«Бир сөз менен бир элди жыкса болот…»

Надырбек Алымбековдун ыр саптары бар: “Элдеги сөз эленип нуска болот, Кеменгердин кеп-сөзү кыска болот. Жоон билек бир эрди багындырса, Бир сөз менен бир элди жыкса болот” деген. Бирок, бүгүнкү оош-кыйыш кырдаалда төрдө отуруп сүйлөгөн сөзүң босогого чейин жетпей калып жаткан заманда бир сөз менен бир элди жыга турган кептин маданиятын түшүнгөн инсандардын аздыгы жанды кейитет. Муну түрдүү аспектиде алып карасак болот. Биринчиден, эгемендик колго келгенден кийин «демократия», «эркиндик» деген түшүнүктөр келди. Аны менен бирге «биз бардык нерсеге чек койбой жасай берсек болот экен» деген түшүнүккө чөмүлүп калдык. Канча тил билсең, ошончо дил билесиң деген ой менен жаштарыбыздын көпчүлүгү азыр тил үйрөнгөнгө, чет өлкөгө кеткенге, чет тилде сабаттуу болгонго аракет кылуу менен бирге өзүнүн эне тилин аксатып жатат. Эне тилин туура, толук кандуу колдоно албаган инсан кептин маданиятын, кепти кайсы жерде туура колдонуп, амандашканда кайсы сөздү айтыш керек экендигин кайдан билмек эле? Экинчиден, 70 жыл биз СССРдин карамагында кыйыр түрдө дагы, түз түрдө дагы үстөмдүгү, басымы астында жашадык. Анда «кыргыздын тили» деген түшүнүк ошол мезгилде таптакыр жок болуп кеткен. «Ошол кезде улуу жазмакерлерибиздин жазган, айткан накыл кептерин улуу муундагылар биздин көкүрөгүбүзгө кыттай кылып уютуп куюп, татыктуу өткөрүп бердиби?» деген маселе турат. Ошолор бизге так, туура өткөрүп берген жок. Биз 1991-жылы эгемендүүлүгүбүздү алгандан кийин гана өзүбүздүн тилибизге көңүл бура баштадык. Буга сүйүнсөк болот.

Бүгүнкү күндө жаштар экиге бөлүнүп калган. Шаарда төрөлүп, ата-энесинин байлыгына, бийлигине ишенип, нанды «наня» деп өскөн балдар менен өз киндигин өзү кесип, жылаңач бойдон чуркап барып отко секирип кеткен жылаңач баатырлар, жаштар бар. Алардын арасында тилге күйүп, «тил маданиятын сактабаса, кыргыз эли жоголот» деп кыйкырып жүргөн жаштар менен «мага баары бир, эптеп күнүм өтсө болду, орус же башка тилдер менен жан бага алам, Кыргызстанда жашоо жок, чет өлкөгө кетем» дегендер болуп, жаштар экиге бөлүнүп калды. Ушундай нерселер турганда биздин тилибизди коргоп калыш ушунчалык кыйын. Бардык жактан кыргыз тилин мите курттай жеп жаткан фактылар көп. Ошолордон арылышыбыз керек. Биринчи кезекте, кыргыз тилин мен туура, орусча кошпой сүйлөсөм, келегей сөздөрдү колдонбосом, мени көрүп дагы бирөө мага карап түздөнсө, биз тилибизди оңдогонго мүмкүнчүлүк болот. Тилибизди оңдоо менен гана биз кепке маданияттуулукту бере алабыз.

Азыр биз бул маселени эки башка өңүттө карап атабыз. Биринчиден, тилибизди сактай албай, анын кыйналып аткандыгы, ошол эле учурда кеп маданияты. Тилибизди сактагандан кийин маданияттуу сүйлөй алабызбы, же маданияттуу сүйлөсөк тилибиз сакталабы? Кайсы жагынан карасак дагы бизге тиешелүү, улутубуздун уңгусун, уюткусун түзүп турган тема болуп жатат. Башканы айтпаганда да, акындардын чыгып атканы, дастанчылардын бар болуп жатканы, уучубуз куру болбой манасчылардын чыгып жаткандыгы дагы да болсо, кыргыздын уюткусу бар экендигин, касиеттүү калк экендигин далилдеп турган нерсе. Ошол эле учурда, «биз ошондой эл экенбиз» деп көөдөн керип жатып албай, сырттан келип жаткан терс факторлордун негизинде тилибиздин мокоп, туура колдонулбай, кеп маданиятынын бузулуп жаткандыгын, бир сөздү жаңсоо менен түшүндүрүп койгон ата-бабаларыбыздан келе жаткан нарк-насил, жол-жөрөлгө, ошондой касиет бүгүнкү күндө жок болуп бара жаткандыгын моюнга алабыз.

Менин оюмча, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кеп маданиятын өнүктүрө турган, манастаануу деген сабактын бир бөлүгүбү, же өзүнчө сабак кылабы, республикалык деңгээлде кеп, тил маданиятына үйрөтө турган сабак берилиш керек. 1-класстан болбосо да, 6-7-класстан баштап киргизсе, балдар кыргызча көркөм сүйлөп чыкса жаман эмес. Ошондой эле массалык маалымат каражаттары аркылуу видео сабактар жасалса абдан жакшы болмок. Анда туура сүйлөө, туура дем алуу, үндү туура коюу, уялуу сезимдерди жоюу, кыймыл-аракеттер боюнча атайын пакет-пакет кылып жасап, мамлекетке караштуу бир телеканалдан системалуу берилсе, эл кааласа да, каалабаса да көрүп, таасир алат. Бул ММКлардын кыйыр түрдө элге үйрөткөн, тил маданиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы болот деп ойлойм.

Жылдызбек Турсунбаев, алып баруучу,
“Кыргыз тили”

Соц тармактар:

Добавить комментарий