Жусуп Баласагын – тил тууралуу

Орто кылымдагы Күнчыгыш ренессансынын көрүнүктүү өкүлү, ойчул акын, философ, Хасс хажиб Жусуп Баласагын жана анын алтын калеминен жаралган түбөлүктүү чыгармасы болгон «Куттуу билим» дастанынын мааниси, мазмуну коомдогу орду, көркөм адабий өзгөчөлүктөрү тууралуу иликтөөлөр ХХ кылымдын башынан тартып гана колго алынып, ондогон окумуштуулар тарабынан көркөм, илимий иликтөөлөр жүргүзүлүп, терең маанилүү ой-пикирлер газета-журналдарда, көркөм, илимий басылмаларда чагылдырылып келет.

Окумуштуулар туура аныкташкандай, «Жусуп Баласагындын бул эмгеги түрк тилиндеги алгачкы энциклопедиялык чыгармалардын бири». Дастандан анын «көрүнүктүү акын, өтө жогорку билимдүү адам, адамдын ички дүйнөсүн ача билген акылман, философ, окумуштуу-энциклопедист, араб жана фарсы поэзиясын жана түрк фольклорун ийне-жибине чейин өздөштүргөн акын; астрономия менен математикадан, медицина менен элоквенциядан, шахмат менен элдик оюндардан, мергенчилик менен куш таптоодон жана башка көптөгөн илим менен коомдун тармактарынан кабардар экенин баамдайбыз.

Бул чыгарманын коомдогу ордун, маанисин, ар тараптуу баалуулугун ага берилген ар түрдүү атоолор менен баалоолордон эле байкасак болот: «эпикалык чыгарма», «эң жогорку деңгээлдеги поэма», «классикалык дидактиканын ой жыйындысы», «төрт тарабы төп келген саясый трактат», «тарыхтын улуу сабагы», «философиялык ойго бай», «үлгү болорлук (шедевр) чыгарма» экендиги бааланып, «Кутадгу билиг», «Куттуу билим», «Бакыт берчү билим», «Бактылуу кылуучу илим» деген атоолордо которулуп келген. Н.Токтоматов менен Ж.Жаманкуловдор эмгектин мазмунуна карап, аны «Мамлекет башкаруу илими» деп атоого болорун да белгилешкен.

Дастандын көп тараптуу ойлорго бай экендиги айтылып келгендигине карабай, бүгүнкү күнгө чейин чыгармада берилген мамлекетти башкаруу, бийлик, байлык, саясат жүргүзүү космологиялык-философиялык ойлорунан башка көп жагы илимий негизде иликтөөгө алынып, түшүндүрүлүп, чечмеленип бериле элек. Алардын бири — биз бул макалада талдоого алып иликтөөнү алдыбызга максат кылып алган тил жөнүндөгү ойлору.

Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» дастанынынын жетинчи жана он тогузунчу бөлүктөрүндө тил тууралуу сөз болот. Алсак, жетинчи бөлүк «Тилдин асыл сапаттары жана пайда-зыяны туурасында» деп, ал эми он тогузунчу бөлүк «Айтолду Эликке тилдин жакшы сапаттары жана сөздүн пайдасы туурасында айтат» деп аталат. Бул аталыштарда берилгендей эле бул бөлүктөрдө тилдин асыл сапаттары, касиеттери, пайдасы жана зыяны, сөз, тил жана сөз маданияты туурасында нускалуу накыл кептер айтылат. Акындын тил жөнүндөгү көз караштарын башка бөлүктөрдөгү айрым саптардан да табууга болот.

Дастанда берилген тил, сөз тууралуу ойлорду анализдеп көрүү менен, тил илиминин төмөнкүдөй маселелери боюнча көз караштар чагылдырылганын байкоого болот:

  1. Тилдин пайда болушу;
  2. Жазуу менен кептин айырмасы;
  3. Тил менен ойдун байланышы;
  4. Тилдин функциялары, касиеттери;
  5. Тилдин асылдыктары жана зыяндуулуктары;
  6. Кеп маданияты;
  7. Тилдин коомдогу орду;
  8. Тилдин башка илимдер менен байланышы.

Ойчул акындын адам баласынын пикир алышуусу тил, сөз аркылуу ишке ашарын белгилегендигин төмөнкү саптарынан көрүүгө болот:

276
Адам ою айтылат го сөз менен
Сөзү жакшы сүймөнчүктүү жүзгө тең.

976
Тирүү адам сүйлөбөй коë алабы?
Ичтеги ою жайына койбойт аны.

162
Илим менен билимге көпүрө – тил,
Көкөлөткөн адамды тили деп бил.

203
Сөздү айтып билимдүүгө кайрылам,
Сөздү билбес акмактарды не кылам.

Мындан акын «тил» деген термин менен катар эле «сөз» терминин да колдонгонун көрөбүз. Китепте көбүнчө «сөз» термини пайдаланылган. Дастанды көңүл буруп окуп чыккан адам автордун тил илими боюнча түшүнүгү кең экендигин байкабай койбойт. Тереңирээк маани бурган адамга акын тил менен кептин айырмасын жакшы түшүнүп, кеп жөнүндө ой айтканда «сөз» деген терминди колдонгондугу билинет. Ошондой эле, жазуунун түбөлүк мурас экендигин, өзүнүн жазып калтырган бул эмгеги жөнүндөгү саптарында берип өтөт:

112
Тартуунун алгандырсың жүзүн, миңин,
Тартуум сага берер «Куттуу билим».

113
Белектин баары бүтөт, жок да арга,
Мен берген түтөт, турат кылымдарга!

114
Чогулткан байлык кетер суудай агып,
Жазуунун өмүрү узун күндөй жарык!

Баарыбызга белгилүү, жалпы тил илиминдеги негизги маселе – тилдин пайда болушу. Дастанда акын бул маселеге кайрылып, тилдин пайда болушун Жараткандан деп билет:

148
Адамзатты жаратты жандан артык,
Акыл, билим, өнөрдү берди калпып.

149
Ак пейил тилди, ойду кошо берди,
Жаркын жүз, жакшынакай келбет, өңдү.

168
Кудай сага сүйлөөрүңө берди тил –
Башың коргоп, сөздөрүңдү тескей бил!

211
Сөз бизге Кудай буйруп көктөн түшкөн,
Адамдын артыктыгы ушул сөздөн.

Мындан акындын тилдин пайда болушу жөнүндөгү көз карашы Платон сыяктуу идеалисттик багытта экендиги көрүнөт. Бул саптарда адам баласы акыл-эси, сүйлөө жөндөмдүүлүгү менен башка жандыктардан айырмалангандыгы да берилген. Жалпы тил илиминдеги дагы бир негизги маселе – тил менен ойдун байланышы да дастанда камтылып кетет. Автор тил менен ойдун тыгыз байланыштуу экендигин, адамдын ою тил аркылуу берилерин:

276
Адам ою айтылат го сөз менен
Сөзү жакшы сүймөнчүктүү жүзгө тең.

194
Байкагын, сөз айтарда ойлоп сүйлө,
Кордукту орой сөздөн тартып жүрбө.

275
«Кеп көркү – тил, ойдун көркү – сөз болот,
Кишиде – жүз, жүздүн көркү – көз болот»
деген саптарда берип өтөт.

Мындан сырткары, тил менен ой дайыма эле дал келе бербестигин, тилге караганда ой күлүк экендигин төмөнкү бейттер аркылуу айтып кетет:

998
«Сөз маанисин, — деди Айтолду, — билбейбиз:
Онун ойлоп, бирин гана сүйлөйбүз.

999
Бирин айтып, тогузун тый – керексиз.
Кажетсиз сөз – капта калсын демекпиз!».

987
Көп сүйлөсөң ойлонбой – кырсык келет,
Акылдуу сөз ар дайым пайда берет.

Дастандын мазмунунан акын тилдин функциялары катары оозеки жана жазуу түрүндө пикир алышууну, дүйнөгө көз карашын өстүрүүнү түшүнөрү байкалат. Тилге өтө жогору баа берип, анын касиетинин көптүгүн белгилейт:

1023
Тирүү жанга эки нерсе керектир,
Бири – тили, бири –дили ак көңүл.

273
Киши көркү сөз дешет, сөздү баала,
Адам сөзүн даңктаймын тилим барда.

Тилдин көп кырдуулугун, сөздүн ар кылдуулугун, пайдасы менен зыянын өтө кеңири түшүндүрөт:

163
Тил адамды бакытка бөлөп салат,
Тил адамды шорлотот, башын алат.

164
Тил арыстан босогоңдо комдонгон,
Бошоп кетсе – өзүңдү да жеп койгон.

172
Көп сүйлөбө, а көрөкчө так сүйлө,
Түмөн сөздүн оң мааниси бир сөздө.

Акыркы саптарда акындын сөздүн маанилери жөнүндөгү түшүнүгү ачык көрүнүп турат, чындыгында, кептеги сөздөр түрдүү маанилерде колдонулат. Бир эле ой кыйыр маанидеги бир канча тилдик каражаттар аркылуу берилиши мүмкүн, бирок алардын негизги түз маанидеги бир эле экваленти болгону көп кездешет.

Тил адамды чоң ийгиликтерге, кадыр-баркка, атак-даңкка жеткирери; акылдуу сөз башкаларды өзүнө баш ийдирип, адамдар менен мамиле түзүп гана тим болбостон, адамзат коомуна түбөлүккө калтырары; жакшы сөз адамдын ден соолугунун негизи; киреше табуунун жолу экендиги жана башка ушу сыяктуу пайдалары жөнүндөгү ой-пикирлер айтылат:

170
Орундуу сөз акыл-эстен от алат,
Орунсуз сөз ийиниңден баш алат.

173
Бийлик, атак адамдарга тил берет,
А ашык сөз уят кылат, өлтүрөт.

176
Тил такта башың аман болору чын,
Сөздөрүң накыл болсо – өмүр узун.

177
Чыгаша, киреше да тилден делет,
Андыктан тилди мактап, тилди сөгөт.

178
Дайыма сөздү ойлоп айтуу керек,
Жакшы сөз сокур үчүн көздөй делет.

1001
Айтолду айтты: «Жүйөлүү сөз – зор атак,
Орундуу сөз кулду көккө чыгарат.

1002
Сөзү орундуу адамдар кандай сонун,
Урматталып берилет төрдөн орун.

1025
Туура сөздөн чексиз пайда табарсың,
Жалган сөздөн каргыш-сөгүш аларсың.

Ошол эле учурда тилдин зыяны туурасында: ойлонбой сүйлөгөн сөз адамдын баркын түшүрөрү, башка адамдар менен касташууга алып келери, өмүр-жашоосуна зыян келтирери да айтылат:

974
Айтолду айтты: — «Элигим акыл, көзсүз,
Өмүрдү заардуу тил кыят сөзсүз.

986
Негизсиз сөз – акылсыздын айгагы,
Ойсуз башка түшөт каңгып кайдагы.

987
Көп сүйлөсөң ойлонбой кырсык келет,
Акылдуу сөз ар дайым пайда берет.

Жусуп Баласагын «Куттуу билиминде» кеп маданияты туурасында да өтө көп баалуу пикирлерди айтып кеткен: адам баласы кайсы жерде кандай сүйлөө керектиги; кандай сөз туура болору, кандай сөз туура эместиги; жакшы-жаман, орундуу-орунсуз, жүйөлүү-жүйөсүз, акылдуу-акылсыз, туура сөз, негиздүү сөздөр жөнүндө нускалуу кептерин айтуу менен туура сүйлөөгө, кеп маданиятына үйрөтөт:

1026
Туура сөздү сүйлөй билгин тартынбай,
Кыйшык, калптан качкын, өчүк касыңдай.

960
Бир акылман айтыптыр, эске сакта:
«Бербесе сага суроо, — оозуңду ачпа».

961
Чакырса – керектирмин, кезек келет,
Ким чакырса, сөздү ошо баштоо керек.

Бул саптарда сүйлөөнүн да өз маданияты бар экендиги, эгер бирөө сүйлөшүүгө чакырган болсо, сөздү ошол адам башташы адепке туура келери баяндалат.

978
Суроо берсе жашырбай баарын айткын,
Сурабайбы – оозуңду бекем жапкын.

964
Кызыл тил – өмүрүңдү кыска кылат,
Жашайм десең жакшылап оозуңду жап.

966
Кара баштын кас душманы кызыл тил,
Канча башты жутту, дагы жутат бил,

967
Болсун десең башын аман, тилди карма,
Болбосо – башың кетет, түшүнүп жүр!.

168
Тагдыр катаал болбойт десең өзүңө,
Тилиң тиштеп, сак болгунуң сөзүңө.

Ал эми бул саптарда суроо берсе, так жооп берүү керектиги; туура эмес жооп көпчүлүккө жакпагандыктан, адамга зыян келтирери берилген. Акын көп сүйлөөнүн адепке туура келбегендигин да кайра-кайра баса белгилейт:

1005
Айтты Айтолду: Көп сөздүү – маңыз делет,
Мааниси жок, жадатып сүйлөй берет.

1009
Көп тыңшап, аз сүйлөгүн – орду менен
Кемибейт акыл-ойду арка кылган.

1014
Көп тыңшап, аз сүйлөгүн – акылдуулар,
Ушинтип мага айткан баалуу сөз бар.

1015
Көп сүйлөгөн маңыз да, акылы аз,
Көп тыңшаган акылдуу, сөзүнө баш.

Төмөнкү саптарда өтө аз сүйлөө да туура эмес экендиги, адам чеги менен сүйлөө керектиги айтылат:

1027
Үндөбөсөң «дудук го» деп айтышат,
Көп сүйлөсөң «маңыз» наамы жабышат.

165
Түбөлүккө калам десең сен эгер,
Ачык сүйлөп, ак ишиңди улай бер.

166
Сөздүн баарын кармап калуу эң кыйын,
Керектүүсүн эске тутуп, так урун.

Жусуп Баласагын тилдин коомдогу орду чоңдугун жана маанилүүлүгүн, адам баласы тилин өнүктүрүүсү керектигин, ал эми тилди өнүктүрүүнүн бирден-бир булагы билим экендигин туура түшүнгөн жана насаат кылган:

990
Акылмандар – карын эмес, ой багар,
Билим менен акыл табар, ой табар…

190
Күмүштү ишке салсаң бүтүп калат,
Сөзүмдү ишке салсаң күмүш табат.

191
Адамга сөз калтыруу болгон адат,
Ал андан миң мертебе пайда алат.

972
Билимдүүнүн сөздөрү суудай аккан,
Жер ичип, шалбаа көктөп гүлүн ачкан.

Акын түрк тилине да баа берип өтөт:

667
Түрк тили эң акылман макалга бай,
Түшүнгүн кары сөзүн айткан мындай.

Жыйынтыктап айтканда, «Куттуу билимде» тил тууралуу айтылган жогорудагыдай ойлордун негизинде Жусуп Баласагын тил илими боюнча да түшүнүгү терең ойчул илимпоз. Ал орто кылымдагы тил илимине аз болсо да өз салымын кошкон инсан. Андыктан түрк тилинин, анын ичинде кыргыз тилинин өнүгүш тарыхында акындын башкаларга алмаштыргыс өзүнчө орду бар деп эсептейбиз. Акын жогоруда берилген акыркы саптарда белгилендей, «макалга бай, акылман» түрк тилин, толгон токой афористикалары менен байыткан, философиялык нукта тилди өнүктүргөн илимпоз.

Чолпонай Хидирова,
филолология илиминин талапкери,
БатМУнун доценти,
«Кыргыз тили»

Соц тармактар:

Жусуп Баласагын – тил тууралуу: 1 комментарий

Добавить комментарий