«Кыргыз адабияты» коркунучта!

Кийинки окуу жылынан тартып Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептерине жаңы окуу планы киргизилгени турат. Эгер буга чейин мектептерибизде 24-25 предмет окутулуп келсе, кийинки жылдан 14-15 предмет гана калат деген министрликтин планы бар.

Себеби, Батышта ошондой окуйт экен, балдардын жүгү оор болуп кетиптир. Анда кайсыл предмет кыскарат? “Адеп сабагы”, баягы эле “Кыргыз тили”, “Кыргыз адабияты”, анан дагы “Кыргызстандын тарыхы”. Мисалы, окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн класстардын “Кыргыз адабияты” сабагы түп тамырынан жоюлуп кетиши мүмкүн болуп турат.

Эң кызыгы – кыргыз мектептеринин “Кыргыз адабияты” «Дүйнөлүк адабият жана кыргыз адабияты» деп окутулганы турат. Атүгүл, анын болжолдуу программасы да түзүлүп, окуу китептери даярдалып калды деп уктук. Мына, бул предметтин окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептеринин 5-класстары үчүн түзүлгөн болжолдуу программасына бир назар салыңыз. Жомокторго арналган бир бөлүмдө окулуучу чыгармалар: А.Пушкин «Ханыша жана жети баатыр  жөнүндө жомок», Г.Андерсен «Жака», «Чайнек», «Кар-ханышасы», А.Токомбаев «Акай мерген», М.Гапаров «Жүзүм шиңгили», М.Байджиев «Байыркы жомок», Р.Киплинг «Рики-тики-тави», О.Уайльд «Жылдыз бала». Мындагы 9 чыгарманын 3өө гана кыргыз адабиятынан. А.Токомбаев менен М.Байжиевдин жогорудагы чыгармалары 5-класстын окуучулары үчүн өтө эле оор.

Дагы бир бөлүмдө булар киргизилген: М.Лермонтов «Бородино», В.Гюго «Гаврош», Л.Толстой «Кавказ туткуну», К.Симонов «Артиллеристтин  уулу», булардын ичине кыргыз адабиятынан жалгыз гана Ж.Бөкөнбаевдин «Биздин дос» деген ыры кошулуп турат.

«Жаратылыш» бөлүмүнө А.Пушкиндин, И.Буниндин, А.Феттин, Ф.Тючевдин, Г.Гейненин, У.Уитмендин, Р.Бернистин ырлары кирген (алардын бир тобунун котормолору да жок), арасында  А.Осмоновдун «Ысык-Көл», С.Эралиевдин «Ажайып тууган жер», Ж.Бөкөнбаевдин «Жазгы тоолор» деген үч ыры кошулуп калган. Ушуну менен «Кыргыз адабияты» деген предметтин аты сакталат дегендей.

Же “Юмор жана сатира” бөлүмүндө бул чыгармалар окутулат: А.Чехов «Лошадиная фамилия», «Беззащитное существо», 3.Зощенко «Улуу саякатчылар», А.Аверченко «Африкалык мергенчинин өлүмү»,  Дж. Родари «Сказки по телефону», Ф.Искандер «Детский сад». Анан буларга, “мына силерге!” деп туруп, кыргыз адабиятынан Апендини кошуп коюшат.

Ал эми 6-класстын “Фольклор” бөлүмүндө «Манас» эпосунан «Манастын туулушу», «Манастын балалык чагы» деген эки бөлүм кирген. Ал вариант Саякбайдыкы, Сагынбайдыкы, же Жусуп Мамайдыкы эмес, Мар Байжиевдики. Ушул кантип болсун? А.Осмоновдон болсо, деги эле ал жазбаган «Жаз эмне үчүн кечикти?» деген ыры кошулган.

 

Кыйтыр амал

«Кыргыз адабияты» предмети «Дүйнөлүк адабият» деген предметке ушунтип кошулуп кеткен. Океан адабияттын тамчысы «кой короого түшкөн чоочун эчкидей», «сүткө түшкөн коңуздай» бөлүнүп калган. Муну менен ушундай кылууну ойлоп тапкандар кыргыз адабияты менен дүйнөлүк адабият биригип, кыргызча кыргыз адабияты мугалимдери окутушат деп жоопкотууда, тагыраагы, алдашууда. “Дүйнөлүк адабият” менен “Кыргыз адабияты” бир предмет болсо, мухит ичине бир тамчы суу куюп ийгендей болуп калат, пил менен кумурсканы коюп коюңуз эле, адамдарга кимиси көрүнөр экен. Демек, бул “Кыргыз адабиятын” жок кылуунун кыйтыр амалы. А “Кыргыз адабиятын” жок кылуу, кыргыз адеп-ыйманын, кыргыз тарыхын окутпай коюу же эптеп жарыбагын саат менен окутуу – кыргыз улутун улут катары жок кылуунун билим берүү тармагына донор болумуш болуп аткандардын он беш-жыйырма жылдан бери көздөп келе жаткан тилеги. Алар окуу программаларын да, окуу китептерин да өздөрүнө ылайыктуу гана адамдарга жаздырып, өздөрү каалаган гана басмадан чыгарышууда. Билим берүү, илим министрлиги ошол океандын ары жагындагылардын «куурчагына» айланып калган.

Бул бүгүн эле чыккан кеп эмес, кыйла жыл болуп калды. “Билим берүү тармагын модернизациялайбыз” деп биздин далай кыргыз чет жактарга, чет жактардан далай киши Кыргызстанга келип-кетип жатышкан. Көрсө, анын баары жөн эмес экен. Алардын бирлери: «адабият деген бир эле предмет болушу керек, кыргыз, орус, чет элдик адабият дебей эле, адабият деп коюшубуз керек, ошонун ичинде кыргыз адабиятынан обзор берсек жетет» десе, экинчилери: «кыргыз тилин окутуп атып эле адабияттын тексттерин талдай берсек болот» дейт, үчүнчүлөрү болсо: «эстетика, же искусство деген предмет киргизип, ошонун ичинен адабиятты окутуу зарыл» деп айтат. Дагы ушундай-ушундай…

Акыры, “Искусство” деген циклге «Кыргыз жана дүйнөлүк адабият» деген сабак киргизүү вариантын тандап алышты.

Өткөн кылымдын 90-жылдарында, жаңыдан эгемендүүлүк алган кезде, мурда 490 саат менен окутулуп келген “Кыргыз адабиятына” ар бир класста дагы бир саат кошулуп, жумасына үч сааттан болуп, жалпысы 714 саатка көтөрүлгөн. Бул улуттук адабиятты окутуунун тарыхындагы эң чоң жетишкендик эле. Эми ошол сан 238 саатка түшүп, же жумасына бир жолу гана окутулганы турат. Азырынча. Анан бара-бара Кыргызстандын мектептеринен “Кыргыз адабияты” предмети таптакыр жоюлуп кетиши ыктымал дей бериңиз…

Себебин мындай түшүндүрүшөт: Кыргызстандын мектеп окуучулары дүйнөдө эң көп саат сабак окуган балдар экен, миңден ашып кетип атыптыр, билим көрсөткүчтөрү жогору делген Финляндия сыяктуу мамлекеттер 700-800 саат гана сабак окушат дешет. Демек, биздин балдардын начар көрсөткүчүнө алардын көп сабак окуганы кедерги болуп атыптыр. Анан мектепте окулуучу 24-25 предметти кыскартып, 14-15 предметке түшүрүү керек дешет. Парадокс эмес бекен? Парадокс! Менин оюмча, кыргызстандыктардын билим сапатынын жогору болбой жатышы предметтердин көптүгүндө эмес, биринчиден, тармакка каражаттын аз бөлүнгөндүгүндө; экинчиден, мугалимдердин жана окуу куралдарынын сапатынан начардыгында; үчүнчүдөн, элдин социалдык абалынын төмөнкү деңгээлинде; төртүнчүдөн, көп балдарыбыздын акыл-эс, дене-бой жагынан жетишпей төрөлүп жаткандыгында ж.б.

 

Эмне үчүн “Кыргыз адабияты” кыскарат?..

Эмне үчүн дегенде кыргыз адабияты дүйнөдө кайталангыс феномен: биринчиси, бул адабият адамзатка жетимиштен ашык варианты жазылып алынган, ааламда көлөмү теңдешсиз чоң, миңдеген жер-суу, адам аттары оозеки айтылган «Манас» дастанын берген; экинчиси, 20-кылымдын экинчи жарымында эле пайда болуп, 40 жыл ичинде, рекорддук мөөнөттө,  чыгармалары планетада эң көп тилге которулган жана эң көп китеби чыккан жазуучу Чыңгыз Айтматовду берген. Демек, мына ушул нерсе дүйнөнү башкарабыз дегендерди уктата койбой жаткан окшойт. Дал ушул кыргыз адабиятын жаратабыз деп Молдо Кылыч менен Молдо Ныйаздын, Арстанбек менен Калыгулдун атын атабай койгонбуз, «заманачылар» дегенбиз, аларды изилдеп ийебиз деп Т.Саманчин менен Б.Юнусалиев карьерасынан кол жууган, «Манас» эпосу эки жолу «өлүмдөн калган», Токтогул Сатылганов ит барбаган жерге сүргүнгө айдалган, Касым Тыныстанов атылып кеткен, Казыбек казалчы түрмөдө жаткан, И.Арабаев, Б.Солтоноев, Т.Байжиев, З.Бектенов жеринен ажыраган. Дагы ушундай. Кыргыз адабиятынын тарыхы ушундай эле, эми башына дагы бир кылыч салаңдап туру…

Ал кылычты кармап тургандар океандын ары жагындабы деп койдум. Бул узактан бери ойлонулган, абдан дыкаттык менен иштелген көп жылдык программа сыяктанат. Мына ПЕСАК деп туруп, өнөр жай өндүрүшүн бүт талкаладык. «Манас» программасы деп саламаттыкты сактоо тармагын «жеп» тындык. Колхоз-совхоздун койлорун, техникасын, жерлерин «жөн эле» талап кеттик. Электр тармагын эңшердик. Токтогулду соолуттук. Анан эми кезек акырын улуттук идеологиянын анабашылары болгон билим берүү, илим, маалымат каражаттарына, адабият, көркөм өнөр тармактарына келип жетти. Кыргыздын «мээлери» ушул жерде турбайбы деп Улуттук илимдер академиясын, Кыргыз билим берүү академиясын жоготолу деп «уйпалап» жатышат, Билим берүү жана илим министрлигине, телерадиолордун жана университеттердин жетекчилерине бейөкмөт уюмдарда иштеп жүргөндөрдү алып келишти, идеяларды ошолор аркылуу ишке ашырабыз деп атышат. Өкмөт элди башкара албай, өкмөттүк эмес уюмдар башкара баштады. Биз болсо, жоош элбиз, өкмөткө эмес, өкмөттүк эмес уюмдарга баш ийип калдык. Мына, ишенбесеңиз мектептин окуу китептерин алыңыз – жыйырма жылдан бери эл аралык донорлор чыгарып келет, алардын жаз дегенин жазабыз, жазба дегенин жазбайбыз. Математикабызды башка улуттун өкүлү жазды. Маалымат каражаттарынын бир тобу, телерадионун бир катар ток-шоулору да, көрсөтүүлөрү да ошол «байкелердин» колунда, кыскасы, алар «музыка заказ кылат, биз бийлеп беребиз».

Мына бизге окшогон эле кошунабыз Тажикстан да «эсин жыйып, этегин жаба» баштады. Алардын Адилет министрлигинин каттоосу боюнча өлкөдө үч миңге жакын өкмөттүк эмес уюм иш жүргүзүп атыптыр. Кичинекей Тажикстанга үч миң бейөкмөт уюм жылына 1 миллиард доллардай каражат алып келет экен. Алар кайдан келет, эмнеге жумшалат – өкмөтү билбейт, аны текшерүү механизмдери жок. Ошондуктан парламенти жаңы мыйзам чыгарды, ага ылайык бейөкмөт уюмдарга чет өлкөлөрдөн келген каржылык колдоолор жөнгө салынат, чек коюлат, ачыкталат. Ошондуктан биздин Жогорку Кеңеш бери болгондо эки мыйзам иштеп чыгышы керек: биринчиси, өкмөттүк эмес уюмдарда иштеген жарандарды дароо мамлекеттик кызматка албоо тууралуу мыйзам; экинчиси, чет өлкөлөрдөн каржыланган өкмөттүк эмес уюмдардын каржы булактарын кыргыз өкмөтүнүн толук көзөмөлдөп туруусу тууралуу мыйзам. Менин мындай кооптонуума мына аз айлар калган президенттик, парламенттик шайлоого да бейөкмөт уюмдардын «оюн салып жибериш» мүмкүндүгүнөн чочулоом себеп болду.

Элди эл катары, улутту улут катары сактап туруучу топ – гуманитар зыялылар, алар жок болсо – улут жок болот. Бүгүн үчүнчү даражадагы математикалык татаал теңдемелерди, атомдук, ядролук, кванттык  физикаларды, химиялык чоң реакцияларды үйрөтүп, ал эми маданиятты, адабиятты, элдик педагогиканы өз деңгээлинде окута албай жатабыз. Бул адамды роботко айлантчу жол, өзүнүн өткөнүн, келечегин унутууга алып баруучу жол. «Билим берүү жөнүндө» мыйзамда билим берүүдө эл аралык декларацияларга, эл аралык актыларга, дүйнөлүк тажрыйбага таянып туруп окутабыз деп жалпы жонунан жазып койгонбуз, ал эми ушундай эле мыйзамында Казакстан улуттук, дүйнөлүк маданиятты окутуу менен мектептин окуу формаларын, типтерин эркин тандап алууну белгилешкен. Орусия Президенти В.В.Путин орустар ким болгонун, алардын өткөн адабияты кандай болгонун аңдашы үчүн орус классикалык адабиятынын 50 томдугун чыгарып, бекер  таратып берди. Эмне үчүн ушундай калды? Азыркылар жана кийинкилер тарыхты, маданиятты билсин деди. Көп өлкөлөрдө орустарды улут катары билбеши мүмкүн, бирок Толстойду, Достоевскийди, Чеховду, Тургеневду, Шолоховду билет. Орустардын атын дүйнөгө эң биринчи кезекте алардын адабияты тааныткан. Кыргыздарды билбеши мүмкүн, бирок Айтматовду билишет. Адабияты өлгөн калк – көп өтпөй өзү өлөт. Анан эмесе, мындан жетимиш-сексен жыл илгери ушул эле Борбор Азиянын ичинде – арабызда эле жүргөн лакай, барлас, коңурат деген улуттар жоголуп кетти. Кана, алар кимге сиңип кетти? Казактаргабы, каракалпактаргабы, өзбектергеби, кыргыздаргабы – кыйын болсоң мына эми таап чык! Ушундай тагдырлар качандыр бир кезде кыргыздын башына түшүп калбайбы деген ойду ойлогондо ичкеним ирим, жегеним желим болот. Ойлоого негиз бар. Мына караңыз, кыргыз мектептерине балдарын берүүнү каалоочулардын саны жыл өткөн сайын азайгандан азаюуда. 1985-жылдары кайра куруу деген нерсе башталганда улуттук рухту көтөрөбүз, өзүбүзчө экономикалык жол тутуп, тээ кайдагы ленинград-москвалыктарды эт менен бакпайбыз, тилибизди, салтыбызды, динибизди өнүктүрөбүз деп өпкөлөнүп турганбыз. Ошондо биз Фрунзе деп аталган борбор калаабызда бир да кыргызча бала бакчасы жок, бир гана №5 мектеп бар, муну менен маңкурт болуп кала жаздаган экенбиз, кой, эми да болсо эсибизге келели деп кыйкырып чыкканбыз. Ырасында эле ошол жылдар кыргыздын улуттук духунун ойгонуусунун, Кыргыздык Кайра Жаралуунун жылдары болуптур. Ошол мезгилдин калтырган эң бир эсте каларлык жакшылыгы – борбор калаада кыргыз тилинде мектептердин ачылышы болгон. №68, анан 69,70,71 деп кете берген, мурдагы иштеп аткан мектептерге кыргыз класстар кошулган. Жакында ошондо «көз жарган» Бишкектин кичи райондорунун мектептеринин биринде болдум. Болуу менен баягы он беш жыл мурдагы духтун калбаганына, таптакыр башка учур келип калганына таң калдым. 1260 балага ылайыкталып салынган раматылык СССРдин эң соңку кыргыз мектебинде азыр миңге жетпеген бала калыптыр. Бир кезде – 1994-95-жылдарда 1430 балага жетчү экен, кийин жыл өткөн сайын балдар азая баштаптыр. Эмне себептен мындай жагдайга тушуктук? Биринчи себеби – ата-энелер кыргыз мектептеринен балдарын ала качууда, анткени, Кыргызстан окуу китептери менен мектептерин жарым-жартылай гана камсыздайт, мугалимдер жана балдар үчүн кошумча окуу материалдары жокко эсе, мунун өзү кыргыз класстарындагы окуу ишмердүүлүгүнүн оң жолго коюлушуна тоскоолдук кылууда. Экинчиси, дале болсо азыр кыргыз тилинде гана окугандар, кыргызча мектепти бүткөндөр Кыргыз Республикасында толук кандуу адистер боло алышпайт, анткени жогорку окуу жайларында, чет элдик жана атамекендик фирмаларда, кичи ишканаларда, ири өндүрүш тармактарында, мамлекеттик бийлик органдарында негизги тил катары жазуу түрүндө болсун, оозеки түрүндө болсун орус тилинин ооматы жүрүп турат. Ошон үчүн ордо калаада кыргыз мектептери бош калыш коркунучунда. Ата-энелерди орус, немец, англис, түрк, дагы башка тилдердеги мектептер көбүрөөк тартып алууда. Эгер азыр кыргыз мектептердин жана кыргыз класстардын жалпы саны дурустай көрүнүп жатса, бул үч гана факторго байланыштуу: биринчиси, башталгыч класста балдарын жанынан чыгаргысы келбеген жаңы конуштагы ата-энелер жакын деп кыргыз мектептерине берип жатат; экинчиси, ички миграциянын эсебинен Түштүктөн, Нарын, Көлдөн, Жерге-Тал жактан жумуш издеп келгендер, шаарда каттоосу жоктор кыргыз мектептеринин контингенттерин толтурушууда. Үчүнчү фактор болсо, шаар тегерек-четиндеги жаңы конуштардагы кыргыз мектептер гана бар болгондуктан башка тандоо жок. Эгер абал ушундай болуп отурса, таза кыргыз мектептер улам азайып, аралаш, же орус тилдүү мектептер көбөйүп бара берет. Бара-бара шаардагы кыргыз мектептерин сактап калуу программасын ишке ашырбасак, илгерки кейпибизге түшүп, кайра жалгыз мектебибиз №5ибиз менен гана каларыбыз бышык. Бул Кыргызстандагы гана кыргыз мектептеринин проблемасы эмес, Өзбекстанда да, Тажикстанда да кыргыз мектептери ушинтип азайып жатат. Мисалы, Өзбекстанда мурдагы 70 кыргыз мектебининен 50дөй эле калды. Мунун себебин кыргызча окугандар үчүн материалдык-методикалык базанын түзүлбөгөндүгү, кыргыз класстарын бүткөндөрдүн Өзбекстанда иш табуунун кыйынчылыгы менен түшүндүрүшүүдө. Ошентип кыргыз мектептери жоголо берсе, акыры барып кыргыз улуту да жоголбой коймок беле?

 

Менин сунушум…

Жалпы билим берүүчү мектептер үчүн «Кыргызская и мировая литература» деген курсту кабыл албашыбыз керек. Себеби, мында мен жогоруда учкай айткандай, кыргыз адабиятына орун тийбей калат. Андыктан бул үч сааттык курстун 2 саатын «Кыргыз адабияты» деп, 1 саатын «Дүйнөлүк адабият» деп өз-өзүнчө курс (предмет) катары окуу планына киргизишибиз керек. Албетте, мен «Дүйнөлүк адабият» деген курстун окутулушун кош колдоп кубаттаймын, бирок «Кыргыз адабияты» курсунун эсебинен эмес, өзүнчө үйрөнүлүшү кажет. Эки курсту тең кыргыз адабияты мугалимдери кыргыз тилинде окутуусу зарыл…

Абдыкерим МУРАТОВ,
педагогика илимдеринин доктору,
“Кыргыз тили”, 29.11.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий