Олжобай Шакир. «Алтын аяк»

(аңгеме)

«Сүйүү кайсы доордо жашаса да эркин». 
Автор

1

– Бу кайдагы чоочун камчы? – Карыя улага жакта жаткан табылга саптуу камчыны көрүп, ийик чимирип отурган байбичесине тигилди.

– Кимдики болмок эле. Күнүгө шылтоо таппай, шыңаарлап кымыз уулап келгир жанагы Мукаштыкыдыр… Көзү тешилип кеткир! Бүгүн даа калтырып кеткенин кара!– деген кемпиринин мукмасал кебине карыя маани бербеди.

– Эсине жара чыкканбы анын, кымыз ичкен жеринде камчысын таштап… Алып, жогору илип койгула, – деген чалынын кебине кемпири чаңк этти:

– Жата берсин, кудай алмак беле! – Чукчуңдаган кемпир ордунан былк этпеди, чалын тоото турган түрү жок.

Мукаштын күнүгө кымыз уулап келгени бекеринен эместигине абышкасы камаарабай отурганы кемпирдин ансайын жанын кашайтты…

Сиркеси суу көтөрө албай зиркилдеген кайненеси бир балээни сезип калганын арыда сабадагы кымызды бишкектеп аткан Жаркын дароо баамдады. Артына кылчайбады. Мастан кемпирдин көзү жерде жаткан камчыны акшырая тиктеп, ийиги колунан ыргып кетчүдөй кылчылдап отурганын келини көк желкесинен туйду. Эрдин кырча тиштенип, кереге жакты мелтиреп тиктеген кургур кайненесинин кебин укмаксан тейде: күчүн бишкектен чыгарып, сабаны күрсүлдөтө быша берди. Быш-күш, быш-күш… күш-күш-күш… Муңдуу келин күчтөнүп бишкектегенге өттү. Жаны туталанды. Кайненесинин «көзү тешилип кеткир» дегени бекер кеппи ага… Балээ басып, иштин шек-шооратын туйганы ушу эмес бекен!

Ээликкен эри Ормуш болсо эки жыл мурда казактын жылкысын чабууга кетип, акыры өзүнүн атка сүйрөлгөн өлүгү келген. Жаркындын ошондон бери жесир доо салар төркүнү чыкпай, карасы чечилбей келет. Келин болуп бул үйдүн босогосун аттаганы – анын башатына үч тогуздап берилген мал турат, а төркүнү тараптан анча малды кайрып берер кудурет болсо кана. Анын басса-турса аруу тилек, туюк ниетинде «аштын ырасмиси кылынса, жесирлик жолум ачылар беле»; «Мукаш экөөбүзгө нике буюрар бекен» деген дуңку ой жашайт…

А жылдык аш кечиккенинин мандеми мамындай: Жаркындын мүчөл жашка эми толгон Керим аттуу кайниси бар, мурдунун суусу жаңы тартылды. Үйдөгү чал-кемпир эринен эрте жесир калган келиндин башын ошол кенже уулга байлаар болуп, анын балакат маалын күтүп жүрүшөт… А муну Жаркын кайдан билсин. Бул үйдө Ормуштун ордун баса турган жалгыз эр бүлөгө жарар Керим бой сунуп калган кези. Диңкеси жетилди уландын.

Камчынын ээси – Мукаш. Ал деле Жаркындын жакын кайнилеринин бири. Ормуш менен Мукаш аталаш ага-инилердин тукуму. Мукаш менен Жаркындын көңүл кушу бири-биринен түнөк таап калганын туйгандан бери тиги кемпир келинине тымызын бейлөө салып, күндөн күнгө жулук аңдууга алганга өттү.

Жесир калган жеңесин шыңаарлап жүргөн Мукаш биринчи жолу камчысын таштап кетиппи… Экөөнүн шерти эбактан бери бекиген. Мукаштын «Жеңе, камчыны мен үчүнчү мерте таштап кеткен күнү жолго камына бер» дегенин уккан Жаркын бүгүн түнү качуунун камында… Быш-күш, быш-күш… күш-күш-күш… Күнүгө бир маал камчынын шылтоосу менен улага аттаган Мукаштын кымызга суусуну кансын үчүн чөйчөк толо бал аралаштырып, күнүгө ушинетип узакка күрсүлдөтөт. Бал кымыз татымдуу болгой деп сабаны дамамат бышкандан эринбейт. Бул үйгө кымыз уулап келгендердин алкышы да, мактоосу да Жаркынга куп жарашат. Ага элдикинен да Мукаштын мактоосундай мактоо болорбу…

Бишкектен бошобогон эки каруусу талыган келиндин кулагына кайненесинин ачуу үнү сайылды:

– Сабаны жарып саласыңбы… Болду!

Келин көзүндөгү буурчак жашты кемпир-чалга көрсөтпөдү: сыртка чыгары менен бош турган эки көнөктү алып, булакты беттей шашты. Жаагы ылдый жылжыган ысык жашты сыдырып, көкүрөк кере улутунуп баратты. Эки көздөн сыгылган жашын булакка жетпей эле колундагы кош көнөккө толтуруп салса болмок, чал-кемпирге шор даамын татытып… Бирок булакка жетмейин бугу чыгар эмес. Ичке толгон арманын дайрага кошулган булакка агызып келбесе болобу…

Каканактаган ысык жашы муздак булакка мөлт тамып жоголду… Мелтиреп тунган булактын суусуна жүз чайып, өзүн өзү соороткон болду. Жок, булак сооротту аны. Булактын шылдыраган тунук үнүн тыңшап сооронду. Жарык дүйнөдө бул кургурду жалгыз гана ушул булак сооротот эмеспи. Анын муңдашкан, сырдашкан булактан бөлөк жан курбусу жок мында. Ошо жан курбусу менен акыркы мерте коштошууга келгендегиси бүгүн…

Үстү майда-майда тармалданган булакка үңүлүп ойго төнгөн келин жакын келген ат дүбүртү угулган тарапка кылчайып, жүрөгү «болк» дей түштү. Мукаш экен. Көргөн көзүнө ишенбеди. Анын муңайымдуу ажарын көргөн Мукаш да атынан секирип түштү…

– Сага бирдеңке болдубу, Жаркыным?..

Келиндин көздөрү жашылданып, Мукаштын бооруна жабышып сүлкүлдөп берди…

– Ыйлабачы, жаным… Бүгүндөн кийин экөөбүздүн төрт тарабыбыз ачык… – Үнү ишенимдүү угулганМукаш булактын чыбырчыктаган бетиндеги Жаркындын жамалынан көзүн ала албай калды.

Тунук булакка чагылган жеңесинин ажарлуу жүзүнө суктанган Мукаш дароо жоон билегин түрүндү да, чөгөлөй калды. Арзууга чаңкаган жигит чөйчөктөй уучуна сузулган булактын муздак суусун тамшана ууртап, «бах чиркин!» деп койду. Даа бир мерте эки кочушун так эле жеңесинин ажарлуу сулуулугун чагылтып турган тунук булактын түбүнө дейре сунду. Суунун даамы бир башкача эле…

 

2

– Кокуй күн ай-йе… Тур, абышка тез! Тиги жүзү караны жер жутуптур!

– Йе… соосуңбу?! – Таң каракчы маалында көзү умачтай ачылган чалга чачы үксүйгөн кемпири кудум эле тарбаңдап жүгүрүп жүргөн жескемпирдей көрүндү.

Ак шумкар туурунан бошонуп кеткен түшүнүн жарымына келгенде кемпир чочуп ойгонгон болчу. Ал дароо Жаркындын төшөгүн сыйпалады. Кемпирди илеби эбак сууган төшөктөн мурда алыстан угулган ат дүбүртү селейтти.

– А-уу, Жаркын… Жаркын дейм… Айланайын, калайык калк!.. – Кемпирдин чаңырган үнүн эшиткен айыл ичи дүрбөп, иттер жарыша абалап калды.

– Эмне болуп кетти?.. – Коңшу-колоңдор буямада туш-туштан үйүлдү.

– Тиги үйдүн келини качып кетиптир.

– Кудай урган ал келиндин күндүзү булак башынан келатканын көрдүм эле го,– дегени чыкты.

– Ушу келин кайниси Мукаш экөө соо эместей көрүндүле, – дегени бар.

– Мен аны мурдале байкагамын, – дегени да болду.

Ат-көлүгүн азырлап дүрбөлөң түшкөн жылкычылар менен мергендер Мукаш менен Жаркындын артынан куугунга түшмөй болду акыры.

– Узабай калгырлар ай, узабай калсаңар экен… – Текетука жүгүргөн кемпир карганып-шиленип турду.

Капчыгайдын коён жатагынан өйдө билгендин бири калбай жапырт аттанды. Жоо чапчудай күүлөнгөн мергендер менен жылкычынын баары бир уруу айылдын намысы үчүн Мукаш менен Жаркынды сая кууп жетмекке туш-тушка бөлүндү.

 

3

Ай жарыгы төгүлгөн жайыкка жеткен кезде эки караан биринен бири озуп чаап, бир саамга ат тизгинин жайлатышты.

– Алдыңдагы жел жетпес бурак табында бекен? – Кулагы шамдай эки күлүктүн кырк күнү терин алып суутканына Мукаштын көңүлү курсант.

– Узактан бери убакыт атап келбегениң бекер эмес тура… – Кылыктана жооп узатты Жаркын. – Эликтей жеңил эки аргымагың табында экен баатырым.

Алка-шалка тердеген күлүктөрдүн деми басылары менен желдирме жүрүштү кайрадан ылдамдаткан экөө кыз куумай оюну менен биринен экинчиси озуп, айылдан узаган сайын ат жалында күлкү-шаң жаңырды. Жел жетпес күлүк мингенине көңүлү шат Жаркын улам Мукашты кууп жеткенине маашыр. Ат ойнотуп шоктонгон келин бирде жеткирсе, бирде жеткирбей кербезденгенин койбоду. Мукаш кууп жеткен жерден жеңесин кымча белден кыса тартып шоктонуп, оттой ысык эриндер эринге жабыша, экөө улам тизгин тартып кумарга мас болуп термелди. Мукаштын шадылуу колу уучтаган тирсийген көкүрөктү Ормуш да минтип аспиет уучтап, аздектеп эркелетпеген. Эрке жар болуу Жаркындын таалайына буюрбаган экен, «кара жолтой келин» атанган бу бейбак караны эрте жамынды. Ормуш анда ажары төгүлгөн колуктусун койнуна бир түн алып жаткандын эртеси аттанып кетип не тапты?.. Ай чырайлуу колуктусун багы байланган тагдырга туш кылып кетти эле, эми минтип көздүү мончок жерде жатмакпы… Ошол мончокко көз артаар бирөө бар экен…

Ат жалында бирине бири оролгон эки ашык жардын жүрөгү бирге согуп, бирге туйлап баратты: дүкү-дүк-дүкү-дүк-дүкү-дүк-дүк-дүк… Жок, жок… Бул дабыш жүрөктүн түрсүлүнө окшободу! Кош жүрөктүн дабышы күчөгөн кезде саат басып, арттан ат дүбүртү улам жакындап, куугун көрүндү! Дүкү-дүк-дүкү-дүк… Ат чабым аралыкта кыйкырык-сүрөөн салган топ келатат.

– Ат тизгинин коё бер, Жаркын. Булар экөөбүз минген күлүктөрдүн чаңына жетпейт. Көрүп ал… – Мукаштын каткырыгы жаңырды.

Таң чолпону сөгүлө берген үптүү маалда тынч жаткан капкыгай ичи дүңгүрөп калды. Мукаштын кучагында жаңыдан балкып эрип бараткан Жаркындын жүрөгү оозуна кептелди заматта. Анын махабат деңизине жаңыдан чөмүлгөн жүрөгүн ат дүбүртү козгоп, күтүүсүз жерден шаштырды. А бирок Мукаш таптаган калбыр өпкө, жез канат эки аргымак октой сызып, арттан өмөлөгөн куугундарга чын эле караандатар эместей. Экөөнүн алдындагы кош аргымакка канат күүлөгөн куш да жетпес көрүндү. Көз ачып жумганча куугундарды күндүк жол алыс калтырып, бадалдуу токойго кире качышты. Куугундардын жол жүлгөдөн адашканына көздөрү жеткен соң шаркыратмалуу суунун боюна жетип, аргымактардын басмайылдары бошотулган кезде Жаркын асканын урчугуна тытылган куржунун сыйпалап кейип калбаспы:

– Аттиң а-йе!

– Не болду Жаркыным?

– Кууш капчыгайдын ичинен куржунум айрылып, жолго деген гүлазык камылгам төгүлүп калыптыр… – Куржундун көзүн сыйпалаган Жаркындын колуна алтын аяктан башка эчнерсе урунбады.

Жаркындын канжыгада байланган чаначтагы бал кымызынан бөлөк өзөк жалгаар гүлазык табылбаганын көргөн Мукаш:

– Кейибе ага. Экөөбүзгө махабаттан өткөн гүлазык барбы?.. – деди сооротуп.

Муну уккан Жаркындын кубанычында чек жок эле. Мукаштын жоодураган көздөрүн тиктеген келин да:

– Сенин эриниңдей эчбир ширин гүлазык жок мага, Мукаш, – деди эркелеп.

– А мен өмүрүмдө сенин эриниңдей ширин даамды эчбир таткан эмесмин, Жаркын.

Чымчык үнү сайраган теребелде шыбыраган эриндер бирине бири ысык чоктой жабышып, белден буралган жашыл чөпкө кулашты… Экөөнүн залкар сүйүүсүнө улуу жаратылыштан бөлөк-бөтөн жан күбө болбоду. Бакытка балкыган жаншериктердин шыңгыр күлкү, көкүрөк күүсүн термелген теректердин шуудурагы, чөптөрдүн шыбыргагы, куштардын лаззат үнү коштоп, Адам-Ата, Обо-Энедей жылаңач эки дене шаркыратма сууну көздөй жетелешип жөнөдү. Кундуздай кара чачы төгүлгөн сулуу келиндин солкулдаган тулку боюна жараткан өзү көзүн албай тиктеди…

Адам-Ата, Обо-Энедей суудан чыгып жетелешип келаткан экөөнө табияттын буйругун кара: Жаркындын көзү токойдогу жапайы алма, мөлтүрөп бышкан бүлдүркөндөрдү көрүп калды. Бейиштин багындай жемиши төгүлгөн мөмөлөрдү терип жешти насип деп.

Мукаштын каны катып суусап турган экен, тал башында илинген чаначты көрүп, жана бир мерте бал кымыз ичкиси келди. Оозу чала буулган чаначтын моюнун канжыганын кайышы менен чытырата бууп, чаначтын ичин бултулуңдатып көпкө чайкады. Жаншериктеш адамы суусап турганын көргөн келин карап турабы, Мукаштын колундагы чаначты ала коюп, экөө челкилдете куюлган бир аяк бал кымызды тең бөлө ууртап тамшанып калышты.

– Апам ыраматылык, «өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет» дечү эле. Бүгүн карасаң, сен экөөбүз апамдын сепке кошуп берген алтын аягынан суу эмес, бал кымыз ичип отурганыбызды… – Муңайым жүзү эми ачылган Жаркын бөксөргөн аякка экинчи мерте кымыз толтурар кезде өңү куп-куу тартып, колунан чанач ыргып кетти!

– Эмне болуп кетти, Жаркынайым?!

– Жыла-аан!

– Кайдагы жыланды айтасың?!

Алтын аякка эңкейткен чаначтын оозунан бал кымызды уу кымызга айлантар жылан булт этип сойлоп чыкпаспы! Көздөрү чанагынан атып, ширин жан ооздон чыгып бараткан Жаркын менен Мукаш чанач байланган тал башында мойнун соймоңдотуп оролуп турган жыландарды ошондо көрүштү.

Сыры кетпес, сыны кетпес көмөрүлгөн алтын аяк гана соо калды…

oshakir1Олжобай Шакир

Июль, 2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий