Лор Ми Ниан Крозет, жазуучу: “Ааламдашуунун зыяны көп бирок андан жол таба билүү керек”

Швейцария жазуучулары кантип жазып, кантип нан табат деген суроого бул жактан учкай жооп таптым. Бизде адегенде чыгармасын жазат, анан акча издей баштайт, эптеп акча табылса арзан басма издей баштайт…ушундай эмеспи. Бул жакта болсо ырчылардын продюсери бар болгон сыяктуу бул — басмаканалар жазуучуларды кыймылдатып, жан бактырып турат. Али жазыла элек чыгармаңдын тагдыры башкача айтканда ошол чыкчу китептин тагдыры чү дегенде эле басмаканадан чечилет. Демек бул жактагы дээрлик ар бир жазуучу бирден басмакана менен келишим түзүп иштешет. Айталы, алдыда миң нуска менен чыкчу китебиң үчүн басмаканага бир тыйын да бербейсиң, бирок басмакана сага бир китепти да карматпайт. Басмакана өзү сапаттуу кылып чыгарат, өзү сатат, аягында болгону тиешелүү пайызыңды аласың. Эгер калемиң мыкты болсо, журт арасында атың үлкөн болсо басмаканалар сага өздөрү жанталашып жанашат. Ал эч нерсе эмес, эгерде сен мыкты болсоң, эң башкысы алар өз мээңдеги эле китеп эмес, алар мобундай темада же бул жөнүндө китеп жазып бериңиз деп байма-бай заказ кылып турушат. Жазып үлгүрсөң болду. Айтор кадыресе эреже, бирок баары так, иш көп, өндүрүмдүү, сапаттуу, ал жагы да бер жагы да ыраазы дегендей. Женевалык жазуучу Лора бул боюнча мындай дейт: — Ар бир автор өзү ишенген басма үйүн таба алат деп ойлойм. Маселе аны менен биргеликте тирилик кылып кетүүдө. Анткени алар сага катуу талап коет. Бирок албетте чыныгы ышкың, кумарың жазуу болгон соң ага көнбөгөнгө аргаң жок.

Лора 43 жашта, Сеул шаарында төрөлгөн. Бирок корей ата-энесинин тагдыры оор болуп кенедей кезинде эле Лораны Женевалык үй бүлө асырап алган экен. Ошол бойдон тапкан ата-энеси али тирүү болсо да алар менен бир-эки ирет гана жолугушкан. “Бул жөнүндө айткым келбейт” дейт жазуучу. Лора Париждеги Сорбон университетинен француз тили жана адабияты адистигин алган. Алты китептин автору.

— Сиздин тагдырыңыз өтө кызык экен… Демейде сиз сурагандарга кореймин дейсизби же швейцармын дейсизби?

— Мен сурагандарга Швейцария асырап алган кореймин дейм.

— Туулган жер жана өскөн жер, төрөгөн эне жана баккан эне… буга карата болгон өксүктөр мезгил менен кошо биротоло унутулат бекен же эмгиче сизди кыйнайбы?

— Ал нерселер дайыма менин аң-сезимимде жүрөт. Менин тагдырым эмне үчүн мындай болуп калды деп аны дагы таразалап, баалашым керек эле… Бирок мезгил өткөн сайын мен аны менен келишип, макул таап, кабыл алып жашаганды үйрөндүм.

— Ааламдашуу деп атып а тургай Азиянын Жапония, Кытай, Корея өңдүү азуулуу алптары да маданият, адат-салтында анын терс таасирине кабылып жатканын айтсак болот, кандай дейсиз?

— Ааламдашуунун зыяны, терс жагы көп. Айталы, униформизация. Бир сөз менен айтсак бул дүйнөдөгү бардык маданият, руханий жашоонун баарын бирдей, окшош калыпка салып, жалпы жолго келтирүү аракети. Экинчиден специфичность, башкача айтканда спецификалык, өзүңө гана таандык, өзгөчөлүктөрдүн жоголушу. Бирок ааламдашуу эбак старт алып кетти. Аны эми токтотмок жок. Ошол үчүн анын эволюциялык өнүгүшүнө абай салып, аны менен кошо, жанаша агып жашаганга аракет кылганыбыз оң. Биз андан көрө башка элдер ааламдашуудан кантип өтүп жаткандыгын көрүшүбүз керек, үйрөнчү кызык нерселер болсо үйрөнүп, үлгү болчусу кайсы дагы кыйратуучусу кайсы деп айырмалап, бирге аракет кылышыбыз керек. Ошол эле учурда өзүбүздүн билгенибизди, ыкмабызды башкалар менен бөлүшүшүбүз керек.

— Сиз өзүңүздү космополитмин деп эсептейсизби? Дегеле, “дүйнө жаранымын” деген түшүнүк менен патриоттуулук экөө карама-каршы жүрөбү?

— Мен улутчулдукка каршымын. Анткени ал башкаларды өзүңдөн түртүп, жек көргөзүп, бөлүп-жарып турат. А патриоттуулук болсо кайсы бир жерге ажырагыс болуп байлануу экениңди, байланыш түзүү керек экениңди, ошол жерди баарынан бийик көрүү керек экениңди сездирип турат. Мен өзүмдү дүйнөнүн жараны деп эсептегим келет. Мага дүйнөдөгү түркүн тилдердин, түркүн жашоо образдардын, түркүн тамак-аштардын, мен тааныган ар түркүн элдердин таасири болуп тургандыгын б.а. алардын жашоомо аралашып турушун сүйөм. Ошондо менин бу дүйнөгө болгон таанымым, көз карашым байыйт, ошондо турмуштагы ак-караны мындан да жакшы ажырата билүүгө, айырмалай билүүгө шарт түзүлөт. Мен балким тагдырым ушундай болуп калган үчүндүр, киндик каным тамган жеримди биротоло мекен кыла алган жокмун. Мен ошол үчүн бүт дүйнөгө жуурулушуп, баарысын бирдей сүйүп жашап калдым го.

— Жазуучу же журналисттер үчүн эки тилде бирдей жаза билүү бул чоң жетишкендик эмеспи. Бул жагынан сизде кандай?

— Швейцариянын көп түрдүү аймактары бири-бири менен тил жагынан байланышы аз болгонуна карабай мен өлкө азыркыдай полиглот эл болушун каалайм. Мен жазуучулугумда англис тилин да колдоном бирок жазууда француз тилинде өзүмдү абдан ишенимдүү сезем. Мага башканы кой өз эне тилиңди керемет билип чыгуу үчүн эле бүтүндөй бир өмүр керектей сезилет.

— Жергиликтүү прессанын бир өзгөчөлүгүн айтып бере аласызбы?

— Бул балким өзгөчөлүк деле эмес, бирок биздеги прессанын таасири жана баркы өтө чоң. Биз маселен жазуучулар үчүн гезитке чыгуу оңой олтоң иш эмес. Маселен бир эргүүң келип жакшы ойлоруң топтолуп, бир “акылдуу көрүнүп келейинчи” деп барчу болсоң “эмне жаңы китебиңиз чыктыбы?” дейт, жок десең “Кечиресиз ошондо өзүбүз чакырабыз” деп жолго салат. Айтайын дегеним гезит үчүн бүгүнкү, мына азыркы эң актуалдуу гана нерселер керек, эң жаңылар гана кызыктырат. Дүйнөдөгү бүгүнкү актуалдуу, кайнап турган нерсени айтпасаң сенин жалпы сөздөрүң, философияларың эч кимге кереги жок, өтпөйт. Прессанын жалпы вазипасы болгон сыяктуу эле бизде да негизги карманган багыт ушул: эң актуалдуу, эң жаңы, кечээки, бүгүнкү окуяларды убагында элге жеткирүү.

— Үй-бүлө, бала күтүү бул милдетпи же…?

— Үй бүлө бул теңдеши жок байлык бирок ал модель биздин башкы милдетибизге, башкы артыкчылыгыбызга кирбеген болсо анын артынан түшүп кереги жок. Бул жерде кеп үй бүлөнү, баланы каалоо же каалабашта эмес, болгону мен жашоонун башка да милдет, кызыктарына чөмүлүп жашап келем. Мен наристени эзилип сүйөөр элем бирок мага андай буйруган жок. Бул менин тагдырым. Демек, мен буга өкүнбөйм. Мен бөлөкчө өмүр сүрүп келдим…

— Эл китеп көп окубай калды деген ойго кошуласызбы?

— Эл тескерисинче көп окуп калды бирок китепти эмес, интернет текстерди жана гезиттерди. Окуу бул привилегияга айланды.

— Facebook менен канчалык дос болгон оң?

— Facebook бул байланыш түзгөнгө жана колуң жетпеген алыстагы адамдар менен ал байланышты сактаганга өтө ыңгайлуу курал. Сенин тегерегиңде эмне болуп атканын билүү жана аларга өзүңдү билгизип туруу бул чынында керемет. Бирок дайыма андагы көргөндөрүңө, окугандарыңа сын көз карашыңды жоготпошуң керек. Дегеле башка маалымат булактарынын алдында да бизде дайым ушундай ишенбөө инстикти болушу керек.

Азыр илгеркидей таза сүйүү жок калды деп калабыз. Же андай эмеспи?

— Замандардын алмашышы менен Сүйүү дагы, адамдардын аң сезиминде өзгөргөн болушу мүмкүн. Мына деп тандай келгенде башкача айтканда ошол “издеген” адам алдыбызга келгенде биз ага карата талабыбызды өтө күчөтүп иебиз же өзүбүз да булт этип өзгөрүлмөлүү болуп кетебиз. Адам табияты ошондой экен… Анткенче эле мезгилдер өтүп кетет экен. Бирок негизинен алганда ар качандан бир качан адамдар сүйүүнүн азабын көп тартып келет. Таза сүйүү жок дегенибиз менен же болбосо адамдар махабат үчүн жанын бербесе да анын азабын тартып аткандар азыр да аз эмес. Ошентсе да ар бир адам илгеркидей теңдешкис сүйүүгө кабылганды эңсеп, үмүттөнүп жашашса керек деп ойлойм. Сүйүүдөгү эң ачуу суроо бул: адамдар кол сунган адамы үчүн жашоосун арнаганга, ошол сүйүү деген чоң тарыхты бирге басып өткөнгө даярбы же жөн эле өзүнүн коркоктугун, арамзалыгын жана кайдыгерлигин көргөзөбү? Сүйүү дегенде ар кимибиз ичибизден ушул маселелерге жооп берип алсак…

Жеңишбек Эдигеев, Женева шаары, «Азия news» гезити, 20.10.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий