Ак жарык издеген акын

Белгилүү сынчы Салижан Жигитов эгемендик доорундагы кыргыз адабияты жөнүндө сөз кылып жатып, замандын түп-тамырынан бери өзгөрүшүн таасын чагылдырган көркөм чыгармалардын аздыгына чын дилинен кейип: «Азыр Шекспир жаза турган, Бальзак жаза турган темалар пайда болду. Кана эми ошолор жазылганы?» деп собол таштаганы бар. Кыргыз элинин тагдырындагы ошондой олуттуу өзгөрүүлөрдүн бири – XX-XXI кылымдардын ортосунда калкыбыздын орчундуу бөлүгүн өзүнө камтыган эмгек миграциясы.

Дээрлик чейрек кылым бою уланып келаткан бул процесс өлкөнүн демографиялык абалын кыйла өзгөртүп гана тим болбостон, кыргыз коомунун өзгөчө, жигердүү, тобокелчил, мээнеткеч, эч кимден жардам күтпөгөн, тышкы дүйнөгө ылайыкташууга аргасыз болгон, өз киндигин өзү кескен «жетим» катмарын пайда кылды. Кыйналган кыргыздын кыйыр кезген эмгек көчү аздыр-көптүр өзүнүн табигый нугуна түшкүчөктү далай кишинин тагдыры талкаланды, нечендеген үй-бүлө көз көрүүнөө чачырады, кандуу жолдор канча бир адамдын башын жеди. Мына ошол ары катаал, ары татаал жолду басып өткөн кыргыз эмгек мигранттарынын көргөн-билгени, тарткан азабы, дүйнө таанымы кыргыз адабиятынын өзүнчө бир жаңы көрүнүшүн пайда кылды.

Анын айкын мисалы – бир топ жылдардан бери Москвада жашап, иштеп келаткан акын Нарсулуу Гургубаеванын жакында жарык көргөн «Алыстагы ак жарык» аттуу ырлар жыйнагы. Окурмандын колуна жаңыдан тийип жаткан бул китептин үч өзгөчөлүгү көзгө даана урунат.

ak_jaryk_kitep

Биринчи өзгөчөлүк. Мындагы ырлар баштан-аяк мекенинен четте жүргөн адамдын турмушка болгон көз карашын, туюмун, мамилесин чагылдырып турганы. Бул жагынан алганда жыйнактагы ырлар көркөм реализмдин нугунда жазылган деп айтканга толук негиз бар. Нарсулуунун бул реализми – колго тийген талаадагы кара таштын бодурундай, жөнөкөй, кыска, айрым учурларда дээрлик документалдуу чындык.

Күлкүгө суз, күйүткө суз, жашка суз,
Күн өткөрүп сенсиз, ансыз, башкасыз,
Жашап келем жашап болбос калаада
Кол чатырсыз, үй дарексиз, акчасыз…

Кеңеш доорунда тартылган «Москва көз жашка ишенбейт» деген айтылуу фильм бар. Анын мазмунунда кеп жок, бирок аталышы ошол өз заманында эле аңыз болуп кеткени көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Анткени дүйнөдөгү ири борборлордун бири эсептелген бул шаардын ички маңызын ушул сөздөр абдан жакшы берген. Москва сыяктуу чоң шаарлар көздөн аккан жашка да, көптү көргөн башка да ишенбейт. Капитализмдин турпатын илимде Маркс чагылдырса, адабиятта Бальзак эң сонун ачып берген сыңары, алыскы Ала-Тоодон арып-ачып келген эмгек мигранттарынын чет жактагы моралдык-психологиялык абалын ушул төрт сап ашык-кеми жок туюндурат. Бул — жетилген акындын белгиси.

Көңүлүңдү таштап келген көчөгө,
Аялыңдан каткан акчаң жылытпай,
Өз үйүңдөн жарыгы али өчө элек
Издейсиң сен жайлуу орун, жылуу жай.

Уул-кызың уу-чуу салган бөлмөдө
Көз кубантаар сендик буюм кезикпей,
Жашырасың, жалгыз башың өлбөгөн
Аргасыздан, арсыз, арзан гезитке.

Адамдардын ортосундагы нукура жылуулук жоголгон, көр оокаттан башы чыкпаган, ушул айдың-чалкар кең ааламда өзүнө жайлуу орун, жаркыраган бакыт таппаган азыркы заманда «орточо статистикалык» көп кишинин абалы ушундай экенин кантип танабыз? Бакыт демекчи, ал деле жөнөкөй экен көрсө.

Кези менен кээде мени эскерип,
Кеп бөлүшсөм деп тилеген кечте бу,
Үнүңөн-ов мезгил менен кооздолгон,
Үйүңөн-ов балаң менен кештелүү.
Бакыт болуп түшкө кирээр боз жолдо,
Балаңдын бу балжыраган дептери!
Балаңдын бу баасы «жаман» (2) дептери.

Экинчи өзгөчөлүк. Бул реализмдин алкагында жарандык жандуу позиция, Мекен темасы азыркы дүйнөлөшүүнүн фонунда улуттук өзөккө жакындаган өзгөчө өңүттөн ачылган. Анын бир белгиси – буга чейин бирде Швейцария, бирде Малайзия болууга умтулуп, дүйнөнүн борбору деп геосаясаттагы дөө-шааларды эсептеп жүргөн баео кыргыздын өз түбүнө кайрылып, «ар кимдин туулган жери Мисир» деген тыянакка келгени.

«Келем» дебей, сенден кетүү күч алып,
Кайтаар жолдо кадамыбыз тушалып…
«Аманбыз» дейт үнү менен апамдын
Кең дүйнөнүн бир бурчунан кусалык.

…Кайтабыз деп кайралып да, бүлөнүп,
Сенден кеттик, кеткен себеп жүйөлүү.
Сен аман бол себеби жок кырсыктан,
Бул дүйнөнүн бүлк-бүлк соккон жүрөгү!

Аныгында да, өзүн чындап кыргыз деп эсептеген атуулдар үчүн бул дүйнөнүн жүрөгү — алыстан азан чакырган Меке менен Медина эмес. Жер шарынын тагдырын чечебиз деген технократтык Батыш эмес. Ал тургай автор өзү жашап-иштеп жүргөн, тузун татып, турмушуна тамырын жайган Москва да эмес. Кайсы жерде жүрбөсүн, кыргыз үчүн бул дүйнөнүн бүлк-бүлк соккон бирден-бир жүрөгү – кыргыз жери. Бирден-бир чындык да ушул.

Жарандык позиция демекчи, сөзүбүздүн башында айтылгандай кыйыр кезген кыргыздын эмгек көчүндө жүрүп чет элден «Жүк-200» (табыт) менен кайткан шордуу улутташтарыбызга арналган саптарынан Нарсулуунун өз мекендештеринин жазмышына карата мамилеси даана көрүнөт.

Ушул жерге кан сураган, жан алган,
Кандай максат сени апкелди жетелеп?
Камгагым ай, калдаңдаган шамалдан,
Көчөтүм ай, көөнө бакка көчө элек…

Ким элең сен? Атасыңбы? Энесиң,
Же баласың үйдө жалгыз чырактай…
Кимдин азыр өрттөп жатат денесин,
Тирүү калган айыбы өзүн чыдатпай?

Тирүү калган… Сени тирүү билгендер
Эзет өзүн, эчен жылдар эсин жейт…
Сени апкелген кул жолдорду бул жерге
Сени апкеткен жолдор эми кечирбейт!

Бул – кыргыз элин ушундай абалга жеткиргендер үчүн чыгарылган жөнөкөй, ый аралаш айтылган адамдык өкүм. Билген кишиге — оңой өкүм эмес.

Үчүнчү өзгөчөлүк. Кыргыз адабиятындагы кыздар поэзиясынан кыйла айырмаланып, китепте автордун жеке тагдырына байланышкан темалар турмуш чындыгына каныгып, күтүүсүз салыштыруулар менен таасын берилген.

Билем, эне. Мен — мезгилдин сыныгы,
Баскан жолун, башат тегин унуткан.
Кыйын мага адам болуу чыныгы.
Аял болуу андан кыйын, куруп кал…

Тилекке каршы, «баскан жолун, башат тегин унуткан мезгилдин сыныгы» болуу – автор үчүн эле эмес, жалпы эле XXI кылымдын башындагы адам баласы үчүн типтүү тагдыр. «Чыныгы адам болуунун кыйынчылыгы» да күн санап күчөп келатканын көрүп турабыз.

Ашыктыкка түздөн-түз арналган ырлар Нарсулуунун бул жыйнагында анча көп эмес. Бирок ошол аз сандагы ырларды окуган адам ырда сөз болуп жаткан сезимдер канчалык терең жана ыйык болгонун чукул салыштыруулардан, турмуш койгон шарттын даана сүрөттөмөсүнөн илгиртпей түшүнөт.

Жашоонун туура көргөн катасы үчүн
Жашайбыз эки өйүздө жалгызсырап.
Бизге азыр бүтүн болуп жашаш үчүн
Дүйнөнүн бүтүндүгү аздык кылат.

Билбеймин, кайда барам, кагылайын,
Өзүңө буйрубаган сүйүүм менен?!
…Сен — менин үзүлбөгөн жалбырагым,
Мен — сенин жалбырагың үзүлбөгөн…

Ар бир адамдын дүйнөсүнүн борбору – Ал Өзү. Демек, канчалык кымбат, жакын болсо да, адамдын турмушундагы башка кишилер – ошол чакан дүйнөнүн айрым гана элементтери. Бирок адам адамсыз жашай албайт. Адамды башынан өткөн жашы эмес, билген кишиге өз заманынын өтүшү, өз жакындарынын алысташы же кетиши карытат. Ишке ашпаган кыялы карытат. Жетпей калган тилеги карытат. Андыктан, сынчылар айтмакчы кыргыз адабиятындагы кыздар поэзиясы «Сагын Акматбекованын жыйнагынан кийин жеп чыккан» жердеги жалбырактардан айырмаланып, бул жерде жакын адамын өзүнүн үзүлбөгөн бир бөлүгү катары кыя албай карап турган Адам-Дарактын сүрөттөмөсүн өзгөчө табылга десек аша чаппайбыз.

Деген менен акындын жан-дүйнөсү — шамал тийсе теңселип айласын таппай калган пассивдүү өсүмдүк дагы эмес, өз чындыгы өзүнө жетиштүү Адамдын сергек, эркин, кашкөй дили.

Сыйын алып, сынык чыны албастан
Чыгып кеткен аял өңдүү үйүнөн,
Кетем сенден көлөкөмдү эш кылып,
Ааламыңа сыйбай калган күнү мен.

Бул – жөн эле дымактуу билдирүү эмес. Бул – ашыкча из калтыргысы келбеген, жашоосун эч кимге милдет кылбаган, өз күчүнө ишенген, жетик турмуштук позиция.

Жыйынтыктап айтканда, менин жеке баамымда ар бир жазмакер тек гана блокнотунда жазып, катып жүргөн чыгармалар ашпоздун изденип жасаган сый тамагына окшош. Анын жарыкка чыгышы – жумурай-журтту чын дилинен дасторкон үстүнө чакырганына барабар. Жарыкка чыкканга чейин ар бир автор өз чыгармасын кандай калчаса өз эрки. Бирок окурман калкынын сынына коюп жаткан соң, анын жоопкерчилиги болуп көрбөгөндөй күчөйт. Айрыкча кыргыз эли — сыйга өтө маани берген эл. Андыктан алыстан жүрүп өз чыгармаларын элине тартуулап жаткан Нарсулуу Гургубаева өзү эңсеген ак жарыкка жетип, жазган ырлары элинин сүймөнчүгүнө айлансын деп астейдил тилек кылалы.

Жыргалбек Касаболотов, «Көк Асаба», 25.05.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий