Толук Бек Байзак

1966 жылы Токтогул районунун Толук айылында төрөлгөн. 1990 жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. 1991-92 жылдары Кыргызтелефильмде режиссёр жардамчысы жана КТРКда редактор болуп эмгектенген. 1993 жылы Түркиянын ТГРТ телеканалына тиешелүү «Ихлас» фильм продакшн студиясында иштеген. Бир топ жылдар ВВС радиосу жана «Кабар» агенттиги менен кызматташты. Андан кийин узак жылдар боюу Стамбул шаарында жашап, логистика багытында эмгектенди. Учурда Москва шаарында жашайт.

 

Ырлар

ЖЫЛАҢАЧ КЫШТЫ КҮТКӨН ДАРАКТАРЫМ…

Жылаңач кышты күткөн дарактарым,
Мен дагы силер өсчү тараптамын.
Жазыксыз биз аяган бариктерди,
Карачы, шамал айдап баратканын…

Биз дагы тирүүлүктө көбүн жоктоп,
Көктөйбүз, чачылабыз силерге окшоп.
А бирок калк катары тонолбоско,
Каршылык көрсөтүүдөн башка жол жок.

Кордолгон сулуу сымал менин жергем,
Жан окшоп зөөкүрлөрдөн запкы көргөн…
Туудай болсок дечү элем элим кармаар,
Суудай болсок дечү элем өмүр берген.

Кайырсыз канча күндү барактадым,
Көөдөндөн кетире албай жарат тагын,
Акчанын, арсыздыктын кулу болдук,
Кечиргин бизди тапкан Жаратканым!

А силер табияттын кулусуңар,
Жылаңач жазды күткөн дарактарым…
1989-ж.

 

КӨЧМӨН ДҮЙНӨМ

Алыскы улуу тоолор арасында
Дайралар, даркан талаа салаасында
Жылдарды жылкылардай айдап өттүм
Жарыгым жан дүйнөнүн санаасында.

Жаштык кез алып учуп алда кандай
Туйлатып азоолорду кармагандай
Бир гана чарчагансыйм чакырымдар
Жылдарды укурукта кармай албай.

Ургулап канча убакыт күйүп жанды,
Үзүм эт көкүрөктүн тушундагы,
Буудандай буулуктурат алигиче
Бул өмүр укуруктун учундагы.

Көрүшү канжыгада, азат сүйгөн,
Берендей суукка тоңуп, күнгө күйгөн,
Кай жерге барып эми токтоор экен
Көөрүктөй күүлдөгөн көчмөн дүйнөм.
2015-ж., ноябрь

 

АРМАН

Чарпылдым айдыңында өмүрүмдүн
Чабыттап көктөмүндө көңүлүмдүн.
Чарчадым чындык көрүп чыркыраган
Чаң басып тээ түпкүрүн жүрөгүмдүн.

Каржалган жылдар гана жазык болуп,
Кан жолдо жаштык гана азык болуп.
Канча эшик каккыладым, бирок баары
Калышты түбөлүккө жабык болуп.

Кыялдар мен ишенген жалган болуп,
Кишилер мен сыйлаган балбал болуп,
Кайрадан жанталаштым жашаганга
Көөдөнгө касиеттүү арман толуп.

Ак боз ат өмүр өтөт айланганы,
Арыйсың көр тирликке байланганы.
Карыткан адамдарды жылдар эмес
Карытат ишке ашпаган армандары.
1998-ж.

 

АКЫЛАЙЫМ

Сен мени жашоого чакырдың,
жаным кызым.
Анан сездим,
жашоонун бир албуут деңиз экендигин,
мен анда жалгыз кайык алдастаган,
майышып толкундарга тирлик деген,
урунуп ары бери чыгып калган,
жалгыздык аралына жан баспаган.

Сен мага маяк болдуң,
жаным кызым.
Анан билдим,
жашоонун бир чоң сынак экендигин,
биз анда окуучудай жалтактаган,
баш ийип тартибине Мугалимдин,
туруштук бералбастан шамалына,
жашайбыз камгак болуп калдактаган.

Сен мага маяк болдуң,
жаным кызым.
Анан кеттим кайыктай багыт алган,
кан жолдун каскагында карып арман.
Ыргытып көк иримге кыялдарды,
аралап чаяндарды, жыландарды,
куу турмуш сени тепсеп кетпесин деп,
энекең көз жаштарын төкпөсүн деп,
көргөнүм жаштыгымды коротуудан,
табылгам бир каргаша жоготуудан.
Жан кызым, жаным кызым, аппак кызым,
чакырдың бу жашоого атакелеп,
булгалап колдоруңу кичинекей.

Эрбейген карааныңдан кагылайын,
Сен менин маягымсың, Акылайым.
2000-ж.

 

ИСТАНБУЛ

Сага кер мурут кезде келгемин
Эми сакалдуу болгондо кайтамын
Сага жаштыгымы бердим
Сага мастыгымы бердим
Сага денемен бир кесим эт бердим…
Сага жанымын бир бөлүгүн калтырдым…
Муну да аз дедиң…
Жаз дедиң бир дастан, жаз дедиң
Сулуу болуп кулпундуң маңдайымда
Шербет болуп тамшанттың таңдайымда
Ээх, кексе Истамбул!

Жети дөбөңөн соккон шамал,
жети жолу айланып
Мармарага түшкөн сымал,
жети жолу мен да айланып,
дал жети жыл сенде калдым.
Кѳр оокаттын азабынан
кѳп максатым күм жам болуп
күйдүм жандым.
Кѳп нерсени сенден таптым,
кѳп нерсеми жоготтум…
Сага ашык болгонуман
жаштыгымы короттум.
Ээх, кексе Истамбул!

Сенде калдым узак жылдар,
канча күлдүм кайгырдым.
Эчен жолу кеттим сенден,
бирок канча кайрылдым.
Мени тарткан магнит сымал,
көчөлөрүң, буйткаларың,
сепилдериң, көк тиреген мечиттериң,
анан дагы акын жандуу жетимдериң,
ташы топурагы алтын Истамбул, Истамбул…
2000-ж.

 

БАЛМУЗДАК КЫЗ

Айтаар элем, эгер уксаң «сүйөм» деп,
бирок буга бүгүн көбү ишенбейт.
Кантем анан жалындасам көрүнбөй,
жазган ырым чындык эмес, төгүндөй,
билбей калсаң, сезбей калсаң,
кетээри чын ак сүйүүмдүн жок болуп,
максатына жетпей өчкөн өмүрдөй.

Мен өкүнбөйм түшүнүшпөй калганга,
чындык дайым тик туралбас жалганга,
мен өкүнөм бир гана
сүйүү деген сезимдин,
баркын билбей бурмалап,
кеткенине кээ бирөөнүн
чөөлөргө окшоп тытмалап.

Дал ушундай тоолорумдун тоң кызы,
болгондо да болуму жок чоң кызы,
тиктеп туруп сенин муздак көзүңдү,
угуп туруп сенин кургак сөзүңдү,
тиктегендей актай дептер барагын,
тыңдагандай молдолордун сабагын,
ушунчалык жададым.

А сен бийкеч,
ошол кезде мага арнап,
сүйүү ырларын бекер гана ырдапсың,
кечир мени, бетиңе айтсам чындыкты
балмуздактай таттуусуң да,
дал ошондой муздаксың…
1988-ж.

 

КӨЗДӨН УЧКАН КӨК ЖЭЭК БОЛСОҢ…

Көздөн учкан көк жээк болсоң,
Деңиз болдум, төгүлдүм…
Сага жеткен толкундарды,
Сүйүүсү де Теңирдин.

Толкундарга мээрим төксөң,
Бутуңан өөп кулаган,
Маани берчү бу жашоомо,
Махабатты сураган…

Арзуу толгон арман көмдүм,
Түпкүрүнө көңүлдүн,
Сенсиз өткөн ушул жылдар,
Өксүгүндөй өмүрдүн.

Көздөн учкан көк жээк болуп,
Жетпөөчүдөй көрүндүң.
Бара албасам толкун болуп,
Жеңгени ошол өлүмдүн…
2016-ж.

 

ЭРКИНДИК БУЛЬВАРЫ

Жоготору жоктугунан кымындай,
Эркин элек улуу тоонун кушундай,
Эркиндиктин ырын ырдап эчен жыл,
Эркеледик кучагыңда кышын жай.

Сенде калды жалын жаштык жылдарым,
Сенде калды айтылбаган сырларым.
Күлгүн кезим, чиркин сезим коштогон,
Көп нерсеге күбө болдуң бульварым.

Жаштык өтүп, кыял бүтүп, жай калып,
Кеттик анан туш тарапка айдалып.
Эркиндикти биз ошентип жоготтук,
Көр оокаттын көгөнүнө байланып.

Болбосо эгер бу жашоонун жыргалы,
Болмок эмес азабы да кууралы,
Түбөлүккө тегеренме ойну бар,
Табигаттын мыйзамы го бу дагы.
Бариктердей кетебиз да келебиз,
Сен турасың Эркиндиктин бульвары,
Сен каласың Эркиндиктин бульвары…
2000-ж.

 

ТЕКЕБЕРДИ ТЕҢИР ДАГЫ ЖАКТЫРБАЙТ

Текеберди Теңирим да жактырбайт,
Ким бар дейсиң сынагына чыдаган,
Керек болсо «периште» да белгилүү,
Каргыш тийип көк асмандан кулаган.

Бийлик, атак баш айланткан жашоодо,
Канчалардын жылдыздары кайыган,
Көңүл калат, айрылышат далайлар,
Текебердик деген дарттын айынан.

Мактоолорду, алкыштарды күтөбүз,
Жакшы сөздү жүрөгүңдү ийиткен,
Пендең деле өзүн «гений» сезгенде,
Периштедей кулайт экен бийиктен.

Адам деген алсыз жан го бечара,
Ар убакта учкуң келет көкөлөп,
Бирок чиркин мактаганды бир гана,
Бир көтөрсө Кудай гана көтөрөт…
2016.

 

ЭГЕМЕНДИК, ЭХ КАЙРАН ЭГЕМЕНДИК

Эгемендик, эх кайран эгемендик,
Эркиндик деп кыйкырдык,чебелендик,
Ээсиз элди ээрчиткен эрен чыкпай,
Эчен жылдар дүйнөнү тегерендик.

Курсак дедик күнкорсуз түзүмүңдү,
Көрсөк дедик көлөкөң, үзүмүңдү,
Бирок чиркин «чөөлөрдөн» башкасынан,
Ким көрдү экен пайдаңы,үзүрүңдү.

Кан жолдордо кан кустук,куйкаландык,
Кас жоолорго туш болуп уйпаландык,
Кандарыбыз баш болуп саткын чыгып,
Канча жерди соодалап, сыйпаландык.

Эчен кылым жоголбой жеңе келдик,
Эзип жааган жамгырдай себелендик,
Эсен болгун Ата Журт койчусу жок,
Эсен болгун эсилим Эгемендик.
2016-ж.

 

КАРЕГИМ

Кара жанды кайда катам, карегим?
Сени ойлогон, сени эстеген мүнөттө,
Бир козголуш кыйнап менин жанымды,
Бир көңтөрүш тыбырчылап жүрөктө.

Сага арнаган ырларымдын бардыгын,
Каным менен, жаным менен жазамын.
Ээси жоктой ээнсиреген үйүмдө,
Эгер билсең эркиндигим — азабым.

Жолдор туман, ойлор туман, жөө туман,
Бөрүлөрдүн уулуганы угулат…
Жалаң карга каркылдаган багыңда,
Булбулдардын буулукканын ким угат?

Жетер эми, көтөр башты кайрадан!
Кайгы муңду карегиме түнөтпө,
Бир козголуш гана кыйнап жанымды,
Бир көңтөрүш ойгонууда жүрөктө…
2015-ж.

 

САЛАМ БИШКЕК!

Салам сага Бишкегим,
Садагам сүйгөн калаам,
Сан миң саат, сандаган күндөрүмдүн,
Сарсаналуу уйкусуз түндөрүмдүн,
Саргарган жылдарымдын аркасынан,
Сага келем жүктөнүп сагынчымды,
Сароору балаң сымал…

Сароору балаңдаймын,
Сабылтып жүрөгүмү сансыз арман,
Санаалар акылымды чырмап алган,
Саргарып чоочун жерде жүрсөм дагы,
Саа жетсем салкыныңдан табам дарман,
Садагам сүйгөн калаам!

Салам сага Бишкегим, салам сага!
Сабалап учкан куштай барам сага!
Сыздаса эт жүрөгүм, кусамынбы?
Сага мен ыраазы же ызамынбы?
Сүйүктүү адамдарым сенде жашайт,
Сүйүүгө бөлөп турган бу чагымды,
Сен мени энекемдей тосуп алчы,
Сүйүнтүп кенен жайып кучагыңды!
Сен мени сүйүү болуп тосуп алчы,
Садагам, кенен жайып кучагыңды!
2016-ж.

 

МАХАБАТТЫН КААЛАГАНЫ – КААЛАГАНЫ КУДАЙДЫН

Бул дүйнөнүн жарымы жарык,
жарымы болсо караңгы,
мезгил гана учат чиркин,
алмаштырып аларды.
Биз да ошондой жаралганбыз,
адал менен арамдан,
чындык менен жалгандан,
кубанычтан, армандан,
эркек менен аялдан …

А биз болсок,
жүрөктөргө толтурбастан муң кайгы,
тирүүлүктү, махабатты ырдайлы,
баары алмашат, теңелет,
теңебесе Теңир болбой калбайбы!

Жашоо чиркин таттуу дешет бөлүшсө,
кусалык да таттуу белем,
сагынышып көрүшсө.
Тизгиндейли аз да болсо,
алып учкан мезгилди,
таарынычты, ызалыкты,
ыргыталы деңизге!
А биз дагы бой таштайлы,
толкунуна сүйүүнүн,
убактым бар сүйүш үчүн,
убактым жок өлүшкө!

Бул дүйнөнүн жарымы жарык,
жарымы болсо караңгы.
Убакыт да учат куштай,
күйүктүрүп адамды.
Биз да ошондой жаралыпбыз,
ысык сууктан, ак карадан,
жек көрүүдөн, сүйүүдөн.
Жададым эх, күйүүдөн!
Олтурамын сүкүт салып,
ой учугун чубаймын,
акылмандан оюу тунук,
сүйүү сырын сураймын?
Ал жылмаят сырдуу гана
түпкүрүнөн кылымдын:
«Махабаттын каалаганы –
Каалаганы Кудайдын…»
2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий