Тынчтыкбек Чоротегин: “Жусуп Баласагынды “кыргыздын гана бабасы” деп айтуу илимий жактан туура эмес”

Ушул жылдын 18-сентябрында Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган Эл аралык конференция болуп өттү. Анда чет өлкөдөн келген тарыхчы, окумуштуулардын катышуусунда Ж.Баласагындын өмүр таржымалы боюнча кызуу талкуу болду. Алсак, айрым Кыргызстандын өкүлдөрү Жусуп Баласагынды “кыргыз” болгон жана чыгармасы ошол доордогу кыргыз тилинде жазылган деп айтса, айрымдары анын “Кут алчу билим” аттуу чыгармасы туура эмес которулганын белгилешти. Алардын ою боюнча “Кут аттуу бийлик” деген божомолдору бар. Дал ушул теманын алкагында аталган конференциянын уюштуруучусу, “Мурас” фондунун төрагасы, тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин менен маек курдук.

— Тынчтыкбек агай, айтсаңыз Жусуп Баласагын кыргыз уулу болгон, чыгармалары кыргыз тилинде жазылган деген ойлорго кошуласызбы?

— Илимий пикир — айрым бир публицисттердин, калемгерлердин оюнан жогору турган пикир. Менин тарыхый изилдөөлөрүмө караганда, Караханийлер доорунда Жусуп Баласагын өзү жазган “Куттуу билимди” карахийлердин расмий тилинде жазылды деген. Башкача айтканда, түрк тилинде болгон. Бул тил азыркы сакталып калган тилдердин ичинен сөз казынасы боюнча кыргыз тилине абдан жакын. Бирок ошол Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгарини туура кыргыз тилинде жазган деп айткандын өзү илимий жактан туура эмес болуп калат. Анткени, алар өздөрү атайын паспорт алып туруп “Биз кыргызча сүйлөп жатабыз, жазып жатабыз”, — дешкен эмес.

Махмуд Кашгари кыргыз тилин бир катар башка нагыз түркчө, таза түркчө тилдердин бири катары санап кетет. Бирок өзү ошол доордо кыргыздар сыяктуу башка дагы Теңир-Тоолук көчмөн элдердин таза тили болгондугун көргөзөт. Алардын бири, мисалга чигилдер болгон. Менимче, ыраматылык профессор , тарыхчы Өмүркул Тагаев “Караханид” династиясы чигилдерден чыккан деп айткандыгы чындыкка жакын. Чигилдер башка бир катар элдерге кошулуп жуурулушуп кеткен. Анын ичинде кыргыздар дагы жуурулган. Ошондуктан кыргыздын дагы бабасы деп айтканга толук негиз бар. Бирок Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгарини кыргыздарга гана энчилеп алсак, анда илимий жактан туура эмес болуп калат.

— Жусуп Баласагынды ар түрдүү ысымдар менен атап келебиз. Эмне себептен? Ушул боюнча токтоло кетсеңиз.

— Маанилүү сын-пикирлерден дагы айта кетсем, мисалы кээ бир түрк өлкөлөрүндө улуу окумуштуунун Баласагын шаарында чыккандыгы жөнүндө көп айтпастан, чыгармасы үчүн алган кызматын Жусуп улук Хас Хажиб деп жаза беришет. “Хас Хажиб” бул ак сарайдагы даражасы. Анын туулуп өскөн жери Баласагын. Ошол себептен Жусуп Баласагын деп кыргызча айтсак туура болот.

— Ал эми анын чыгармасы боюнча дагы тартыш болууда. “Кут алчу билимби” же “Кут аттуу бийлик” деп атоого негиз барбы?

— Кээ бир окумуштуулар “Кут атгу билик” деген бул ошол XI кылымдагы тилдин өзүндө айтылышы. Бул “кут” сөзү кут, ал эми “атгу” сын атоочту түшүндүрөт, тактап айтканда сын атоочтун куранды мүчөсү. Ал эми “билик” деген 2 мааниге ээ болгон. Биринчиси “бийлик”, экинчи мааниси “илим” дегенди билдирет. Демек бул чыгарманы эки жол менен айтса болот. Бири куттуу билим, экинчиси куттуу бийлик. Себеби бул чыгармада саясий башкаруунун жолдору жөнүндө дагы бир катар насыйкат, кеңештер камтылган. Мамлекеттин башчысын тарбиялоого, ошол кездеги ак сөөктөрдү тарбиялаганга багытталган. Мындан сырткары, сабаттуу кишилерди туура билимге, илимге чакырган чыгарма. “Кут алчу билим” чыгармасынын аталышын башкача которолу деген кишилер алгач XI-XII кылымдардагы караханиддик түрк тилин үйрөнүүлөрү керек. Аны билбей туруп жөн эле макала жазуу, же коомдук пикир жаратуу жаңылыштык.

Маектешкен Рахат Саламатова, «Кабар», 19.09.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий