2 томдон турган «Ала-Тоо» уламыштары басылып чыкты

Китепте кыргыздардын чыгыш теги, урууларынын, белгилүү жерлеринин, көлдөрүнүн аталыштарына жана да астрономиялык кубулуштарга байланыштуу байыртадан бери айтылып келаткан элдик уламыштары тематикага салынып топтоштурулду.

Китеп элдик уламыштардын табиятына, этнографиябызга, этнопедагогикалык иликтөөлөргө, деги эле кыргызтаануу илимине кызыккан изилдөөчүлөргө, педагогдорго, аспиранттарга жана да мектеп мугалимдери менен окуучуларга арналат. Томдордун көлөмү 275 жана 279 бет.

Түзгөндөр: Рысбаев С., Батыркулова А. Ураимов К., Ибрагимова К., Мукамбетова А., Мадумарова М.

Китепке кирген уламыштардын бирин сунуштайбыз.

 

Ала-Тоонун аталышы жөнүндө

Бүгүн “Ала-Тоо” деген ат менен айтылып жүргөн кыргыз тоолору түбүндө – “Теңир-Тоо” деп аталган. Ошол эле убакта жергиликтүү эл аны – “Улуу-Тоо” деп да айта беришкен.

Улуу-Тоого чыккан барбы,
Улар үнүн уккан барбы? – деп ырдашкан кыргыздар.

Зоологдордун айтымына караганда, уларлар ушул Улуу-Тоодо, анан Алтай-Сайан тоолорунун чокуларында гана жашашат.

Кыргыздар Теңир-Тоонун эң бийик чокусун – “Хан Теңир” деп айтышат. Анын бийиктиги – 6995м. Анын дагы бир аты – “Кан Тоо”.

Туран аймагына ислам дини киргенге чейин бул Улуу-Тоо ушундай ат менен (“Теңир-Тоо”) аталып, айтылып келген. Жергиликтүү эл ислам динин кабыл алгандан кийин, мусулман миссионерлери анын “Теңир” атын “Алла” менен алмаштырып айта башташты. Ошентип отуруп, бир кездеги Теңир-Тоо – “Алла Тоо” жүрүп-жүрүп, “Ала-Тоо” болуп айтылып калды.

Ошентип өз заманында ханзулар бул Улуу-Тоонун ысмын өздөрүнүн тилине которушуп – “Тянь-Шань” деп аташкан болсо, эми орто кылымдарда арабдар жана жергиликтүү ислам динин таратуучулар аны араб тилиндеги кудай атына алмаштырышып “Алла Тоо”, кийин “Ала-Тоо” деп айтып калышыптыр.

 

Китепти алгысы келгендер 0772 68 04 78 телефону боюнча кайрылыңыздар болот. 2 томдун баасы 500 сом.

Соц тармактар:

Добавить комментарий