарын,
Жапайы ыры менен,
Тешип, оюп…
Жапайы тилек менен,
Жапайы үмүт менен,
Баарына кешик коюп,
Жабыкпай жашап келет
Сүйүүнүн өгөй кызы…

2000-ж.

 

МЕН – АЯЛМЫН

Мен аялмын, түйшүк күткөн бактыман.
Бийиктикти, аруулукту жактырам.
Күйүттү да аялдарча көтөрүп,
Ой-чабытты аялдарча чаптырам.

Дүйнөм менин тар дагы да, кең дагы,
Ырга толгон, ыйга толгон жан жагы.
Кош колунда турсам дагы ааламдын,
Кош колумда бүт ааламдын салмагы.

Катуулукту катуу кабыл ала алам.
Катуулукту жумшак менен ж
аба алам.
“Аял” деген, “Эне” деген ат менен
Кара бороон Ханга кадыр сала алам.

Улагада олтурсам да төрдөмүн,
Көктө калкып жүрсөм дагы жердемин.
Буйруп, буйрук кылгандарга жашоону,
Бул дүйнөнү мен энчилеп бергемин.

Келээр бакыт түбөлүкпү, күндүкпү,
Керээз кылып кесишим шарт киндикти.
Милдетим бу—эркектердин үстүнөн,
Түшүрбөстөн кармап туруу түндүктү.
Милдетим бу—адамзаттын үстүнөн,
Түшүрбөстөн кармап туруу түндүктү.
Мен—аялмын…

2000-ж.

 

Нарсулуунун дагы башка ырлары

Соц тармактар:

Добавить комментарий