Келегей кепти тизгиндей турган «Устат» академиясы ачылды

Коомго кыргыз тилинин келегей кептер менен жайылуусун тизгиндөө жана тилдин тазалыгын, баалуулугун даңазалоо максатында Бишкекте Кеп зергери — «Устат» академиясы ачылды.

Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдардан бери эле кыргыз тилин өнүктүрүү, тил саясатын өркүндөтүү жана мамлекеттик тилди жайылтуу максатында бир катар улуттук программалар кабыл алынып, миллондогон каражаттар бөлүнгөнү менен иштин жыйынтыгы көрүнбөй келет. Тилекке каршы, мамлекет башында турган атка минерлерден баштап жөнөкөй жарандарга чейин өз тилибиздин баркына жеткен жокпуз. Тескерисинче, анын кадырын кетирип, орус, англис жана башка чет тилдерди аралаштырып сүйлөп, кыргыз тилинин коомдо келегей тил катары жайылуусуна ар бирибиз «салымыбызды кошуп» жатканыбызды мойнубузга алышыбыз керек.

Кыргыз коомчулугундагы тилибизге болгон мындай терс мамилени ооздуктоо максатында кеп зергери делген «Устат» академиясы негизделди. Аталган академиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Мирлан Самыйкожо окуу жайды ачуу менен өзүбүздүн өзөктүү тибиздин өнүгүүсү үчүн салым кошо алабыз деген ниетте.

— Маселен, күмүштүн, алтындын зергери болот. Кептин зергери – бул кыргыз деп түшүнсөк болот. Ал эми кыргыз тили бүгүнкү күндө коомго келегей кептерибиз менен жайылып бара жаткандыгын тизгиндөө максатында «Устат» академиясы негизделди. Маалым болгондой, кыргыз журналистикасында дагы жөпжөнөкөй суроо берүүдөн башталган мүчүлүштүктөр дагы жок эмес. Биздин максаттарыбыздын дагы бири кыргыз журналистикасынын сапатын жогорулатуу жана эң негизгиси кыргыз тилине кайдыгер карабай, кыргыз сөзүнүн байлыгын, сапатын өстүрүү болуп саналат.

«Устат» академиясы негизги үч багытта иш алып барат. Биринчиден, кыргыз тилибиздин тазалыгын жана баалуулугун даңазалоо менен бирге унутта калган көөнө сөздөрдү колдонуп, сөз чеберчилигин арттыруу. Экинчиден, кыргыз журналистикасынын жаңы муунун жаңыча көз караш менен даярдоо. Журналисттик ыкмаларды туура колдонуу жана сапаттуу маалымат берүүгө багыт көрсөтүү, текст жазуу менен маектешүүдөгү мүчүлүштүктөрдү жоюу. Үчүнчүдөн, элдик оозеки чыгармачылыкка жана поэзияга кызыккан талант ээлерине атайын багыт берип, чыгармачылыкка олуттуу кароого үндөө жана дүйнөлүк адабияттан кабардар кылып, чыгармачыл чабытын кеңейтүү болуп саналат.

Негиздөөчүлөрдүн айтымында, окутуучу курамга жалаң кеп зергерлери тандалып алынат. Алардын бири белгилүү манасчы Ырысбай Исаков. Ал аталган окуу жайда сөз чеберчилиги боюнча сабактарды өтүүгө камынып жатат. Исаковдун айтымында, окутуу ыкмаларында башкалардан ашкере деле өзгөчөлүгү жок. Болгону техника өнүккөн 21-кылымда чечендик өнөргө болгон талап, баалоо дагы башкача болуп калды дейт:

— Маселен, илгери мыкты сүйлөгөн адамды чечен деп айтышкан. Азыр кепке эмес, эпке көндүргөн адам чечен болуп калды. Алар көп сүйлөбөй, бирок, билген адамын кандайдыр бир нерсеге, мамилеге көндүрүп кетиши мүмкүн. Демек, мамиленин чечени өзүнчө болуп калды. Илгеркилер айткандай, тил чечен, акыл чечен деген сыяктуу бөлүнүштөр болгон. Ошолордун айырмачылыктары, өзгөчөлүктөрү жана бүгүнкү күндүн чечендикке болгон талаптар тууралуу сөз болот. Жаңы технологиянын жардамында чечендикти кантип билебиз? Маселен, смс билдирүү жазганда ар кандай белгилерди (смайликтерди) колдонобуз, бирок, сүйлөөдө аларды кантип колдонобуз деген сыяктуу нерселер бар.

Ырысбай мырза айткандай, жөнөкөй күнүмдүк баарлашууну мындай коелу, коомдун күзгүсү болгон кыргыз журналистикасынын тили дагы базардын, көчөнүн тилине айланып бара жаткандыгы тилчилер тарабынан акыркы учурда катуу сындалып айтылып келет.

Академиянын ачылышы менен дароо эле келип билим алам дегендер четтен чыкты. Алардын бири акын, журналист Зайырбек Ажыматов. Ал бир канча жылдан бери чыгармачылык менен алектенип, 15 жылдан ашык убакыт журналистика чөйрөсүндө жүргөн менен улуу муундун сабагын алууга бүгүн да муктаждыгы бар. Себеби, эгемендүүлүк алган жылдардан бери өсүп келе жаткан муунду тескеп, оң жолго багыттаган инсандар азыраак болгондуктан, улуулардын акыл-насаатына канааттанбай калдык дейт Ажыматов.

— Кыргызда данектүү инсандары, анын ичинде данегин көрсөтпөй жүргөн инсандар көп. Ошолордун сабагын алып, сөзүн угуп, алар менен маектешкен азыркы мезгилде керек. Мисалы, биз 15 жылдан ашык убакыттан бери эмнени көрдүк, эмнени жаздык? Биз багытыбызды таппай, темселеп адашып эле, тигинин сөзү туура деп, анын сөзүн пайдаланып, тиги туура жазып атат, ушундай жазыш керек деп, ашмалтайыбыз чыгып, конкреттүү бир жолго түшө албай келе жатабыз. Мен 15 жылдык иш убактымда эч нерсе ала алган жокмун деп эсептейм. Идеал тутуп, биз таянып, түздөнө турган массалык маалымат каражаты деп эч бирөөнү айтып бере албайм.

«Устат» академиясында сөз чеберчилиги боюнча окутуу убактысы 2 ай, журналистика багыты боюнча 3 ай, ал эми элдик оозеки чыгармачылык боюнча убакыт чектелбейт. Ал эми окутуу баасы ар бир бөлүмгө 5 миң сомдон. Ошондой эле каалоочулардын жаш курактартарына жараша 7ден 12 жашка чейинки балдар бөлүмү, 12 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр жана 17 жаштан жогоркулар үчүн өзүнчө бөлүм ачылган. Окуу процесси 1-ноябрда башталат. Ага чейин окутуучулар курамы жана билим алууну каалоочуларды тандап алуу жүрөт. Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай академияга акчасын көтөрүп алып келгендердин баары эле окуй албайт. Каалоочулар кирүү үчүн атайын кабыл алуу тестинен өтүшү керек.

Мындан сырткары, окуу жайда жалпы коомчулук үчүн керектүү болгон кыргыз тилиндеги ар кандай кызматтар дагы бар. Маселен, жарнамалык тексттерди кыргыз тилине которуу, концерттерге сценарий жазуу, чакыруу баракчаларга көркөм текст жазуу, китептерди редакциялоо, композитор жана обончулардын чыгармаларына тексттерди жазуу сыяктуу кызматтар көрсөтүлөт. Керек болсо, күркүрөгөн күздө тойлор күчөп турган маалда башкачалардан өзгөчөлөнүп куттуктоо айткыңыз келсе, «Устат» академиясына кайрылсаңыз болот.

Каныкей Бозгунова, «Марал ФМ», 17.10.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий