Мидинден күлкү

* * *

Залкар жазуучу Касмаалы Баялиев мүнөзү токтоо, сыпаа, сылык адам болгон экен. Мидикем «жинди суудан» өкүртө аш казанын сугарып жүргөндө жазуучулар союзунун катчысы Касмаалы Баялиев Мидинди шефке алат икилик тууралуу. Каске Мидинге: «арак деген жаман адамды акмак кылат, мээни кургатып талантыңы жоготот, мындан ары ичкениңди токтот. Сен чоң талантсың. Жазуучулар сени шефке алгын деп ага табышташты”, — дейт. Мидин башын жерге салып «макул Каске эми ичпейм аракты» деп убада берет. Бир жума өткөндөн кийин Мидикең эртең менен бир стакан арак менен башын жазып алып, Жазуучулар союзуна К.Баялиевке барат, бир көрүнүп коюш үчүн. Каскенин бөлмөсүнүн эшиги ачык экен, өзү столдо отуруп бир нерсе жазып жаткан экен, эшиктин такылдаганын угуп «ээ, Мидинсиңби, өт бул жака”, — дейт. Мидин эч нерсени билмексен болуп берирээк жактагы столго отурат. Касмаалы жазып жаткан кагаздан баш көтөрбөйт, үн дебейт. Бир убакта Мидин «Каске, эмне жазып жатасыз?» — деп ордунан туруп Каске жазып жаткан кагазга үңүлүп карап калганда оозунан арак “бур” дейт. «Я кудай урган, дагы ичип алдыңбы, чык сыртка!» деп чар этип ордунан ыргып тура калат. Мидин эмне дейт эле, күлүп сыртка жөнөйт. Бул окуяны Мидин ошол эле күнү Кусейин Карасаевке барып «Каскемди сылык, сыпаа, адамга жумшак мамиле жасаган, үнүн катуу чыгарбаган киши деп мактайсыңар мен барып аны «бир бакыртып келдим», — деп, болгон окуяны айтып күлдүргөн экен Кусейи абаны.

 

* * *

Мидин Аалы Токомбаевге жолугуп, “эртең ата конушум Жумгала кетип бара жатам” десе, анда Алыке “менин овчарка итим тууду эле, бир күчүгүн ала кет жериңе” дейт. Мидин макул болуп овчарканын күчүгүн Жумгалга алып кетет. Эки айдан кийин Алыке Мидинден кат алат. Окуса катта мындай ыр бар экен.

Алыке, өзүңүз берген кабылан
Кабанаак болду абыдан.
Үйүмө киши жолотпой
Үрүп турат таңды-таң.
Өзүңүздү тартыптыр
Өжөрлүгү жагынан.

Катта бул ырдан башка сөз жок. Алыке окуп алып капаланып, Дзержинский (Эркиндик б.) бульварында басып жүрүп, акын Абдрасул Токтомушевке жолугуп “Абыке, бу катты окучу, кудай урган Мидин менин өкүл балам болсо, анан мени овчарканын күчүгүнө теңеп жазыптыр” — дейт. Абдрасул катты окуп каткырып катуу күлүп: “Алыке, Мидинди өзүң “тентек!” деп эркелетип жүрөсүң, анан ал тентектигин кылат да, эркелейт да. Ага эмне капаланасың, өкүл балаң тамашалап жазган турбайбы”, — дейт. Алыке бул сөзгө муюп, таарынычы жазылган экен.

 

* * *

Өткөн 50-жылдардын аягында кайран Мидин, өлбөс Мидин “Койсары” курортуна барып калат. Мидикем менен кошо улуту дунган Смар Шимеев деген акын кошо барат. Смардын оң көзү чалыр адам эле. 70-жылдары Филармонияда директор да болуп жүрдү. Мидин менен Смар бир бөлмөдө жатышат. Бир күнү Мидин таза аба жутам деп эрте сыртка кетет. Смар ыр жазам деп бөлмөдө калат. Бир сааттан кийин Мидин келсе Смар сыртка кетиптир. Столдун үстүндө бир ак барак жатат. Мидин үңүлүп карап окуса:

“Неге сүйбөйт кыздар мени билбейм досум”

— деген ырдын бир сабы бар экен. Сыягы, Смар ырды баштап ары жагын улай албай сыртка кетсе керек. Мидин карандаш ала коюп “Билишет го оң көзүңдүн оңолбосун!” деп ырды улап койгон экен кайран Мидин.

 

* * *

Бир күнү Мидикем, кийим саткан дүкөнгө кирип калса ал жерде Кыргыз ССРнин эл артисти опера жана элдик ырлардын (айрыкча Муса Баетовдун ырларын келиштире ырдаган) чебер ырчысы раматылык Асек Жумабаев колуна бир шляпаны кармап турган экен, ал Мидин менен саламдашып “Байке, ушул шляпаны алайын деп жатам, караңызчы сизге өңү жагабы?” деп сурайт.

“Бул шляпа сага кичинелик кылат, башкасын карап көрбөйсүңбү”, — дейт Мидикем.

“Мен 56-размер кийем, ушул чак эле келет”, — дейт Асек.

Анда Мидин “Ой Асек, ушул башың менен үйүңдү кантип таап барып жүрөсүң?” деп айтса карап тургандар тарс жарылып дүкөндү жаңырта күлүшүптүр.

 

* * *

1955 жылдан совет доорунун «жаназасы окулганга чейин» «Чалкан» деген сатиралык журнал чыкчу. Совет бийлиинин камчысы катуулугунан бул журналдын бетине чыккан атка минер катуу сөгүш алчу же кызматтан кол жуучу. Бул журнал чыкканда Мидикем ушул азыр да маанисин жоготпогон мындай ыр жазган экен.

Ассалоом алйкум, Чалкан дос!
Айта турган көп сырым бар,
Кунт коюп ук
кулак тос.
Элиң кубанат, чыкканыңа,
Кол чабышат ураалап.
Калемиң курч,
Калемпирдүү тилиңден,
Калдыктарды

Каарып өт —
деп суранат.
Дагы эле бар,
Бир карын майдын
Арасында “кумалак”.
Мына ошолорду,
Айдап чыгалы кубалап.
Арабызда акыр-чикир,
Ар түрдүүгө бөлүнөт.
Бирөө куу болсо,
Экинчиси
— момун болуп көрүнөт.
Кээ бир кежир болсо,
Кээ бири тулку бою менен
“Ишке чөмүлөт”.
Бирок пайдасынан,
Зыяны көбүрөөк.
Бирөө бар: нечен жолу капкандан
Качып чыккан түлкү!
Каткырыгына ишенбе!
Карынында жатат, Кадимки күлкү.
Буларга түгөнбөз гүлазык,
Жеп жатса да казып.
Коомдун мүлкү.
Ушундайларды тап,
Ушундайларды чак
, Чалкан дос!
Бирөө бар:
Көкүлүнүн асты бөксө болгон менен,
Көкүрөгү бийик.
Көзү эч кимди көрбөйт,
Мурду булутка тийип.
Салам айтсаң салмактанат,
Араң башын ийип.
Өтө көйрөң.
Күн бүркөө болсо да,
Күрөң көз айнек кийип.
Ушундайларды тап,
Ушундайларды чак!
Бирөө бар, кошомат үчүн
Жаны элеп-желеп.
“Чоңун” тегерегине айланат
Өзүн парвана көпөлө
ккө теңеп.
Карап туруп кыжырың келет.
Өз баласынын оюнчугун
“Начальниктин” баласына
Жулуп берет.
Ушуларды тап,
ушуларды чак!
Бирөө бар, турмушту оюнчук көрүп
Аялдан-аял тандаган.
Албетте аялдар да бар,
Тигилерден кем калбаган.
Ар кайсы жердеги балдарын
Эсине албаган.
Алименттен аарыдай качып,
ЗАГСты алдаган.
Ушуларды тап,
Ушуларды чак
, Чалкан дос!
Бирөө бар
аракеч.
Кызылдай мас, эртели кеч.
Келте ооругансып,
Өңүнөн азган.
Көлкүлдөп,
Көзүнүн астын шишик баскан.
Колу калчылдап
“А”нын ордуна “Б”ны жазган.
Бөтөлкөнү көрүп
Шилекейин жуткан.
Ушуларды тап, ушуларды чак!
Бирөө бар:
Коом менен кошо өспөй
Кокуй болуп,
Эски конушта жүрөт.
Өзүнө
окумуштуу болуп көрүнөт
Жыйырма жетинчи жылы
Чач коюп түшкөн сүрөт.
Коен жүрөк жүрөт,
Өзүнөн-өзү жүдөп.
Аяк өйдө көп көтөрдүк
Колунан да, бутунан да сүрөп.
Ушуларды тап, ушуларды чак,
Чалкан дос!
Сөзгө кулак тос!
Өлкөбүздө өсүп жатат
Илим, билим.
Эгер тоскоолдук кылса кимде-ким,
Чагалы, кашынталы, тим койбой.
Сенин күзгүңдөн көрсүн
Бири-бирин.
Ошондуктан октой таамай,
Аткан жаадай, курчусун тилиң.
Доско туу бол,
Душманга уу бол-деп,
Колуңду кысып-бек,
Мидин. 1955 ж.

Жолдошбек Токоевдин фейсбук баракчасынан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий